Момун-мусулманга аялына жакшы мамиле кылууга насаат • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Момун-мусулманга аялына жакшы мамиле кылууга насаат

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар гүлдөр

Силердин эң жакшыңараялына жакшы мамиле кылган адамخَیْرُکُمْ خَیْرُکُمْ لِاَھْلِہٖАзирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) өз сахабаларынын бирине кат жазып, мындай деп насаат кылат:

«Чындыгында, сизге чын ыкластуу, сизге мээримдүү жана сизге боорукер болгон айрым чыныгы досторуңуздан коомдук иштерде аялдар жана үй-бүлө менен болгон мамилеңизде бир аз катуу экениӊизди уккандыгым жүрөгүмдү оорутту. Башкача айтканда, ачуулануу жана капаланууну колдонууда кээде чен-өлчөм сакталбайт. Мен бул даттанууну таң калуу менен көргөн жокмун, анткени биринчиден, даттануучулар сиздин бардык касиеттериӊизди кабыл кылган жана чын жүрөктөн сизди сүйгөн инсандар; экинчиден, эркектерге Алла Таала тарабынан аялдарга карата бир түрдүү бийлик берилгендиктен, жана алар ар бир майда-чүйдө маселеде жаза берүү ниети же ар-намыстын талабы менен өз бийлигин колдонууну каалашат. Бирок Аллах Таала жана Анын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам) аялдарга мамиле кылууда аябай жумшактык жана чоӊ сабырдуулукка баса белгилеп насаат кылган. Ошондуктан, бул баса белгиленип кылынган насаатынан сизге окшогон акылман жана кичи пейил инсанды кулактандырууну зарыл деп билдим.

Аллах Таала мындай деп айтат:وَ عَاشِرُوۡہُنَّ بِالۡمَعۡرُوۡفِБашкача айтканда, өз жубайларыӊарга ушундай жакшы мамиле кылгыла, анда жалпыга маалым адеп-ахлактарга каршы эч бир иш-аракет болбосун жана кандайдыр бир жапайычылык көрүнүш да болбосун. Жок, аларды ушул беш күндүк дүйнөдө өзүӊөрдүн эӊ жакын досуӊар деп билгиле жана аларга эӊ мээримдүүлүк менен мамиле жасагыла. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан:خَیْرُکُمْ خَیْرُکُمْ لِاَھْلِہٖБашкача айтканда, силердин эң жакшыңар – аялына жакшы мамиле кылган адам. (Аларга) жакшылык кылууга ушунчалык басым жасалган, аны ушул катта жаза албайым. Эй, сүйүктүүм! Адамдын аялы – Алла Таала ага өткөрүп берген бир жакыр жана алсыз киши. Ал (Алла) ар бир адамдын аны менен кандай мамиле кылып жатканын көрөт. Ага жумшак болушум керек жана ар дайым менин аялым Алла Таала мага ишенип берген кымбаттуу конок жана менин меймандостук шарттарын кандайча аткарып жатканымды көрүп турат деп жүрөгүмдө ойлошум керек. Мен Кудайдын бир кулумун, ал дагы Кудайдын бир кулу, анын үстүнөн мага кандай артыкчылыгым бар? Адам канкор болбошу керек. Аялдарга ырайым кылуу керек жана аларга динди үйрөтүү керек.

Чындыгында, эркектин адеп-ахлактарын текшерүүнүн биринчи учуру анын аялы деп эсептейм. Качандыр кокусунан аялыма бир аз катуу сүйлөсөм, денем титиреп кетет, анткени аны Алла Таала мага жүздөгөн чакырымдардан алып келип, өткөрүп берген, ошондой кылганым кандайдыр бир күнөө болушу керек. Ошондо, ага эгерде бул Алла Тааланын каалоосуна каршы иш-аракет болсо, анда мени кечирсин деп намазыңызда мен үчүн дуба кылыӊыз деп айтам. Кандайдыр бир мыкаачылык иш-аракетине кабылып калуудан мен аябай корком. Демек, сиз да ошондой кыласыз деген үмүттөмүн. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) аялдарына кандайча жумшак мамиле кылган. Дагы эмне жазайын? Сизге тынчтык болсун!» («Ал-Хакам» газетасы, 9-том, 13-сан, 17-апрель, 1905-жыл, 6-бет)

Share via