Истигфаар тоободон жогору турат • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Истигфаар тоободон жогору турат

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар

«Кечиримдүүлүк жана тообо кылуу эки нерсе. Бир жагынан, тоободон Истигфаар[1] биринчи орунда турат. Анткени, Истигфаар – бул Алла Тааладан алына турган жардам жана күч. Тообо – бул өз буттарына туруу дегендик. Алла Тааланын адаты ушундай: (адам баласы) Алла Тааладан жардам сураганда, Алла Таала ага кандайдыр бир күч берет, анан ошол күчтөн кийин адам өз бутуна туруп, анда жакшы иштерди жасоого кандайдыр бир күч пайда болот, ал «туубуу илайхи»[2] деп аталат. …Тообо келтирүү күч-кубаты Истигфаардан кийин берилет. Эгер Истигфаар жок болсо, анда албетте, тообонун күчү болбоорун билип алгыла. Анан эгерде ушул жол менен Истигфаар кылып, тобо келтирсеңер, анда натыйжасы төмөнкүдөй болот:یُمَتِّعۡکُمۡ مَّتَاعًا حَسَنًا اِلٰۤی اَجَلٍ مُّسَمًّی «юматтиъкум матааан хасанан илаа ажалим-мусаммаа»[3]. Аллахтын Сүннөтү ушундай жол менен уланып келе жатат: эгер Истигфаар кылып, тообо кылсаңар, анда улуу руханий даражаларга жетесиңер. Ар бир сезим үчүн кандайдыр бир алкак болуп, анда ал өнүгүү баскычтарына жетет. Ар бир адам пайгамбар, элчи, сыддык, шейит боло албайт». (Малфузаат, 2-том, 68-69-бет, 1984-жылы Англияда жарык көргөн нускасы)

Бир жерде Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам) мындай деп айтат:

«Негизинен, «ваъийд»[4] кандайдыр бир убада эмес, болгону Алла Таала Өзүнүн ыйыктыгынан улам күнөөлүү адамдын жазаланышын талап кылат. … Анан күнөөлүү адам тообо кылуу жана кечирим сурап, жалынып-жалбаруу менен дуба кылып, ошол талапты ишке ашырганда, Аллахтын мээримдүүлүгүнүн талабы каардын талабын басып кетет жана ошол каарды Өз ичинде жашырып жана бекитип коёт. Бул аяттын мааниси да ушул гана:عَذَابِیۡۤ اُصِیۡبُ بِہٖ مَنۡ اَشَآءُ ۚ وَ رَحۡمَتِیۡ وَسِعَتۡ کُلَّ شَیۡءٍ(Мен Өз азабымды Өзүм каалаган бирөөнө жеткиремин жана Менин рахматым бардык нерсени курчап алган (7:157). Башкача айтканда, мээримдүүлүгүм Менин каарымды курчап алган». (Тухфа-э-Газнавия, Руханий Хазайин, 15-том, 537-бет)

*******************

[1] Алла Тааладан кечирим суроо.

[2] Ага гана тообо келтиргиле.

[3] Ал силерге белгиленген мөөнөткө чейин эӊ жакшы жашоо керектөөлөрүн берет (11:4).

[4] Эскертүү катары азап жөнөтүүгө берилген убада «ваъийд» деп аталат.

Share via