Байъаттын мааниси – өзүн Кудай Таалага тапшыруу
Анан ал (алайхиссалаам) мындай деп айтат: «Байъаттын мааниси – өзүн Кудай Таалага тапшырып коюу. Бул – бүгүн биз өз жаныбызды Кудай Тааланын колуна сатып жибердик дегендик. «Кимдир бирөө Кудай Тааланын жолунда жүрүп, соңунда зыян көрүүсү мүмкүн» деген нерсе өтө жаңылыш. Чынчыл киши эч качан зыян көрбөйт. Калпычы бирөө гана зыян көрүүсү мүмкүн. Дүйнө үчүн Байъатты жана Алла Таалага кылган убадасын бузуп жаткан, ошондой эле дүйнөдөн корккондуктан гана ушундай иштерди жасай турган киши өлүм маалында эч бир аким, же падыша аны куткара албастыгын эсте тутуусу керек. Ал (киши) Ахкамул-Хаакимийндин[1] алдына барат. Ошондо, Ал: «Эмнеге сен Мени урмат кылган жоксуң?» – деп андан сурайт. Ошондуктан, жер менен асмандардын Падышасы болгон Кудайга ыйман келтирүү жана тобо кылуу ар бир момундун милдетине кирет». («Малфузаат», 7-том, 29-30-бет)
Байъаттын эмне экендиги Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам)дын мына ошол сөздөрүнөн айкын болот. Эгер биздин арабыздагы ар бир кишибиз: «Менин затым, менин затым бойдон болбой калды. Эми кандай гана жагдай болбосун, биз Алла Тааланын амирлерине баш ийип, аларга көз каранды болушубуз лаазым, биздин ар бир ишибиз Кудай Тааланын ыраазычылыгы үчүн болушу зарыл», – деп билсек, анда бул – ошол он Байъат шартынын корутундусу.
Эми Байъат тууралуу ар кандай сөздөр кезиккен айрым хадистерди келтиремин.
Айзулла бин Абдулла мындай рабаят этет: «ИбаадаРА[2] бин Саамит Бадр казатына жана Байъат-э-Укбага[3] катышкан сахаабалардан болгон. Ибаада (разияллааху анху) бин Саамит мага мындай айтып берди: «Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын тегерегинде сахаабалар жамааты болгондо, ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Келгиле, Аллаа тушрикуу биллаахи шайан деген шарты менен мага Байъат кылгыла», – деп айтты. Котормосу: Силер эч бир нерсени Аллага шерик кылбайсыңар, уурулук кылбайсыңар, зынаа кылбайсыңар, балдарыңарды өлтүрбөйсүңөр, бирөөгө айып такпайсыңар жана эч бир жакшы иште мага баш ийбестик кылбайсыңар.
Демек, араңардан ким ушул Байъат убадасын орундатса, анын сыйлыгы Алланын милдетинде. Ал эми ким ушул убадасын толук аткарбаса жана ага дүйнөдө жаза берилсе, бул жаза ал үчүн Каффаарат[4] болуп калат. Ошондой эле ким ушул Байъат убадасын толук орундатпаса, анан Алла Таала анын кемчилигин бекитсе, анын мамилеси Алла Тааланын колунда. Кааласа, ага жаза берет, эгер кааласа, аны кечирип коёт». («Сахих Бухарий», Китааб Манаакибул-Ансаар, Баабу Вуфуудил-Ансаари илан-НабиййиСАВ би-Макката ва байъатул-Акабати)
Дагы бир хадис бар. Азирети Ибаада бин Саамит (разияллааху анху) мындай рабаят этет: «Биз угабыз жана баш ийебиз. Молчулукта да, оорчулукта да, жыргалчылыкта да, кыйынчылык жана кайгы-капачылыкта да. Ошондой эле биз уулуль-Амр[5] менен талашпайбыз жана каерде болбосок, акыйкаттын үстүндө турабыз жана эч бир жемелөөчүнүн жемесинен коркпойбуз» деген шарты менен ПайгамбарыбызСАВга Байъат кылдык». («Сунан ан-Нисааий», Китаабул-Байъа, Баабул-Байъа алас-Самъи ват-Таъа)
Уммул-Муъминийн[6] Азирети АйшаРА[7] мындай деп рабаят эткен: «ПайгамбарыбызСАВ төмөнкүдөй куттуу аят боюнча аялдардан Байъат алчу:
یٰۤاَیُّہَا النَّبِیُّ اِذَا جَآءَکَ الۡمُؤۡمِنٰتُ یُبَایِعۡنَکَ عَلٰۤی اَنۡ لَّا یُشۡرِکۡنَ بِاللّٰہِ شَیۡئًا وَّ لَا یَسۡرِقۡنَ وَ لَا یَزۡنِیۡنَ وَ لَا یَقۡتُلۡنَ اَوۡلَادَہُنَّ وَ لَا یَاۡتِیۡنَ بِبُہۡتَانٍ یَّفۡتَرِیۡنَہٗ بَیۡنَ اَیۡدِیۡہِنَّ وَ اَرۡجُلِہِنَّ وَ لَا یَعۡصِیۡنَکَ فِیۡ مَعۡرُوۡفٍ فَبَایِعۡہُنَّ وَ اسۡتَغۡفِرۡ لَہُنَّ اللّٰہَ ؕ اِنَّ اللّٰہَ غَفُوۡرٌ رَّحِیۡمٌ
(Эй, Пайгамбар! Качан момун аялдар сенин алдыңа келип, эч нерсени Аллага шерик кылбастыкка, уурулук кылбастыкка, зынаа кылбастыкка, балдарын өлтүрбөстүккө, бирөөгө өз колдору жана аяктарынын алдында ойлоп чыгарган жалаа кылбастыкка, ошондой эле жакшы иштерде сага баш ийбестик кылбастыкка Байъат кылышса, алардын Байъатын кабыл эт жана Алладан алар үчүн кечирим сура. Албетте, Алла өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу. («Ал-Мумтахина» сүрөөсү: 13)».
Азирети Айша (разияллааху анхаа): «Байъат алып жатканда, Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын ыйык колу аялынан башка эч бир аялдын колуна тийчү эмес», – деп айтат. («Сахих Бухарий», Китаабул-Ахкаам, Баабу байъатин-Нисаа).
Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам)дын Байъат ала баштоосунан мурун айрым такыба жана Исламга боорукер адамдар: «Азыркы мезгилде Исламдын чөгүп бара жаткан кемесин сактай турган жана Исламга чыныгы боорукер бир киши болсо, ал Азирети Мырза Гулам Ахмад Кадияний гана жана ошол эле киши Масийх жана Махдий», – деп ойлошкон. Ошондуктан, адамдар: «Сиз Байъат алыңыз», – деп ага кайрылышчу. Бирок Хузур (алайхиссалаам) дайыма: «Ласту би-маамурин»[8], – деп жооп берчү. Ошол үчүн бир ирет ал (алайхиссалаам) Мир Аббаас Али Сахиб[9] аркылуу Мавлавий Абдул-КаадырРА[10]га: «Менин табиатым Тавхийд[11] жана Алла Таалага чөгүп кеткен жана …. Байъат тууралуу алигиче Алла Таала тарабынан такыр кабар жок. Ошондуктан, Такаллуф[12] жолуна кадам коюу дурус эмес. «Ла Аллаллааха Йухдису Баъда Заалика Амран»[13]. Мавлавий Азирети! Дин тууганчылыгын күчөтүүгө аракет кылыңыз, ошондой эле ыкылас жана сүйүүнүн тунук булагы аркылуу ушул көчөттү багуу менен алек болуп турсаңыз, бул ыкма Иншааллаах[14] өтө пайдалуу болот», – деп ачык-айкын жазды». («Хаят-э-Ахмад», 2-том, 2-сан, 12-13-бет)
[1] Эң улуу падыша. Падышалардын падышасы – Алла Таала.
[2] «Разияллааху анху» (ага Алла Таала ыраазы болсун) дегендин кыскартмасы.
[3] Меккенин четинде Укба деген жерде Мединадан келген он эки киши Байъат кылган.
[4] Кетирген күнөө же ката үчүн кун төлөө (кун).
[5] Акимдер.
[6] «Момундардын энеси» дегенди билдирет. Термин катары Пайгамбарыбыз МухаммадСАВдын аялдары.
[7] «Разияллааху анхаа» (ага (аял) Алла таала ыраазы болсун) дегендин кыскартмасы.
[8] Мен дайындалган эмесмин.
[9] Азирети Масийхи МавъудАСдын сахаабасы болгон.
[10] Индиялык бир аалым.
[11] Алла Тааланын жалгыз жана бирөө экендиги.
[12] Азап чегип же кожо көрсүндүк үчүн кандайдыр бир иш кылуу.
[13] Ыктымал, мындан кийин Алла Таала кандайдыр бир буйрук берер.
[14] Кудай буюрса.