Англиядагы Лажна Имаиллахтын 37-Ижтимаасы (Чогулушу) Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси жасаган кайрылуусу менен аяктады
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Англиядагы Лажна Имаиллахтын 37-Ижтимаасы (Чогулушу) Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси жасаган кайрылуусу менен аяктады

Азирети Мырза Масрур Ахмад Англиянын булуӊ-бурчтарынан келген 4000ден ашуун Ахмадий мусулман аялдар жана кыздарга кайрылуу жасады

2015-жылдын 25-октябрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) Англиядагы Лажна Имаиллахтын (Ахмадия Мусулман Жамаатынын аялдарынын тармактуу уюму) 37-Ижтимаасына (Жылдык Чогулушуна) ыйманды күчтөндүрүүчү жыйынтык кайрылуусун жасады.

Англиянын булуң-бурчтарынан 4000ден ашуун аялдар жана кыздар катышышкан ушул үч күндүк азем Тилфорд, Суррей деген жерде жайгашкан «Исламабадда» болуп өттү.

Өзүнүн кайрылуусунда Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди: Ахмадий мусулмандар Исламдын чыныгы жана тынчтык таалимдерине ылайык моралдык жана руханий өсүп-өнүгүүгө жетишүүгө үзгүлтүксүз аракеттенүүлөрү зарыл.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ар бир Ахмадий мусулман башкаларга кароодон мурда өзүн кароосу керек жана өз ахвалын текшерип туруусу зарыл. Биз чындап Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын таалимдерин ээрчүүдөбүзбү деп суроо берип туруусу лаазым. Биз абийирсиздик жана күнөөдөн оолак болуудабызбы деп чын жүрөктөн өздөрүн текшерип чыгуулары зарыл».

Үйдө энелердин өтө маанилүү ролу бар экенине шилтеме кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айткан: Алла Таалага жакындоо үчүн аракеттенүү керек, ошондой кылуунун жол-жобосу – бул үйдө сыйынуу жана намазга болгон сүйүүнү аябай эле өнүктүрүү. Энелер катары, силер өз балдарыңарда Аллага сыйынууга болгон сүйүүнү жаратуу, качан силер өзүӊөр Кудайга баш ийип, намаздарыӊардын баардыгын толук аткарып жана Алла Таалага чыныгы берилгениңерде гана пайда болот».

Ал киши мындай деди: Ыйык Курандын таалимдери момун-мусулмандардын көңүлүн башкаларга мээримдүү жана боорукер болууга тартат.

2015-10-25-UK-Tilford-Lajna-Ijtema-002

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп үйрөткөн: ар бир Ахмадий мусулман башкаларга чыныгы сүйүү жана мээримдүүлүктү көрсөтүүсү керек, натыйжада Алла Таала аларга мээримин көрсөтөт. Албетте, Алланын сүйүүсү чыныгы тынчтыктын жана бейпилдиктин куралы. Ошондуктан, ар дайым коомчулуктун арасында сүйүү жана мээримдүүлүктү жайылтуу керек. Силер бир гана өзүңөр үчүн жана үй-бүлөңөр үчүн жакшылыкты тилебестен, тескерисинче бардык адамдардын тынчтык, коопсуздук жана бейпилдик менен жашоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушун тилешиңер керек».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Чыныгы момун-мусулмандардан болууну жана Ыйык Курандын таалимдерин ээрчүүнү каалагандар ар дайым башкаларга сүйүү, боорукерлик жана мээримдүүлүк көрсөтүүлөрү керек. Эгерде силер башкаларга сый-урмат көрсөтсөңөр жана жүрөгүңөр ачык болсо, анда көптөгөн жаман адаттар, мисалга, башкалардын айып-кемчиликтерин ушактоо, табигый түрдө жоголуп кетет жана бүгүнкү күндөгү коомчулукта бул өтө эле зарыл нерсе».

Ал киши мындай деди: ата-энелер өз балдарынын билимдик муктаждыктарына жана жакшылыктарына көңүл буруп, ар дайым алар үчүн кандайдыр бир күчтүү үлгү болуулары керек.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Силер өз үйлөрүңөрдө эң бийик даражадагы үлгүлөрдү жана баалуулуктарды орнотушуңар керек. Силер Алла Тааланын буйруктарына ылайык амал кылууңар керек. Кээде балдар өз мектептен же көчөдөн жаман нерселерди же адаттарды үйрөнүп алышат, ошон үчүн силер өз балдарыңарга жетишээрлик убакытты бөлүшүңөр керек. Силер аларга жакшы жана жаман эмне экенин түшүндүрүшүңөр керек».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Cилер өз балдарыңарга үнөмдөлүп жана сактала турган баалуулуктардын маанисин түшүндүрүүңөр керек. Силер аларга Ислам таалимдерин түшүндүрүп беришиңер керек. Алардын мектептеги илими боюнча албетте өз балдарыңарга жакшы окуп-үйрөнүп, эң бийик даражадагы деңгээлдерге жетишүүлөрү үчүн дем беришиңер зарыл. Эгерде сөз эркиндигинин атынан мектептер качан Ислам динине каршы келген нерслерди үйрөтсө, анда силер өз балдарыңарга биздин баалуулуктарыбызды жана ишенимдерибизди ачык-айкын түшүндүрүп беришиңер керек».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди: бардык Ахмадий мусулмандар Эл аралык МТА деген телеканалынан көрсөтүлө турган бардык телеберүүлөрдү үзгүлтүксүз көрүүлөрү керек.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«МТАга келе турган болсок, Лажнанын (Аялдар уюму) ар бир мүчөсү өзүн ага байланыштыруусу керек жана анын телекөрсөтүүлөрүн үзгүлтүксүз көрүүсү зарыл. Эч болбогондо, алар менин жума кутбаларымды жана Учурлук Халифанын башка программаларын көрүүгө аябай аракет кылуулары керек. Алар өз балдарын дагы жанына отургузуп алып, көрсөтүүлөрү зарыл. Бул нерсе алардын руханий жана моралдык өсүп-өнүгүүсүнө курал болот жана алардын диний билимин өнүктүрөт».

Урматтуу Халифа Голландияга жасаган иш сапарынын учурунда Франциядан Голландияга чейин сапар тартып, жаңы Ахмадий мусулман болгон бир аялдын ыйманды күчтөндүрүүчү окуясын айтып берди. Ал аял Ахмадий мусулман болгондон кийин анын күйөөсү аны чанып жана үйүнөн кубалап салгандыгына карабай, ал өзүнүн ишенимине бекем жана чечкиндүү бойдон калган.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Табиятынан, көпчүлүк аялдар өз үй-бүлөсү менен жыргал жашоосун жакшы көрүшөт, ошондой эле жыргал жана жеңил жашоону жактырышат. Ошентсе да, бүгүнкү күндө өзүнүн ишеними жана Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)га ишенгендиги үчүн ар кандай айрылууларды, кыйынчылыктарды жана кысымдарды көтөрө турган аялдар дагы жок эмес. Бул – ар кандай жыргалчылыкты курман кылууга даяр болуп, өзүнүн ишеними үчүн ар кандай кысымдарга жана кыйынчылыктарга сабырдуулук менен туруштук берүүгө даяр турган чыныгы момун-мусулмандын даражасы».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Силердин Исламдын чыныгы таалимдерине нур чача турган шам-көтөргүч болууңарды тилейм. Алла Таала колдоп, силерге Исламдын Сүйүктүү Пайгамбары Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын чыныгы жана тынчтык таалимдерин жайылтуу жана ар дайым Ыйык Курандын жеткилеңдүү таалимдерин ээрчүү күч-кубатын берсин».

Ижтимаанын учурунда Лажна Имааиллахтын (аялдар уюмунун) мүчөлөрү ар кандай чарадагы жарыштарга катышышты, анда көргөзмөлөр, бири-бири менен байланыштуу темадагы суроолорго жооп берүү оюндары жана чечендикти өстүрүүчү мелдешүүлөр болду.

Быйыл болгон Ижтимаанын өзгөчөлүгү – бул кайра иштетүү чатырынын тааныштырылуусу, анда соодагерчилик, завод-фабрика жана саламаттыкты сактоо жөнүндө сүйлөшүүлөр алып барылды жана «Лажнанын күчтүү тамак жасоо ыкмасы» деген азем сыяктуу ар түрдүү көргөзмөлөр көрсөтүлдү.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via