Жиндердин бар экендиги • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Жиндердин бар экендиги

Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын IV Халифасы Азирети Мырза Тахир Ахмад (рахимахуллах) илимий багытында жазылган өзүнүн «Вахий, Акыл, Билим жана Чындык» аттуу күчтүү эмгегинде өтө маанилүү маселе – «жиндердин бар экендиги» жөнүндө да сөз кылган. Биз ошол ой-пикирин ушул макала аркылуу сиздердин назарыңыздарга сунуштоо бактысына ээ болуудабыз. Мына ушул маалымат бардык адамдар үчүн өтө эле кызыгууну жаратат деген үмүттөбүз.

Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын IV Халифасы Азирети Мырза Тахир Ахмад (рахимахуллах) мындай деп жазат:

«Азыр биз илим негизинде байыркы доорлордогу уламыш-жомоктордо кезигүүчү жиндердин акыйкатын талдап көрөлү. Курани Карим сунуштаган жин түшүнүгү жөнүндө «жашоо тууралуу Куран көз карашы» (Life in the Perspective of Quranic Revelations) деген бөлүмдө кыскача талкуу жүргүзүлгөн.

Араб тили сөздүгү боюнча «жин» сөзү төмөндөгүдөй маанилерди билдириши мүмкүн: «жин» сөзү кандайдыр бир «көмүскө», «көзгө көрүнбөгөн», «обочо-өзүнчө турган» жана «алыскы нерсе» дегенди туюнтат. Анын ичинде «көлөмдүү жана калың көлөкө» деген түшүнүк да бар. Ошондон улам Курани Карим {جَنَّةٌ} «жаннатун» сөзүн (анын өзөгү да ошол) көлөкөлөрү өтө калың бактардан турган бейиш үчүн да колдонгон.

«Жин» сөзү табиатынан көмүскө жана жашынып жашоону жактырган жылаандар үчүн да колдонулат. Бул үчүн алар өзүнчө уяларды жана кыя таштарда болгон тешиктерди тандайт. «Жин» сөзү өзүнчө бөлүнүп жашаган аялдар үчүн да колдонулат жана жалпы калайык-калктан алыс жашоону жактырган жетекчилер жана чоң адамдар үчүн да колдонулат. Кудум ошондой тээ алыскы жана өтө кыйын тоолуу аймактарда жашаган адамдар үчүн да «жин» сөзү колдонулат. Сөздүн кыскасы, жалпы адам көзүнөн алыс жана көмүскө болгон ар бир нерсеге «жин» сөзү туура келет.

«Жин» сөзүнүн жогоруда сөз кылынган түшүнүгү Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бул жиндердин азык-түлүгү деп адамдарга кургаган тезек жана сөөктөр менен даарат алууну тыюу салган хадиске да бүтүндөй шайкеш келет. Кудум бүгүнкү доордо тазалануу үчүн даарат кагазы колдонулгандай эле байыркы доордо адамдар тазалануу үчүн кургак чопо, таш же жакын жерде турган кандайдыр бир кургаган нерсени колдонушчу.

Демек, биз жеңил гана төмөндөгүдөй жыйынтыкты чыгара алабыз: жогорудагы хадисте Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) сөз кылган жин сөөктөр, как ж.б. нерселер менен күн кечире турган кандайдыр бир көзгө көрүнбөгөн жаратылышты гана билдирет. Эсиңерде болсун, ал кезде дүйнөдө бактерия жана вирус жөнүндө кандайдыр бир түшүнүк жок болчу, ошондой эле кайсы бир адам мына ушул сыяктуу көзгө көрүнбөгөн жана телескоп аркылуу гана көрүнүүчү жаратылышты элестете да албайт эле. Таңкаларлык нерсе, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ишаарат кылган жаратылыш үчүн араб тилинде «жин» сөзүнөн жакшыраак кандайдыр бир сөз жок.

Курани Каримде айтылган дагы бир өтө маанилүү нерсе – бул жиндердин кандайдыр бир оттун жарылуусунан пайда болушу. Алла Таала мындай деп айтат:

Al-Hijar 28

Окулушу: вал-жаан-на ха-лак-наа-ху мин каб-лу мин-наа-рис-са-муум. (15:28)

Котормосу: Биз жиндерди андан мурун алоолонгон оттон жараттык. (15:28)

Ушул жерде өзүнөн жиндер жаралган оттун мына бул өзгөчө түрүн баяндоо үчүн {سَمُوْمْ} «самум» сөзү колдонулган, ал эч түтүнү жок алоолонгон отту же жарылууну билдирет.[1]

Ушул эле нерсени Курани Карим дагы бир жерде төмөндөгүдөй айтып берген:

Ar-Rahman 16

Окулушу: ва ха-ла-кал-жаан-на мим-маа-ри-жим-мин-наар. (55:16)

Котормосу: жана (Ал) жинди оттун жалындарынан жаратты. (55:16)

Келгиле, ушул жерде «жин» сөзү бактерия сыяктуу жандуулар үчүн колдонулгандыгын далилдеп көрсөткөндөн кийин жиндин оттон жаралгандыгы жөнүндө сөз кылынган жогоруда мисал келтирилген аяттарга ой жүргүртөлү. Жогорудагы аяттардын эң туура түшүнүгү – бул мүнөттүк организмдер жашаш үчүн өздөрүнүн энергиясын чагылгандын нурунан  {سَمُوْمْ}«самум» же космостук радияциядан (Cosmic Radiation) алгандай сезилет.

Дикерсон (Dickerson) эң байыркы организмдерди изилдөөсүндө: «Алар жашоону чагылгандын жана Ультракызгылт (Ultra Rialate) нурлардын бөлүнүп чыгуусунан алган», – деп айтып, өзү байкабай, Курани Каримдин көз карашына макул болот.[2]

Космостук радияциянын (Cosmic Radiation) негизинде жашоонун башталышы жөнүндө башка окумуштуулардын изилденүүлөрүндө көп деле сөз кылынган эмес. Ошентсе да, алар жашоонун эволюциясынан мурун бар болгон заттар да ысыктан күч-кубат алчу деген көз карашка баары бир кошулушат.

Окумуштуулардын бактериянын мурунку тукуму, эң байыркы түрлөрүнөн Прокариоттор (Prokaryotes) жана Эукариоттор (Eukaryotes) жөнүндө гана сөз кылышкан, бирок Карл Р. Вёзе (Karl R. Woese) жана анын шериктеринин назарында ушул жыйынтык шашылыч түрүндө чыгарылган. Ал мындай деп айтат:

«Микроскоп деңгээлинде эки түрдүү клеткалардын бар экендигинен молекулярдык (molecular) деңгээлинде да сөзсүз анын эки эле түрү болушу шарт деген натыйжа чыкпайт».[3]

Жалпы окурмандарга жеңил болушу үчүн ушул эки бактерия, тактап айтканда, Прокариоттор менен Эукариоттордун ортосундагы айырмачылыкты жалпы түшүнүлүүчү тилде төмөндөгүдөй деп айтса болот: аларда ядро болот же болбойт. Прокариоттор түрүнө таандык бактерияда клетка кабыкчасы болот, бирок өзгөчө ядро болбойт, ал эми Эукариоттордун ар бир клеткасында кандайдыр бир ядро бар болот.

Мындан мурун башында бактериянын ушул эле эки түрү болчу, ошондон гана жашоонун башаты деп аталуучу жашоо түрлөрү пайда болгон деп түшүнүлчү. Вёзе (Woese) 1981-жылдын июнь айында (Scientific American) аттуу журналда өзүнүн ушул маанилүү изилденүүлөрүн жыйынтыктарын баяндап жатып, мындай деген билдирүүнү жасаган: Архейбактерия (Archaebacteria) же байыркы бактерияны чыныгы тирүү заттын башталгыч формасы (шекел) деп түшүнүүгө болот. Ал жана аны менен бирге иштегендер илимий дүйнөнү мындай деп кулактандырышкан: архей бактерия бактериянын үчүнчү ачык-даана түрү болуп, кийинки бардык түрлөрүнүн пайда болуусуна себепчи болгон. Ошентип, ушул архей бактерияларды эле жашоонун эң байыркы башаты деп ойлош керек.

Вёзе (Woese) жана аны менен чогуу иштегендер ушул ачылыш жөнүндө көптөгөн дагы далилдерди келтиришкен, натыйжада муз ээрий баштаган.

Анын пикиринче:

«Саналуу эле биологдор азыркыга чейин ушул көз карашыбыз менен макул болбосо да, архейбактерия эң жогорку деңгээлде кандайдыр бир өзгөчө топко өкүлчүлүк кылат деген көз караш азыр кабыл алынууда».[4]

Анан Вёзе (Woese) дагы мындай деп жазат:

«Анын мааниси: Метаногендер ар бир бактериячалык же алардан да байыркыраак».[5]

Хатчинсондун окумуштуулар (The Hutchinson Dictionary of Science) сөздүгү боюнча:

«Архей бактерия төрт миллиард жыл мурун жер шарында аба жок учурда пайда болгон эң башталгыч формага байланыштуу».[6]

Бирок «Молекулярдык Генетиканын Мамилеси» (Genetics, a Molecular Approach) деген китептин автору мындай деп айтат:

«1977-жылдан тартып архей бактерия ж.б. Прокариотторду (Prokaryotes) окуп-үйрөнүүнүн натыйжасында ушунчалык көп айырмачылыктар табылыптыр: азыр микробиологиянын (Microbiology) адистери ушул түрлөрдү архей бактериядан айырмалоо үчүн Архей (Archaea) деген терминди сунуш кылышат».[7]

Курани Карим кайсы жаратылыш үчүн «жин» сөзүн колдонгон болсо, ал жогоруда берилген түшүндүрмөлөргө бүтүндөй туура келет. Окумуштуулар бир ооздон ушул бактериялар жылуулуктан күч алуу жөндөмдүүлүгүнө ээ деп кабыл кылышат. Бирок Дикерсондон (Dickerson) башка алардын бирөөсү да ушул бактериялар жалындаган оттун жалындарынан жана космостук нурлардан түздөн-түз жаралган деп макул болбойт. Ал эми башка окумуштуулар жаңы изилденүү аркылуу дагы башка сырларды үзгүлтүксүз ачып жатышат.

«Ушул бактериялар деңиздин түбүндө, ысык булактар, Тынч Океан жана туз майдандарында, а түгүл акыр-чикир жайларында да тирүү жашай алышат».[8]

Жашоонун башталуу маселесинде бардыгынын арасында Вёзе (Woese) жана аны менен бирге иштегендер архей бактерия эле эң байыркысы деп бекем ишенишет. Кээ бир башка окумуштуулардын назарында алар бир эле убакытта кайсы бир белгисиз башаттан акырын өнүп-өскөн болушу мүмкүн.

Бирок ушул маселелердин талкууланып жаткан темага эч кандай алакасы жок. Башка бактериялар ошолордон эле жаралганбы же жокпу деген суроого келе турган болсок, жүргүзүлүп келе жаткан талкуу менен анын эч кандай алакасы жок. Ага тиешелүү жери болгону: эң байыркы бактериялардын бардык түрлөрү өз күчүн (энергиясын) түздөн-түз жылуулуктан алчу жана бул нерсе бүгүнкү күндөн бир миң төрт жүз жыл мурун төмөндөгүдөй сөздөр менен айтылган Курандын билдирүүсүнө күчтүү баа берет:

Al-Hijar 28

Окулушу: вал-жаан-на ха-лак-наа-ху мин каб-лу мин-наа-рис-са-муум. (15:28)

Котормосу: Биз жиндерди андан мурун алоолонгон оттон жараттык. (15:28)

Ишенимдүү илимий изилденүүлөр боюнча түздөн-түз оттон алынуучу ысыктык жашоонун башталуусунан мурун мына ушул жандуу денелерди жаратуу жана аларды туруктуу кармоодо кандайдыр бир маанилүү ролду ойногон. Чындыгында, ал доордо системалуу жашоо үчүн керектүү энергиянын көчүрүүнүн жападан-жалгыз куралы ошол эле болчу. Миллиардаган жылдарга чейин өсүп-өнүгүү, анан өлүмгө кабылган соң чирип кетүү жана ачытылуу натыйжасында албетте деңиздер булганып кеткен болушу керек, а түгүл деңиздер алгач шорпо формасына айланып калган. («Вахий, Акыл, Билим жана Чындык», 363-368)

[1] LANE, E. W. (1984) Arabia. English Lexicon. Islamic Text Society. William & Norgate. Cambridge.

[2] DICKERSON, R. E. (September 1978) Chemical Evolution and the Origin of Life. Scientific American, p.80

[3] WOESE, C. R. (June 1981) Archaebacteria. Scientific American, p.104

[4] WOESE, C. R. (June 1981) Archaebacteria. Scientific American, p.114

[5] The Hutchinson Dictionary of Science (1993) Helicon Publishing Ltd. Oxford. p.37

[6] BROWN, T. A. (1992) Genetics A Molecular Approach. Chapman & Hall. London, p.245

[7] The Hutchinson Dictionary of Science (1993) Helicon Publishing Ltd. Oxford. p.37

[8] The Hutchinson Dictionary of Science (1993) Helicon Publishing Ltd. Oxford. p.37

Share via