Балдарга жакшы таалим-тарбия берүү жана заманбап технология? • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Балдарга жакшы таалим-тарбия берүү жана заманбап технология?

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк заманбап технология

Балдарга жакшы таалим-тарбия берүү үчүн аларды заманбап технологиянын жаман таасирлеринен сактоо өтө эле зарыл

Алла Таала мындай деп айтат:یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا قُوۡۤا اَنۡفُسَکُمۡ وَ اَہۡلِیۡکُمۡ نَارًا Эй, ыйман келтиргендер! Өзүӊөрдү да, үй-бүлөӊөрдү да оттон сактагыла. (66:7)

Анан Алла Таала мындай деп айтат:یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا لَا تُلۡہِکُمۡ اَمۡوَالُکُمۡ وَ لَاۤ اَوۡلَادُکُمۡ عَنۡ ذِکۡرِ اللّٰہِ ۚ وَ مَنۡ یَّفۡعَلۡ ذٰلِکَ فَاُولٰٓئِکَ ہُمُ الۡخٰسِرُوۡنَЭй, ыйман келтиргендер! Мал-мүлктөрүӊөр жана балдарыӊар силерди Алланы эске алуудан кабарсыз кылбасын. Ким ушундай кылса, мына ошолор зыян көрүүчүлөр. (63:10)

Тарбия сөзүнүн лексикалык мааниси

Балдарды тарбиялоо өңдүү маанилүү темага кадам коюудан мурун «тарбия» сөзүнүн лексикалык маанисин билүү зарыл. Араб тилиндеги «Тарбия» сөзү «Рабб» деген сөздөн алынган, ал «багуу», «өстүрүүү» деген маанини билдирет. Ата-энелер өз балдарына каймана мааниде Рабби болгондой жана ошол эле себептен Алла Таала Ыйык Куранда ата-энеге сый-урмат көрсөтүү жана аларга жакшы мамиледе болуу тууралуу сөз кылууну Өзүнүн Тавхийди[1] тууралуу кылган сөзгө байланыштырып койгон болушу мүмкүн. «Тарбия» сөзүнүн башка маанилери дагы бар: мисалы, өз балдарын бийиктикке көтөрүү, мейли ал бийиктик дүйнөлүк болсун же диний болсун. «Тарбия» сөзүнүн дагы бир мааниси: бакчачы жана багбан сыяктуу бак-даракты кесип-түздөп жана анын өскөн жерин жумшартып, коздоо жана курттардан коргоо. Англис тилинде «тарбия» деген сөз үчүн Caltivation  (өстүрүү) деген сөз колдонулат. «Тарбия» сөзү «далысын таптоо» деген маанини дагы туюнтат. Үстүртөн эле караганда, ушул маани балдарды тарбиялоого туура келбейт, бирок эгер тереңдеп изилдеп көрсөк, ата-энелерге балдарыңарды тарбиялоодо катуу болбогула, жумшактык, сылыктык жана мээримдүүлүк, жана алардын далысын таптоо жолу менен аларга иш кылдыргыла деп түшүндүрүлгөн. «Тарбия» сөзү өстүрүү деген маанини да билдирет. Эне эмизип жатканда же тамактандырып жатканда, өз балдарын мээримдүүлүк көзү менен карап, көңүлүнөн, чын жүрөктөн бата берип жаткандай эле ата-энелер өз балдарынын адеп-ахлактарын, жакшы касиеттерин, жакшы жүрүм-турумун жана руханий иштерин өстүрүүлөрү керек.

Тарбиянын дагы бир өтө эле олуттуу мааниси – бул багуу. Ата-энени багуучу деп дагы аташат. Кээ бир бейтапканаларда жана бай-дөөлөттүү үй-бүлөлөрдө айрым алсыз адамдар үчүн медайымды дайындоо салты бар, ал аларды карайт жана аларга үйрөтөт. Кудум ушундай ата-энелер сыртынан караганда, алсыз жана күчсүз болгон балдарын карашат жана кудум медайым сыяктуу руханий жана материалдык доза берип турушат. Окутуп-үйрөтүү, тартипке келтирүү жана даярдоо дагы тарбиянын маанисине кирет. Ушул бардык чечмелерди коюп, англис тилиндеги «Training» (үйрөтүү) деген сөзүн гана алалы. Сөздүктөрдө ал сөз «Train» (поезд) сөзүнөн чыккан деп жазылган. Поезд түз темир жолунан жүрөт жана кыймылдаткыч өзүнүн күчү менен арабаларын тартуу менен гана тым болбой, аларды ток менен дагы камсыз кылат. Кудум ушундай ата-энелер дагы кыймылдаткычтын ролун ойношот. Алар Алла Таала аларга тартуулаган Power (күч) менен темир жол арбаларындай болгон балдарына адеп-ахлактык жана руханий күч жана энергия менен ушундай камсыз кылып турушат: кудум поезд темир жолдон жүргөндөй эле алардын балдары дагы дин тартуулаган окуулар жолунан жүрүп турушсун жана ата-энелер «мураббий» (тарбиячы) катары иштеп туруп, өз балдарын «мураббаа» катары диний сөздүккө жайгаштырышсын. «Мураббаа» – бул таалим-тарбиянын натыйжасында пайда боло турган мөмө-жемишти билдирет. Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Биринчи Халифасы Азирети Мавлана Нуруддин (разияллааху анху) Учурлук Халифа менен Жамаат мүчөлөрүн кыймылдаткыч жана арабалар мисалы менен түшүндүргөн. Халифа дагы руханий ата катары болот.

«Авлаад» (балдар) сөзүнүн лексикалык мааниси

Араб тилиндеги «Авлаад» (балдар) сөзүнүн лексикалык маанилерине келе турган болсок, биз жалпысынан, ал сөздөн «балдарыбыз» деп гана түшүнөбүз, ал эми сөздүктөрдө ал «тукум», «насил», «үй-бүлө мүчөлөрү» жана «бала-чаканын» таалим-тарбиясы деген маанини туюнтат. Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Экинчи Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) бир жолу Ансаарлар[2]га карата Жамааттын балдары силердин дагы балдарыңар деп эсептелинет, аларга таалим-тарбия берүү силердин милдетиңер болуп саналат деп айткан.

Заманбап технологиялардын зыяндары

Заманбап технологиялардын негизинде бүгүнкү доордо ата-энелердин жоопкерчиликтери чексиз даражада өсүп кеткендей көрүнөт. Заманбап технологиялардын айынан дүйнө канчалык тездик менен тарайып, глобалдык айылга айланып кеткен болсо, андан да аша чаап тездик менен бүткүл дүйнөлүк социалдык (коомдук) жаманчылыктар бүткүл дүйнөнүн коомчулуктарына сиңип кеткен экен. Заманбап технологиялар жана спутник системаларды этиятсыздык менен колдонуунун натыйжасында дүйнөнүн ар бир коомчулугунда адеп-ахлактык, социалдык жана руханий жаманчылыктар өсүп кеткендиги гана байкалбастан, тескерисинче алар эл аралык жаманчылыктар деген атка конгон. Мына ушул өсүп келе жаткан социалдык бузукулуктардан өз тукумдарыбызды сактоо үчүн эреже боюнча буктурмаларды уюштуруп, чептерге кирип алып, жихад кылуубуз керек.

Биз жакшы билгенибиздей, дүйнөлүк согуштар бүгүнкү күндөгү замабап доордо дагы буктурмалар жана чепберде отуруп, алып барылат. Кудум ушундай бүгүн ушул руханий согушту дагы ар бир үйдө, жок, ар бир үйдүн ар бир бөлмөсүндө жана бурчунда балдарга көз салуу буктурмаларын уюштуруп, алып баруубуз керек. Сүйүктүү Жетекчибиз Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала аны Өзүнүн күчтүү жардамы менен колдосун) өзүнүн жума кутбаларында, кайрылууларында жана балдар менен болуп өткөн сабактарында кайра-кайра уюлдук телефон, айпад, нотбук, телефизор, интернет, фейсбук жана скайп сыяктуу коркунучтуу каражаттар аркылуу пайда болуп жаткан ушул социалдык жаманчылыктардан сактануу керектигин баса белгилеп насаат кылган экен.

Ширкке алып баруучу жыйындар

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) бир жерде Жамаат мүчөлөрүн жаман шерик жана бузуку жыйындардан сактанууга насаат кылган. Азирети Амирул-Му’минийн (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) мындай деп айтат:

«Биз болсок, ширкке алып баруучу жыйындарга катышпайбыз, бирок билип койгула, кандай гана жыйын болбосун, мисалы интернет же телевизор же адамды намаз жана ибадаттан кайдыгер кыла турган бир жумуш жана жыйын, ал ширкке алып баруучу жыйын гана болот». (Жума кутбасы, 21-апрель, 2017-жыл)

Анан интернетти колдонуу жаатында мындай деп айтат:

«Шайтандан сактануунун эң чоң башпанеги Алла Таала гана. Ошондуктан, ушул бузулган заманда Истигфаар[3] кылып, Алла Тааланын паанасына кирүүгө аракет кылуубуз керек, анткени адам Истигфаар аркылуу гана Алла Тааланын паанасына кирүүсү мүмкүн».

Технология ибадаттын жолуна бут тосот

Анан Азирети Амирул-Му’минийн (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) технологиянын орунсуз колдонулуусун ибадат жолундагы бөгөт экенин айтып, мындай деп айтат:

«Жаманчылыктардын катарына бүгүнкү күндөгү телевизор, интернет сыяктуулардын кээ бир жаманчылыктары дагы кирет. Көпчүлүк үй-бүлөлөрдү сурамжылап көрсөңөр, улуулардан баштап кичүүлөргө чейин түн бою телевизор көрүп же интернетте отура беришкендиги үчүн багымдат намазын өз убагында окуй албай калышат. Өздөрү кызыккан програмамларды көрүп отурушат, натыйжада эртең менен ойгоно албай калышат. Ал гана эмес, андай адамдар багымдат намазы үчүн ойгонуу керектигине да көңүл бурушпайт. Жогорудагы эки нерсе жана ушул сыяктуу курулай нерселер бир-эки жолуку намазыңарды гана текке кетирбейт, жок ага адаттанып калгандар болсо, алар күндө кечке чейин ушул программаларды көрүп отурушат же интернетте отура беришет, ошондо алар үчүн эртең менен намазга туруу кыйын болуп калат, жок алар турушпайт. Жок, кээ бирөөлөр болсо, алар намазга эч кандай маани да беришпейт». (Жума кутбасы, 20-май, 2016-жыл)

Анан мындай деп кошумча кылат:

«Эгер дүйнөлүк жеңил каалоолор күчөп кетсе, теле сериялдарга жана интернетке ушунчалык берилип, намаздары дагы каза болуп кетсе, анда Алла Таалага болгон сүйүү пайда болбойт. Ал сүйүүгө жетишүү үчүн адам өзүнүн жеке каалоолорун курман кылуусу керек». (Вакф-э-Нау сабагы, 8-октябрь, 2011-жыл)

Дагы бир учурда Багымдат намазы тууралуу мындай деп айткан:

«Эртең менен адам жаңыланып, кыла турган ар бир ишинин мыкты натыйжалары чыгат. Бүгүнкү күндөрдө түн бою же кечинде кечке чейин интернетте же телевизордун алдында же башка дүйнөлүк иштер менен алектенип отургандар сыяктуу болбогула. Алардын түңкү уйкусу толбойт. Эртең менен ойгонушканда, уйкусураган бойдон кандайча намазды аткаруулары мүмкүн жана башка иштеринде кандай береке болушу мүмкүн? Ар бир адам, мейли дүйнөкор болсун, бүт көңүл-дити менен өз ишин мыкты аткаруу үчүн жаңыланып, ал ишти аткарууга аракет кылат. Анткени, анын ишинде мыкты натыйжалары чыксын деп».

Ал мындай деп кошумча кылат:

«Ушинтип, силердин дубаларыңардын эң жакшы убакыттары кайсы жана дубанын кабыл боло турган маанайы качан пайда болоорун да издөөңөр керек». (Жума кутбасы, 15-март, 2013-жыл)

Абийирсиздиктин жайылуусунун куралы

Заманбап технологиялар аркылуу жайылып бара жаткан абийирсиздиктен сөз кылып, Азирети Амирул-Му’минийн (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз)  мындай деп айтат:

«Бүгүнкү күндөгү заманбап технологиялар – телевизор, интернет ж.б. абийирдүүлүктүн өлчөмдөрүнүн тарыхын эле өзгөртүп жиберди. Ачык-айкын абийирсиздикти көрсөткөндөн кийин дагы бул абийирсиздик эмес дешет. Демек, бирөө телевизор жана интернеттен көрүп жаткан абийирдүүлүк өлчөмү бир Ахмадий мусулмандын өлчөмү болбошу керек. Бул абийирдүүлүк эмес, жок, бул жеңил каалоолорго кабылуу дегендик. Хижабсыз жүрүүлөр жана парда жоктуктары сыртынан жоош (урматтуу) көрүнгөн кээ бир Ахмадий үй-бүлөлөрдө дагы абийирдүүлүктүн өлчөмдөрүн оодарып салды. «Агартуучулуктун» атынан кээ бир ушундай иш-аракеттер жасалат: кайсы бир жакшы адам, мейли анын жубайлары болсун, чогуу отуруп аларды көрүүсү мүмкүн эмес. Кээ бир ушундай иш-аракеттер болот, алар башкалардын алдында жасалганда, арам гана болбостон, тескерсинче күнөө болуп калат. Эгер Ахмадий мусулман үй-бүлөлөр өз үйлөрүн мына ошондой курулай иш-аракеттерден таза кармашпаса, анда алар ушул доордогу Имам[4]дын колуна кол берип, берген убадасын да аткарбаган болушат жана өз ыйманын талкалаган болушат. Жаманчылыктарды медиадан көрүп, алардын тузагына илинбегиле, болбосо ыйманыңардан дагы кол жууп каласыңар. Анан мына ошол курулай иш-аракеттердин натыйжасында аларга кабылып кеткен кээ бир адамдар бардык чек араларынан чыгып кетишет жана ошондон улам айрымдарын Жамааттан айдоого дагы туура келет. Ар дайым менин ар бир иш-аракетим Алла Тааланын ыраазычылыгына татыктуу болушу керек деген нерсени эсиңерге туткула». (Жума кутбасы, 15-январь, 2010-жыл)

Анан мындай деп айтат:

«Жогоруда мен айткандай, кийим-кечек абийирсиз кийим-кечекке айланып бара жатат. Анан чоң-чоң плакаттар аркылуу, телевизордогу жарнактар аркылуу, интернеттеги жарнактар аркылуу, ал тургай, газеталар аркылуу дагы ушундай кулактандыруулар жарыяланат: аларга жашкы адамдын көзү түшсө, абийирдүүлүк менен көзү ылдыйлап кетет жана ылдыйлап кетүүсү керек. Ушулардын баары заманбап коомчулуктардын атынан, «агартуучулуктун» атынан кылынат. Кыскасы, мен жогоруда айткандай, бул зыйнат-жасалга азыр абийирсиздикке айланып калды, тактап айтканда зыйнат-жасалганын атынан абийирсиздик көрсөтүлүп жатат». (Германиядагы Лажнага жсалган кайрылуу, 29-июнь, 2013-жыл)

Жылаңач жана кийимсиз көрүнүштөрдү көрүү көздөрдүн зынаасы болот

Телевизор жана интернеттен бузуку жана жылаңач көрүнүштөр жана кинолорду көрүүнү зынаа деп, Азирети Амирул-Му’минийн (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз)  мындай деп айтат:

«Айрыкча жаш балдар жана кыздар кээ бир Ахмадий үй-бүлөлөрдө дагы ушул жаманчылыкка чалдыгып калышат. А дегенде, агартуучулуктун атынан мына ошондой кинолор көрүлөт, анан кээ бир бактысыз үй-бүлөлөр иш жүзүндө мына ошол жаманчылыктарга кирептер болуп кетишет. Демек, бул зынаа мээ жана көздүн зынаасы болот, анан ошол эле зынаа өсүп-өнүгүп, чыныгы жаманчылыктарга кирептер кылып коёт. Ата-энелер башында этият кылышпайт, анан балээ-кырсык башына түшкөндө, анан өкүнүшөт жана тукумдарыбыз бузулуп кетти, балдарыбыз ойрон болушту деп ыйлашат. Демек, алар эртерээк көз салуулары керек. Курулай программалар көрсөтүлүп жаткан учурда балдарга телевизор көрүүгө жол бербегиле жана интернетине дагы көз салып тургула». (Жума кутбасы, 23-апрель, 2010-жыл)

Анан Азирети Амирул-Му’минийн (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз)  мындай деп айтат:

«Аялдарды ачык көздөр менен кароо, аларга аралашып кетүү, бузуку кинолорду көрүү, Махрам эмес адамдар менен Фейсбук же кандайдыр бир башка жол менен чат (сүйлөшүү жүргүзүү) ж.б. кылуу – бул нерселер таза бойдон калбайт». (Жума кутбасы, 13-январь, 2017-жыл)

Балдарга уюлдук телефон карматпагыла

Балдарга уюлдук телефон берүү туурасында Азирети Амирул-Му’минийн (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз)  мындай деп айтат:

«Андан тышкары, бүгүнкү күндө ушул жерде балдарда кезигүүчү дагы бир чоң оору, ата-энелерден бизге уюлдук телефон алып бергиле деп талап кылышат. Жашы онго киргенде, колубузда уюлдук телефон болушу керек дешет. Силер кандайдыр бир соода иштерин жүргүзүп жатасыңарбы? Ар бир мүнөттө телефон кылып, маалымат алуу зарыл болгон кандайдыр бир бизнести жасап жатасыңарбы? Эгер сурасаңыз, анда биз ата-энебизге телефон кылуубуз керек дешет. Эгер ата-энелериңер силердин чалышууңар тууралуу кабатыр болушпаса, анда силер дагы кабатыр болбошуңар керек. Анткени, кийинчерээк уюлдук телефон аркылуу туура эмес итштер башталып калат. Телефон аркылуу адамдар байланышат, анан балдарды жолдон адаштырып, туура эмес жолдорго салып коюшат. Демек, телефон дагы аябай зыяндуу нерсе». (Германиядагы Атфаалдын Салана Ижтимаасына жсалган кайрылуу, 16-сентябрь, 2011-жыл)

Бузуку каналдарды жаап салгыла

Азирети Амирул-Му’минийн (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз)  мындай деп айтат:

«Балдардын мээлерин буза турган каналдарды ата-энелер токтотуп коюулары керек. Кандайдыр бир түбөлүк кулпулар болушу керек. Балдар бир-эки саат телевизор көрмөкчү болушса, мейли көрө беришсин, бирок таза серияларды же мультфильмдерди көрүшсүн. Эегер туура эмес программалар көрүлүп жаткан болсо, анда ата-энелери жооптуу болушу керек. Он эки-он үч жаштагы кыздар аң-сезимдүү жашка кирген болушат, (мына ошондой программалардан) сактануу алардын дагы милдетине кирет. Силер Ахмадий мусулмансыңар жана Ахмадий мусулмандын жүрүм-туруму өзгөчөлөнүп туруусу керек. Анын Ахмадий мусулман кыз экендиги байкалып туруусу керек». (Германиядагы Лажнанын Ижтимаасына жсалган кайрылуу, 17-сентябрь, 2011-жыл)

Дагы мындай деп айтат:

«Мен кайра-кайра ата-энелерге өз балдарыңардын тышкы айлана-чөйрөсүнө көз салып тургула, ошондой эле үй ичиндеги программаларына дагы, мисалы алар телевизор көрүшөт же интернетти колдонушат, аларга дагы көз салып тургула деп насаат кылам». (Жума кутбасы, 13-декабрь, 2013-жыл)

Анан мындай деп айтат:

«Ата-энелерге алар өз балдарына көз салып турууларына насаат кылгыла. Ар убакытта компьютер жана уюлдук телефон колго алып жүрүү дурус эмес. Компьютерди колдонууну билбеген энелер балдарына көз салып туруулары үчүн аны үйрөнүп алышсын».

Фейсбуктун жаман таасирлеринен сөз кылып, Ал Азирети мындай деп айтат:

«Ал абийирсиздиктерге чакырат, өз ара болгон пардаларды, бири-биринин пардаларын, адамдын жеке сырларынын пардаларын бузат. Сырларды ашкерелейт жана абийирсиздиктерге чакырат. Ал сайтты жасаган адам өзү мындай деп айткан: мен адамдын ичиндеги бүт баары ачыкка чыгып, башкалардын алдына келүүсү керек деп ойлойм, мына ошондон улам мен аны жараттым. Анын назарында ачык-айкын болушунун мааниси бул: эгер бирөө жылаңач сүрөтүн жүктөсө да, мейли жүктөй берсин, мен башкаларды ага баа берүүгө үндөйм жана бул адал болот. Иннаа Лиллаах. Кудум ошондой башкалар дагы бирөө жөнүндө эмнени көрүшсө, аны жүктөй беришсин. Бул адеп-ахлактардын эң төмөндөп кеткендиги болбосо, анда бул эмне өзү? Адеп-ахлактардын ушунчалык төмөндөп кеткен бир жагдайда Ахмадий мусулман гана дүйнөгө эң мыкты адеп-ахлактар жана жакшылыктардын бийик өлчөмдөрүн көрсөтүүсү керек». (Германиядагы Жалса Саланага жасалган кайрылуу, 26-июнь, 2011-жыл)

Интернет аркылуу Ахмадий эмес эркектерге үйлөнүү жана анын зыяндары (кесепеттери)

Интернет аркылуу башкалар менен байланышуунун натыйжасында үйлөнүп алышат. Бул ыкмада үй-бүлөлөргө зыян келүү ыктымалынан сөз кылып, Азирети Амирул-Му’минийн (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз)  мындай деп айтат:

«Бүгүнкү күндө интернетти алалы. Бүгүнкү күнгө чейин Ахмадий эмес эркектерге турмушка чыккан (Ахмадий) аялдар азыр кыйналып кетишкенин жана бушайман болгонун билдирип, Ахмадий эмес адамга турмушка чыгып, биз ката кетиргенбиз. Биринчиден, балдар атасына көбүрөөк ооп кетишкен экен, Ахмадий болбогон атасына, себеби аларда эркиндик салыштырмалуу көбүрөөк деп жазышат… Билип койгула, силер Ахмадий энелеринин кучактарынан чыккан балдарды башкалардын кучактарына берип жаткан болосуңар. Эмнеге өзүңөргө жана кийинки тукумдарыңарга зулумдук кылып жатасыңар?» (Англиядагы Лажнанын Ижтимаасына жасалган кайрылуу, 19-октябрь, 2003-жыл)

Биримдик талкаланып жатат

Сүйүктүү Жетекчибиз Азирети Амирул-Му’минийн (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз)  Германиядагы Жалса Салананын учурунда Лажнага насаат жана сабак боло турган бир кайрылууну жасаган, анда заманбап технологиялардын зыяндарынан кеңири токтолгон. Уюлдук телефон туурасында мындай деп айтат:

«Анын эң чоң зыяны бул: үй-бүлөлөр чачылып кетүүдө. Балдар бузулуп кетишүүдө. Энелер тамакка чакырышканда дагы колунда уюлдук телефондор болот. Окууга көңүл бурушпайт. Эми кээ бир акылдуу дүйнөкорлор дагы үй-бүлөлөрүбүздүн биримдиги талкаланып кетти дей башташты. Жубайлар чогуу отуруп сүйлөшчү. Бул компьютер жана телефондор тууганчылык байланыштарды талкалап салды. Ушул заманбап технологиялар ар бир акылманды сар-санаага салып жатат».

Анан ошол эле кайрылуусунда Ал Азирети Европанын мектептеринде диний сабактарга коюлган чектөөлөр тууралуу сөз кылып, мындай деп айтат:

«Бүгүнкү күндөгү айлана-чөйрөдө балдар мектепте башка балдардан үйрөнүп жатышат жана мектептерде дагы «эч бир динди үйрөтүүнүн кажети жок, чоңойгондо аны өзү эркин тандоосу керек» деп үйрөтүлөт жана айтылат. Эгер мына ушундай айлана-чөйрө болсо, анда кийинки муундар үчүн бир өтө чоң сыноо болот. Эгерде айлана-чөйрө жана окуу жайлары динди үйрөтпөгүлө деген чектөөлөрдү коюшса, анда мындан коркунучтуу нерсе эмне болушу мүмкүн. Албетте, бул тынчсызданыруучу кептер. Ушул дүйнөкорлордун өз кебинде дагы карама-каршылык бар. Бир жагынан (балдарды) динсиз кылып, динге каршы сүйлөшөт, экинчи жагынан дин адеп-ахлактарды үйрөткөн деп моюнуна дагы алышат. Кыскасы, четке каккандыгына карабай, алар диндин кээ бир кептерин кабыл кылууга аргасыз. Мына ушундай жагдайда биз, Учурлук Имамды кабыл кылгандар жан-талашып эмгектенип катуу иштөөбүз керек. Биз өзүбүздү гана сактабастан, кийинки муундарыбызды дагы сактообуз керек, натыйжада биринин артынан бири келген муун Алла Тааланын акы-укуктарын аткарып, Анын буйруктарына амал кылуучу муун болуп барсын». (Гурманиядагы Жалса Саланага жасаган жыйынтык кайрылуу, 26-июнь, 2011-жыл)

МТА – бул улуу нээмат (белек)

Алла Таала бузукулардын ушул «төрөт үйүнө» каршы бизге мээримин төгүп, МТА деген белек тартуулаган. Азирети Амирул-Му’минийн (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) бул тууралуу сөз кылып, мындай деп айтат:

«Ата-энелер дагы бул жакка көңүл буруулары керек жана өз балдарын дагы МТАга байланыштыруулары зарыл. Бул дагы бир руханий азык-түлүк, ал силердин руханий тирүүлүгүңөрдүн куралы. Ал аркылуу силердин диний билимиңер өсөт. Руханийлигиңер өсүп, (Халифат) менен байланышасыңар жана дүйнөдөгү башка каналдардын уулуу таасирлеринен дагы сакталып каласыңар». (Австралиядагы Жалса Саланага жөнөтүлгөн тилек сөзү, 24-декабрь, 2015-жыл)

Анан мындай деп айтат:

«Медиа бизди бири-бирибизге жакындаштырып койгон жана тилекке каршы жакшылыктар боюнча жакындаштыруунун ордуна шайтанды ээрчүүдө көбүрөөк жакындаштырган экен. Мына ушундай кырдаалда бир Ахмадий мусулман мурдагысынан да көбүрөөк өзүнүн абалдарына көз салып туруусу зарыл. Алла Таала бизге МТАны тартуулаган, Алла Таала бизге Жамааттын руханий, илимий программалары үчүн веб-сайтты дагы тартуулаган. Биз бул жакка көбүрөөк көңүл бурганыбыздан кийин гана көңүл-дитибиз ошол жакка бурулат, натыйжада биз Алла Таалага жакын болобуз жана шайтандан сакталуучу болобуз». (Жума кутбасы, 20-май, 2016-бет)

Анан Ал Азирети МТА жана андан жума кутбасын көрүүга бизге төмөнкүдөй насаат кылат:

«Лажна Имааиллахтын ар бир мүчөсү өзүн МТАга байланыштырып, үзгүлтүксүз анын программаларын көрүүсү керек. Эч болбогондо, менин жума кутбамды жана Учурлук Халифа катышкан башка программаларды сөзсүз көргүлө жана балдарыңардын дагы силер менен чогуу отуруп, ошол программаларды көрүү шарттарын түзгүлө». (Англиядагы Лажнанын Ижтимаасына жасалган кайрылуу, 25-октябрь, 2015-жыл)

Ансааруллахтын милдеттери

Азирети Амирул-Му’минийн (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Жамаатыбыздагы бардык тайпаларга кайрылып, аларга ушул жаманчылыктардан сактанууга өтө мууңдулук менен насаат кылып, мындай деп айтат:

«Кээ бир ата-энелер билими аз адамдар болушат. Бул тууралуу аларды кулактандыруу Жамаат башкармалыгынын милдети болуп саналат. Кудум ошондой Ансааруллах, Лажна жана Худдаамдардын уюмдары бар, алар өздөрүнүн уюмдарынын көзөмөлдүгү астында дагы ушул жаманчылыктардан сактануу иш-пландарын түзүүлөрү керек. Жаш балдар менен жаш кыздарды Жамаат башкармалыгына, уюмдарыңарга ушундай бекем байланыштырып койгула, алар ар дайым динди дүйнө иштеринен жогору коюшсун. Бул жаатта ата-энелер дагы Жамаат башкармалыгына же тармактуу уюмдарга чын жүрөктөн колдоо көрсөтүүлөрү зарыл. Эгерде ата-энелер кандайдыр бир алсыздыгын (жалкоолугун) көрсөтүшсө, анда өз балдарын жок кылып жаткан болушат. Айрыкча, үй-бүлөлөрдүн көзөмөлчүлөрү, тактап айтканда эркектер (көбүнчө Ансаарлар гана көзөмөлчү болушат) баарынан көбүрөөк өз балдарын ушул отко кирүүдөн сактоого милдеттүү жана жоопкер. Ушул от азабынан Алла Таала силерди жана силердин улууларыңарды сактаган жана Өзүнүн берешендиги менен Учурлук Имамды кабыл кылуу мүмкүнчүлүгүн берген. Дүйнө, өзгөчө башкалар (Ахмадий эмес мусулмандар) аларга жетекчилик кыла турган кандайдыр бир лидер болушун күтүп отуруп, катуу тынчсызданууга кабылышкан. Бирок силерге Алла Таала берешендик кылган, силер Учурлук Имамга байъат бергениңер үчүн силерге багыт берилип жатат. Халифатка байланышып туруу менен жакшылыктарга туруктуу болууга айтылып турат. Демек, Алла Тааланын ушул берешендиктеринин баары силерге насаат кылынганда, ар бир жаманчылыктан сактанууга сөз берип, «лаппай» деп алдыга чыккыла, өзүңөр дагы жакшы иштерди кылгыла жана балдарыңарды дагы ошол жолдон басууга насаат кылгыла дегенди силерден талап кылат. ».

А дегенде, «агартуучулуктун» атынан кээ бир туура эмес иштер жасалат, анан алар жаманчылыктарга батып кете беришет. Бул оюн-күлкү (зоок) да эмес, эркиндүүлүк да эмес, жок, бул зоок жана эркиндиктин атынан от чуңкуруна кулоо дегендик.

Ошондуктан, Өзүнүн пенделерине өтө Мээрбан болгон Алла момун-мусулмандарга бул – от, бул – от, андан өзүңөрдү дагы, балдарыңарды дагы сактагыла деп ачык-айкын айтып койгон. Ушул коомчулукта жашап жаткан жаш балдар жана жаш кыздарга дагы айтам: бул силердин максатыңар эмес. Ушул оюн-күлкү, зоокко киришип кетүү эле баздин жашообуздун максаты, ушул эле бүт бардыгыбыз деп ойлобогула. Бир Ахмадий мусулман катары силер менен башкалардын ортосунда кандайдыр бир айырмачылык болушу керек». (Жума кутбасы, 23-апрель, 2010-жыл)

[1] Алла Тааланын Жалгыздыгы.

[2] Ахмадия Мусулман Жамаатынын кол астында кырк жашынан өйдөгү жаштагы эркектердин «Ансааруллах» (Алланын жардамчылары) аттуу тармактуу уюму бар, анын мүчөлөрү «Ансаар» (жардамчылар) деп аталышат.

[3] Алла Тааладан кечирим суроо.

[4] Азирети Убада кылынган Махдий жана Масийх Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам).

Share via