Өлүмдөн кийинки жашоо

«Исламда төмөндөгүдөй жогорку даражалуу философия бар: ар бир адамга лаззат жана азапты сезүү үчүн керектүү дене мүрзөдө гана берилет. Ал дене кайсы заттан даяр болоорун биз так жана даана айта албайбыз. Себеби, ушул өтө турган дене жок болуп кетет жана чынында ушул эле дененин мүрзөдө тирүү экенин эч ким байкабайт. Анткени, ушул дене көбүнчө өрттөлөт дагы, музейлерде сөөктөр дагы сакталат жана узак мөөнөткө чейин мүрзөлөрдөн тышта дагы кармалат. Эгер ушул эле дене тирилгенде, албетте, адамдар аны көрүшмөк. Бирок, андай болсо да, дененин тирилүүсү Курани Каримден далилденет. Ошондуктан, биз көрө албаган кандайдыр бир башка дене аркылуу адамзат тирилтилет. Ыктымал, ал дене ушул эле дененин кылдат бөлүкчөлөрүнөн жаралат. Ошондо, дене берилген соң адамдык жөндөмдүүлүктөр күчүнө кирет. Бул экинчи дене мурунку денеге караганда абдан назик болот, ошол үчүн ага аяндар эшиги абдан чоң ачылат». («Руханий хазааин», 13-том, «Китаабул-Бариййа», 70-71-бет)