Бейиштин философиясы • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Бейиштин философиясы

Мырза Гулам Ахмад

Алла Тааланын берешендигисиз эч бир нерсе насип этилбейт. Бул дүйнөдө Алла Тааланын берешендигине ээ болгон бирөө гана акыретте да ага ээ болот. Мисалы, Алла Таала мындай деп айтат:

وَ مَنۡ کَانَ فِیۡ ہٰذِہٖۤ اَعۡمٰی فَہُوَ فِی الۡاٰخِرَۃِ اَعۡمٰی

Бул дүйнөдө сокур болгон бирөө акыретте да сокур болот. (17:73)

Ошондуктан, адамга бейиштик жашоо тартуулай турган ушул сезгич жөндөмдөрүнө жетишүүгө ушул дүйнөнүн өзүндө эле аракет кылуу керек  жана такыбалуулуксуз аларга жетишүүгө болбойт. Ушул көздөр менен адам Алла Тааланы көрө албайт, бирок такыба көздөрү менен адам Алла Тааланы көрө алат. Эгер такыба болсо, анда Алла Таала ага көрүнгөнүн сезет жана бир күн келип, мен Алла Тааланы көрдүм деп айтат. Такыба адамга бул дүйнөнүн өзүндө эле насип этилген ушул бейиштик жашоо Курани Каримдин дагы бир жеринде бир аз кеңири чагылдырылган.

Мисалы, мындай деп жазылган:

کُلَّمَا رُزِقُوۡا مِنۡہَا مِنۡ ثَمَرَۃٍ رِّزۡقًا ۙ قَالُوۡا ہٰذَا الَّذِیۡ رُزِقۡنَا مِنۡ قَبۡلُ

Бул дүйнө жашоосунда эле аларга насип этилген мөмө-жемиштер о дүйнөдө аларга берилгенде, алар: «Бул мурун эле бизге берилген мөмө-жемиштер го», – деп айтышат (2:26), себеби алар ошол мөмө-жемиштердин аларга мурун берилген мөмө-жемиштерге окшош экенин табышат. Мындан дүйнөдө бар болгон жана алар жеп жүргөн нээматтар, мисалы сүт, бал, сары май, анар, жүзүм ж.б. эле аларга бейиште да берилет, ошондой эле ал нерселер менен камсыздоо үчүн көптөгөн бактар, дарактар, бакчачылар, (жүзүмдөрдүн) сабактары ж.б., ошондой эле топоздор үйүрү болот жана бак-дарактарда бал аарыларынын уялары болуп, алардан бал алынып, бейиш ээлерине берилет деген маани такыр чыкпайт. Ушунун баары жаңылыштык ойлор. Эгерде аларга дүйнөдө берилген нээмат эле бейиштин нээматы болсо жана акыретте да ошол эле берилсе, анда момундар менен каапырлардын ортосунда айырма деле калбайт го. Жогорудагы бардык нерселерге жетишүүдө каапырлар жана мушриктер да шерик болушат. Анда бейиштин өзгөчөлүгү эмнеде? Бирок Курани Карим жана сахих хадистерден далилденгендей, бейиштин нээматтары ушундай нээматтар: аларды эч бир көз көргөн эмес, эч бир кулак уккан эмес жана жүрөктөрдөн да өткөн эмес. Бирок биз байкагандай, дүйнө нээматтарын бардык көздөр көргөн, кулактар уккан жана жүрөктөрдөн өткөн. Мындан маалым болгондой, бейиштеги ошол нээматтар денелик таризинде сүрөттөлгөнү менен негизинен алар такыр эле башка, антпесе «рузикнаа мин каблу» (мурун бизге берилген) (2:26) дегендин мааниси эмне? Анын мааниси ушул гана:

وَ مَنۡ کَانَ فِیۡ ہٰذِہٖۤ اَعۡمٰی فَہُوَ فِی الۡاٰخِرَۃِ اَعۡمٰی

Дагы бир жерде Курани Карим мындай деп айтат:

وَ لِمَنۡ خَافَ مَقَامَ رَبِّہٖ جَنَّتٰنِ

Кимде-ким Алла Тааладан корксо, Анын улуулугу жана айбаттуулугу даража-мартабасынан корксо, ал үчүн эки бейиш бар (55:47). Бири ушул дүйнөнүкү, экинчиси о дүйнөнүкү. Чын жүрөктөн өздөрүн Анын жолуна жоготуп, Аны издеп, Ага сыйынгандарга (ошол сыйынуудан) кандайдыр бир лаззат табыла башталат. Аларга рухту жыргатып, Алла Таала жөнүндөгү терең руханий илим-билимдерди көбөйтүүчү руханий азыктар насип этилет. Бир жерде Шейх Абдул Кадыр (рахматуллахи алайх) мындай дейт: инсан Аариф[1] болуп кеткенде, анын намазынын сообу жок болот. Бул анын намазын Алла Таала кабыл кылбайт деген маанини билдирбейт. Жок, ага лаззат (рахат) келе башталгандыктан, анын Алла Тааланын алдында болгон сообу эми дүйнөнүн өзүндө эле бериле башталган деген маанини билдирет. Мисалы, бир адам сүткө муз жана жыпар жыт салып ичет, ошондо ага сооп болот деп айта алабызбы, анткени ал жер үстүндө жашап жаткан учурда эле лаззаттын туу чокусуна жетип жаткан жокпу? Алла Тааланын ыраазычылыгын алуу жана кайсы бир амалдын кабыл болуусу башка нерсе жана сооп – бул башка нерсе. Ар бир сөз өзүнүн ордуна карап колдонулат. Ошол жагынан Шейх Абдул Кадыр Аарифтин намазынын сообу жок болот деп айткан. Алланы таануучу инсан өз жайында толук бойдон бейиште болот. Адам баласы толук бойдон Алла Таала менен алака-байланышын түзүп алгандан кийин анын моюнунда болгон бардык «моюнтуруктар» жана жүктөр алынып салынат. Сыйынууда ага Алла Таала тарабынан насип этилүүчү лаззат (рахат) башка болот жана жеп-ичүү, аял менен кошулуу ж.б. жолдор аркылуу насип этилүүчү лаззат башка болот. Эгер Аариф эшик жаап, өз Раббисине жалынып-жалбарып, өз сырлары жана ички ахвалын бөлүшүп жаткан болсо, ошондо өзүнүн сыйынуусу жана жалынып-жалбаруусун ачыкка чыгарууга аябай намыскөй болот жана анын ачылышын эч качан жактырбайт. Ал кезде эгерде бирөө эшикти ачып, ичине кирсе, ошондо ал кудум ойноштук кылып жаткан адам кармалганындай эле бушайман жана уят болот. Адам лаззат жана рахаттын мына ушундай даражасына жеткенде, анын ахвалы башкача болот. Мына ушул эле ахвалын эстеп, ал бейиште: «رُزِقْنَا مِنْ قَبْلُ», (мурун бизге берилген) (2:26)», – деп айтат. Бейиштик жашоонун пайдубалы ушул эле дүйнө болуп саналат. Өлгөндөн кийин адам бейишке киргенде, ушул эле ахвал жана лаззат анын эсине түшөт. Ошондуктан, ар бир адам ушуну эле тилеши керек. («Малфузаат», 6-том, 178-180-бет)

[1] «Билүүчү» жана «таануучу» дегенди билдирет. Руханий дүйнөдө Алла Тааланы таануучу инсан.

Share via