Жакшылыкка жетишүү үчүн жалынып-жалбаруудан турган дуба
Азирети Абдулла бин Аббаас (разияллааху анху) баян этет: «Ушул дубаны сураган убакытта ачарчылыктын айынан Азирети Муса (алайхиссалаам)дын абалы оор болуп, курманын кичине бөлүгүнө да муктаж болуп калган эле». («Тафсир ад-Дурул-Мансур лис-Суаютии» 5-том, 125-бет).
Анан Алла Таала тек тамак-аш жана жаткан жери менен гана камсыз кылбай, мусаапырчылыкта үй-жайы менен да камсыз кылып жана үйлөнтүп да койгон.رَبِّ اِنِّیۡ لِمَاۤ اَنۡزَلۡتَ اِلَیَّ مِنۡ خَیۡرٍ فَقِیۡرٌОКУЛУШУ: РАББИ ИННИЙ ЛИМАА АНЗАЛТА ИЛАЙЙА МИН ХАЙРИН ФАКИЙР. (28:25)
Котормосу: «Эй, Раббим! Албетте, Сен мага эмне жакшы нерсени түшүрсөң, мен ошого муктажмын». («Ал-Касас» сүрөөсү:25)