Эң мыкты инсандар: Азирети Билал бин Рабаах (разияллааху анху) • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Эң мыкты инсандар: Азирети Билал бин Рабаах (разияллааху анху)

Халифанын көрсөтмөсү

2020-жылдын 18сентябрында Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын «Бадр» согушна катышкан улуу мартабалуу сахаабасы Азирети Билал бин Рабаах (разияллааху анху)нун улуу мүнөзүнүн жагымдуу баяны

Мекке жеңиши күнү Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Билал (разияллааху анху)га Каабанын чатырында азан чакырууга буйрук берген. Ошондой эле, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Каабага кирип, Каабаанын эки түркүгүнүн ортосунда намаз окуганда, Азирети Билал (разияллааху анху) да жанында болгон.

Кандайдыр бир даражага ээ болуу үчүн курманчылыктар талап кылынат. Ислам дининин мындай сонун таалими бар: башынан курмандыктарды жасап келген жана туруктуулук көрсөтүп келгендер, мейли Абиссиниядагы кулдар болсо да, алардын даражасы баары бир жогору болот.

2020-жылдын 18-сентябрында, башкача айтканда, 1399-хижра жылынын 18-Табук күнү Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала бинасрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маанимазмуну

2020-жылдын 18-сентябрь күнү Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала бинасрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде жума кутбасын окуду. Ал кутба Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Азан айтуу бактылуулугу урматтуу Сафийр Ахмад мырзага насип этилди.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Бешинчи Халифасы (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосунмындай деп айткан:

Өткөн жума кутбасында «Бадр» согушуна катышкан сахааба Азирети Билал (разияллааху анху) жөнүндө сөз болуп жаткан.  «Хайбар» согушунан кайтып келе жатып, бир жерде түнөшкөндө, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Билал (разияллааху анху)га бүгүн түнкүсүн намазыбыздын убактысын коргоп тургун, тактап айтканда, намаз учурунда бизди ойготуп койгун деп айткан. Азирети Билал (разияллааху анху) өз күчүнө жараша нафл намазын окуу менен алектенип турган. Бирок, Багымдат намазына чейин ал да уктап калган. Ошентип, Билал (разияллааху анху) Багымдат намазына ойгоно албай калган жана күн чыкканга чейин башка бирөө да ойгонгон эмес. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) баарынан мурун ойгонгон жана Билал (разияллааху анху)ну чакырткан. Азирети Билал (разияллааху анху) уйкунун катуу басып кеткендигин шылтоо кылган. Андан кийин Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ал жерден жылууга көрсөтмө берген. Бир аз жол баскандан кийин ал (саллаллааху алайхи ва саллам) намазга даярдыкты көрүүгө буюрган. Ал учурда дагы Азирети Билал (разияллааху анху) эле коомат айткан. Намаз окуп бүткөндөн кийин Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) намаз окууну унуткан адам аны эстегенде окуу керектигин айткан.

Мекке жеңиши күнү Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Билал (разияллааху анху)га Каабанын чатырына чыгып, азан чакырууга буюрган. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Каабага кирип, Каабаанын эки туркугунун ортосунда намаз окуганда, Азирети Билал (разияллааху анху) да жанында болгон.

Азирети Убада кылынган Реформатор (разияллааху анху) Мекке жеңишинин учурунда Азирети Билал (разияллааху анху) жөнүндө мындай деп айткан: Азирети Аббаас (разияллааху анху) Абу Суфянды Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жыйынына алып барган, ошондо ал Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын колуна байъат берген жана ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын тууганчылыгын ортого салып, меккеликтер үчүн аманчылыкты талап кылган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Каабага же Абу Суфяндын үйүнө кирген, курал-жарагын таштап салган же өз үйүнүн эшигин жаап алган ар бир адамга аманчылыкты жарыялаган. Абу Суфян бирок көчөлөрдө калып кеткен карапайымдар өлтүрүлүп кетет го деп айткан. Ошондо, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бир желекти даярдатып, кимде-ким Билалдын желегинин астына келип келсе, ал адамга дагы аманчылык берилет деп айткан. Андан кийин Абу Суфян ыраазычылыгын билдирип, жогорудагы шарттарды жарыялаган бойдон Меккеге кирип кеткен.

Азирети Убада кылынган Реформатор (разияллааху анху) сөздү мындай деп улантат: бул окуяда эң салтанаттуу нерсе – бул Билал (разияллааху анху)нун желеги. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) башчы болгонуна карабастан, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) менен бирге улуу мартабалуу сахаабалар жана таасирдүү адамдардын бирөөсүнүн желеги да көтөрүлгөн эмес. Ал мезгилде Билал (разияллааху анху) гана Меккеде тууганчылыгы жок адам болгон жана ага кылынган зулумдуктай зулумдук эч кимге кылынган эмес болчу. Ошондуктан, бүгүн Исламдын он миң адамдан турган кошууну Меккеге кирип жатканда, Азирети Билал (разияллааху анху) азыр мага жасалган мыкаачылыктардын өчү алынат деп ойлонсо керек. Мындай жагдайда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) тарабынан аманчылык берүү жарыялаганда, Билал (разияллааху анху) менин өчүм алынбай калды деп ойлонмок. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) менин кечирип жибергендигим бир гана адамды капа кылышы мүмкүн деп, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) ушунча таң калыштуу өчтү алган, дүйнө жаралгандан бери жана адам күчкө ээ болгондон бери эч ким мынчалык улуу салтанаттуу өч алган эмес. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаауха алайхи ва саллам) өз жана бала-чакасынын өмүрүн сактап калгысы келген заалимдердин баарын Билалдын желегинин астына келүүгө мажбур кылган. Ошентип, бут кийими Билалдын көкүрөгүнө тийген ар бир адамдын моюнун Билалдын алдында жүгүндүргөн. Бул Юсуфтун алган өчүнөн да салтанаттуураак өч болгон, себеби Юсуф атасы үчүн бир туугардарын кечирген, ал эми Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бир кул үчүн өзүнүн агалары менен туугандарын кечирген.

Хузур-э-Анвар жогорудагы кенен маалыматтарды «Сайр-э-Руханий» (Руханий саякат) аттуу китептен айтып бергенден кийин, бул окуя жөнүндө «Дебоча Тафсир-ул-Куран» аттуу китебинен кыскача баяндап берди. Хузур-э-Анвар кээ бир адамдар эки билдирүүдөн (өз кызыкчылыгына жараша) ар түрдүү жагдайларды ойлоп-таап салыштыра башташат деди. Эки билдирүүнүн ортосунда узундугу жана кыскалыгынан тышкары аталган окуя жана жыйынтыгы жагынан эч кандай айырма жок.

Абиссиниянын падышасы Наджаши Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га үч найзаны белек кылып жиберген, алардын бирин өзүнө алып калган. Эки айт майрамдары учурунда Азирети Билал (разияллааху анху) жанагы найзаны көтөрүп алып, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдында басып жүрүп, аны белгилүү бир жерге тургузуп койчу, ага жүздөнүп, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) намаз окучу. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан кийин Азирети Билал (разияллааху анху) дал ушундай жол менен Азирети Абу Бакр (разияллааху анху)нун алдына басып барчу.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) көз жумгандан кийин, Азирети Билал (разияллааху анху) Абу Бакр (разияллааху анху)дан жихадга чыгууга уруксат сураганда, ал (разияллааху анху) ага мен сени Аллахты ортобузга салып, өзүмдүн ыйыктыгым жана акымды эстетет элем. Мен картайып, алсырап калдым, өлүмүм жакындап калды. Ошондуктан, жанымдан кетпей тур деп айткан. Азирети Билал (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан кийин эч ким үчүн азан айтпоо шарты менен Меккеде калууга макул болгон. Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) көз жумгандан кийин Азирети Умар (разияллааху анху) дагы кудум ошондой талапты койгон. Бирок, Азирети Билал (разияллааху анху) жихадга кетүүгө сурана берген. Акыр аягында, Амийр-ул-Муминийн Азирети Умар (разияллааху анху) ага уруксат берип койгон.

Азирети Билал (разияллааху анху) Сирияда жүргөн кезде, бир жолу түшүндө Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды көргөн. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) ага: «Эй, Билал! Бул кандай таш боордук! Бизди зыярат кылуу максатында келүү убакытыӊ дагы эле келе элекпи?», – деп айткан. Азирети Билал (разияллааху анху) катуу кайгырган бойдон ойгонгон жана Мединага келип, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын ыйык күмбөзүнө келип, өкүрүп ыйлай баштаган. Азирети Хасан жана Хуссайн (разияллааху анхумаа) дагы ал жерге келишкенде, Азирети Билал (разияллааху анху) аларды өөп, кучакташкан. Азирети Хасан менен Азирети Хуссайн (разияллааху анхумаа) Азирети Билал (разияллааху анху)дан таңкы азан айтышын каалаганын билдиришкен. Рабаятчынын айтышынча, ал күнү Азирети Билал (разияллааху анху)нун азанын угуп, Медина адамдарынын сезимдери аябай толкундап, эл Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын доорун эскеришкен.

Бир рабаят боюнча Азирети Умар (разияллааху анху) Сирияга барганда, анын суранычы менен Азирети Билал (разияллааху анху) азан айткан.

Азирети Убада кылынган Реформатор (разияллааху анху) Азирети Билал (разияллааху анху)нун жашоосунун акыркы күндөрүнөн сөз кылып, мындай деп айтат: Билал (разияллааху анху) өмүрүнүн акыркы жылдарында Сирияга кетип калган болчу. Баргандан кийин ал (разияллааху анху) бир жерде үйлөнүү ниетин билдирип, мен Хабишстандан болом, кааласаңар, кыз бергиле, каалабасыӊар, бербегиле. Бирок, эгерде мени Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сахаабасы деп, кыз берсеӊер, анда бул мага чоң мээримдүүлүк болот деп кыздын колун сураган. Алар кызын беришкен жана ал (разияллааху анху) Сирияда эле калып калган.

Азирети Умар (разияллааху анху) жөлөк пулдар (стипендиялар) үчүн кеңселерди түздүрүшкөндө, Билал (разияллааху анху)дан эсеп-кысабы үчүн кимди өкүл кылып дайындай тургандыгын сураган. Азирети Билал (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мени менен Абу Руваиханын ортосунда диний тууганчылыкты түзгөндүктөн, аны дайындайм, мен андан эч качан ажырабайм деп жооп берген.

Азирети Билал (разияллааху анху)нун так жана түз сүйлөгөндүгү жөнүндө төмөнкүдөй окуя кезигет: анын бир тууганы өзүн арабдарга таандык кылып, өзүн арабдардан эле эсептечү. Ал бир араб аялга үйлөнүү колун сураганда, алар эгерде Билал келсе, анда биз үйлөндүрүп коёбуз деген шартты коюшкан. Билал (разияллааху анху) ал жакка барып, Ташаххуд окуп, мен Билал бин Рабаах болом жана бул менин бир тууганым. Бирок, ал адеп-ахлак жана дин жагынан жакшы адам эмес. Эгер никелеӊигер келсе, никелеп койгула, баш тартууну кааласаңар, баш тарта бергиле деп айткан. Алар сиздей адамдын бир тууганы болгондуктан ага никелөөгө макулбуз деп айтышкан.

Бир жолу кээ бир адамдар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын кызматына келип, өздөрүнүн бир тууган сиңдисин бирөөгө никелеп берүүсүн суранышканда, ал (саллаллаху алайхи ва саллам) Билал жөнүндө кандай ойдосуңар? деп айткан. Алар үч жолу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын кызматына келишкен жана ал (саллаллааху алайхи ва саллам) ошол эле жоопту кайталай берген. Үчүнчү жолу ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Билал (разияллааху анху) жөнүндө сөз кылгандан кийин, бейиш ээлеринен болгон адам жөнүндө кандай ойдосуңар? деп айткан. Ошондо, алар өз сиңдисин Билал (разияллааху анху)га турмушка беришкен.

Бир жолу Азирети Умар (разияллааху анху)нун куттуу доорунда айт күнү Курайштын улуу башчыларынын балдары Азирети Умар (разияллааху анху)нун кызматына келишкен. Кокустан, ошол эле учурда Билал, Аммаар, Сухайб (разияллаху анхум) жана башкалар да Азирети Умар (разяллааху анху) менен жолугушканы келип калышкан. Азирети Умар (разияллааху анху) Билал (разияллааху анху) жана башка сахаабаларга өз жанынан орун берүү үчүн ал башчылардын балдарынан арткараак жылып отурууну суранган. Алар артка чегинип-чегинип, а түгүл бут кийимдер турган жерге чейин отуруп калышкан. Алар сыртка чыгып, бул кордук тууралуу бири-бирине айтып жатышканда, алардын бири бул биздин ата-бабаларыбыздын жасаган иштеринин натыйжасы деп айткан. Андан кийин алардын бардыгы Азирети Умар (разияллааху анху)нун кызматына келип, андан ушул кордуктун тагын жууганга кандай жол бар экенин сурашкан. Азирети Умар (разияллааху анху) ушунчалык сезимдерге толуп, аларга эч жооп бере албай, ал учурда Ислам аскерлери жихад менен алектенген Сирия жакты колу менен көрсөткөн. Ал жигиттер ошол эле учурда төөлөрүнө минип, Сирияга жөнөшкөн. Тарыхтан маалым болгондой, алардын бири дагы тирүү кайтып келген эмес.

Хузур-э-Анвар кутбанын аягында мындай деди: курмандыктарды жасагандан кийин гана кандайдыр бир даража-мартаба насип этилет. Ислам дининин көркөм таалиминин өзгөчөлүгү – башынан бери курманчылыктарды жасагандар жана чыныгы ишенимин көрсөткөндөрдүн, Абиссиниядагы кулдар болсо дагы, алардын даражасы баары бир жогору болот. Азирети Билал (разияллааху анху) жөнүндөгү сөз бүтө элек. Кудай буюрса, калганын эмкиде айтып берем.

٭…٭…٭

Share via