Жакшы мамиле кылуу • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну
Жалган

Жакшы мамиле кылуу

Азирети Жаабир (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет:

«Кыямат күнү араңардагы эң адеп ахлактууңар гана мага эң сүйкүмдүүрөөк жана эң жакыныраак болушат. Ошондой эле араңардагы «сарсаар», тагыраак айтканда, оозуна ээ болбогон, туш келди сүйлөгөндөр, «муташаддик» – ажылдай бергендер, ошондой эле «мутафайхик» – текеберлер мага эң жийиркеничтүүрөөк жана менден алысыраак болушат».

Сахаабалар: «Эй, Алланын Пайгамбары! «Сарсаар» жана муташаддик» дегендин маанисин биз билебиз, «мутафайхик» кимге айтылат?» – деп сурашты. Ал зат (саллаллааху алайхи ва саллам): «Текебер сөздөрдү сүйлөөчүлөргө айтылат», – деп жооп кылды».

Жакшы мамиле кылуу

Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет:

«Мен эң жогорку адеп-ахлакты толуктаганы жөнөтүлгөнмүн».

Жакшы мамиле кылуу

Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет:

«Кимде-ким кандайдыр бир мусулмандын дүйнөлүк кыжаалатын жана оорчулугун алып салса, Алла таала кыямат күнү анын тынчсыздыктарын жана кыйынчылыктарын андан алыстатат. Кимде-ким кандайдыр бир оорчулукка кабылган бирөөгө бейпилдик тартууласа, ага жеңилдик жаратса, Алла таала акыретте ага жеңилдиктерди жаратат. Кимде-ким кандайдыр бир мусулмандын кемчилигин бекитсе, Алла таала акыретте анын күнөөлөрүн бекитет. Өз тууганына жардам берүүгө даяр турган пендеге Алла таала көмөк көрсөтүүгө даяр турат. Илим-билим алуу үчүн чыккан адамга Алла таала бейиш жолун ыңгайлуу кылып коет. Алла тааланын үйлөрүнүн биринде отуруп, Алла тааланын Китебин окуй турган жана аны окутуу-үйрөтүү иштери менен алектенип турган адамдарга Алла таала бейпилдик жана канааттанууну түшүрөт. Алла тааланын рахматы аларды камтып турат жана аларды периштелер курчап турушат. Алла таала аларды Өзүнө жакын пенделер катары эстеп турат. Иш аракеттенүүдө жалкоолонгон бирөөнүн илээндилигин анын тукуму жана үй-бүлөсү жоө албайт. Тагыраак айтканда, ал үй-бүлөсүнө таянып бейишке кире албайт».

Жакшы мамиле кылуу

Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет:

«Алла таала кыямат күнү мындай дейт: «Эй, адамзат! Мен ооруган элем, сен Мени көргөнү келбедиң». Пенде: «Эй, Парбардигерим! Сен бүтүн ааламдын Раббиси болсоң, кантип ооруп каласың жана кантип Сени көргөнү барат элем?» – деп жооп кылат. Алла таала: «Менин баланча пендемдин ооруганын укпадың беле, ошондо сен аны көргөнү барган жоксуң. Сен билчү эмес белең, эгер сен аны көргөнү барганыңда, Мени анын жанынан табат элең», – деп айтат. «Эй, адамзат! Мен сенден тамак сураганмын, сен Мага тамак бербедиң». Ошондо адамзат: «Эй, Парбардигерим! Сен бүтүн ааламдардын Раббиси болсоң, Сен тамакка муктаж болбосоң, мен Сени кантип тамактандырат элем?» – деп жооп берет. Алла таала: «Менин баланча пендем сенден тамак сураганын эстедиңби, ошондо сен аны тамактандырган жоксуң. Сен билбейсиңби, эгер сен аны тамактандырганыңда, анын сыйлыгын Менден алат элең», – деп айтат. «Эй, адамзат! Мен сенден суу сураган элем, бирок сен Мага суу бербедиң». Адамзат: «Эй, Парбардигерим! Сен гана бүтүн ааламдардын Раббиси болсоң, мен кандайча Сага суу берет элем?» – деп айтат. Ошондо, Алла таала: «Сенден Менин баланча пендем суу сураган эле, бирок сен ага суу ичирген жоксуң. Эгер сен ага суу ичиргениңде, анын сыйлыгын Менден алат элең», – деп айтат».

Жакшы мамиле кылуу

Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айтты:

«Эгер силер өз мал-мүлкүңөр менен адамдарга жардам бере албасаңар, анда эч болбогондо алардын көңүлүн көтөрүү үчүн сылыктык жана кубануу менен, ошондой эле күлүмсүрөп учурашкыла».

Share via