Илимий кемчиликтер жана амалдардагы кемчиликтер
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Илимий кемчиликтер жоюлмайынча амалдардагы кемчиликтерден кутулуу мүмкүн эмес

илим жана амал

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам) мындай деп айтат:

«Дин карым-катышты талап кылайт, андай болсо, эгер (адам) карыш-катыштан качса, анда эмне үчүн ал такыбалыкка жетүүнү күтөт? Биз туугандарыбызга бул жерге улам-улам келип, (шериктештиктен) пайдаланууга бир нече жолу насаат кылганбыз, азыр дагы насаат кылабыз, бирок жакшы көңүл бурулбай жатат. Адамдар колго кол берип, «динди дүйнөдөн жогору» коюу убадасын беришет, бирок буга маани беришпейт. Эсиңизде болсун! Мүрзөлөр чакырып жатат жана өлүм ар бир көз ирмемде жакындап келатат. Ар бир дем сиздерди өлүмгө жакындатып баратат, а сиздер аны мүмкүнчүлүктүн сааттары деп эсептейсиздер. Аллах Тааланы алдоо момун-мусулманга жарашпайт. Өлүмдүн убагы келгенде, саат алдыга-артка жылбайт. Бул Жамаатты баалабаган жана анын улуулугун билбегендерди коё бериңиздер. Бирок алардын баарынан эң бактысызы жана өз өмүрүнө зулумдук кылган адам – бул Жамаатты таанып, ага кошулууну ойлоп, бирок аны эч баалабаган бирөө. Бул жакка келип, менин жанымда көп болушпаган жана Аллах Таала күн сайын Өзүнүн Жамаатын колдоп, көрсөтүп жаткандарды укпаган жана көрбөгөндөр, өз ордунда канчалык жакшы жана такыба болушпасын, бирок мен кандай баалоо керек болсо, ошондой баалашкан эмес деп айтам. Илимий жетишкендиктен кийин, амал жетишкендигинин зарылдыгы бар деп буга чейин айткан элем. Демек, илимий толукталуусуз иш-амал боюнча толукталуу мүмкүн эмес. Бул жакка келмейинче, амал боюнча жетишүү кыйын. «Баланча адам сын-пикир билдирди, бирок биз жооп бере алган жокпуз», – деген көптөгөн каттар келет. Мунун себеби эмнеде? Ушул гана, алар бул жакка келишпейт жана Аллах Таала өз Жамаатын колдоп, илимий жактан көрсөтүп жаткан нерселерин угушпайт». (Малфузаат, 1-том, 124-125-беттер)

Share via