Учурлук Халифа Саъд ибн Убааданын мүнөзүн жагымдуу баяндаган
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Азирети Саъд бин Убаада (РА)нун куттуу мүнөзүнүн жагымдуу баяны

мечит ыйман Ислам дин Намаз Куран орозо Мусулман Момун

2020-жылдын 10-январында Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

2020-жылдын 10-январь күнү Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде жума кутбасын окуду. Ал кутба Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Азан айтуу бактылуулугу урматтуу Файзан Ахмад Раажпут мырзага насип этилди.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) өткөн жума кутбасында баяндаган отчёттор боюнча Вакф-э-Жадид чандасын төлөө жагынан Британиянын жамааттарынын арасында биринчи орун алган Жамааттын ордун оӊдогон. Биринчи орунда Исламабаддагы Жамаат эмес, тескерисинче Олдар Шот Жамааты. Исламабад Жамааты экинчи орунда.

Андан кийин Хузур-э-Анвар 27-декабрдын кутбасында баяндаган Азирети Саъд бин Убадаа (разияллааху анху) жөнүндөгү бир окуяны да оӊдотту. Ал оӊдоодон кийин Хузур-э-Анвар өткөн жума кутбасынан мурунку кутбада Азирети Саъд бин Убаада (разияллааху анху) тууралуу кылынган сөздөрдү улантып, бир аз кенен маалымат берди.

Хандак казатындагы узакка созулган камалыштын айынан мусулмандардын оор ахвалы жана сар-санаа болгондорун көрүп, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Айна бин Хисанга Гатфаан уруусунун адамдарын кайтарып алып келүү шарты менен Мединанын 1/3 эсе курмасын берүүнү ойлогон. Бул меселеде ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Саъд бин Убаада (разияллааху анху) жана Азирети Саъд бин Муъааз (разияллааху анху) менен кеӊешкен. Ал эки сахааба ал сунуш Алла Тааланын буйругу эмес, тескерисинче Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жеке ою экенин билгенден кийин биз ширк ахвалыбызда дагы душманга эч нерсе берген жокпуз, эми мусулман болгондон кийин эмнеге беребиз, Алланы күбө кылып айтабыз: кылычтан бөлөк эч нерсени бербейбиз деп Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын ошол сунушуна бир ооздон жооп кайтарышкан. Ансаарлар тууралуу көбүрөөк сар-санаа болгон Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) алар берген жоопту угуп аябай сүйүнүп кеткен.

Абу Суфяндын көрсөтмөсүнө ылайык Бану Назийр уруусунун жетекчиси Хуййи бин Ахтаб Бану Курайза уруусунун төрагасы Каъб бин Асад менен жолугушуп, ага жакында Ислам дини талкаланат деп ишендириген, аны угуп, ал Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен түзгөн бардык келишимдерин бузуп салган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Бану Курайза уруусунун ушул катуу чыккынчылыгынан кабардар болгон соӊ жашыруун түрдө Азирети Зубайр бин Ал-Аваам (разияллааху анху), анан Азирети Саъд бин Муъааз (разияллааху анху) менен Саъд бин Убаада (разияллааху анху)ну Каъбдын алдына жөнөткөн. Ал сахаабалар Каъб менен жолугушканда, ал чоӊ көйрөӊдөнүү менен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен түзүлгөн келишимден баш тарткан.

Бану Курайза казатынын учурунда Азирети Саъд бин Убаада (разияллааху анху) бир топ төөлөргө курмаларды жүктөп, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жана мусулмандар үчүн жөнөткөн. 8-хижра жылы болгон Мавтаа казатында Азирети Зайд (разияллааху анху) шейит болгондо, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) анын үй-бүлөсүнө көӊүл айтканы барган. Зайд (разияллааху анху)нун кызы ыйлаган бойдон ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдына келгенде, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) да катуу ыйлай баштаган. Саъд бин Убаада (разияллааху анху): «Эй, Алланын Элчиси! Бул эмне?» – деп сураганда, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) бул бир ашык болгон адамдын өзүнүн ашыгына болгон сүйүүсү деп жооп берген.

Мекке жеӊишинин учурунда Курайш Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын келгендигинен кабардар болушканда, Абу Суфян, Хакийм бин Хизаам жана Бадийл бин Варакаа Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды издөө үчүн Меккеден чыгышкан. Мусулмандардын улуу салтанаттуу кошуунун көрүп, ал үчөө аябай коркуп кетишкен. Бул арада Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жансакчылары аларды кармап алып келип, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га тапшырышкан. Абу Суфян Ислам динин кабыл алган. Бул окуя тууралуу Хузур-э-Анвар II Халифа Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад жазган кеӊири маалыматтарды айтып берди. Анын айтымында, мусулман кошууну Меккени көздөй алгалай бергенде, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Аббаас (разияллааху анху)га буюруп, Абу Суфян жана анын шериктерин жол боюнда тургузуп коюшкан, анткени алар мусулмандар кошууну жана анын берилгендигин өз көзү менен көрүп алышсын деп.

Араб уруулары алардын алдынан өтө баштаганда, алардын жүрөктөрү Алла Таала тартуулаган айбатты көрүп коркушкан. Мекке каапырлары өздөрүнүн Ислам динине болгон душмандыгынын айынан алар Ислам динине каршы Курайшка жардам беришет деп үмүттөнгөн бардык уруулар бүгүн Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) үчүн өз канынын соӊку тамчысына чейин агызуу ой-ниети менен Ислам динине көмөк берүү үчүн аттанган болчу. Ал учурда Азирети Саъд бин Убаада (разияллааху анху) Ансаарлар аскерине жетекчилик кылып жаткан эле. Ал (разияллааху анху) Абу Суфянды көрүп, бүгүн Алла Таала кылыч күчү менен Меккеге кирүүнү бизге адал кылып койгон, бүгүн Курайш коому кордолот деп айткан. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Абу Суфяндын жанынан өткөндө, ал Сиз өз коомуӊузду өлтүрүүгө уруксат бергенсизби деп айткан. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Абу Суфян! Саъд туура эмес сүйлөгөн. Бүгүн ырайымдуулуктун күнү. Бүгүн Алла Таала Курайш жана Каъбага сый-урмат тартуулайт деп жооп берген. Анан Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бир адамды Саъдга жиберип, ага өз желегиӊизди уулуӊуз Кайска берип коюӊуз деп буюрган. Ошентип, Саъддын өз уулун эле аскер башчысы кылып, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) меккеликтердин көӊүлүн калтыруудан да сактап койгон жана Ансаарлардын көӊүлүн калуудан да сактап калган.

Хунайн казатынан түшкөн олжолорду ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Мухаажирлерге бөлүштүрүп берген. Ансаарлар муну көӊүлдөрүнө алышкан. Азирети Саъд бин Убаада (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдына келип, бул тууралуу сөз кылган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бардык Ансаарларды чогултуп, аларга кайрылуу жасаган. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) эй, Ансаарлар тайпасы! Мен силерге келгенимде, силер адашып жүргөн эмес белеӊер, анан Алла Таала силерге хидаят берген. Силер финансылык жагынан оор ахвалга кабылып, бири-бириӊерге душман болгонсуӊар. Алла Таала силерди бай-дөөлөттүү кылып, бири-бириӊердин сүйүүӊөрдү жүрөктөрүӊөргө салган эмеспи? – деп ал (саллаллааху алайхи ва саллам) сураганда, алар муну туура экенин тастыкташкан. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Алла Тааланын атын ортого салып айтам: силер кааласаӊар, Сизди Сиздин коомуӊуз четке кагып, Сизди өз мекенинен айдап салган ахвалда Сиз алдыбызга келгенсиз, ошондо биз Сизди тастыктаганбыз деп айтсаӊар да болмок. Ошондой деп айтсаӊар да, айтканыӊар чын болмок деп айткан. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) эй, Ансаарлар тайпасы! Адамдар кой-эчкилер жана төөлөрдү алып кайтышса, ал эми силер Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам)ды алып, үйлөрүӊөргө кайтсаӊар, силер ошого ыраазы болбойсуӊарбы? – деп сураган. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Алла Тааланын атын ортого салып, мындай деп айткан: эгерде хижрат болбогондо, анда мен Ансаарлардын эле бир адамы болмокмун. Эгерде адамдар бир өрөөндө кезип жүргөн болушса жана Ансаарлар башка өрөөндө болушса, анда мен Ансаарлардын өрөөнүн тандамакмын.

Эй, Алла! Ансаарларга ырайым кылгын жана Ансаарлардын уулдарына, ошондой эле Ансаарлардын уулдарынын уулдарына ырайым кылгын. Муну угуп, ал жерде болгон бардык Ансаарлар ыйлай башташкан, а түгүл алардын сакалдары көз жаштары менен суу болуп кеткен. Ансаарлар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га биз бөлүштүрүү жана үлүш жагынан буга ыраазыбыз жана Сиз (саллаллааху алайхи ва саллам) биз үчүн жетиштүүсүз деп айтышкан.

Хажжатул-Вадаанын учурунда ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын унаасы жоголуп кеткен, аны Азирети Сафваан бин Муъаттал кербендин артынан келе жатып, кармай келген. Азирети Саъд бин Убаада (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын унаасынын жоголгонун угуп, азык-түлүк жүктөлгөн төө менен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдына келип, ал төөнү ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га сунуш кылмакчы болгон. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын ургаачы-төөсү табылып калгандыктан, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) ак бата менен ошол төөнү кайтарып койгон.

Бир жолу Азирети Саъд бин Убаада (разияллааху анху) ооруп калган, ошондо ал (саллаллааху алайхи ва саллам)ды көргөнү барган. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) ал жерге жеткенде, аны үй-бүлөсү тегеректеп алганын көрүп, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) ал каза болуп калдыбы деп сураган. Үй-бүлөсү жок, – деп жооп беришкен. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) анын оор ахвалын көрүп, ыйлап жиберген жана Алла Таала көздөн чыккан жаш же жүрөк кайгыргандыгы үчүн азап бербейт деп айткан. Анан тилге ишаарат кылып, анын айынан азап берет же ырайым кылат, тагыраак айтканда, жака кармап ыйлоо үчүн деп айткан.

Бир жолу Азирети Жаабир бин Абдулла (разияллааху анху)нун атасы ага Харийрах даярдатып, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га жөнөткөн. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) бул этпи деп сураган. Жаабир (разияллааху анху) жок, деп жооп берген. Азирети Жаабир (разияллааху анху) атасынын алдына кайтканда, анын атасы Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен болгон сүйлөшүү тууралуу сураган. Ал (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бул этпи деп сураганын айтканда, Азирети Жаабир (разияллааху анху)нун атасы бир эчкини союп, анын этин кууруп, аны Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га жиберген. Ошондо Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) эй, Алла! Ансаарларга биздин атыбыздан эӊ мыкты сыйлык бергин, айрыкча Абдулла бин Амар бин Хараам жана Саъд бин Убаада (разияллааху анху)га деген бата берген.

Азирети Абу Усайд (разияллааху анху)дан мындай деп рабаят этилет: Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Ансаарлардын үй-бүлөлөрүнүн эӊ мыктысы Бану Нажжаар, анан Бану Абду Ашхал, анан Бану Хаарис, анан Бану Саъидах, ошондой эле Ансаарлардын бардык үй-бүлөлөрүндө жакшылык бар деп айткан. Муну угуп, Азирети Саъд бин Убаада (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) аларды бизден абзелирээк деп айткан деп ойлойм деди. Ошондо ага Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) сизди дагы көптөгөн адамдардан абзел экениӊизди айткан деп айтылган.

Азирети Саъд бин Убаада (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мени бир уруудан садагаларды алуу кызматына дайындап, эсиӊизде болсун, кыямат күнү маарап жаткан жаш төөнү ийиндериӊизге көтөргөн бойдон келбеӊиз деген көрсөтмө берген деп айтат. Ал (разияллааху анху) Сиз ушул жоопкерчиликти башка бирөөгө жүктөп коюӊуз деп айткан.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын доорунда алты Ансаар Курани Каримди топтошкон, алардын катарында Азирети Саъд бин Убаада (разияллааху анху) дагы болгон болчу. Кутбанын аягында Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Азирети Саъд бин Убаада (разияллааху анху) жөнүндө бир аз калды, аны ИншаАлла кийин айтып берем деди.

٭…٭…٭

Share via