Руханий өсүп-өнүгүүлөр жана Алла Тааладан кечирим суроо дубасы
Алла Таала момун-мусулмандарга чыныгы тободон таалим берет. Анын натыйжасында Алла Таала алардын күнөөлөрүн кечирип, Өзүнүн ыраазычылык бейиштерине киргизет. Ал момундардын алдында дагы, артында дагы нур болот жана алар төмөнкү дубаны сурашат:
Котормосу: «Эй, Раббибиз! Биз үчүн нурубузду толук кылгын жана бизди кечиргин. Албетте, Сен каалаган бардык нерсеге дайыма кудуреттүүсүң». («Ат-Тахрийм» сүрөөсү:9)