Жамаат намазында сапка туруунун жол-жобосу • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Жамаат намазында сапка туруунун жол-жобосу

мечит ыйман Ислам дин Намаз Куран орозо Мусулман Момун

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан:

{مَنْ سَمِعَ النِّدَاءَ فَلَمْ يَأْتِهِ فَلَا صَلَاةَ لَهُ إِلَّا مِنْ عُذْرٍ}

(سنن ابن ماجه, كتاب المساجد والجماعات)

Ким азандын үнүн угуп, мечитке келбесе, (үйдө намаз окуп алса), анда анын намазы болбойт, эгер кандайдыр бир себеби болсо, анда башка кеп. («Сунан Ибн Маажа», Абваабул-Масаажид вал-Жамаъаат, Баабут-Таглийз фит-Тахаллуф анил-Жамаъах)

Бул күндөрдө эл аралык деңгээлде адамдар коронавирустан таралган коркунучтуу жугуучу ооруга кабылышкан, натыйжада миңдеген адамдар өлүп кетишкен жана ал дагы эле токтой элек. Окумуштуулардын пикиринче, адамдардын чогулуштарынын айынан бул вирус тездик менен жайылат, ошон үчүн анын кесепеттеринен сактануунун бир өтө таасирдүү ыкмасы мүмкүн болушунча өз ара карым-катышуудан оолак болуу деп айтылат. Ошондой эле ал вирустун жайылышын токтотуу үчүн аябай көп адамдар бир жерге чогулушпасын деп да айтылат.

Ислам дини күндө беш жолу намаз окууга буюрат, айрыкча эркектерге кандайдыр бир жүйөлүү себептен башка мечитке барып, беш маал намазды жамаат болуп аткарууга буюрат. Ошентсе да, бул күндөрдө коронавирустун коркунучтуу жугуучу оорусунун айынан улуу уламалар төмөнкүдөй маселеде бир пикирде: бүгүнкү өкүм сүргөн кырдаалда өз ара карым-катышта болуу жана көптөгөн адамдардын бир жерге чогулушу коркунучтуу болушу мүмкүн жана ушул вирустун жайылышына кандайдыр бир курал болушу мүмкүн, ошондой эле Курани Каримдин «өз колдоруңар менен өзүңөрдү кыйроого салбагыла» деген буйругунун негизинде ушул вирус азыркы жагдайда мечитке барбоо үчүн кандайдыр бир чыныгы себеп болуп эстептелинет. Намаз аткаруу үчүн мечитке баруу менен өз ара карым-катыш күчөйт, ошон үчүн учурдагы кырдаалда үйлөрдө жамаат болуп, намаз окууга чакырылып жатат.

Сүйүктүү Имамыбыз Азирети Халифатул-Масийхил-Хаамис (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) 2020-жылдын 27-мартында түз эфир аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлгөн өзүнүн атайын кайрылуусунда учурлук кырдаалда өкмөт башкармалыгы тарабынан этият болуп, мечиттерге барбоого көрсөтмө берилген аймактарда өз үйлөрүңөрдө жамаат болуп, намаз аткаргыла деп көрсөтмө берген.

Мына ушундай жагдайда кээ бир жөнөкөй маселелер чечмеге муктаж. Мисалы, жамаат болуп, намаз аткарганда, имам кайда турушу керек, эгер аны ээрчигердердин арасында балдар жана аялдар болсо же бир эркек болуп, калгандары аялдар болсо, же имамды ээрчип, намаз аткара тургандар жалаң аялдар болсо, ж.б., мына ошондой жагдайда намаз окуй турган эркектер, балдар же аялдар кандай сап тартышы керек? Мына ошол маселелерди бир аз чечмелөө үчүн бул макаланы окурмандарга сунуш кылып жатабыз.

Жамаат болуп намаз аткаруу

Жамаат болуп, намаз аткаруунун мааниси бул: бир адам намазды окутуу үчүн алдында турсун жана башкалар анын артында сап тартышсын, ал кандай намаз аткарса, анын артында тургандар дагы дал ошондой намаз аткарышсын. Алдыга чыгып, намаз окута турган «имам» деп аталат жана анын артында сап тартып тургандар «муктадий» (ээрчүүчүлөр) деп аталышат. Жамаат болуп, намаз аткаруу үчүн кеминде эки адам болушу керек. Эгер намаз аткара турган эки адам болсо, анда «муктадий» имам менен бир сапта анын оң жагында турат, эгер намаз окуй турган адам экиден ашыгыраак болсо, анда имам алдында турат жана «муктадий» анын артында сап тартышат.

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам): «Имам» деген сөз өзү белгилегендей, ал алдында турушу керек. Ал арабча сөз болуп, башкалардын астында турган деген маанини билдирет», – деп айткан. («Бадр» газетасы, 28 март, 1907-жыл, 9-бет)

мечит ыйман Ислам дин Намаз Куран орозо Мусулман Момун

Намазга имамчылык кылуу маселеси боюнча Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сүннөтү

Намазга имамчылык кылуу маселеси боюнча Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сүннөтүнөн төмөкүдөй маселелер далилденет:

1. Эгерде намазда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен бирге «муктадий» катары бир гана эркек киши же жаш бала болсо, анда ал (саллаллааху алайхи ва саллам) аны «муктадий» катары өзүнүн оң жагына чыгарып, имамчылык кылчу. Мисалы, Азирети Ибн Аббаас (разияллааху анхумаа) мындай айтат:

نِمْتُ عِنْدَ مَيْمُونَةَ وَالنَّبِيُّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ عِنْدَهَا تِلْكَ اللَّيْلَةَ فَتَوَضَّأَ ثُمَّ قَامَ يُصَلِّي فَقُمْتُ عَلَى يَسَارِهِ فَأَخَذَنِي فَجَعَلَنِي عَنْ يَمِينِهِ

(صحيح البخاري, كتاب الأذان)

«Мен (өз тайежем) Азирети Маймуна (разияллааху анхаа)нын жанында түнөгөм жана ал түндө  Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) аныкында болчу. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) даарат алып, намазга туруп, намазды аткара баштаганда, мен дагы келип, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сол жагына туруп алгам. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) мени кулагыман кармап, өзүнүн оң жагына өткөрүп салган». («Сахих Бухарий», Китаабул-Азаан, Баабу изаа каамар-ражулу ан ясаарил-имами фа-хаввалахул-имаму илаа яминихий лам тафсуд салаатухумаа)

Ошондой эле дагы бир рабаятта Азирети Анас бин Маалик (разияллааху анху) мындай деп айтат:

أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ صَلَّى بِهِ وَبِأُمِّهِ أَوْ خَالَتِهِ قَالَ فَأَقَامَنِي عَنْ يَمِينِهِ وَأَقَامَ الْمَرْأَةَ خَلْفَنَا

(صحيح مسلم, كتاب المساجد ومواضع الصلاة)

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мага жана апам же тайежеме намаз окуткан, (тагыраак айтканда, имамчылык кылган), ошондо мени өзүнүн оң жагына чыгарган жана ал аялды артыбызда тургузган. («Сахих Муслим», Китаабул-Масаажиди ва маваазиъус-салаах, Баабу жаваазил-жамааъти фин-наафилати вас-салаати алаа хасийрин ва хумратин ва саубин ва гайрахаа минат-тахираат)

2. Бирден ашык адам болгондо, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) алдыга чыгып, имамчылык кылчу, калган эркектер ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын артында туруп, жамаат намазын аткарышчу. Буга бир топ мисалдар көптөгөн хадис китептеринде кезигет.

3. Үчүнчү көрүнүш төмөндөгүдөй: намазда ал (саллаллааху алайхи ва саллам) менен бирге ыйык жубайларынын (разияллааху анхум) бирөөсү болчу же андан тышкары бир эркек киши же жаш бала болчу. Мына ошондой жагдайда ал (саллаллааху алайхи ва саллам) ал эркек киши же жаш баланы «муктадий» катары өзүнүн оң жагына чыгарып алчу жана ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жубайы анын артындагы сапта жалгыз туруп, жамаат намазына катышчу. Мисалы, Азирети Абдулла бин Аббаас (разияллааху анхумаа)дан мындай деп рабаят этилет:

صَلَّيْتُ إِلَى جَنْبِ النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ وَعَائِشَةُ خَلْفَنَا تُصَلِّي مَعَنَا وَأَنَا إِلَى جَنْبِ النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أُصَلِّي مَعَهُ

(سنن النسائي, كتاب الإمامة)

«Мен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын оң тарабында туруп, намаз окугам жана Азирети Айша (разияллааху анхаа) артыбызда туруп, намаз окуган». («Сунан Насаай», Китаабул-имамати, Баабу муваккафил-имами изаа каана маъаху сабиййун ва имратун)

4. Төртүнчү көрүнүш төмөндөгүдөй: жамаат болуп, намаз аткаруу маалында ал (саллаллааху алайхи ва саллам) менен бирге ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жубайынан башка бир аял бар болчу, ошондой эле бирден ашык эркек же жаш балдар дагы бар болчу. Мына ошондой жагдайда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) алдыга чыгып, имамчылык кылчу, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дан кийинки сапка бирден ашык эркектер же балдар турушчу жана акыркы сапка аялзаты жалгыз туруп, жамаат намазына катышчу. Мисалы, Азирети Анас бин Маалик (разияллааху анху) мындай деп айтат:

{صَلَّيْتُ أَنَا وَيَتِيمٌ فِي بَيْتِنَا خَلْفَ النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ وَأُمِّي أُمُّ سُلَيْمٍ خَلْفَنَا}

(صحيح البخاري, كتاب الأذان)

«Мени менен бир жетим бала Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын аркасында өз үйүбүздө намаз окуганбыз, ошондо менин апам Азирети Умми Сулайм (разияллааху анхаа) артыбызда туруп, намаз окуган». («Сахих Бухарий», Китаабул-Азаан, Баабул-мар′ату вахдахаа такууну саффан)

Ошондой эле дагы бир рабаятта Азирети Анас бин Маалик (разияллааху анху) мындай деп айтат:

أَنَّ جَدَّتَهُ مُلَيْكَةَ دَعَتْ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ لِطَعَامٍ قَدْ صَنَعَتْهُ لَهُ فَأَكَلَ مِنْهُ ثُمَّ قَالَ قُومُوا فَلِأُصَلِّيَ لَكُمْ قَالَ أَنَسٌ فَقُمْتُ إِلَى حَصِيرٍ لَنَا قَدْ اسْوَدَّ مِنْ طُولِ مَا لُبِسَ فَنَضَحْتُهُ بِمَاءٍ فَقَامَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ وَصَفَفْتُ أَنَا وَالْيَتِيمُ وَرَاءَهُ وَالْعَجُوزُ مِنْ وَرَائِنَا فَصَلَّى لَنَا رَكْعَتَيْنِ ثُمَّ انْصَرَفَ

(سنن النسائي, كتاب الإمامة)

Менин чоң энем Азирети Мулайка (разияллааху анхаа) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды өзү ал (саллаллааху алайхи ва саллам) үчүн даярдаган тамакка чакырган. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) андан бир азын жеп, анан келгиле, мен силерге намазды окутайын деп айткан. Азирети Анас (разияллааху анху): «Мен ордуман туруп, көп убакытка чейин колдонулгандыгы себебинен карайып кеткен бир килем жакка бардым, мен ага суу чачтым, анан Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ага турган, мен жана бир жетим бала ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын артында сапка турдук жана ал кемпир (чоң энем) аркабызда туруп, (намазды аткарган эле). Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) эки рекет намазды окутуп, анан кайтып кеткен», – деп айтат». («Сунан Насаай», Китаабул-имамати, Баабу изаа каануу салаасатан вам-ра′тан)

5. Рабаяттардан далилденген дагы бир нерсе: эгер жамаат болуп, намазды аткаруу үчүн жалаң аялдар гана болсо, анда аялзаты аялдарга имамчылык кыла алат. Мисалы, Азирети Умми Варака (разияллааху анхаа)дан мындай деп рабаят этилет: «Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) аларга келип турчу, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) алар үчүн бир азанчыны дайындаган, ал азан чакырчу жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ага (Азирети Умми Варака (разияллааху анхаа)га: Үйдөгүлөргө жамаат болуп, намаз окутуңуз», – деп айткан. («Сунан Аби Давуд», Китаабус-Салаат, Баабу имаматин-нисаа)

Эгер жамаат болуп, намаз аткара турган жалаң аялдар болсо, ошондо имам боло турган аял башка аялдар менен бирге ошол эле сапка туруп, имамчылык кылат, эркек имам сыяктуу алдыңкы сапка туруп, имамчылык кылбайт. Мисалы, бир рабаяттан далилденгендей, Азирети Айша (разияллааху анхаа) аялдарга имамчылык кылганда, аялдардын ортосуна турчу. («Сунан Ад-Даар Кутний», Китаабус-Салаати, Баабу Салаваатин-Насааи жамаъатун ва муваккафу имамихинна)

Сапка туруунун жалпы усулу (принциби)

Жамаат болуп, намаз аткаруу убагында «муктадийлердин» жалпы тартиптүүлүгү үчүн «Муснад Ахмад» аттуу хадис китебинде төмөнкүдөй рабаят кезигет:

حَدَّثَنَا وَكِيعٌ حَدَّثَنِي عَبْدُ الْحَمِيدِ بْنُ بَهْرَامَ عَنْ شَهْرِ بْنِ حَوْشَبٍ عَنْ عَبْدِ الرَّحْمَنِ بْنِ غَنْمٍ قَالَ قَالَ أَبُو مَالِكٍ الْأَشْعَرِيُّ لِقَوْمِهِ أَلَا أُصَلِّي لَكُمْ صَلَاةَ رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَصَفَّ الرِّجَالُ ثُمَّ صَفَّ الْوِلْدَانُ خَلْفَ الرِّجَالِ ثُمَّ صَفَّ النِّسَاءُ خَلْفَ الْوِلْدَانِ

(مسند أحمد, كتاب باقي مسند الأنصار)

Азирети Абу Маалик Ал-Ашъарий өз коомуна: «Мен силерге Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) окуган намаз сыяктуу намазды окутайынбы?» – деп айткан. Ошентип, ал (разияллааху анху) а дегенде эркектердин сабын түздүргөн, эркектердин аркасында балдарды тургузуп, анан балдардын артында аялдардын сабын түздүргөн.

Жогоруда келтирилген бардык рабаяттардан далилденгендей, эгер жамаат болуп, намазды аткаруу убагында аялдар дагы бар болсо, анда алардын сабы эркектерден өзүнчө болот, бирөө гана аял болсо дагы. Аялзатына имамчылык кылган адам ошол аялдын Махрамы (мисалы, күйөөсү, атасы, уулу, бир тууган ага-иниси) же башка Махрам тууган-туушканы болсо дагы, ар кандай жагдайда аялзаты өзүнчө сапка туруп, жамаат намазына катышат.

Бул жаатта Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын төмөндөгүдөй ыкмасы далилденген. Азирети Мир Мухаммад Исхаак (разияллааху анху) мындай деп айтат: «Балалык чагыбызда жыйырмадай жолу ушундай болгон: Хузур (алайхиссалаам) шам менен куптан намазын үй ичинде аялдарга жамаат болуп окуткан. Мен ал (алайхиссалаам)дын оң жагында турчу элем. Аялдар болсо, артыбызда турушчу». (Айлык «Ал-Фуркаан» журналы, сентябрь, октябрь 1961, 49-бет)

Ошондой эле Азирети Мырза Башир Ахмад Сахиб (разияллааху анху) мындай деп жазат:

«Мунший Зафар Ахмад Сахиб Капурталвий жазуу түрүндө мага төмөнкүлөрдү айтып берген: Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) Жаландар шаарында түнөгөн болчу. Мен тамга чыктым. Хузур (алайхиссалаам) жалгыздыкта аябай узакка чейин туруп намаз окучу жана руку менен саждаларга бир топ убакыт турчу. Бир кызматчы аял, аты Май Таби болушу керек, ал өтө карыган кемпир болчу, Хузур (алайхиссалаам)дын жанындагы жайнамазга туруп, намаз окуп кеткен эле. Мен бир топко чейин отурдум. Хузур (алайхиссалаам) намаз окуп болгондон кийин мен: «Аялзаты эркек киши менен бирге туруп намаз окуй алабы?» – деп сурадым, Хузур (алайхиссалаам): «Ал артында турушу керек», – деп жооп берген. Мен: «Хузур! Май Таби азыр эле Сиз менен тең туруп, намаз окуп кеткен го!» – деп айттым. Ал (алайхиссалаам): «Мен анын качан келип, качан кеткенин билбейм», – деп айткан». («Сийратул-Махдий», 2-том, 122-бет)

Бул жерде айта кетчү дагы бир зарыл нерсе, Ислам шарияты бир гана куру маселелерди ээрчүүнү гана талап кылбайт, жок, туш келген жагдай жана кырдаалга жараша буйруктарды аткарууга көрсөтмө берет. Адам аргасыз болуп калган жерде жеңилдик жаратуу Ислам шариятынын кооздугу болуп саналат. Мисалы, Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мүмкүн болушунча Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын эркектер өзүнчө сапка турушсун жана аялдар өзүнчө сапка турушсун деген сүннөтүн ээрчичү, кудум жогоруда Азирети Мир Мухаммад Исхаак (разияллааху анху) баяндаган рабаяттан да белгилүү болгондой. Ошентсе да, эгерде кандайдыр бир аргасыздык болсо жана шарияттын буйруктарында дагы жеңилдик бар болсо, андан дагы пайдаланышчу. Буга мисал катары төмөндө Азирети Мырза Башир Ахмад Сахиб (разияллааху анху) келтирген бир рабаят жазылып жатат.

Намазда аргасыздыктан  (Махрам) аялды өзү менен бирге тургузуу

Азирети Мырза Башир Ахмад Сахиб (разияллааху анху) мындай деп жазат:

«Доктор Мир Мухаммад Исмаил Сахиб мага төмөнкүлөрдү айтып берген: мен Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)ды үйдө намаз окутканда, Азирети Уммул-Му῾минийн[1]ди «Муктадий» катары өзүнүн оң жагына тургузганын бир канча жолу көргөм. Ал эми белгилүү фикх маселеси мындай: «Муктадий» катары аялзаты жалгыз болсо да, ал эркек менен бирге эмес, анын артында турушу керек. Ооба, эгерде «Муктадий» катары эркек киши жалгыз болсо, анда ал имам менен бирге анын оң жагында турушу керек. Мен Азирети Уммул-Му῾минийнден бул нерсени сураганымда, ал киши дагы аны тастыктаган, бирок ошону менен бирге: «Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мен кээде турганымда башым тегеренип кетет, ошон үчүн сиз менин жанымда туруп, намаз окуп алыңыз дечү», – деп кошумчалаган». («Сийратул-Махдий», 1-том, 636-637-бет)

Жогорудагы рабаят боюнча Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын өз амалынан далилденгендей, эгерде чынында кандайдыр бир жүйөлүү себеп болсо, эркек киши имамчылык кылган убакытта өзү менен бир Махрам аялды, мисалы, өз жубайын тургузуп, жамаат болуп, намазды аткарса болот.

Жалпысынан, үйдө төмөндөгүдөй төрт түрдүү тууганчылык байланыш эркек менен аялдын ортосунда Махрам деген даражага ээ болот:

  1. Эркек жана аял (эр-катын);
  2. Ата менен кызы;
  3. Эне менен баласы;
  4. Бир тууган ага-ини менен эже-карындаштары.

Жогоруда тилге алынган тууганчылык байланыштан тышкары дагы кээ бир тууганчылык байланыштар Махрам даражасына ээ: мисалы, атанын ата-энеси (чоң-ата, чоң-эне), атанын ага-инилери жана эже-карындаштары, апанын ата-энеси (тайата менен тайэне), эненин ага-инилери жана эже-сиңдилери ж.б.

Ошентсе да, кайсы бир Махрам эмес эркек менен аялдын чогуу бир эле сапка туруп, жамаат болуп, намазды аткаруусун кандай гана болбосун, дурус деп айтууга болбойт.

٭…٭…٭

[1] Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын экинчи жубайы Азирети Саййида Нусрат Жахан Бегам айым.

Share via