Эң мыкты инсандар: Азирети Убайда бин Жаррах (разияллааху анху) • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Эң мыкты инсандар: Азирети Убайда бин Жаррах (разияллааху анху)

мечитте окулган жума кутбасы

Ашрах Мубашшарах[1]ка кирген Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын улуу мартабалуу сахаабасы Азирети Убайда бин Жаррах (разияллааху анху)нун улуу мүнөзүнүн жагымдуу баяны

Ал (разияллааху анху) Азирети Абу Бакр (разияллааху анху)нун дааваты аркылуу мусулмандардын «Даар-э-Аркам» аттуу үйдөн баш калка алуусуна чейин Ислам динин кабыл кылган тогузунчу адам болгон. 10-хижра жылы «Хажжатул-Видаа»[2] учурунда Азирети Убайда бин Жаррах (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен бирге ажылыкка барган.

 Пакистанда Ахмадийлердин каршылаштарына эскертүү жана Ахмадийлер үчүн дуба кылууга чакыруу

2020-жылдын 2-октябрында, башкача айтканда, 1399-хижра жылынын 2-Ахаа күнү Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала бинасрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

2020-жылдын 2-октябрь күнү Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала бинасрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде жума кутбасын окуду. Ал кутба Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Азан айтуу бактылуулугу урматтуу Сафийр Ахмад мырзага насип этилди.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Бешинчи Халифасы (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосунмындай деп айткан:

Бүгүнкү сөз «Бадр» согушуна катышкан сахааба Азирети Абу Убайда бин Жаррах (разияллааху анху) тууралуу болот. Анын аты Аамир бин Абдулла жана ал Курайш уруусунун Бану Хаарис бин Фехр үй-бүлөсүнөн болгон. Азирети Убайда бин Жаррах (разияллааху анху) узун бойлуу, сакалы жука, жана сымбат денелүү адам эле. Алдыңкы эки тиши «Ухуд» согушунун учурунда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жаагына кирип кеткен туулганын эки алкагын сууруп чыгарып жатканда, сынып калган. Ашрах Мубашшарах сахабааларынан болгон Абу Убайда бин Жаррах (разияллааху анху) көп аял алган. Ал (разияллааху анху) Абу Бакр (разияллааху анху)нун дааватынын негизинде мусулмандардын «Даар-э-Аркам» аттуу үйдөн баш калкага чыгуусуна чейин Ислам динин кабыл кылган тогузунчу адам болгон. Йемен же Нажрандан келген делегация динди үйрөтүү үчүн бирөөнү жиберүүгө өтүнгөндө, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Абу Убайда (разияллааху анху)нун колун кармап, ар бир үммөттүн Амийни (ишенимдүүсү) болот, менин үммөтүмдүн Амийни (ишенимдүүсү) Абу Убайда (разияллааху анху) деп айткан. Азирети Айша (разияллааху анхаа)дан: «Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га өз сахаабаларынан эң сүйүктүүсү ким болгон же ал (саллаллааху алайхи ва саллам) өзүнөн кийин орун басар (халифа) кылып кимди шайламак?» – деп суралганда, Азирети Айша (разияллаху анхаа) Азирети Абу Бакр жана Азирети Умар (разияллаху анхум)дан кийин Азирети Абу Убайда (разияллаху анху)нун атын атаган. Азирети Мырза Башир Ахмад сахиб (разияллааху анху) Азирети Умар (разияллааху анху) каза болордо, эгер Абу Убайда (разияллааху анху) тирүү болсо, мен аны халифа кылып дайындамакмын деп айтканын айтат.

Абу Убайда (разияллааху анху) Ислам динин кабыл кылганда, атасы аны аябай кыйнаган. Ал (разияллааху анху) Хабашстанга дагы көчүп барган. Анан ал (разияллааху анху) Мединага көчүп келгенде, аны көрүп, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жүзү сүйүнүп жаркырап кеткен. Ал (разияллааху анху)нун диний тууганчылыгы Азирети Саалим (разияллааху анху), Азирети Мухаммад бин Масалма (разияллааху анху) же Азирети Саъд бин Муъааз (разияллааху анху) менен түзүлгөн. Азирети Абу Убайда (разияллааху анху) «Бадр» согушу жана башка бардык согуштарга да катышкан. «Бадр» согушунда анын атасы Абдулла каапырлар тарабынан катышкан жана согуш учурунда ал (разияллааху анху)ну тынбай бутага алууга аракет кылган. Ал (разияллааху анху) өзүнүн Таухийдди (Алланын жалгыздыгы) кармагандыгы үчүн гана атасы аны такыр коё бербей жатканын көрүп, Алланын жалгыздыгына болгон ишениминин шыктуулугу тууганчылык байланыштан үстөмдүк кылып, акыр-аягында атасын өлтүрүп жиберген. «Ухуд» согушунда таш тийип, туулганын эки алкагы Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жаагына кирип кеткен. Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) мен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды көздөй чуркаганымда, Абу Убайданын Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды көздөй учуп бараткандай тез чуркап баратканын көрдүм деди. Андан кийин Абу Убайда (разияллааху анху) туулганын эки алкагын тең тиштеринин жардамы менен сууруп чыгарган. Натыйжада, анын эки тиши сынып калган. 6-хижра жылынын Зул-Каъда айында Худайбиядагы тынчтык келишимине кол койгон кадырлуу мусулмандардын арасында ал (разияллааху анху) да болгон. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) аны бир топ Сария[3]ларга жиберген. 6-хижра жылынын Рабиъ-ул-Ахир айында Зул-Касса Сариясында Бану Саълаба уруусу өз күмөнүндө Азирети Мухаммад бин Масалма баш болгон он шеригин шейит кылганда, Мухаммад бин Масалма (разияллааху анху) бир мусулмандын жардамы менен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га келген. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Мухаммад бин Масалманын өч алуусун жана Мединага кол салынуу коркунучун эске алып, Азирети Абу Убайда бин Жаррах (разияллааху анху)нун жетекчилигинде 40 жигердүү сахаабадан турган топту жөнөткөн. Ал (разияллааху анху) аталган Сариядан ийгиликтүү кайтып келген.

7-чи же 8-хижра жылы «Заатус-Салаасил» Сариясынын учурунда Азирети Амар бин Аас (разияллааху анху) башында турган үч жүз сахааба Бану Казааъа жакка жөнөтүлгөн. Душмандардын саны көп болгондугу жөнүндө кабар түшкөндөн кийин Азирети Абу Убайда бин Жаррах (разияллааху анху)нун жетекчилиги астында дагы кошумча көмөк жөнөтүлгөн. Азирети Абу Убайда (разияллааху анху) Азирети Амар бин Аас (разияллааху анху)нун каалоосуна ылайык кошуунду жетектөө милдетин ага каршылыкты билдирбестен өткөрүп берген. Ушул Сарияда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ав саллам) Абу Убайда (разияллааху анху)нун моюн сунуусунун абалын билгенде, Абу Убайда (разияллааху анху)га Аллах Тааланын рахматы болсун деп айткан.

8-хижра жылы Абу Убайда (разияллааху анху) Амир болуп дайындалып, үч жүз атчан менен Бану Жухайна жакка жөнөтүлгөн. Ушул Сариянын негизги максаты согуш эмес, тескерисинче Курайштын соода кербенин көзөмөлдөө болчу. Азирети Жабир (разияллааху анху) мындай деп баяндайт: биз жарым ай деңиздин жээгинде болдук жана катуу ачкачылыктын айынан бак-дарактардын жалбырактарын жеп жашадык. Бул аралыкта деңиз «Анбар» деп аталган ири деӊгиз балыгын жээкке ыргытып жиберген. Биз жарым ай бою анын этинен жедик. Мединага кайтып келип, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га бардык болгон окуяны болгонундай айтып бергенибизде, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) жанагы балык жөнүндө угуп, Аллах силердин абалыңарды көрүп, силер үчүн ырыскы жиберген. Эгерде андан бир азын өзүӊөр менен чогуу алып келген болсоңор, анда бизге дагы жедиргиле деп айткан. Ошондо кимдир бирөө ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га бир бөлүгүн бергенде, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) да аны жеген. Азирети Саййид Зайнул-Аабидийн Валиуллах Шах сахиб жогорудагы Сария тууралуу өзүнүн түшүндүрмөсүндө мындай деп жазат: аталган жортуул Худайбиядагы тынчтык келишиминен кийин туш келген, анда бирөө менен согушуу көздөлгөн эмес болчу. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) кыраакылык менен иш алып барып, Сириядан келе жаткан соода кербенинин жолунда көзөтүү пунктун орнотуу үчүн ушул топту жөнөткөн эле, анткени соода кербени менен кандайдыр бир согушуу болбосун жана Курайштар тынчтык келишиминен кийин аны бузууга эч кандай шылтоо таппоосу болчу.

Мекке жеӊишинин учурунда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Абу Убайда (разияллааху анху)ну жөө баскан адамдарга жана өрөөндүн жантайышына жол башчы кылып дайындаган.

Бир жолу ал (разияллааху анху)нун Бахрейнден Жизя (салык) жыйнап алып келгендигин билип, адамдардын баары Багымдат намазын Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын артында окушкан. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) намаздан кийин жылмайып, Абу Убайда (разияллааху анху)нун бир нерсе алып келгенин билип алдыңар окшойт деп айткан. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) мен силердин муктаж болууңардан коркпойм, тескерисинче дүйнө байлыктары жана ач көздүгүӊөрдөн корком деп айткан. Хузур-э-Анвар жогорудагы эскертүүнү ар бир адам эске алуусу керек. Аны эске албагандыктан, колунда бар мусулмандар жана лидерлер аябай ач көздөнүп кетишкен. Бул жагынан өз абалыбызды дайыма текшерип турушубуз керек деди.

10-хижра жылы коштошуу ажылыгынын учурунда Азирети Абу Убайда (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен бирге ажылык ибадатын аткарган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) каза болгондон кийин, көп өтпөй, Ансаарлар жана Мухаажирлердин ортосунда Халифалык маселесинде пикир келишпистик жаралган. Ансаарлар Азирети Саъд бин Убада (разияллааху анху)нун үйүндө чогулушуп, Ансаарлар менен Мухаажирлердин экөөсүнөн бир Амир, башкача айтканда, халифа болушу керек деген пикирде болушкан. Ал учурда Азирети Абу Бакр (разияллааху анху), Азирети Умар (разияллааху анху) жана Азирети Абу Убайда (разияллааху анху) Мухаажирлердин атынан барышкан. Азирети Умар (разияллааху анху) Абу Бакр (разияллааху анху) мен даярданып келгендей сүйлөй албай калат деп коркуп, сүйлөгүм келди. Бирок, Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) ал кезде бардык кайрылуулардан да артыкчылык кылган абдан салтанаттуу жана көркөм кайрылуу жасаган деп айтат. Абу Бакр (разияллааху анху) биз, Мухаажирлер Амир, тактап айтканда жол башчыларбыз, а силер, Ансаарлар кеӊешчисиңер. Ошондуктан, Азирети Умар жана Азирети Абу Убайда (разияллааху анхумаа)нын биринин колуна байъат бергиле деп айткан. Азирети Умар (разияллаху анху) жок, биз сиздин колуңузга эле байъат беребиз, анткени, сиз биздин жол башчыбыз, баарыбыздан мыкты жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын эӊ сүйүктүүсү болосуз деп айткан. Бул сөздөрдү сүйлөгөндөн кийин Азирети Умар (разияллааху анху) Азирети Абу Бакр (разияллааху анху)га байъат берген жана андан кийин бардык адамдар да Азирети Абу Бакр (разияллааху анху)га байъат беришкен. Сөздүн кыскасы, Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) тарабынан Азирети Абу Убайда (разияллааху анху)нун атын халифалыкка сунуштоосу – анын көзүнчө Абу Убайда (разияллааху анху)нун даражасы канчалык бийик экенин көрсөтөт. Халифалык жөнүндөгү талкууда Азирети Абу Убайда (разияллааху анху) Ансаарларга кайрылып, силер биринчи болуп жардам берүүчүлөр болгондон кийин, эми карама-каршылыкка жол ачкан биринчилерден болуп калбагыла деп айткан.

Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) өз халифалык доорунда Байтул-Маал[4]дын кызматын Азирети Абу Убайда (разияллааху анху)га тапшырган. 13-хижра жылы ал (разияллааху анху) аскер башчы кылынып, Сирияга жөнөтүлгөн. Азирети Умар (разияллааху анху) Азирети Халид бин Валийд (разияллааху анху)ну аскер башчы кызматынан бошотуп, ордуна Азирети Абу Убайда (разияллааху анху)ну аскер башчы кылып дайындаган. Римдиктерге каршы көп тараптардан чабуулдар жасалып жатканда, ал (разияллааху анху) Хомс тарапка бара алгалай берген төртүнчү топтун лидери болгон. Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) бардык аскерлер бир жерге чогулганда, Азирети Абу Убайда (разияллааху анху) аскер башчы болот деп айткан.

13-хижра жылынын Жамадиул-Аввал айында болгон «Ажнадийн» согушунда римдиктердин 100,000 армиясынын каршысында мусулмандардын саны 35000 адамды түзгөн. Аталган согушта дагы Азирети Абу Убайда (разияллааху анху) бир топтун аскер башчысы болгон. Дамаскты багындыргандан кийин Рим армиясы «Фахл» согушуунун учурунда тынчтык келишими үчүн өз элчисин Абу Убайда (разияллааху анху)га жибергенде, жанагы элчи ал (разияллааху анху)нун аскерлер жана кол астындагылар менен чогуу отурганын көргөн. Элчи Абу Убайда (разияллааху анху)га кайтып кетсин деп көп азгырган, кызыктырган, бирок ал (разияллааху анху) баш тарткан.

Андан кийин Азирети Абу Убайда (разияллааху анху) дагы алдыга жылып «Лазкия» жергесин курчоого алган. Ал жер коопсуздук чаралары менен камсыздоо жагынан аябай күчтүү болгон. Ал (разияллаху анху) ал жерди өзгөчө мыкты ыкма менен багындырган.

Азирети Абу Убайда (разияллааху анху) жөнүндөгү сөз эмкиде дагы уланат. Кутбанын аягында Хузур-э-Анвар Пакистандагы Ахмадийлер үчүн дуба кылууга чакырды. Ал Азирети Алла Таала аларды молдолор жана мамлекеттик кызматкерлеринин жамандыктарынан сактасын. Мыйзамды коргоочулар аны кескин бузуп жатышууда. Алар ушундай жол менен саясий туруктуулукка жетишебиз деп ойлошуп жатышабы. Жок, алардын жок болуусунун башаты ушул эле нерсе болорун эсинен чыгарышпасын. Алланын жардамы жана көмөгү эрте келип, ал жактагы Ахмадийлер бул көйгөйлөрдөн тез аранын ичинде кутулуусун тилеп дуба кылалы деди. Аамийн!

٭…٭…٭

[1] Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллааллааху алайхи ва саллам) тарабынан бейишке кирүүгө сүйүнчүлөнгөн он сахааба «Ашрах-Мубашшарах» деп аталышат.

[2] «Коштошуу ажылык» дегенди билдирет.

[3] Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын тирүү кезинде болгон, бирок ал өзү катыша албаган согуш «Сария» деп аталат.

[4] Финансылык каражаттарын көзөмөлдөө бөлүмү.

Share via