Биздин үгүтчүлөрүбүз үч нерседе кемчиликсиз болушу керек
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Биздин үгүтчүлөрүбүз үч нерседе кемчиликсиз болушу керек

Үгүтчү, насаатчы, имам-хатиб

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам) мындай деп айтат:

«Жамаатыбыздын үгүтчүлөрү даярдалышы абдан маанилүү, бирок эгерде алар менен башка үгүтчүлөрдүн ортосунда эч кандай айырмачылык жок болсо, анда бул пайдасыз. Бул үгүтчүлөр алгач өздөрүн реформалап-оңдоп, өздөрүнүн жүрүм-турумунда кандайдыр бир таза өзгөрүүнү жарата турган мүнөздө болушу керек. Натыйжада, алардын жакшы үлгүлөрү башкаларга таасир этсин. (Адамдын) иш жүзүндөгү абалынын эң жакшы болушу – бул эӊ мыкты үгүт-насаат. Жөн гана үгүт-насаат айтып, бирок өзүлөрү ага амал кылбаган адамдар башкаларга жакшы таасир кыла алышпайт. Тескерисинче, алардын үгүт-насааттары кээде бузукулукту таратууга себепчи болуп калат. Себеби, угуучулар үгүтчү-дааватчынын өзү амал кылбай тургандыгын көрүп, ал айткан нерселерди ойдон чыгарылган деп эсептешет. Ошондуктан, үгүтчү-дааватчыга биринчи кезекте өзүнүн практикалык абалы керек. Ошол үгүтчү-дааватчылар үчүн маанилүү болгон экинчи нерсе – ал биздин ишенимдерибиз жана маселелерибиз жөнүндө туура билимге ээ болушу. Алар биз дүйнөгө тартуулап жаткан нерселерди алгач жакшы түшүнүп алышы керек, илим-билими толук эмес жана чала болбошу керек, болбосо каршылаштардын алдында уят болушат. Кимдир бирөө сын-пикир билдиргенде, алар эми буга эмне деп жооп берели деп корко турган адам болбошу керек. Кыскасы, туура билимге ээ болушу керек. Үчүнчүсү – ушунчалык күчтүү жана кайраттуу болушу керек, аларда чындыкты издөөчүлөр үчүн тил жана жүрөк бар болсун. Башкача айтканда, алар эч коркпостон жана толук кайраттуулук менен чындыкты айта алышсын жана чындыкты айтуу үчүн алардын жүрөгүнө эч бир бай адамдын байлыгы же эр жүрөк адамдын эрдиги же акимдин өкмөтү өз таасирин тийгизе албасын. Ушул үч нерсеге жетишкенде гана Жамаатыбыздын үгүтчү-дааватчылары пайдалуу болушу мүмкүн.

Бул кайраттуулук жана эр жүрөктүүлүк кандайдыр бир тартылуу күчүн жаратат, натыйжада жүрөктөр ушул Жамаатка тартылып келе берет. Бирок бул тартылуу күчү эки нерсени каалайт, ансыз жаратылбайт: биринчиси, билими толук болсун; экинчиси, такыба болсун. Эч бир билим такыба болбой туруп, жардам бербейт, а такыбалык болсо, илим-билимге ээ болбой туруп, пайда боло албайт. Аллахтын Сүннөтү ушул, адам толук илим алганда, уят жана абийирдүүлүк аны өз курчоосуна алат. Кыскасы, ушул үч нерсе боюнча үгүтчү-дааватчыларыбыз кемчиликсиз болушу керек».

(Малфузаат, 3-том, 369-370-беттер, 1984-жылы Англияда жарык көргөн нуска)

Share via