Гендик инженерия • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Гендик инженерия

Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын IV Халифасы Азирети Мырза Тахир Ахмад (рахимахуллах) илимий багытында жазылган өзүнүн «Вахий, Акыл, Билим жана Чындык» аттуу күчтүү эмгегинде бүгүнкү күндөгү өтө эле маанилүү маселе – «гендик инженерия» жөнүндө да сөз кылган. Биз ошол ой-пикирин ушул макала аркылуу сиздердин назарыңыздарга сунуштоо бактысына ээ болуудабыз. Мына ушул маалымат бардык адамдар үчүн өтө эле кызыгууну жаратат деген үмүттөбүз.

Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын IV Халифасы Азирети Мырза Тахир Ахмад (рахимахуллах) мындай деп жазат:

«Азыркы доордо гендик инженерия аркылуу жашоонун кээ бир өзгөчөлүктөрүн өзгөртүү мүмкүн болуп калган. Бирок төмөндөгүдөй аяттар түшкөн кезде ушул нерсени кимдир бирөө элестетүүсү да кыйын болчу:

Ан-Нисаа 119-120

Ва КААЛА ЛА-АТТАХИ-ЗАННА МИН ИБАА-ДИКА НАСИЙ-БАН МАФ-РУУ-ЗАА. ВАЛА У-ЗИЛ-ЛАННА-ХУМ ВАЛА У-МАННИ-ЯННА-ХУМ ВАЛА АА-МУРАННА-ХУМ ФАЛА- ЮБАТТИ-КУННА ААЗААНАЛ-АНЪААМ. (4:119-120)

Ал (шайтан) болсо (мындай) деди: «Мен албетте, Сенин пенделериӊден бир белгилүү үлүштү аламын. Ошондой эле мен, албетте, аларды адаштырамын жана албетте, аларды үмүттөндүрөмүн жана албетте, аларга буйрук беремин, ошондо алар, албетте, малдын кулактарын жаралашат. (4:119-120)

Ушул жерде айбандардын куйругун кесүү же кулактарын тешүү менен аларды «мусла» кылуу (өлтүрүлгөндөрдүн кулактары менен мурдун кесүү) деген маани чыкпайт, тескерисинче ушул жерде наадандык (жахилия) доордо арабдардын кандайдыр бир каада-салты жөнүндө сөз кылгынган, анда буттарга курмандык чалуу үчүн айбандардын кулактарын тешип, аларга белги коюшчу. Бирок ушул эле аятта мындан кийин сөз кылынган нерсе өтө эле таӊкалаарлык жана ыӊкылаптык. Ушул аяттын аягында шайтанга дагы бир ыплас ой-ниет таандык кылынган, тактап айтканда ал адамзатты Алла Тааланын макулугунун көрүнүшүн өзгөртүүгө тукурат. Мисалы, мындан кийин төмөндөгүдөй жазылган:

Ан-Нисаа 120

ВАЛА ААМУ-РАННА-ХУМ ФАЛА-ЮГАЙЙИ-РУННА ХАЛ-КАЛЛААХИ ВА МАН ЯТТАХИ-ЗИШ-ШАЙТААНА ВАЛИЙЙАН МИН ДУУ-НИЛЛААХИ ФА-КАД ХАСИРА ХУС-РАА-НАН МУБИЙ-НАА. (4:120)

Мен албетте, аларга өкүм кыламын, ошондо алар албетте, Алла жараткан нерселерди өзгөртүшөт». Ким Алланы коюп, шайтанды дос тутса, ал албетте, ачыктан-ачык зыян көрдү. (4:120)

Өткөн замандагы адамдар Алла Тааланын жаратылышына өзгөртүү киргизүү ыктымалы бар экендиги жөнүндө элестете да албайт эле. Ушул аят ачык-айкын түрдө өткөн замандарда элестетип да болбой турган ыктымалдар жөнүндө сөз кылууда. Хижама кылуу же бир аз баштапкы даражадагы өзгөрүүнү пайда кылуу кандайдыр бир жеӊил гана амал жана ар бир доордогу адамдын колунан келе берчү. Бирок адам баласы Алла Тааланын жаратылышына чоӊ-чоӊ өзгөртүүлөрдү киргизет деген ыктымалды бүгүнкү доорго чейинки адам элестете албайт эле. Илимий ачылыштарда гендик инженерия он гана жыл мурун башталган. Бирок буга карабай, илимдин ушул тармагы Курани Карим 1400 жыл мурун ачык-айкын түрдө эскертүү берген жакты көздөй өтө эле тездик менен алгалап кетүүдө. Адамзат азыртадан жаратуу иш-планына аралаша баштаган жана бактерия менен курттар деӊгээлинде жашоону өзгөртүүдө бир аз ийгиликтүү да болуп калган, бирок бир канча кадамдардан кийин аны кыйроо күтүп турат.

Кээ бир окумуштуулар азыртадан келе турган кыйроодон кулактандыра да баштаган. Бирок, тилекке каршы ушул майданда болуп жаткан улам жаӊы тажрыйбаларды артка кайтаруу алардын колунан келбейт окшойт. Адистер гендик инженериянын адал экендиги деген маселеде эки тайпага бөлүнүп кетишкен. Айрымдары ошол коркунучтардан сактанууга үзгүлтүксүз эскертүү жасап келишүүдө, бирок айрымдары жаратуу сырларын ачуу үчүн биз ушул майданда аябай эле алгалообуз керек деп катуу туруп алышкан. Алар техникалык өсүп-өнүгүүлөр адамдын келечегин жарык кылат деп бекем ишенишет.

Америкада ушул эки тайпанын ортосунда катуу карама-каршылык бар. Кызуу талашып-тартышуу болуп жатат. Бир тайпа гендик инженерия жакта болсо, экинчиси ага каршы. Гендик инженерияда алып барылуучу тажрыйбаларга каршы Американын сотторунда кээ бир арыздар каралып жатат, ал (арыздар)да бир түрдөн экинчи түргө генди өзгөртүү натыйжасында ал тажрыйбаларга байланыштырылган үмүттөр орундалган эмес деген маселе көтөрүлгөн. Айрым жагдайларда күтүлгөн натыйжалар ушунчалык башкача болуп, ойлогон үмүттөр такыр ишине ашпай жатат. Ошентсе да, маселе азырынча колдон чыккан жок. Бактерия жана эгиндердин атайын түрлөрүнө кылынган тажрыйбалар аграномиялык түшүм алуу жана оорулардан сактанууда пайдалуу деп чыгууда. Бирок ушул убактылуу ийгиликтерге сүйүнүү эртерээк.

Жаӊы даярдалган же өзгөртүлгөн жасалма түрлөрдүн келечек айлана-чөйрөсүнө кандай таасири болот, бир канча муундарга чейин амал жана таасирди күзөтмөйүнчө аны божомолдоо кыйын. Күтүлүп жаткан кыйроо деген коркунуч баары бир чыныгы жана өтө чоӊ. Эгерде гендик инженерияда өткөрүлүүчү тажрыйбалар этияттык менен кылынбаса, анда ушул тажрыйбалардын натыйжасында күтүлбөгөндө адам баласы алы келбейт турган кайсы бир түрдүн пайда болуусу деген толук ыктымалы бар. Курани Карим Алла Тааланын макулугуна өзгөртүү пайда кылуу натыйжасында келе турган азаптан кандай катуу басым жасап коркуткандыгы жер үстөндөгү жашоонун келечеги үчүн кандайдыр бир жакшы белги эмес. Адам кудай болууга жасап жаткан аракетин качандыр таштайбы же жокпу, муну Алла Таала гана жакшыраак билет. Толук кандуу кыйроодон башка да кайсы бир нерсе адамга карапайымдыкты үйрөтө алабы?

Ушул аят гендик инженерияны колдонууну бүтүндөй жаӊылыштык деп айтат деген маани чыгаруу да дурус эмес. Алла Тааланын макулугуна кызмат кылуу жана анда өзгөртүүнү пайда кылуунун ордуна аны коргоо үчүн иштеп жаткан илимдин бир дагы тармагы жемеге алынган эмес. Мисалы, кандайдыр бир кырсыктын натыйжасында генетикада пайда болгон бузукулукту калыбына келтирүү үчүн гендик инженерияны пайдаланууну эч жактан да Алла Тааланын иштерине аралашуу деп айтууга болбойт. Кайсы бир ооруу же туура эмес дарыларды колдонуу натыйжасында пайда болгон бузукулуктарды гендик инженерия аркылуу оӊдоп-түзөтүүгө аракет кылуу албетте жогорудагы аятка каршы эмес.

Кыскасы, эмне гана болбосун, эӊ маанилүүсү, окумуштууларга Алла Тааланын жаратуучулук деген улуу иш-планына каалагандай орунсуз аралашууга уруксат тап-такыр берилбөө керек. Азыркыга чейин кандайдыр бир катуу кырсык болбогондугуна алар шүгүрчүлүк кылуулары керек. Кудай сактасын, эгерде ошондой болсо, анда ушунун баары алардын өз моюнуна түшөт. Биз дүйнөдөгү өкмөттөрдөн алар гендик инженерия майданында болуп жаткан тажрыйбалардын багыттарына жана ыктымалдарына катуу көз салып турушат деп үмүттөнөбүз. Анткени, ушул тажрыйбалар натыйжасында айбанаттар дүйнөсүндө адамдык түрдүн сый-урматы жана абийири тобокелде турат. Адамзат ал өзү жараткан «кулдары» анын үстүнөн бийлик жүргүзө баштай турган күндөрдү көрүүдөн сактансын деп каалайбыз жана дуба кылабыз». («Вахий, Акыл, Билим жана Чындык», 627-631)

Share via