Исламдын жолунда жан берүү жана арты кайырлуу болуу дубасы
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Исламдын жолунда жан берүү жана арты кайырлуу болуу дубасы

Азирети Юсуф (алайхиссалаам) зынданга отуруп чыккан сыноодон кийин Алла Таала ага бийлик тартуулаганда жана анын бир туугандары ата-энеси анын алдына келишкенде, ал шүгүрчүлүк катары төмөнкү дубаны сураган:رَبِّ قَدۡ اٰتَیۡتَنِیۡ مِنَ الۡمُلۡکِ وَعَلَّمۡتَنِیۡ مِنۡ تَاۡوِیۡلِ الۡاَحَادِیۡثِ ۚ فَاطِرَ السَّمٰوٰتِ وَالۡاَرۡضِ ۟ اَنۡتَ وَلِیّٖ فِی الدُّنۡیَا وَالۡاٰخِرَۃِ ۚ تَوَفَّنِیۡ مُسۡلِمًا وَّاَلۡحِقۡنِیۡ بِالصّٰلِحِیۡنَОКУЛУШУ: РАББИ КАД ААТАЙТАНИЙ МИНАЛ-МУЛКИ ВА АЛЛАМТАНИЙ МИН ТА′ВИЙЛИЛ-АХААДИЙС. ФААТИРАС-САМААВААТИ ВАЛ-АРЗ. АНТА ВАЛИЙЙИЙ ФИД-ДУНЁ ВАЛ-ААХИРАХ. ТАВАФФАНИЙ МУСЛИМАН ВА АЛХИКНИЙ БИС-СААЛИХИЙН. (12:102)

Котормосу: «Эй, Раббим! Сен мага мамлекет иштеринен үлүш бердиң жана кептердин акыйкатын түшүнүш үчүн илим-билим тартууладың. Эй, асмандар менен жердин Жаратуучусу! Сен дүйнө жана акыретте менин досумсуң. Мени баш ийүүчү бойдон өлүм тартуулагын жана мени такыбалар катарына кошкун!» («Юсуф» сүрөөсү:102)

Share via