Жаназа намазы • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Бөлүмдөр
  1. Кириш сөз
  2. Ибадат
  3. Исламдын беш парызы
  4. Намазды аткаруу парыздуулугу
  5. Намаздын маанилүүлүгү
  6. Намаздын убакыттары
  7. Намаздын шарттары
  8. Даарат
  9. Даараттын бузулушунун факторлору
  10. Гусул
  11. Суу
  12. Кийим
  13. Азан
  14. Коомат
  15. Ниет
  16. Намаздарды кошуп окуу
  17. Намазды аткаруунун жолу
  18. Дурууд (Ассалаату алан-Набий)
  19. Намазды жалгыз окуу
  20. Жамаат менен аткарылуучу намаздар
  21. Намаздан кийин Алланы эске алуу
  22. Намаздын түрлөрү жана рекеттердин саны
  23. Жума намазы
  24. Орозо айт жана курман айт майрамдары
  25. Витр намазы
  26. Намаздын өзгөчө бөлүктөрү
  27. Намазды бузган амалдар
  28. Сужуудус-сахв
  29. Ооруу маалындагы намаз
  30. Сапарда окулуучу намаз
  31. Салаатул-Хавф (Кооптуу учурдагы намаз)
  32. Каза намазы
  33. Тахажжуд намазы
  34. Таравийх намазы
  35. Күн жана ай тутулганда окулган намаз
  36. Жамгыр тилеп окулган намаз
  37. Истахаара намазы
  38. Салаатул-хажаат (жардам тилеп окулган намаз)
  39. Ишраак намазы
  40. Жаназа намазы
  41. Айрым сөздөрдүн жана терминдердин түшүндүрмөсү
  42. Азирети Мырза Гулам Ахмад Масийхи Мавъуд жана Махди Маъхуд (алайхиссалаам)дын китептеринен жана «Малфузаатынан» айрым үзүндүлөр
Чектеш темалардын мазмуну

Жаназа намазы

Кишинин өлүмү жакындап калганы сезилгенде Курани Каримден «Йаасийн» сүрөөсү окулат. Бул сүрөөнү тандап алуунун себеби мындай: өлүп бараткан кишинин кыйналганын жеңилдетип, ага рухий жардам берет. Мындан тышкары жаны чыгып бара жаткан кишинин алдында Такбийр менен Калимаи шахаадахты басыңкы, бирок эшитээрлик үн менен окуш керек. Бир киши каза болсо, ошол жердегилер жана анын өлүмүн уккан бардык адамдар төмөнкү дубаны окуш керек:

Намаз жаназа өлүм өлүк

Окулушу:

Иннаа лиллаахи ва иннаа илайхи раажиъуун.

Котормосу:

Албетте, биз Алланыкыбыз. Албетте, Ага гана кайтуучубуз.

Маййиттин (өлүктүн) көздөрүн кол менен жумдуруу керек. Оозун жабуу үчүн ээги менен башын кездеме менен байлоо керек. Киши каза болгондо, башкалар ыйлап турбастан, тынчтыкты сактап, сабырдуулук менен Жаназа намазы жана узатуу аземине катышуусу лаазым.

Маййиттин денесин төмөнкүчө жууш керек:

Маййиттин денеси таза жана жылуу суу менен үч жолу жуулат. Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Маййиттин денесин жууш үчүн даярдалган сууга Берий (тикенектүү, долоно сыяктуу мөмөлүү дарак) жалбырактарын салып коюучу экен. Алгач даарат кылганда жуула турган мүчөлөрү жуулат. Бирок, ооз менен мурунду тазалоо максатында аларга суу куюу же буттарды жууш керек эмес. Ушундан кийин, бүт дене жуулат, алгач оң жагы, кийин сол жагы жуулат. Гусул кылып жатканда, Маййиттин Авраттары кездеме менен жабылган бойдон калуу лаазым. Маййит эркек болсо, аны жалаң эркектер, аял болсо, аны жалаң аялдар жууйт. Гусул кылып бүткөндөн кийин жөнөкөй жана кымбат эмес ак кездеме менен кепинделет.

Маййит эркек киши болсо, анын кепини үч бөлүктүү ак кездемеден турат: денесинин үстүңкү бөлүгүн жабуу үчүн үстүңкү кездеме, астыңкы бөлүгүн жабуу үчүн астыңкы кездеме жана башынан буттарына чейин толук денесин жабуу үчүн чоң кездеме бөлүк.

Аялдарга булардан тышкары, дагы эки бөлүк, Химар (баш орогуч) жана Хирка (көкүрөк жапкыч) менен оролот.

Исламда өлүктү узатуу аземин жөнөкөй түрдө өткөрүүгө буюрулат.

Шахийд (шейит) болгон кишинин өлүгүн Гусул кылуу, кепинге ороо зарыл эмес. Ал каза тапканда, кайсы кийимде болсо, аны ошол кийими менен көмүү керек.

Өлүк Гусул кылынып, ак кездеме менен кепинделгенден кийин, табытты ийинге коюп, Жаназа намазы окула турган жерге көтөрүп барышат. Жаназа намазы ачык жерде же атайын курулган Жаназа окула турган жайда – Жаназа Гахта окулат. Жаназа намазына келгендер имамдын аркасында сап тартып турушат. Саптардын саны так болушу керек. Имам саптардын алдында, маркумдун денесинин ортосунда турат. Маркумдун денесинин оң жагы Кааба тарапка каратылышы шарт.

Имам үн чыгарып, Аллааху Акбар (Алла баарынан улук), – деп намазды баштайт. Ага ээрчигендер да басыңкы үн менен Аллааху Акбар, – дешет. Андан кийин имам үн чыгарбастан, Санаа менен «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окуйт. Андан соң ал колдорун көтөрбөстөн, Аллааху Акбар, – дейт. Ага ээрчигендер дагы басыңкы үн менен Аллааху Акбар, – дешет. Кийин бүтүн жамаат үн чыгарбастан, Дуруудду окушат. Анан имам үн чыгарып үчүнчү жолу Аллааху Акбар, – дейт жана төмөндө берилген дубаны окуйт. Андан кийин, имам төртүнчү жолу Аллааху Акбар, – дейт жана алгач жүзүн оң тарапка, кийин сол тарапка буруп, эки жолу Ассалааму Алайкум Ва Рахматуллаах, – дейт, башкалар да жүздөрүн оң жана сол тарапка буруп, басыңкы үн менен эки жолу Ассалааму Алайкум Ва Рахматуллаах, – деп намазды аякташат.

Жаназа намазында Руку менен Сажда болбойт. Маркум атактуу киши болсо же Жаназасына аз адамдар катышкан болсо, анда Гайбаана Жаназа намазын окуса болот. Жаназа намазын окуу ар бир мусулман үчүн парыз болбостон, ал Фарз-и-Кифая, – деп аталат. Жаназа намазын бир нече киши окуса да, ал бардык мусулмандар тарабынан орундалган болуп эсептелет. Мусулман жамаатынын башка кишилери Жаназа намазын окуу мажбурлугунан бошотулат.

Эгер маркум балакат жашына жеткен болсо, мейли ал эркек киши болсун, мейли ал аял киши болсун, бул дуба окулат:

Намаз жаназа өлүм өлүк

Окулушу:

Аллаахуммагфир ли хаййинаа ва маййитинаа ва шаахидинаа ва гааибинаа ва сагийринаа ва кабийринаа ва закаринаа ва унсаанаа. Аллаахумма ман ахйайтахуу миннаа фа ахйихий алал Ислаам, ва ман таваф файтахуу миннаа фа таваффахуу алал иймаан. Аллаахумма лаа тахримнаа ажрахуу валаа тафтиннаа баъдах.

Котормосу:

Эй, Алла! Тирүүлөрүбүздү жана өлүктөрүбүздү, бар болгондорубузду жана жокторубузду, жаштарыбызды жана карыларыбызды, эркектерибизди жана аялдарыбызды кечиргин. Эй, Алла! Биздин арабыздан Сен тирүү калтырмакчы болгон кишини Исламга амал кылган бойдон калтыргын, ошондой эле биздин арабыздан Сен өлтүрмөкчү болгон кишини ыймандуу бойдон өлтүргүн. Эй, Алла! Бизди ушул маркумдун сыйлыгынан куру калтырбагын жана андан кийин бизди сыноодон өткөрбөгүн! («Ибни Маажа», Китаабуль-Жанааиз, Баабуд-Дуа фис-Салаати алал Жанаазах, 107-бет).

Маркум жаш балага окулган дуба

Намаз жаназа өлүм өлүк

Окулушу:

Аллаахуммажъалху ланаа салафан ва фурутан важъалху ланаа ажран ва зухран важъалху ланаа шаафиъам мушаффаъаа.

Котормосу:

Эй, Алла! Аны биздин алгач баратканы кылгын жана аны сыйлык-соопту жыйноочу куралына айландыргын. Аны бизге шапаат кылуучу кылгын жана анын шапаатын (биз үчүн) кабыл кылгын!

Маркум жаш кыз балага окулган дуба

Намаз жаназа өлүм өлүк

Окулушу:

Аллаахуммажъалхаа ланаа салафан ва фурутан ва зухран ва ажран ва шаафиъатан ва мушаффаъатан.

Котормосу:

Эй, Алла! Ал (кыз)ды биздин алгач баратканы кылгын жана ал (кыз)ды сыйлык-соопту жыйноочу куралына айландыргын. Ал (кыз)ды бизге шапаат кылуучу кылгын жана ал (кыз)дын шапаатын (биз үчүн) кабыл кылгын!

Намаз бүтөөрү менен Маййитти кечиктирбестен мүрзөгө алып баруу керек. Жаназага баргандар кезек-кезеги менен табытты ийиндерине көтөрүп барышат. Эгер мүрзө алыс болсо, кандайдыр бир унааны пайдаланса болот. Маркумду узатуу аземинде катышуучулар жол бою басыңкы үн менен Алла Тааланы зикир кылып, маркумдун күнөөлөрүн кечирүүсүн тилөөлөрү керек.

Мүрзөнүн ичиндеги Лахад (көңдөйчө) казылса да, казылбаса да болот. Бирок мүрзө кең болушу керек. Өзгөчө абалдарда бир мүрзөгө бирден артык кишинин коюлушу да мүмкүн. Маййит атайын мүрзөгө убактылуу коюлса же кабрды суу каптап, катуу коркунуч туулса, өлүктүн тез чирип кетпеши үчүн аны темир же жыгач табытка салып көмүүгө уруксат берилет.

Өлүктү кабрга этияттык менен түшүрүү керек. Маййитти кабрга түшүрүп жатканда төмөндөгү дуба окулат:

Намаз жаназа өлүм өлүк

Окулушу:

Бисмиллаахи ва биллаахи алаа миллати Расуулиллаахи саллаллааху алайхи ва саллам.

Котормосу:

Алланын аты менен, Алланын жардамы менен, Алланын Элчиси саллаллааху алайхи ва салламдын үммөтүнө.

Өлүк кабрга коюлгандан кийин, кепинди бир аз бошотуп коюу керек, маркумдун жүзү Кааба тарапка каратылат. Бир нече кирпич, чопо же таш терилип, Лахад бекитилет. Андан соң кабрдан казылган кум же топурак менен көмүлөт. Бул учурда төмөнкү дуба окулат:

Намаз жаназа өлүм өлүк

Окулушу:

Минхаа халакнаакум ва фийхаа нуъийдукум ва минхаа нухрижукум тааратан ухраа.

Котормосу:

Биз силерди топурактан жараттык жана силерди ага кайтарабыз, анан аягында силерди андан чыгарабыз.

Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын амалына этият кылгандар кабр үстүнө бир аз дөбөчө үйүшөт.

Көргө коюу аземи бүткөндө, Алла Тааладан маркумдун күнөөлөрүн кечирүүсүн тилеп, колдорун көтөрүп, үн чыгарбай, ичинен жамаат болуп дуба окушат. Кийин Жаназага катышкандар төмөндөгү дубаны окуп, кабрстандан кайтышат.

Намаз жаназа өлүм өлүк

Окулушу:

Ассалааму алайкум ва иннаа иншаа’аллааху бикум ла лаахикуун.

Котормосу:

Силерге тынчтык болсун, Кудай буюрса, биз силерга кошулуучубуз.

Маркумдун тууган-туушкандарына көңүл айтылат.

Аза күткөн үй-бүлөнүн жакын жана сүйүктүү (кымбат) кишилери же кошуналары бир жолу болсо да, тамак бышырып, маркумдун үйүнө жеткирүүсү мактоого ылайык иш.

Эч ким Бидъатка берилбеши керек. Үч күн бою көңүл айтылып, аза күтүлөт. Андан кийин жашоо өз нугуна түшүп, адаттагыдай улантылат. Бирок маркумдун жесири төрт ай жана он күн аза тутса болот. Курани Каримде жазылгандай, аял эркекке караганда алсыз болуп, узак убакытка чейин сар-санаага батат. Ошондуктан, жесир аялга дагы ошончо убакыт керек болот. Мына ошондо ал коргоого муктаж болот, анткени айрым аягы суюктар жесир аялдын оор ахвалын пайдаланып, жалган жана ашык сөздөр менен анын көңүлүн алып, жолдон азгыруусу мүмкүн. Бул мезгилде жесир аял өтө аргасыз жагдайда гана көчөгө чыгат, башка убактарда дайыма үйдө отурушу лаазым. Эгер жесир аял үй-бүлөөнүн жападан-жалгыз багуучусу болуп, өз милдетин аткаруусу зарыл болсо, ишке чыгып, өз жумушу менен алектенүүсү мүмкүн, бирок эч ким аны менен алакада болбошу керек.

Мындан тышкары ал бетин боёгондон, майрамдагыдай кийинүүдөн, денесине атыр жыт себинүүдөн жана майрам салтанаттарына катышуудан өзүн тыюусу керек. Бул убакта ал Алла Тааланы дайыма зикир этип, сабыр кылып, өз Парбардигерине шүкүр кылуусу керек.

Share via