Эң мыкты инсандар: Азирети Зубайр бин Аввам (разияллааху анху) • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Эң мыкты инсандар: Азирети Зубайр бин Аввам (разияллааху анху)

мечитте окулган жума кутбасы

2020-жылдын 21августунда Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

Ашра Мубашшарах[1]ка кирген Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алйхи ва саллам)дын «Бадр» согушуна катышкан улуу мартабалуу сахаабасы Азирети Зубайр бин Аввам (разияллааху анху)дын улуу мүнөзүнүн жагымдуу баяны.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын шериги Азирети Зубайр (разияллааху анху) Алла Тааланын жолунда кылычты кынынан чыгарган эң биринчи адам болгон

(Пакистанга караштуу Пешавар районунун Дубгари Гардандын тургуну) урматтуу Миъраж Ахмад мырза Шахийд ибн Махмуд Ахмад мырза, Наровал районуна караштуу Эдипурдун тургуну Мухаммад Насир Ахмад Догар мырзанын уулу (Жамаатыбыздын миссионери) урматтуу Адийб Ахмад Насир мырзанын жана Пакистанга караштуу Исламабад шаарындагы урматтуу Хамийд Ахмад Шейих мырза ибн Шейх Мухаммад Хусcайн мырзанын эскерилүүсү жана гайып жаназа намаздары

2020-жылдын 21-августунда, башкача айтканда, 1399-хижра жылынын 21-Зухуур күнү Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала бинасрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маанимазмуну

2020-жылдын 21-август күнү Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала бинасрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде жума кутбасын окуду. Ал кутба Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Азан айтуу бактылуулугу урматтуу Сухайб Ахмад мырзага насип этилди.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Бешинчи Халифасы (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосунмындай деп айткан:

Бүгүн «Бадр» согушуна катышкан сахааба Азирети Зубайр бин Аввам (разияллааху анху) тууралуу сөз кылам. Анын энеси Азирети Сафия бинт Абдул-Мутталиб Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын эжеси (атасынын эже-карындаштары) болгон. Ошондой эле, ал (разияллааху анху) Азирети Хадийжа (разияллааху анхаа)нын жээни (агасы же инисинин баласы) да болгон. Азирети Зубайр (разияллааху анху)нун аялы Асмаа (разияллааху анхаа) Азирети Абу Бакр (разияллааху анху)нун кызы болчу. Ошентип, ал (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын бажасы да болгон. Ашра Мубашшарахка кирген Азирети Зубайр (разияллааху анху) Ислам динин (биринчилерден болуп) кабыл кылган төртүнчү же бешинчи адам болгон. Ошондой эле, ал (разияллааху анху) Азирети Умар (разияллааху анху) өзүнөн кийинки Халифаны шайлоо үчүн түзгөн алты кишилик комитеттин мүчөсү болгон.  Азирети Зубайр (разияллааху анху) жаш кезинде Ислам динин кабыл кылганда, анын агасы (атасынын агасы же иниси) Ислам дининен чыгартуу үчүн аны камыштан жасалган бойрого ороп туруп, түтүн булатчы. Бирок, ал (разияллааху анху)нун туруктуулугунан эч качан жазган эмес.

Азирети Зубайр (разияллааху анху)нун энеси Азирети Сафия ал (разияллааху анху)ну эр жүрөк жана коркпос адам кылуу үчүн кичинекей кезинде аны сабачу. Хузур-э-Анвар Азирети Сафия (разияллааху анхаа)нын жогорудагы ой-пикирин чагылдырган айрым ыр саптарын окуп бергенден кийин мындай деп айткан: бул аны тарбиялоо жана эр жүрөк кылуунун жеке жолу болчу. Бул абдан жакшы жол болчу деп айта албайбыз. Жалпысынан, азыркы учурда бул ыкма ишенимди төмөндөтүү ролун ойнойт.

Азирети Зубайр Эфиопияга болгон эки көчүүдө тең катышкан. Ал (разияллааху анху) Мединага көчкөндө, Азирети Мунзир бин Мухаммаддыкында жашаган. Анын аялы Азирети Асмаа (разияллааху анхаа) көчүп бара жаткан кезде кош бойлуу болгон, ошентип Каба жергесинде Азирети Абдулла бин Забайр (разияллааху анху) төрөлгөн. Азирети Асмаа (разияллааху анхаа) аны көтөрүп, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын кызматына барган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жаңы төрөлгөн наристени кучагына алып, ыйык шилекейин анын оозуна салган. Анан курманы чайнап, оозуна салып, ак бата берген. Абдулла мусулман катары төрөлгөн эң биринчи бала болгон.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Хижраттын алдында Азирети Зубайр жана Азирети Абдулла бин Масъуд (разияллааху анхумаа)нын ортосунда диний бир тууганчылыкты түзгөн жана Мединага көчкөндөн кийин ал (разияллааху анху) Азирети Салма бин Салааманын диний бир тууганы болгон. Азирети Зубайр (разияллааху анху) уулдарынын аттарын жакшы саамалык катары шейиттердин аттарынан койгон. Бир жолу Азирети Зубайр (разияллааху анху)нун уулу анын Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын рабаяттарын айтып бербөөсүнүн себебин сураганда, ал (разияллааху анху) мен Исламды кабыл кылгандан бери Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан эч качан ажыраган эмесмин, бирок мен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын «кимде-ким мага атайлап жалган жалаа жапса, ал тозокту өзүнүн турак жайы кылды» деп айтканын укканмын», – деп айткан. Ал буга байланыштуу этият болчу.

Азирети Зубайр Аллах жолунда кылычын кындан чыгарган биринчи адам болгон. Окуя мындай болгон: бир жолу Азирети Зубайр (разияллааху анху) Меккенин бир капчыгайында эс алып жатканда, ага Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын шейит болуусунун кабары угузулган, ал (разияллааху анху) кылычын чыгарып, шашылып чыгат. Жолдо кетип баратып, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) менен учурашып калат, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) аны токтотуп, кылычын эмнеге чыгарып баратканын себебин сурайт. Ал (разияллааху анху) мен Меккенин бардык элин өлтүрүүнү көздөп бара жаттым эле деп айткан. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ал (разияллааху анху) үчүн атайын дуба кылган. Ал «Бадр» согушу жана башка бардык согуштарга да катышкан. «Бадр» күнү эки атчандын бири сары чалма кийген Азирети Зубайр (разияллааху анху) болгон. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) аны көрүп, периштелер Зубайрга окшогон чалма кийип түшкөндүгүн айткан. Азирети Зубайр (разияллааху анху) «Ухуд» күнү Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ата-энесин мен үчүн чогулткан, башкача айтканда, менин ата-энем сага курман болсун деп айткан деди. «Ухуд» согушу болгон күнү Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Муслах[2] болгон сөөктөрдүн жанында бир аялды көрүп, анын ушул кайгылуу көрүнүштү көрүүсүн жактырган эмес. Азирети Зубайр ал аял өзүнүн бир тууган агасы Хамзаны акыркы сапарга узатуу зыйнатына эки шейшеп алып келген өз энеси Сафия экенин таанып алган. Бул жөнүндө Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га кабар берилгенде, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Сафия (разияллааху анхаа)га Азирети Хамза (разияллааху анху)нун сөөгүн көрүүгө уруксат берген. Бул учурда Азирети Сафия укмуштай чыдамдуулук жана кайраттуулукту көрсөткөн.

«Ахзаб» согушунун учурунда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын чакырыгынан улам Азирети Зубайр (разияллааху анху) Бану Курайзанын абалын билип келүү үчүн өзүн-өзү көрсөткөн. Ал учурда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ар бир пайгамбардын шериги болот, менин шеригим Зубайр деп айткан.

Хайбардагы согушта жөөттөрдүн таанымал лидери Мархаб өлтүрүлгөндө, анын бир тууганы Ясир «ман юбаариз?» (ким чыгат) деген ураан көтөргөн. Азирети Зубайр аны менен мелдешүүгө алдыга чыккан жана ал Зубайр (разияллааху анху)нун колунан өлтүрүлгөн.

Азирети Хаатиб бин Аби Балтаъа бир аял аркылуу Меккенин элине Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын бир чечими жөнүндө кат жибергенде, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Али, Микдад жана Зубайр (разияллааху анхум)ду ал катты алып келүү үчүн жиберген. Азирети Хаатибдин кетирген ошол катасына Азирети Умар (разияллааху анху) катуу нааразылыгын билдирип, аны өлтүрүүгө уруксат сураган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Хаатиб «Бадр» согушуна катышкан жана Алла Таала «Бадр» согушуна катышкандар жөнүндө асмандан жерге карап, каалаганыңарды кыла бергиле, Мен силерди кечирдим деп айткан деди.

Мекке жеӊиши күнү Зубайр (разияллааху анху) ат минип, аскерлердин сол жагында турган болчу. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Хубул аттуу бурканды таягы менен уруп кулатканда, Зубайр (разияллааху анху) Абу Суфянга ал «Ухуд» күнү көйрөӊдөнүп, «уълу Хубул» (улуулук Хубулга таандык) деп көтөргөн ураанын эскерткен.

«Хунайн» согушу болгон күнү Азирети Зубайр (разияллааху анху) каапырларга каршы жан аябастык менен туруктуулук көрсөтүп күрөшкөн жана капчыгайдан найзаларды ыргытып, каапырлардын башчыларынан бошоткон.

«Ярмук» согушунда Азирети Зубайр (разияллааху анху) сахаабалардын кыстоосу менен чабуул жасап, каапырлардын катарларын ушунчалык тездик менен бузуп өткөн, башка бирөө да ага жете алган эмес. Египет согуштарында Азирети Амар бин Алъаас (разияллааху анху)нун суранычы менен Азирети Умар (разияллааху анху) он миң аскер менен төрт лидерди жиберип, бул лидерлердин ар бири миң аскерге барабар деп айткан. Ал төрт лидердин бири Азирети Зубайр (разияллааху анху) да болгон.

Азирети Умар (разияллааху анху) түзгөн алты мүчөдөн турган Халифалык комитети өз ыйгарым укугун үч адамга өткөрүп берүүнү чечкенде, Зубайр (разияллааху анху) өзүнүн ыйгарым укугун Азирети Али (разияллааху анху)га өткөрүп берген. Хузур-э-Анвар Азирети Усман (разияллааху анху)ну халифалыкка шайлоо учурундагы окуяны кеңири айтып бергенден кийин, Азирети Зубайр (разияллааху анху) тууралуу баян бүтө элек, Кудай буюрса, калып калган бөлүгүн эмкиде айтып берем деди.

Хузур-э-Анвар кутбанын экинчи бөлүгүндө үч маркумду эскерип, алардын жаназа намазын окутаарын жарыялады.

Биринчи эскерилген адам Пакистанга караштуу Пешавар облусунун Дубгари Гаардан районундагы урматтуу Миъраж Ахмад мырза ибн Махмуд Ахмад мырза болчу. Жамаатыбызга каршы жүргүзүлүп жаткан акыркы жүрүштөн улам, Ахмадияттын каршылаштары аны 12-август күнү өзүнүн даарыканасынын алдында атып шейит кылышкан. Иннаа Лиллаахи Ва Иннаа Илайхи Раажиъуун.

Маркум шейит болгон учурда болжол менен 61 жашта болгон. Шейит намазды калтырбай аткарган, Халифатка өтө берилген, каржылык курмандыктарда эң биринчи катарда болгон, катуу даават жүргүзгөн жана калайык-калкка боорукер болуу деген сыяктуу касиеттерге ээ болгон. Узак мөөнөткө чейин Пешавардагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Зияфат (мусаапырларды коноктоо иштери) катчысы болуп кызмат өтөгөн. Артында аялы, үч уулу жана бир кызы калышты.

Экинчи жаназа Наровал районуна караштуу Эди Пурдун тургуну Адийб Ахмад Насир (Жамаатыбыздын миссионери) ибн Мухаммад Насир Ахмад Догар мырзаныкы болчу. Ал 9-август күнү 27 жаш курагында ич келте жана ич өткөк ооруларынан улам кыска мөөнөттүк оорудан кийин көз жумган. Иннаа Лиллаахи Ва Иннаа Илайхи Раажиъуун.

Маркум Жамия Ахмадияны 2017-жылдын июль айында бүтүрүп, Назаарат Ислаах-у-Иршаад (реформалап-оӊдоо жана үгүттөө бөлүмү) кеңсесинин көзөмөлүндө иштеп жаткан. Ал орозо жана намазга берилген, ар бирөөгө сүйкүмдүү, жөнөкөй мамиле жасаган жана жумшак мүнөзгө ээ болгон. Вакфтын (жашоону динге арноо) акыйкатын түшүнүп жашаган адам эле. Негизги эмеректери да жок бир бөлмөлүү борбордо өтө жанталашып иштеген.

Үчүнчү жаназа Хамийд Ахмад Шейх мырза ибн Шейх Мухаммад Хуссайн мырзаныкы болчу. Ал 12-август күнү 85 жаш курагында жүрөгү кармап, көз жумган. Иннаа Лиллаахи Ва Иннаа Илайхи Раажиъуун.

Ал Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхисаллам)дын сахаабасы Азирети Шейх Нур Ахмад сахибдин небереси болгон. Маркум абдан чын ыкластуу, намаздарды калтырбай аткарган жана каржылык чакырууларга активдүү катышкан адам эле. Ал чартер архитектор болчу жана Пакистандын Исламабад шаарында IAAAEнин (Ахмадия Жамаатынын архитекторлорунун жана инженерлеринин эл аралык ассоциациясы) төрагасы жана башка кызматтарда кызмат өтөп келген. Маркумдун артында эки уулу жана бир кызы калышты.

Хузур-э-Анвар кутбанын аягында бардык маркумдардын кечирилүүсү жана даражаларынын жогорулоосу үчүн дуба кылды.

٭…٭…٭

[1] Ушул дүйнөдө эле Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) тарабынан бейишке кирүү сүйүнүчү берилген он сахааба.

[2] Кулагы жана мурду кесилген.

Share via