Намазды аткаруунун жолу • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Бөлүмдөр
  1. Кириш сөз
  2. Ибадат
  3. Исламдын беш парызы
  4. Намазды аткаруу парыздуулугу
  5. Намаздын маанилүүлүгү
  6. Намаздын убакыттары
  7. Намаздын шарттары
  8. Даарат
  9. Даараттын бузулушунун факторлору
  10. Гусул
  11. Суу
  12. Кийим
  13. Азан
  14. Коомат
  15. Ниет
  16. Намаздарды кошуп окуу
  17. Намазды аткаруунун жолу
  18. Дурууд (Ассалаату алан-Набий)
  19. Намазды жалгыз окуу
  20. Жамаат менен аткарылуучу намаздар
  21. Намаздан кийин Алланы эске алуу
  22. Намаздын түрлөрү жана рекеттердин саны
  23. Жума намазы
  24. Орозо айт жана курман айт майрамдары
  25. Витр намазы
  26. Намаздын өзгөчө бөлүктөрү
  27. Намазды бузган амалдар
  28. Сужуудус-сахв
  29. Ооруу маалындагы намаз
  30. Сапарда окулуучу намаз
  31. Салаатул-Хавф (Кооптуу учурдагы намаз)
  32. Каза намазы
  33. Тахажжуд намазы
  34. Таравийх намазы
  35. Күн жана ай тутулганда окулган намаз
  36. Жамгыр тилеп окулган намаз
  37. Истахаара намазы
  38. Салаатул-хажаат (жардам тилеп окулган намаз)
  39. Ишраак намазы
  40. Жаназа намазы
  41. Айрым сөздөрдүн жана терминдердин түшүндүрмөсү
  42. Азирети Мырза Гулам Ахмад Масийхи Мавъуд жана Махди Маъхуд (алайхиссалаам)дын китептеринен жана «Малфузаатынан» айрым үзүндүлөр
Чектеш темалардын мазмуну

Намазды аткаруунун жолу

Намаз ибадат сыйынуу

Намаз негизинен мечитте жамаат менен окулганы шарт. Масжид (мечит) – Алла Тааланын ибадаты үчүн курулган жай. Намазды мечиттен башка жерде да окуса болот, ал үчүн намаз окула турган жай таза болушу керек.

Намаз окуурдан мурда киши денесин тазалашы зарыл, кийими да таза болушу лаазым. Вузу (даарат) алып, намаз окуй турган кишилер менен бирге имамдын аркасынан сап тартып, баардыгы жүзүн Кааба тарапка каратуусу керек. Сап бир кылка, тегиз болгону дурус. Алардын ийиндери бири-бирине тийип турушу зарыл. Бирок, ушундай жагдайда кишилер намазда бири-бирине тоскоолдук кылбаш керек. Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) саптардын тегиз болуусуна чоң маани берген.

Ушул тартипте имамдын аркасында сапка турган ар бир киши кайсы намазды окуурун ниет кылып, Тавжихти окушу керек. Тавжихтин сөздөрү төмөнкүчө:

Ниет намаз сыйынуу

Окулушу: 

Важжахту важхийа лиллазий фатарассамааваати вал арза ханийфан ва маа ана минал мушрикийн. («Муслим», Китаабус-Салаат).

Котормосу:

Мен асмандар менен жерди жараткан Аллага гана кайрылган бойдон, баардык ой-ниетимди Ага гана багыштадым жана мен мушриктерден эмесмин.

Намазды баштаардан мурда коомат «намаз башталды деген билдирүү» окулат. Намаз окуп жатканда, баардык ашык нерсени ойдон чыгарып, бүткүл ой-ниетин жана көңүл-дитин намазга буруу зарыл.

Намаз Такбийри тахрийма менен башталат. Имам эки колун көтөрүп, баш бармактарынын учун кулагынын жумшагына тийгизип, Аллааху Акбар (Алла баарынан улук), – дейт. Баардык кишилер имамды ээрчип, Аллааху Акбар, – деп эки колун чогуу көтөрүп, баш бармактарынын учун кулактарынын жумшагына тийгизет.

—————СҮРӨТ————–

Бул Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан калган сүннөт. Бул пикирди бүткүл Фикх аалымдары жактаганы менен айрым бир мазхабдагылар бир рекетте колдорун бир иреттен ашык көтөрүшөт. Алар намазды баштаарда Аллааху Акбар, – деп кулак кагып, андан кийин Кыямдан Рукуга барганда жана Кыямга кайтканда, ошондой эле Саждага барганда жана Саждадан турганда, колдорун көтөрүшөт. Бул нерсени кеңири түшүндүрүү үчүн Ислам тарыхына назар таштасак, төмөнкү нерсеге күбө болобуз:

Хадистерден белгилүү болгондой, Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) өз пайгамбарлыгынын алгачкы күндөрүндө колдорун бир нече жолу бир иреттен ашык көтөргөн экен, бирок бул анын дайыма жасаган амалы болгон эмес. Дагы башка көптөгөн хадистерге караганда, Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) колдорун ар бир намаздын биринчи рекетинде Такбийри тахрийманы айтып жатканда гана көтөргөн, башка убактарда көтөргөн эмес.

Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сахаабасы Азирети Абдулла ибн Масъуд (разияллааху анху)нун мындай дегени рабаят этилет:

«Келгиле, мен сиздерге Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) кандай тартипте намаз окуганын көрсөтүп берейин». Анан Абдулла намаз окуду. Ал колдорун баштаарда бир гана жолу Такбийри тахрийманы айтып жатканда гана көтөргөн.

Имам колдорун көтөрүп, баш бармактарынын учун кулактарынын жумшагына тийгизип, Аллааху Акбар, – дегенден кийин, колдорун көкүрөк тушуна сол колунун үстүнө оң колун байлайт. Намаз окуй тургандар колдорун байлап, өздөрүнүн Жаратканынын алдында баш ийип, таазим этип турушат. Бул аракет Кыям деп аталат.

—————СҮРӨТ————–

Бирок, бул аракетте түрдүү көрүнүштөр бар. Айрымдар колдорун киндик астына, кээ бирлери киндик үстүнө, дагы башкалары андан да жогору коюшат. Булардын баардыгы таазим белгиси. Демек, арзыбас маселелерде келишпестик чыгаруу туура эмес.

Дагы бир нерсени тактап кетсек, Маликийлер жана Шийъалар Суннийлерден айырмаланып, колдорун такыр байлабастан, эки жагына бош коюшат. Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай жасаганы туурасында хадистерде эч кандай далил болбосо да, колдорун байлабай, окуган кишинин намаздары дурус эмес, деп каршылык билдирүүгө эч кимдин акысы жок.

Такбийр-э-Тахрийманы айткан соң үн чыгарбай, ичинен Санаа окулат:

Дуба сыйынуу намаз

Окулушу:

Субхаанака Аллаахумма ваби хамдика ватабаара касмука ватаъаалаа жаддука валаа илааха гайрук.

Котормосу:

Эй, Алла! Сен тазасың, мактоого татыктуусуң. Сенин ысымың куттуу, даражаң жогору жана Сенден башка кудай жок. («Термизий», Китаабус-Салаат, маа йакуулу инда ифтахис-Салаат; «Сунан Насаий», Китаабуль-Ифтах, Баабуз-Зикр байнас-Салаат ва байнал Кираат).

Айрым хадистерге караганда, Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ушул Санаанын ордуна башка дубаларды да окучу экен. Бирок, ушул Санаа кеңири тараган жана көбүрөөк окулган. Санаадан кийин үн чыгарбай, ичинен Таъввуз окулат:

Дуба сыйынуу намаз

Окулушу:

Аъуузу биллаахи минашшайтаанир ражийм.

Котормосу:

Рахматтан куулган шайтандын жаманчылыгынан Алладан паана издеймин.

Таъввуз окулган соң, имам үн чыгарбай, ичинен же ачык түрдө Басмалахты окуйт. Аны ээрчигендер болсо, ичинен окушат. Басмалах сөздөрү төмөнкүчө:

Алла Куран намаз

Окулушу:

Бисмиллаахир Рахмаанир Рахийм.

Котормосу:

Чексиз ырайымдуу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.

Хадис китептеринде жазылганына караганда, Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Басмалахты айрым учурларда үн чыгарып, башка маалдарда болсо, ичинен айтчу экен. Жалпысынан, мусулмандардын арасында араб мамлекеттериндеги мусулмандар Басмалахты үн чыгарып айтышат, ал эми Ханафий мазхабдагылар жана башка көптөгөн мусулмандар үн чыгарбай, ичинен окушат.

Мындан кийин имам «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окуйт. Фажр, Магриб жана Иша намаздарында бул сүрөөнү үн чыгарып окуйт. Зухр жана Аср намаздарында имам жана аны ээрчигендер үн чыгарбай, ичинен окушат. Имам «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн үн чыгарып окуп, аяттар арасында бир аз дем алганда, аны ээрчигендер имам окуган соң, ошол окуган аяттарды үн чыгарбай, ичинен кайталашы керек.

 Куран намаз сыйынуу

Окулушу:

Алхамдулиллаахи Раббил ааламийн. Ар-Рахмаанир-Рахийм. Маалики явмиддийн. Иййаака наъбуду ва иййаака настаъийн. Ихдинассираатал мустакийм. Сирааталлазийна анъамта алайхим. Гайрил магзууби алайхим валаззаааллийн.

Котормосу:

Бардык мактоо бүткүл ааламдардын Парбардигери, Аллага таандык. Чексиз ырайымдуу, сурабастан берүүчү жана кайра-кайра ырайым кылуучу. Сыйлык жана Жаза күнүнүн Ээси. Биз Сага гана ибадат кылабыз жана Сенден гана жардам сурайбыз. Бизди туура жолго баштагын – Сен тартуу кылгандардын, каарга дуушар болбогон жана адашпагандардын жолуна.

«Ал-Фаатиха» сүрөөсү окулгандан кийин, намазда тургандар Аамийн (Эй, Алла! Биздин дубаларыбызды кабыл кыл), – деп айтышат.

Малкий, Шаафий жана Хамбалий мазхабдагы мусулмандар Аамийнди үн чыгарып, Ханафий мазхабдагылар болсо, үн чыгарбай, ичинен айтышат. Экөөнүкү тең туура. Анткени намаздын жарактуу же жарактуу эместигине мунун анчалык деле чоң таасири жок. Намазда тургандар Аамийнди кааласа, үн чыгарып, кааласа үн чыгарбай, ичинен окуулары мүмкүн. Буга каршылык кылууга эч кимдин акысы жок. Албетте, чектен тышкары катуу үн чыгарып, башка кишилердин тынчтыгын бузса, андай учурда намаздан кийин эскертүүгө болот.

Андан кийин имам кеминде үч аятты же кыска бир сүрөөнү окуйт. Мисалы:

«АЛЬ-КАВСАР» СҮРӨӨСҮ

Куран намаз

Окулушу:

Бисмиллаахир Рахмаанир Рахийм. Иннаа аътайнаакал кавсар. Фа салли ли Раббика ванхар. Инна шааниака хувал абтар.

Котормосу:

Чексиз ырайымдуу, сурабастан берүүчү жана кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен. Албетте, Биз сага «Кавсарды» тартууладык. Демек, сен Парбардигериң үчүн намаз окугун жана курмандык чалгын. Чынында, сенин душманың гана тукумсуз калат.

«АЛЬ-ИХЛААС» СҮРӨӨСҮ

Куран намаз дуба

Окулушу:

Бисмиллаахир Рахмаанир Рахийм. Кул хуваллааху ахад. Аллаахуссамад. Лам ялид ва лам юулад ва лам якуллахуу куфуван ахад.

Котормосу: 

Чексиз ырайымдуу, сурабастан берүүчү жана кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен. Айткын: «Ал  Алла жалгыз гана. Алла муктаж эмес. Ал төрөбөгөн жана төрөлбөгөн. Ошондой эле Ага эч качан эч ким тең келген эмес.

«АЛЬ-ФАЛАК» СҮРӨӨСҮ

Куран намаз

Окулушу:

Бисмиллаахир Рахмаанир Рахийм. Кул аъуузуби Раббил фалак. Мин шарри маа халак. Ва мин шарри гаасикин изаа вакаб. Ва мин шарриннаффаасаати фил укад. Ва мин шарри хаасидин изаа хасад.

Котормосу:

Чексиз ырайымдуу, сурабастан берүүчү жана кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен. Айткын: «Мен (нерселерди) жарып, (жаңы нерселерди) Жаратуучу Парбардигерден паана сураймын. Ал Өзү жараткан нерселердин жаманчылыгынан. Ошондой эле караңгылык кылуучунун жаманчылыгынан, качан ал таралып кеткенде. Ошондой эле түйүндөргө дем салуучу (ургаачы)лардын жамандыгынан. Ошондой эле көрө албастын жаманчылыгынан, качан ал көрө албастык кылганда». 

«АН-НААС» СҮРӨӨСҮ

Куран намаз

Окулушу:

Бисмиллаахир Рахмаанир Рахийм. Кул аъуузуби Раббиннаас. Маликиннаас. Илаахиннаас. Мин шаррил вас ваасилханнаас. Аллазий йувасвису фий судууриннаас. Минал жиннати ваннаас.

Котормосу:

Чексиз ырайымдуу, сурабастан берүүчү жана кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен. Айткын: «Мен адамдардын Парбардигеринен паана сураймын. Адамдардын Падышасынан. Адамдардын Кудайынан. Азгырык салып, артка кайткан көптөгөн азгырык салуучунун жамандыгынан: ал адамдардын дилине азгырык салат. (Мейли) ал жиндерден («чоңдордон») болсун, же жалпы элден (болсун).

Биз жогоруда бир нече сүрөөнү үлгү катары бердик. «Ал-Фаатиха» сүрөөсүнөн кийин имам Курандын каалаган сүрөөсүн же бөлүгүн окууну тандап алат.

Имам Курандын кандайдыр бир бөлүгүн окуп жатканда, намазда тургандар сүкүт сактап туруулары керек. Курани Каримде мындай деп айтылган:

Куран намаз

Окулушу:

Ва изаа куриал Кураану фастамиъуу лахуу ва анситуу ла аллакум турхамуун.

Котормосу:

Куран окулуп жатканда, силерге ырайым кылынсын үчүн ага кулак салгыла жана тынч тургула. («Аль-Аърааф» сүрөөсү: 205)

Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сахаабасы Азирети Убаада ибн Саамит (разиялааху анху) мындай дептир:

«Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бир күнү Багымдат намазына имамчылык кылып жатканда, аркадан чыккан күбүр-шыбыр үндөрдүн айынан сүрөөлөрдү окууда абдан чоң ыңгайсыздык сезген. Намаз бүткөн соң Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) сахаабаларынан:

«Куран сүрөөлөрүн мага кошулуп окудуңарбы?» – деп сураган. Алар: «Ооба!» – деп жооп беришкен. Ошондо, Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай дептир:

«Ал-Фаатиха» сүрөөсүнөн башка сүрөөлөрдү имамга кошулуп окубагыла, анткени «Ал-Фаатиха» сүрөөсү намаздын негизги бөлүгү».

Жамаат намазын окуп жатканда, ар бир мусулман Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын ушул сөздөрүнөн өрнөк алып, намаз убактында башкаларга тоскоолдук бербеши керек».

Ыйык Курандан каалаган сүрөөсүн окугандан кийин, имам Аллааху Акбар, – деп Кыямдан Рукуга барат. Намазда турган башка адамдар да имамды ээрчишип, Рукуга барышат. Бул жагдайда намаз окуй турган киши оң колун оң тизесине, сол колун сол тизесине коюп, тизелерин бүкпөй, башын аркасы менен түз кылат.

—————СҮРӨТ————–

Намазда тургандар имамга карап, үч же андан артык так санда төмөндөгү Тасбийхти ичинен окушат:

Тасбех дуба зикир

Окулушу:

Субхаана Рабби йал аъзийм.

Котормосу:

Улук Парбардигерим – ыйык.

Мындан кийин имам тик туруп, колдорун эки капталына бош коёт. Имам Рукудан Кыямга баратканда, үнүн ачык чыгарып, Тасмийъ окуйт. Бул арткы саптагыларга имамдын Рукудан Кыямга өткөндүгүнөн ишаарат болот. Тасмийъ сөздөрү төмөнкүчө:

Дуба намаз сыйынуу

Окулушу:

Самиъаллааху лиман хамидах.

Котормосу:

Ким Аллага мактоо-алкоо айтса, аны Алла угат.

Намазга тургандар имамды ээрчип, тик туруп, төмөнкү Тахмийд сөздөрүн окушат.

Дуба намаз сыйынуу

Окулушу:

Раббанаа вала кал хамд, хамдан касийран таййибан мубааракан фиих.

Котормосу:

Эй, Раббибиз! Бардык мактоо – арбын, таза жана куттуу мактоолор Сага гана таандык.

Рукудан туруп, Тахмийд окулуп бүткөнгө чейин ушул Кыям абалында турушат.

Андан кийин имам үнүн бийик чыгарып, Аллааху Акбар, – деп жамаатты Саждага багыттайт. Имам чөк түшүп, алакандарын, андан кийин маңдайын жерге тийгизет. Саждада тизе, алакан, мурун жана маңдайы жерге тийип туруусу керек. Баш эки колдун арасында жерде болот. Бирөөгө тоскоолдук кылбастан, билектерди жерге тийгизбей, колтук ачык абалда тутулат.

—————СҮРӨТ————–

Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай дептир:

«Алла Таалага сажда кылып жатканыңарда, колдоруңарды жана буттарыңарды туура кармагыла. Күчүк отурганда, буттарын сунганы сыяктуу колдоруңарды жерге эч качан созбогула». («Муснад Ахмад бин Ханбал», 3-том, 279-бет, Аль-Мактаб аль-Исламий литтабъ, аввал нашр, Бейрут).

—————СҮРӨТ————–

Колдун манжаларын Каабага каратып, буттун учу жерге тийип, баш бармагы Кааба тарапка бүгүлүп турат.

Саждада үн чыгарбастан, кеминде үч жолу төмөндөгү Тасбийх окулат. (Эгер киши Тасбийхти үч жолунан ашык окуса, анда так сан болуш керек).

Дуба намаз ибадат

Окулушу:

Субхаана Рабби ял аълаа.

Котормосу:

Менин улуу Раббим – ыйык.

Сажда таазим, баш ийүү жана алсыздыктын абдан чоң көрүнүшү болуп, анда дуба кылуучу өзүнүн ичиндегисин Алла Тааланын алдында ачып, Андан кечирүүсүн сурап өтүнөт.

Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Руку жана Саждада Курандан сүрөө окууну тыюу салган. («Сахийх Муслим», Китаабус-Салаат, Бааб Аннахий ан кираатиль-Кураани фир Рукуи вас Сужууд).

Андан кийин Аллааху Акбар, – деп имам жана намаз окуп жаткандар алгач башын, анан колдорун жерден көтөрүп, бир азга отурушат. Муну Жилса дешет. Жилсада сол бутунун томугун жерге коюп, үстүнө отурушат. Оң буту тик абалда болуп, бармактары Кааба тарапка ийилип турат.

—————СҮРӨТ————–

Колдор тизенин үстүнө коюлуп, манжалар Кааба тарапка каратылат. Жилсада төмөнкү дуба окулат:

Дуба намаз сыйынуу

Окулушу:

Аллаахуммагфирлий вархамний вахдиний ва аафиний важбурний варзукний варфаъний. («Ибни Маажа», Икааматус-Салаваат жана «Мустадрик Хааким», 1-том, 262, 271-бет, Бейрут)

Котормосу:

Эй, Алла! Мени кечиргин, мага ырайым кылгын жана мени туура жолго багыттагын. Мага аманчылык бергин, менин кемчиликтеримди жок кылгын, мага ырыскы бергин жана менин даражамды көтөргүн.

Жилсадан кийин, имам Аллааху Акбар, – деп экинчи Саждага барат. Сапта тургандар аны ээрчип, дагы үч жолу же андан ашык так санда Субхаана Рабби ял аълаа, – дешет. Ар бир рекетте дайыма эки гана Сажда болот. Экинчи Саждадан кийин бир рекет орундалган болот. Имам дагы Аллааху Акбар, – деп Саждадан Кыямга барат. Сапта тургандар да экинчи рекетти окуу үчүн аны ээрчишет. Экинчи рекет да биринчи рекет кандай тартипте окулса, дал ошондой аткарылат.

Бирок, экинчи рекетте Санаа менен Таъввуз окулбайт. Ал ар бир намаздын биринчи рекетинде гана окулат. Имам алгач «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн, кийин башка сүрөө же бир нече аяттарды окуп, биринчи рекетти кандай окуса, экинчисин да ошондой аткарат. Экинчи Саждадан кийин имам биринчи жолу Жилсага отурган сыяктуу отурат. Экинчи рекеттин акырындагы отуруу Каъда деп аталат.

Каъдада үн чыгарбастан Ташаххуд окулат. Ал төмөнкүчө:

Дуба намаз сыйынуу

Окулушу:

Аттахиййаату лиллаахи вассалаваату ваттаййибаату. Ассалааму алайка аййуханнабиййу ва рахматуллаахи ва баракаатух. Ассалааму алайнаа ва алаа ибаадиллаахиссаалихийн. Ашхаду аллаа илааха иллаллааху ва ашхаду анна Мухаммадан абдухуу ва Расуулух.

Котормосу:

Баардык белектер Алла үчүн. Бүтүн ибадаттар жана эң пакиза (мактоолор) да Алла үчүн. Эй, Алланын Пайгамбары! Сизге Алланын рахматы жана берекеттери болсун. Бизге жана Алланын жакшы амал кылган пенделерине тынчтык болсун. Мен Алла тааладан башка кудай жок экенине күбөлүк берем, ошондой эле мен Мухаммад Алланын пендеси жана Элчиси экенине күбөлүк берем.

Ибадат кылуучулар Ташаххудду окуп жатканда, Ашхаду аллаа илааха иллаллаах, – деген сөздөрдү окуй баштаганда, оң колунун сөөмөйүн жогору көтөрүп, айтып бүтөөрү менен ылдый түшүрүшү керек.

—————СҮРӨТ————–

Хадис китептерине караганда, Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) оң колунун баш бармагын жана сөөмөйүн эркин тутуп, оң бутунун тизесине коюп, Ашхаду аллаа илааха иллаллаахты баштаары менен сөөмөйүн жогору көтөрүп, окуп бүтөөрү менен ылдый түшүргөн экен. Сол колу манжалары жазылган абалда сол бутунун тизесинде болот.

Ташаххуд окулгандан кийин, Алла Тааладан Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га рахмат жана берекелер тилеп, Дурууд жана айрым башка дубалар үн чыгарылбай окулат.

Share via