Көөдөндүн ачылышы жана тилде таасир пайда болушу үчүн дуба • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Көөдөндүн ачылышы жана тилде таасир пайда болушу үчүн дуба

Көөдөндүн ачылышы, иштердин жеңил болушу жана тилде таасир пайда болушу үчүн дуба

Качан Алла Таала тарабынан Азирети Муса (алайхиссалаам)га Фараондун алдына барып, ага Алла Тааланын буйругун жеткизүүгө өкүм кылынганда, Азирети Муса (алайхиссалаам) ушул дубаны сураган. Азирети Асмаа (разияллааху анхаа) бинт Амийс мындай рабаят этет: «Мен Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)ды Сабийр тоосунун этегинде ушул дубаны сурап жатканын көрдүм. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Алла тааланын алдында мындай деп өтүнүп жаткан эле: «Эй, Алла! Мен Сенден тууганым Муса (алайхиссалаам) сураган дубанын өзүн эле сурайм». («Тафсир ад-Дурул-Мансур лис-Суютии» 4-том, 295-бет)

Раббишрахлий садрий. Ва яссирлий амрий. Вахлул укдатам-мил-лисааний. Яфкахуу каулий. (20:26-29)

Раббишрахлий садрий. Ва яссирлий амрий. Вахлул укдатам-мил-лисааний. Яфкахуу каулий. (20:26-29)

Котормосу: «Эй, Раббим! Мен үчүн көкүрөгүмдү ачкын! Ишимди мага жеңилдеткин жана тилимдин түйүнүн чечип жибергин! Алар менин сөзүмдү түшүнүшсүн үчүн!» («Таахаа» сүрөөсү:26-29)

Share via