Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Парижде болгон кол салууларды айыптады жана жабыркагандар үчүн дуба кылды
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Парижде болгон кол салууларды айыптады жана жабыркагандар үчүн дуба кылды

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) кечеки түнү Парижде болгон  террористик кол салууларды айыпка алды.

Лондондо сүйлөп жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын атынан Парижде мыкаачылык менен болгон террордук кол салуулардан кийин Француз улуту, анын адамдары жана бийлигине чын жүрөктөн боорум ооруу менен көңүл айтам. Ушул мыкаачылык жана жапайчылык чабуулдары мүмкүн болушунча катуу айыпталуусу керек.

Мен кайталап айтмакчымын, терроризмдин жана экстремизмдин бардык көрүнүштөрү Ислам дининин чыныгы таалимдерине бүтүндөй каршы. Ыйык Куран мындай деп айткан: Бир эле күнөөсүз адамды өлтүрүү бүтүн адамзатты өлтүрүү менен барабар. Ошондуктан, эч бир жагдайда адам өлтүрүүнү актаганга болбойт жана өздөрүнүн жийиркеничтүү амалдарын Ислам дининин атынан жасап жатабыз деп актоого аракет кылып жаткандар, бир гана эң ыплас жол менен аны жаманатты кылышууда.  

Биздин көңүл айтуубуз жана сыйынууларыбыз ушул чабуулда курман болгондор, жабыркагандар жана ар кандай гана жолдор менен зыян чеккендер менен бирге. Алла Таала алардын баарына сабыр берсин, ошондой эле ушул ыплас аракетти жасаган кылмышкерлер тез арада жоопкерчилике тартылат деп үмүттөнөм жана дуба кылам».

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via