Дубаларда туруктуулук көрсөтүү керек • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Дубаларда туруктуулук көрсөтүү керек

Мырза Гулам Ахмад

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат:

«Билип койгула, дуба кылып турганда эң бийик даражадагы сабырдуулук жана туруктуулук көрсөтмөйүнчө эч бир адам эч качан дубадан пайда көрө албайт. Ал Алла Таала тууралуу эч качан жаман ой жана шек-күмөнгө барбасын. Аны бардык кудуреттер жана ой-ниеттердин ээси деп билсин. А дегенде ишенсин, анан сабырдуулук менен дубаларга алек болуп турсун. Ошондо убакыт келип, Алла Таала анын дубаларын кабыл кылат жана ага жооп кайтарат. Бул рецептти колдонгон адамдар эч качан бактысыз жана куру калышпайт. Жок, алар сөзсүз түрдө өз максатына жете алышат. Алла Тааланын кудуреттери жана күчтөрү сан жеткис. Ал адамдын жеткилеңдикке жетүүсү үчүн узак убакыт бою сабыр кылуу мыйзамын белгилеген. Демек, Ал аны өзгөртпөйт жана Ал бул мыйзамды ал үчүн өзгөртүүсүн каалаган адам Алла Тааланын алдында адепсиздик жана орой мамиле жасагандай болот. Андан кийин айта кетчү дагы бир нерсе, кээ бир адамдар чыдамсыздык менен иштешет жана сыйкырчы сыяктуу бардык иштеринин дароо жасалышын каалашат. Мен айтам, эгер бирөө чыдамсыз болсо, ал чыдамсыздык Кудайга эмне зыян алып келет? Өзүнө гана зыян келтирет. Чыдамсыздык кылып көрсүн, ал кайда барат?

Карагыла, Азирети Яъкуб (алайхиссалаам)дын сүйүктүү уулу Юсуф (алайхиссалаам) бир туугандарынын жамандыгынан улам андан ажырап калганда, ал (алайхиссалаам) ал үчүн кырк жыл бою дуба кылган. Эгер ал шашылган болсо, анда эч кандай натыйжа чыкмак эмес. Кырк жыл бою дуба кылып турган жана Алла Тааланын кудуреттерине ишенип жүргөн. Акыры, кырк жылдан кийин, ошол дубалар Юсуф (алайхиссалаам)ды эле тартып алып келди. Ошол эле учурда, айрым жемелөөчүлөр Юсуфту бекер эле эстеп жатасың деп дагы айтышкан, бирок ал мен Кудайдан силер билбеген нерсени билем деп жооп берип турган. Албетте, ал эч нерсени билген эмес болчу, бирок муну айтты:اِنِّیۡ لَاَجِدُ رِیۡحَ یُوۡسُفَАлбетте, мага Юсуфтун жыпар жыты келип жатат. (12:95)

Башында дубалардын чынжырынын узарып баратканы белгилүү болду. Эгер Алла Таала аны дуба кылуудан куру калтырмакчы болсо, анда тез эле жооп бермек. Бирок бул курамдын узундугу дубалардын кабыл болуусунун далили. Себеби, жоормарт сурап келгенди узак убакытка отургузуп, анан эч качан аны куру калтырбайт. Жок, эң сараң деле ошондой кылбайт. Ал дагы эгер кайырчыны эшикте көпкө кармаса, акыры ага бир нерсе берет». (Малфузаат, 2-том, 151-152-бет)

Share via