Жихад • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну
намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар

(1)

«Ислам эч качан зордук-зомбулук маселесин үйрөткөн эмес. Эгер Курани Каримге, бардык хадис китептерине жана тарыхый китептерге кылдаттык менен көңүл бурсак жана адамзаттын колунан келишинче этибар берип окусак, анда ушунчалык кеңири маалыматтан кийин толук ишенүү менен «Ислам динди мажбурлоо жолу менен таратуу үчүн кылыч көтөргөн» деген дооматтын негизсиз жана уятсыз жалаа экендиги аныкталып чыгат. Бул – кастыктан бошонуп, Курани Карим, хадис жана Исламдын ишенимдүү китептерине назар салбаган, тескерисинче жалган жалааларды жабуу ишинде чоң салым кошкон адамдардын ой-пикири. Бирок, мен билемин: эми ал доор жакындап келе жатат, качан чындыкка ачка болгондор жана чаңкагандар ушул дооматтардын акыйкаттыгын билип алышат. Ушул диндин Китеби – Курани Каримде: «Лаа икрааха фид-дийн[1]», – деп ачык-айкын көрсөтмө берилген. Тактап айтканда, бирөөнү динге киргизүү үчүн зордук-зомбулукка уруксат жок (2:257). Ушундай динди зордук-зомбулук дини деп айтууга болобу? Биздин улуу Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Ыйык Меккеде он үч жыл бою өзүнүн бардык досторуна күнү-түнү: «Жаманчылыкка жооп кайтарбагыла жана сабыр кылгыла», – деп насаат кылды. Анан душмандардын жаманчылыгы чектен ашып, бардык коомдор Ислам динин жок кылуу үчүн аракет кылганда, Алла Тааланын намысы кылыч көтөргөндөрдү өзүнүн куралы менен эле жок болуусун талап кылды. Болбосо, Курани Карим эч качан зордук-зомбулуктан таалим берген эмес. Ушундай Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)га зордук-зомбулук жалаасын коюуга болобу? Эгер зордук-зомбулук таалими берилгенде, анда Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сахаабалары зордук-зомбулук таалиминин айынан сыноолордун учурунда момундар сыяктуу чындык үлгүлөрүн көрсөтө алмак эмес. Ал эми Жетекчибиз жана Жолбашчыбыз – Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафаа (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сахаабаларынын туруктуулугу ушунчалык зор болгон: ушул жерде аны кеп кылуунун кажети жок. Алардын чынчылдыгы жана туруктуулугу эч кимге жашыруун эмес. Ал ушунчалык жогорку даражалуу болгон: башка коомдордо анын теңин табууга кыйын. Ушул туруктуу жамаат кылычтар астында дагы өз туруктуулугун жана чынчылдыгын таштаган эмес, тескерисинче өздөрүнүн улуу жана бийик Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам) менен бирдикте ушунчалык зор чынчылдыкты көргөзүштү: адамдын жүрөгү жана көкүрөгү ыйман менен жарык болмоюнча адамда эч качан ошондой чындык пайда болбойт. Кыскасы, Исламда зордук-зомбулук жок». («Руханий хазааин», 15-том, «Масийх Индияда», 11-12-бет)

(2)

«Дүйнөдөн өткөн бардык чыныгы мусулмандар «Исламды кылыч менен таратуу керек» деген ишенимге эч качан ээ болушкан эмес. Тескерисинче, Ислам дайыма өзүнүн жеке өзгөчөлүктөрүнүн аркасынан таралган. Ошондуктан, мусулман деп аталып, «Исламды кылыч менен жайылтуу керек» деген ишенимге ээ болгон адамдар Исламдын өзгөчөлүктөрүн иш жүзүндө четке кагышат». («Руханий хазаин», 15-том, «Тарякул-Кулууб», түшүндүрмө, 167-бет)


[1] (لَا إِكْرَاهَ فِي الدِّينِ} (البقرة 257}

Share via