Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Копенгагенде тарыхый кайрылуусун жасады
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Копенгагенде тарыхый кайрылуусун жасады

Азирети Мырза Масрур Ахмад дүйнө Ислам динине

«кастык көз айнеги менен эмес, адилеттүүлүк көз айнеги менен кароо керектигин»

айтты.

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнөлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхисслаам)дын 5-Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) 2016-жылдын 9-майында Копенгаген, Данияда жайгашкан «Хилтон» мейманканасында анын урматына өткөрүлгөн атайын бир кечеге тарыхый кайрылуусун жасады.

125 тен ашуун саясатчы, академик жана жамаат жетекчилери ал тарыхый кечеге катышышты, алардын катарында маданият мамилелери жана чиркөө мамилелери министри Ч.И. Бертел Хаардер мырза да бар болчу.

2016-05-09-DK-Copanhagen-Reception-002

Өзүнүн тарыхый кайрылуусунда Азирети Мырза Масрур Ахмад Ахмадия Мусулман Жамаатынын тынчтык максат-мүдөөлөрү жана анын Жетекчиси, Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхисслаам)дын билдирүүсү жөнүндө сөз кылды.

Улуу Урматтуу Халифа Ислам дини кылыч (курал) күчү менен тараган деген жалааны жокко чыгарып, Курани Каримдин аяттары менен Ислам дини универсалдуу диний эркиндик жана сабырдуулуктун жарчысы экенин далилдеп көрсөттү.

Сыйлуу коноктордун кээ бирлери Азирети Мырза Масрур Ахмадды Данияга «кош келгендиги» тууралуу айтып жана Ахмадия Мусулман Жамаатына өз колдоолорун көрсөтүү үчүн сахнага чыгышты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад Ахмадия Мусулман Жамаатынын башталгыч максат-мүдөөлөрү жөнүндө сөз кылуу менен өзүнүн тарыхый кайрылуусун баштады.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ислам дининде Ахмадия Мусулман Жамааты ушундай агым: анын максат-мүдөөлөрү абдан ачык-айкын. Биз адамзатты анын Жаратуучусу – Алла Таала жакка алып келүүнү каалайбыз. Биз бардык адамдардын көңүлүн башка адамдарга карата алардын милдеттерине жана бири-бирине сүйүү, мээримдүүлүк жана сый-урмат менен мамиле кылуу керектигине бургузууну каалайбыз. Ошондой эле биз дүйнөдө чыныгы жана түбөлүктүү тынчтыкты орнотууну каалайбыз жана тилейбиз».

2016-05-09-DK-Copanhagen-Reception-003

Ислам дининин башталгыч күндөрүндөгү жихад деген түшүнүк жөнүндө сөз кылып жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ислам динине көбүнчө ал кылыч аркылуу чыр-чатак жолу менен жайылган деген жалаа коюлат. Ушул жалаа бүтүндөй негизсиз жана анда кенедей да чындык болушу мүмкүн эмес. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын тирүү кезинде жана андан кийин келген төрт чыныгы жолдогу Халифанын доорунда кылынган бардык согуштар табиятынан бүтүндөй коргонуу багытында болуп, аларды согушууга мажбур кылган».  

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«А түгүл ушул жерде, Данияда бир канча жылдар мурун карикатуралар бастырылып, Ислам дининин Негиздөөчүсү (саллаллааху алайхи ва саллам)га акаарат келтирилген жана Кудай сактасын, ал кандайдыр бир империалист лидер жана согушту жакшы көргөн адам катары сүрөттөлгөн. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мына ошондой адилетсиз сүрөттөлүүсү тарыхка да, чындыкка да каршы келет. А чындык мындай болгон: Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ар дайым тынчтык жана адамзаттын акы-укуктарын орнотуу үчүн бекем турганын далилдеген».    

2016-05-09-DK-Copanhagen-Reception-004

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Эгер кимдир бирөө Курани Каримди окуса жана кастык көз айнеги менен эмес, адилеттүүлүк көз айнеги менен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын өмүр баянын карап чыкса, бат эле Ислам тынчтыктын дини экенин сезет. Алар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жашоосунун ар бир буласы тынчтык каалаганын сезет».

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси мындай деди: Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жана анын туура багытталган төрт орун басарларынын (Халифалар) доорунда бардык адамдардын акы-укуктары алардын дини же ишеними кандай экендигине карабай корголгон.

2016-05-09-DK-Copanhagen-Reception-005

Мусулмандардын Экинчи Халифасы, Азирети Умардын доорун мисал кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп маалымдады: Сириядагы христиандар Рим Империясынан көрө мусулман бийлиги астында жашоону жактырышкан, себеби мусулмандар алардын акы-укуктарын көтөрөөрүн жана коргоорун жакшы билишчү.

Азирети Мырза Масрур Ахмад кандай Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын бир жолу өзүнүн эң жакын сахаабасына ал Ислам дининин Негиздөөчүсү Муса Пайгамбар (алайхиссалаам)дан өйдө деп, бир яхудийдин сезимдерине тийшкендиги үчүн эскертүү жасагандыгы жөнүндө да сөз кылды.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мына ошол окуяга ишаарат кылып, мындай деди:

«Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) берген ушул таалим абдан терең жана ар кандай диндер жана ишенимдерге ээ адамдардын ортосунда тынчтыкты орнотууга өбөлгө болуп саналат. Бирок бүгүнкү күндө биз байкап келе жаткандай, сөз эркиндигинин атынан пайгамбарлар жана ыйык инсандар үзгүлтүксүз мазакталып, акаарат кылынууда. Миллиондогон адамдар алардын таалимдерин ээрчип жаткандарына карабай, аларды мына ошондой мазактоолор менен диний сезимдерине тийишүүдө». 

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Эгер биз чындап дүйнөдө тынчтыкты орнотууну кааласак, биз айткандарыбыз менен кылгандарыбыздын натыйжаларын ойлонушубуз керек. Биз башкалардын ишенимдерине жана баалуулуктарына сый-урмат көрсөтүүбүз керек. Мына ушул ыкмада биз тоскоолдуктарды жок кылып, дүйнөнүн бир топ аймактарында курулган кастык жана жек көрүү дубалдарын кулата алабыз».   

Өзүнүн кайрылуусунда Улуу Урматтуу Халифа терроризм жана экстремизмдин бардык көрүнүштөрүн «жийиркеничтүү жана ээнбаштык» деп сынга алды жана мына ошондой амалдардын Ислам дининин таалимдери менен эч кандай тиешеси жок экенин айтты. Улуу Урматтуу Халифа кээ бир мусулман эмес күчтөрдүн жүргүзүп келе жаткан «адилетсиз иштерин жана саясатын» да сынга алды.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бүгүнкү күндө, туруксуздук жана белгисиздик өсүп бараткан убакытта дүйнөнүн ар бир аймагында жашаган ар бир адам тынчтыкты орнотуу үчүн жеке жоопкерчиликти өз моюнуна алуусу керек. Чыр-чатактар үзгүлтүксүз бүткүл дүйнөгө от коюп, өртөтүп барууда, ошон үчүн кандайдыр бир коркунучтуу согуш жалындарынын көлөкөсү маңдайбызда турганына бирөөбүз да шек-күмөн санабашыбыз керек».    

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Биздин көздөрүбүздүн алдында өтө тездик менен уюмдар жана блоктор түзүлүп, адамзат эч токтоосуз жана эч бир ою жок, акылы адашкан сыяктуу Үчүнчү Дүйнөлүк Согушту көздөй жылып баратабыз».

Европа туш болгон качкындар кризиси жөнүндө токтолуп, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Былтыртадан бери көптөгөн качкындардын ушул Континентке кирип келгендиги себебинен Европа адамдарынын аарсында кандайдыр бир кооптонуу жана тынчсыздык күчөп бара жатат».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Чынында эле согуш болуп жаткан өлкөлөрдөн качып келген миллиондогон адамдарды өзүнө сиңдирүү кайсы бир жеке өлкө үчүн да, кайсы бир континент үчүн да кыйын. Ошондуктан, алардын өз ата мекендеринде тынчтыкты орнотуунун кандайдыр бир чыныгы иш-планын түзүү керек жана алардын өлкөлөрүндө болуп жаткан зулумдукту токтотууга аракет кылуу керек».

Аягында Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп дуба кылды:

«Алла Таала колдоп биз бүгүнкү күндөгү оор чыр-чатактардан кутулуп, кандайдыр бир жакшы жана жарык келечекке ээ болуп, натыйжада бардык улуттар жана бардык тайпалар бири-бири менен жанаша жашап, анда сүйүү, мээримдүүлүк жана адамгерчилик руху өйдө болсун».

Буга чейин ал кечеде Даниядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Улуттук Президенти – Урматтуу Закария Хан мырза тарабынан куттуктоо сөздөрү айтылып, анан ар кандай коноктор да кайрылууларын жасашты.

2016-05-09-DK-Copanhagen-Reception-006

Лолланндын мэри – Урматтуу Хольгер Шув Расмуссен мындай деди:

«Лолланн округунун мэри катары Азирети Мырза Масрур Ахмадды Данияга кабыл алуу өтө эле чоң сый-урмат. Тынчтык, сабырдуулук жана кайрымдуулук жөнүндө сүйлөөчү диний үндөрдү колдоо ар дайым өтө эле маанилүү».

Парламент депутаты – Урматтуу Улла Сандбаек мындай деди:

«Сиз – Улуу Урматтуу Азирети Мырза Масрур Ахмад Ислам дининдеги тынчтык жөнүндө сүйлөөчү, сүйүү жөнүндө сүйлөөчү жана биримдик жөнүндө сүйлөөчү үнсүз. Мен бүгүнкү кечеде ушул жерге келип, сиздин сөздөрүңүздөн таасир алдым, эми аны дүйнөгө алып чыгам жана дүйнөнүн тынчтыгына өзүмдүн кичине болсо да, салымымды кошом».

Парламент депутаты – Урматтуу Ян Мессман мындай деди:

«Биз ынтымак жана сүйүү менен чогуу жашайбыз деген үмүттөмүн. Сүйүү Баарына, Жек көрүү эч кимге эмес!»

2016-05-09-DK-Copanhagen-Reception-007

Парламент депутаты – Урматтуу Жозефина Фока мындай деди:

«Улуу Урматтуу Халифага (Азирети Мырза Масрур Ахмад) өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү, тынчтык, диндин мамлекеттен бөлөк болушу жана сөз эркиндигин өнүктүрүүдө салымы үчүн чоң сый-урмат көрсөтөм».

Маданият мамилелери жана чиркөө мамилелери министри – Урматтуу Ч.И. Бертел Хаардер мырза мындай деди:

«Мен айтмакчымын: Ахмадия Мусулман Жамаатынын кандайдыр бир өзгөчөлүктөрүнүн бири болуп, силердин бардык мүчөлөрүңөрдүн биздин Дания коомчулугубузга жакшы аралашкандыгыңар. Акыркы 50 жылдан бери силер менен тынчтык жана ынтымакта чогуу жашоо тарыхын майрамдап жатабыз».

2016-05-09-DK-Copanhagen-Reception-008

Аталган азем Азирети Мырза Масрур Ахмад алып барган тынч сыйынуусу менен аяктады. Аталган кечеден мурун да, андан кийин да Улуу Урматтуу Халифа ар кандай сыйлуу коноктор жана меймандар менен жекеме-жеке жолугушту.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via