Сыйынуу, дуба жана жакшы иштер менен ийгиликтүү болууга аракет • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Сыйынуу, дуба жана жакшы иштер менен ийгиликтүү болууга аракет

мечитте окулган жума кутбасы

«Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын III Халифасы (рахимахуллах)тын «учурлук Халифа жана Жамаат бир эле дененин эки аталышы» деген сөзү мага абдан жагат».

2020-жылдын 22-майында Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

2020-жылдын 22-май күнү Азирети Амирул-Му’минийн (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде жума кутбасын окуду. Ал кутба Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Азан айтуу бактылуулугу урматтуу Сафийр Ахмад мырзага насип этилди. Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Бешинчи Халифасы (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосун) мындай деп айткан:

А дегенде, менин жыгылып жаракат алганыма өзгөчө мээримдүүлүктөрүн көрсөтүп, абдан жалынып-жалбарып дуба кылган бардык Ахмадийлерге ыраазычылык билдирмекчимин. Азыркы доордо Кудай Таала үчүн болгон өз-ара сүйүү-махабат жана айрыкча Учурлук Халифага карата болгон ыклаастуулук жана чыныгы мээримдүүлүк үлгүсү Ахмадия Мусулман Жамаатында гана байкалат. Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын Үчүнчү Халифасы Азирети Хафиз Мырза Насир Ахмад (рахимахуллах)тын «Учурлук Халифа жана Жамаат бир эле дененин эки аталышы» деген сөзү мага абдан жагат. Бул эки тараптуу сүйүүнү Алла Таала гана жараткан экен. Жаракаттардын ушунча бат-баттан айыгып кеткендиги – бул силердин кылган дубаларыңардын кабыл болгондугу гана. Бул жагдай дарыгерлер үчүн дагы таң калыштуу болду. Аталган жаракатка байланыштуу сириялык нускага ылайык жасалган «Ыйса мазы»[1] жана «Кендола» деген гомеопатиялык кремди колдонуп көрдүм. Негизинен, бул Алла Тааланын берешендиги, Ал гана шыпаа берет. Бирок, жогорудагы даарыларды керек болгон учурда башкалар дагы пайдаланышса болот деген максатта сөз кылдым.

Эми Алла Таала аталган жаракаттын кесепеттерин тезирээк жоготсун деп дуба кылгыла. Чыныгы күч-кубат – бул Алла Тааланын берешендиги болуп, ал дубалар аркылуу гана насип этилет. Бир аз убакыт мурун ийиндерим жана колдорум катуу ооруп, колумду өйдө көтөрүү кыйын болуп калган болчу. Ошондо дагы Алла Таала дубалардын аркасынан саналуу күндөрдө эле мени оорудан айыктырган. Кыскасы, Биз дайыма Алла Тааладан берешендигин гана сурообуз керек жана Анын алдында гана саждага жыгылуубуз керек.

Бүгүнкү күндө (коронавирустун айынан) өкүм сүрүп келе жаткан өзгөчө кырдаал себептүү туш келген абалда Жамаат мүчөлөрү Алла Тааланын алдында жыгылууга өзгөчө көңүл буруп жатышат. Үйлөрдө жамаат болуп намаздар аткарылып, сабактар өтүлүп ж.б. нерселер дагы уюштурулуп жатат. Арада Орозо айы дагы келди. Ал ибадатка карай адамдардын көңүлүн кыйла көп тартты. Азыр өзгөчө кырдаалдын шарттары жеӊилдетилгендиги боюнча бир нерсени эске алууңар керек, өкмөттөр тарабынан берилген жеңилдикте коюлган талаптарды ар бир Ахмадий мусулман аткарууга аракет кылуусу керек. Карантин чектөөлөрү жеңилдетилип жана Орозо айынын аяктап жаткандыгы кылып жүргөн ибадаттарыңар жана баштаган жакшылыктарыңар курамын токтотпош керек. Жамаат болуп намаз аткаруу жана бир нече мүнөттүк сабактар уланып туруусу керек. «МТА» теле каналынын программаларынан пайдаланууга дагы көңүл бургула. Аялдар үйлөрдө балдарга үлгү көрсөтүү максатында намаз аткарууга өзгөчө көңүл бурушсун. Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам) менен түзгөн байъат келишимине кирген ар бир Ахмадий мусулман өзүндө «таза өзгөрүүнү жаратуу» деген убадасын эске алуусу керек. Алла Таала: «Кыйынчылыктарга туш келгенде, Алла Тааланын алдында өтүнүп жыгыла башташат жана оор абал жоюлгандан кийин Алла Тааланы унутуп калышат», – деп сүрөттөгөн адамдардан болуу момун-мусулманга жарашпайт.

Азыркы күндөрдө адамдар «туш келген коронавирус бир табигый кырсыкпы же Кудайдан келген азаппы?» – деген жагдайды изилдешүүдө. Ушундай маселелер менен убара болуу момун-мусулмандын иши эмес. Анын кыла турган иши бул – мурдагысынан дагы көп корккон бойдон Алла Тааланын алдында жыгылып, арты кайрылуу болушу үчүн дуба кылсын. Алла Таала чума оорусунун жайылышын бир белги-жышаан катары ачык-айкын билдирген учурунда дагы Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам) дүйнө үчүн абдан тынчсызданып дуба кылып жүргөн. Жабык эшиктердин аркасында ал (алайхиссалам) кылган дубаларынын абалын уккандар: «Кудум кайнап турган казандын добушундай жалынып-жалбарып жана катуу ыйлаган үндөрү угулчу», – деп сүрөттөп беришкен.

Кээ бир адамдар Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын Төртүнчү Халифасы Азирети Мырза Тахир Ахмад (рахимахуллах)тын «Табигый кырсыктар же Кудайдын азабы» деген макаласын бүгүнкү жайылып кеткен жугуштуу ооруга байланыштырууга аракет жасашууда. Аталган макаланын көӊүл бурууга ылайыктуу жери, ал (рахимахуллах) мында Ахмадия Мусулман Жамааты үчүн эскертүү дагы, жакшы кабар дагы бар», – деп ачык-айкын жазган экен. Эскертүүсү – бир гана Ахмадий мусулман деп аталыш гана жетиштүү эмес, аны менен кошо такыба болуу шарты дагы коюлган. Жакшы кабары болсо, Жамаат мүчөлөрүнүн иш-амалдарында пайда болуп калган алсыздыктарды Ахмадийлер өтө тездик менен түзөтүп-оӊдоого аракет кылуулары керек. Өткөн жума кутбаларымда мен айтканымдай, Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын ачык-айкын баяндагандыгына ылайык, ал (алайхиссалам)дын доорунан кийин апааттар жана балээ-кырсыктардын саны өсүптүр. Айрым учурларда ыймандуулар дагы ошол жаратылыш мыйзамына кабылып калышат, бирок алар шейит даражасына ээ болушат. Демек, өтүп жаткан күндөрдө Алланын укуктары жана пенделердин укуктарын аткарууга өзгөчө көңүл бургула. Алла Тааланын берешендиги менен Жамаат мүчөлөрү ибадаттар жана адамдарга кызмат кылуу жаатына көңүл бурушууда. Бул тууралуу ар тараптан жакшы жаңылыктар келүүдө. Бир нече күн мурун Канадада бир аял түнкү саат экиде ооруп жаткан уулуна даары сатып алууга аргасыз болгон. Кайсы гана мекемеге кайрылбасын, ага баш тартышкан. Акыр аягында, Худдам[2]дын тез жардамы деген байланыш номеринде болгон Хаадим[3] 50 чакырым жол жүрүп, даарыны сатып алып, ал аялга алып келип берген. Жанагы аял ошол кызматчынын ушул иш-аракетинин аркасынан, мен Кудайдын бар экенине ишенип калдым деп айтты. Демек, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алайхи ва саллам) жана Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын көрсөтмөлөрүнө ылайык адамдарга кызмат кылуу ишинин ушул жогорку деңгээлин сактообуз керек. Башкалардын кемчиликтерин издөөдөн көрө өз абалдарыбызды текшерип туруубуз керек. Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам) бизди кайсы деӊгээлде болушубузду каалайт, андан сөз кылып, мындай деп айткан: «Ар бир адам Тахажжуд намазына турууга аракет кылсын. Беш маал намазды дагы толук бойдон моюн сунуп аткарышсын. Адам баласына кулк-мүнөз жана жүрүм-турумду сылык-сыпаа кылсын. Кудайдын нааразылыгына себепчи боло турган иштерден кайтсын. Кулк-мүнөз жана адеп-ахлактарыӊарды оӊдоо менен бирге өз күчүңөргө жараша садагаларды берүүгө дагы адаттангыла. Кудай Таала такыба пенделерине гана маани берет. Өз ара тууганчылык жана сүйүүнү пайда кылып, жапайычылык жана карама-каршылыктан оолак болгула. Бири-бириңерге сый-урмат менен мамиле жасагыла. Алла Таала менен бир чыныгы алака-байланышты түзүп, Ага карай баш ийген бойдон кайткыла.

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам) мындай деп айтат: «Негизинен, эң оор жана кылдат маселе – бул пенделердин укуктарын аткаруу гана. Анткени, адам ар дайым ушуга туш болот жана ар бир көз ирмемде ушул сыноодон өтөт. Менин ишенимим боюнча душман менен дагы чектен ашкан даражада катаал мамиле жасабоо керек. Мал-мүлк же ата-бабаларыӊардын такыба адамдар экенине аша-чаап мактанып, башкаларды төмөн жана пас деп ойлобогула. Кудай Тааланын көзүндө такыба адам гана сый-урматка ээ. Ушул сыноо күндөрүндө өз напсиңерди өлтүрүп, такыба жолун тандагыла. Даанышмандык, сылыктык жана кечиримдүүлүк деген мүнөзүңөрдү күчөткүлө. Аябай жаман адамдын сөзүнө дагы адептүүлүк жана тынчтык жол менен жооп кайтаргыла.

Азыркы доордо Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын өрнөктүү үлгүсүн тууроо жолу менен гана Алла жана пенделеринин укуктарын аткарууга болот деп айкындаштырган, ошондой эле Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллаху алайхи ва саллам)дын жолунан ажырабагыла деп байма-бай насаат кылган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)ды чын жүрөктөн ээрчүү аркылуу гана Кудай табылат. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам)ды ээрчүүнү таштап, бирөө өмүр бою (Кудайдын алдында) саждага жыгылса дагы, түпкү максатына жетишүүсү эч мүмкүн эмес.

Демек, биз, Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)га байъат берип, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды чыныгы ээрчигендер сабына кошулгандардын аманчылыгы – бул Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын үлгүсүн бардык жөндөмдүүлүктөрүбүз менен тууроодо гана.

Азирети Амирул-Му’минийн Алланын жолунда абакта камалгандар үчүн дуба кылууга чакырып, бир урматтуу Ахмадий Рамазан Бүбү айым тууралуу өзгөчө сөз кылган. Жакында ага «Пайгамбарды мазактады» деген жалаа менен түрмөгө камашты. Анын үй-бүлөсү 2002-жылы байъат берген. Ал айымдын күйөөсү мындай деп жазды: «Биз курманчылык кылуудан коркпойбуз жана абакта камалуудан кайгырбайбыз. Биз кайсы Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сый-урматына жаныбызды да берүүгө даяр турган болсок, ошол пайгамбарды мазактадыңар деп коюлган жалаа себебинен кайгырабыз. Азирети Амирул-Му’минийн мындай деди: ушул үй-бүлө үчүн дагы жана жогорудагы доомат менен өлүм жазасы угузулган бардык туткундар үчүн дагы дуба кылгыла. Алла Таала кереметтүү жол менен алардын бошотулушуна жол ачсын. Сотко да, өкмөткө да адилеттүүлүктү кармоо мүмкүнчүлүгүн берсин.

Хузур кээ бир дубаларга көңүл бургузуп жатып мындай деп айткан:- «Алла Таала бизди Ислам дининин чыныгы окууларын ишке ашыруучулардан кылсын. Ата-энелердин өз-ара жаңжалдарынын айынан тынчсызданып жатышкан балдардын кайгы-капаларын жоготсун». Мындан тышкары Хузур жамаатка жашоосун арнаган бардык адамдар, кызматтарды аткарып жүргөндөр, Уакфийн-э-нау (төрөлө элек курагында кызмат кылууга арналгандар), Ахмадияттын шахийддери жана алардын үй-бүлөрлөрү, кыздарды турмушка чыгарууда туш келген көйгөйлөр, дүйнөдө азыркы экономикалык кырдаалдан улам оор абалга туш келгендер жана мусулман дүйнөсү үчүн өзгөчө дуба кылууга көңүл бургузду.

Азирети Амирул-Му’минийн кутбанын аягында айрым дубаларды кайталап, аларды окуп турууга баса белгилегенден кийин мындай деп айтты: бүгүнкү жума ушул Рамазан айынын акыркы жума күнү. Ушул Рамазан айында биз кылган жакшылыктарды жана жасаган жакшы өзгөрүштөрду улантып турууга Алла Таала күч-кубат берсин. Хутба Сания[4]ны окуудан мурун Хузур Улуу Британияда Орозо айтынын болуусу тууралуу пайда болгон шек-күмөндөрдү кетирип, Орозо айты 24-май, Жекшемби күнү болот деп жарыялады.

٭…٭…٭

[1] Азирети Ыйса (алайхиссалаам)дын жаракаттары үчүн даярдалган мазь.

[2] Ахмадия Мусулман Жамаатынын 15 жаштан 40 жашына чейинки жаштарынан турган «Худдамул-Ахмадия» аттуу тармактуу уюмунун мүчөлөрү «Худдам» (кызматчылар) деп аталышат.

[3] «Худдам» (кызматчылар) сөзүнүн бирдик формасы болуп, «кызматчы» дегенди билдирет.

[4] «Экинчи кутба» дегенди билдирет.

Share via