Кутулуу • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Ахмадия Махдий Ислам рамазан орозо кечирим такыба ыйман ишеним жакшылык

«Кутулуу тууралуу Инжилде баян этилген маселе, тагыраак айтканда, Азирети Иса (алайхиссалаам)дын кристте өлүүсү жана Каффаара[1] деген таалимди Курани Карим кабыл кылган эмес. Ошентсе да, Курани Карим Азирети Иса (алайхиссалаам)ды улуу пайгамбар, Кудайдын сүйүктүүсү, жакыны жана ардактуусу деп айтат, бирок аны болгону адамзат деп айтат. Ал кутулуу үчүн күнөөкөрдүн жүгүн кандайдыр бир күнөөсүз бирөөгө жүктөөгө уруксат бербейт. Зайддын күнөөсү үчүн Бакрдын тутулушун акыл дагы кабыл кылбайт. Адамдык бийликтер дагы ушул маселеге амал кылган жок. Өкүнүчтүүсү, кутулуу боюнча христиандар жасаган ката сыяктуу эле Аариялар дагы жаңылышты жана түпкү акыйкатты эстен чыгарышты. Анткени, Аариялардын ишеними боюнча, тобо жана Истигфаар эч нерсе эмес, адамзат бир күнөө үчүн ар кандай реинкарнациядан өтүп, жасаган күнөөсү үчүн белгиленген жаза алмайынча кутулууга болбойт». («Руханий хазааин», 23-том, «Чашма-э- Маърифат», 414-бет)


[1] Христиандардын «Иса пайгамбар өз жанын курман кылып, адамзатты күнөөдөн куткарган» деген ишеним.

Share via