Ахмадий дарыгерлер өздөрүн динге арнасын
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Бөлүмдөр
  1. Баш сөз
  2. Байъат шарттары
  3. Байъат деген эмне?
  4. Байъаттын мааниси – өзүн Кудай Таалага тапшыруу
  5. Алла Таала тарабынан Байъат алууга буюрулгандыгы
  6. Байъаттын максат-мүдөөлөрү
  7. Байъат алуунун башталышы
  8. Биринчи Байъат шарты
  9. Кудай Таала Ширкти кечирбейт
  10. Ширктин ар кандай түрлөрү
  11. Экинчи байъат шарты
  12. Эң чоң жаманчылык – жалган сүйлөө
  13. Зынаадан сактангыла
  14. Жаман көз менен кароодон сактангыла
  15. Баш ийбестик жана бузукулуктардан оолак болгула
  16. Зулумдук кылбагыла
  17. Кыянатчылык кылбагыла
  18. Бүлүк салуудан сактангыла
  19. Чыккынчылык жолдорунан абайлагыла
  20. Кызуу кандуулукка берилбегиле
  21. Үчүнчү Байъат Шарты
  22. Беш маал намазды калтырбай орундаткыла
  23. Тахажжуд намазын орундаткыла
  24. Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га дайыма салаваат окуп тургула
  25. Алладан дайыма кечирим сурап тургула
  26. Истигфаар жана тобо кылуу
  27. Алла Таалага мактоо-алкоо айтып тургула
  28. Абдан маанилүү жана керектүү тема
  29. Төртүнчү Байъат шарты
  30. Кечиримдүү болгула
  31. Эч кимге зыян келтирбегиле
  32. Карапайым жана жөнөкөй адам болгула
  33. Бешинчи Байъат шарты
  34. Кыйынчылыктар күнөөлөргө «каффараат» (кун) болуп калат
  35. Кырсыктын башталышында кылынган сабыр гана чыныгы сабыр болот
  36. Силер Алла Тааланын акыркы Жамаатысыңар
  37. Меникилер менден ажырашпайт
  38. Толук берилгендик жана туруктуулук үлгүсүн көрсөткүлө
  39. Алтынчы Байъат шарты
  40. Бидъат жана жаңы-жаңы (маанисиз) каада-салттарды четке кагуу керек
  41. Исламий таалим үчүн биздин жетекчибиз – Курани Карим
  42. Курани Карим гана – силердин жашооңор
  43. Жетинчи Байъат шарты
  44. Ширктен кийин текеберликтей башка балээ жок
  45. Текебер адам эч качан бейишке кирбейт
  46. Текеберлик менен шайтандын ортосунда кандайдыр бир терең алака бар
  47. Текеберлик – Кудай Тааланын алдында өтө жийиркеничтүү нерсе
  48. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын назарында жардылардын орду
  49. Сегизинчи Байъат шарты
  50. Ислам таалимдеринин корутундусу
  51. Исламдын тирилүүсү бизден кандайдыр бир «Фидя» сурайт
  52. Күнөөдөн кутулуунун куралы – ишенич
  53. Тогузунчу Байъат шарты жөнүндө
  54. Тогузунчу Байъат шарты
  55. Баарына жакшы мамиле кылуу таалими
  56. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) жана адамзатка карата боорукерлиги
  57. Онунчу Байъат шарты
  58. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) жана Учурлук Халифа менен тууганчылык байланышты орнотуу зарыл
  59. Маъруф жана Маъруф эместин аныктамасы
  60. Баш ийүүчүлүктүн эң бийик үлгүсү
  61. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) ээлеген ар бир даража Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)ды ээрчигендигинен болгон
  62. Ар кандай жагдайда да баш ийүү зарыл
  63. Ким жамаат мүчөсү эсептелет?
  64. Өз ара тууганчылык жана сүйүү пайда кылгыла, ошондой эле Кудай Таала менен чыныгы алакаңарды орноткула
  65. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)дын колунда байъат кылуунун эки пайдасы
  66. Ушул доордогу бекем чеп – Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)
  67. Айрым окуялар
  68. Силерге куш кабар болсун! Эми силер дайыма «Маъруф» чечимдердин астындасыңар
  69. «Маъруф боюнча баш ийүүнүн» даанышмандыктан турган чечмеси жана түшүндүрмөсү
  70. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссаллам) аркылуу жүз берген руханий ыңкылап
  71. Ширктен оолак болуу
  72. Кызуу кандуулукка берилбөө
  73. Намаздарды калтырбай окуу жана Тахажжуд намазына берилүү
  74. Кызуу кандуулукту басуу
  75. Кээ бир окуялардын уландысы
  76. Оорчулукта жана молчулукта Алла Таалага бекем бойдон калуу
  77. Сабырдуулуктун теңдеши жок үлгүсү
  78. (Маанисиз) каада-салттардан оолак болгула
  79. Тамеки тартуунун зыяндуу таасирлери
  80. Лотерея адал эмес
  81. Ичимдиктин арамдыгы
  82. Курани Каримди сүйүү
  83. Карапайымдуулук жана жөнөкөйлүк
  84. Текеберчиликтен оолак болуу
  85. Динди дүйнөдөн жогору коюу
  86. Адамзатка кызмат кылуу жана чын ыкыластуулук жана ыймандуулук боюнча теңдеши жок үлгүлөр
  87. Ахмадий дарыгерлер өздөрүн динге арнасын
  88. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) менен теңдеши жок тууганчылыкты түзүү
  89. Жамаатка чын ыкылас менен берилгендердин балдарынын милдети
  90. Жаттардын (акыйкатты) моюнуна алгандыгы

Ахмадий дарыгерлер өздөрүн динге арнасын

Жалсада мен дарыгерлердин көңүлүн биздин Африкадагы бейтапканалар үчүн дарыгерлер өздөрүн түбөлүккө же убактылуу динге арнашына бургузган элем. Бүгүнкү күндө Алла Тааланын берешендиги менен абал жакшыраак. Башындагы жашоолорун (динге) арнагандар туш келген кыйынчылыктар азыр жок. Көпчүлүк жайларда абал жакшыраак жана бардык шарттар (да) бар. Бирок, эгер бир аз кыйынчылыктар болсо да, «Алла Таала мага тартуулаган бардык жөндөмдүүлүктөрдү адамзат кызыкчылыгына жумшаймын» деген Байъат убадасын назарда туткула. Алга чыккыла, Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) менен байлаган келишимиңерди орундаткыла жана анын дубаларына мураскер болгула. Ошондой эле Рабвахтагы Фазл-э-Умар бейтапканасы үчүн дагы дарыгерлер керек. Ошол жерге да дарыгерлер өздөрүн сунуш кылуулары керек.

Мындан тышкары, Пакистанда дагы, башка өлкөлөрдө дагы балдардын таалим-тарбиясы жана оорулуу адамдардын даарылануусу үчүн Жамаат мүчөлөрү үзгүлтүксүз Жамааттын башкармалыгы астында финансылык көмөк көрсөтүшөт. Пакистан жана Индия өңдүү өлкөлөрдө кедей-муктаждар арбын болгондуктан, ошол максат үчүн финансылык көмөк көрсөтүүчүлөр ушул кызмат артынан оорулуулардын дубаларына татыктуу болушууда. Жамаат мүчөлөрү ушул кайрымдуу иштерди да уланта берүүлөрү керек, мурдагыдан да көбүрөөк уланта берүүлөрү зарыл. Кайгы-капа, кыйынчылыктар канчалык тездик менен көбөйүп бараткан болсо, ошончолук тездик менен аракет жасоолору керек.

Эми элге кызмат кылууга дит коюп, берилип кызмат кылган кээ бир эски улуу инсандардын окуяларын баян кыламын.

Азирети Мырза Айюббек (разияллааху анху)нун үлгүлөрү туурасында кээ бир баяндоочулар мындай деп жазат: «Хадисте айтылгандай, маркум өзүнө жактырган нерсени бир тууганына жактыра турган адамдын тирүү мисалы болчу. Эч качан өзүнө жакпаган мамилени бир тууганына кылбайт эле. Ал дайыма кандайдыр бир тууганына жардам берүү үчүн кандайдыр бир кызмат жана учурду издеп жүрчү. (Ал тууралуу мындай кезигет:) Ал колледжде окуган учурда, Жамааттын лекциясына келип, ар бир Ахмадийге барып учурашчу. Эгер кайсы бир тууган ооруп калса, анын үйүнө барып, ал-ахвалын сурачу. Кээде дээрлик ар күнү ошол оорулууларды көргөнү барчу. Бир жолу Муфтий Мухаммад Саадык Сахиб (разияллааху анху) катуу ооруп калды. Ошондо маркум бир нече күнгө чейин Муфтий Сахибди карап, анын үйүндө турган. Күнү-түнү ага кызмат кылды. Кээде анын нажасатын да тазалоочу. АсхаабэАхмад», 1-том, 98-бет, 1997-жылдагы басылыштан алынды)

Анан Азирети Чавдхрий Мухаммад Зафруллахан Сахиб (разияллааху анху) энеси туурасында жазып, анын мындай деп айтканын рабаят этет: «Эгер (кимдир бирөөгө) Алла душман болбосо, кандайдыр бир душман ага эч кандай зыян келтире албайт. Ошол себептүү, мен эч кимди душман деп эсептебеймин». Душмандарга абдан жакшы мамиле кылчу. Мындай айтчу эле: өзүңө жаккан кишиге жакшы мамиле кылууну жүрөгүңдүн өзү каалайт. Мында кандай сооптуу иш? Алла Тааланы ыраазы кылуу үчүн адамзат жүрөгүнө жакын болгондорго да ихсан жана жакшылык менен мамиле кылуусу керек.

(Ал мындай жазат: Даскада жашаган учурунда ал жердеги адамдарга чоң айкөлдүк кылчу. Адамдар дагы ага зор сый-урмат көрсөтүшчү). Ахраардын[1] фитна-чагымчылыгы башталганда, ал өлкө да анын кесепетин көрбөй койгон эмес. Ошондо жардам алган адамдар дагы душмандык кыла башташты. Бирок ошол душмандык дагы менин апамдын кайрымдуулук ишине тоскоол болгон эмес. Эгер тууган-туушкандарынын бирөөсү: «Сиз баланчага жардам бересиз, ал болсо бизге кастык кылган Ахраар мүчөсү», – деп айтканда, ал: «Сиз эмнеге мени кызмат кылуудан тосуудасыз?» – деп жактырчу эмес.

Рабаят кылган адам мындай жазат: бир аз кийим-кечектерди даярдап жатканында, мен ага барып: «Сиз муну кимге даярдап жатасыз?» – деп сурадым. Чавдхрий Сахибдин апасы: «Баланча кишинин балдары үчүн», – деп жооп берди. Мен: «Сиз кызыксыз, ал Ахраар мүчөсү жана Жамаатка катуу каршылык көргөзөт, а сиз ага ушул кийим-кечекти даярдап жатасыз», – деп айттым. Ал мындай жооп берди: «Эгер алар бүлүк салышса, Алла Таала бизди коргойт. Качанкыга чейин Ал биз менен бирге болсо, душмандын душмандыктары бизге кенедей да зыян келтире албайт. Бирок, бул киши – муктаж. Анда балдары жана неберелеринин денесин жапканы кийим-кечек жок. Аны муктаж деп ага ушул кийим-кечектерди даярдап жатамын. Сиз көрсөткөн каршылыктын жазасы: эми ушул кийимдерди даярдап болгонумдан кийин сиз анын үйүнө жеткирип келесиз. Анан мындай кошумчалады: бул Ахраарий болгондуктан, башка Ахраарийлер аны аңдып турса керек, ошол үчүн кимдир бирөө ага: «Сен Ахмадийлерден кийим алдың», – деп айтпашы үчүн караңгыда баргын». («Асхааб-э-Ахмад», 11-том, 175-176-беттер, 1962-жылдагы басылыштан алынды)

Жесирлер жана жетимдерге кайрымдуу болуу – анын сүйүктүү иши болчу. Аны мындай эскеришет: кыздарга өзүнүн колу менен калыңдарын жана кийимдерин абдан берилип даярдоочу. («Асхааб-э-Ахмад», 11-том, 186-бет, 1962-жылдагы басылыштан кыскартылып алынды)

Азирети Мийр Мухаммад Исхаак Сахиб (разияллааху анху)[2] дагы жетимдерди багууга өзгөчө көңүл бурчу эле. Даарул-Йатаамада[3] ушунчалык көп жетим болчу: ал Дааруш-Шюх[4] деп аталчу. Ал жөнүндө мындай рабаят кезигет: бир жолу температурасы абдан жогору көтөрүлгөндүктөн алсырап, дармансыз жаткан болчу. Жумушчу-кызматчылардын бирөөсү келип: «Тамак үчүн азык-түлүк да тартыш, эч бир жерден уюштурулбай жатат. Балдар эртең мененки чайды да ичишкен жок», – деп айтты. Ал: «Дароо Таңга (ат араба) алып келиңиз», – деп айтты. Ат арабага түшүп, бай-дөөлөттүүлөрдүн үйлөрүнө барып, азык-түлүк жыйнап, балдар үчүн тамак даярдатты. Мына биздин ата-бабаларыбыздын жигердүүлүгү. Температурасы көтөрүлгөндө дагы өз бейпилдигин курман кылып, жетим балдар үчүн үйдөн чыгып кетти. Кантип ошондой болбосун? Анын маңдайында анын жетекчиси – Пайгамбар Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын төмөнкүдөй куш кабары турган эле: мен жана жетимди багуучу адам бейиште мына ушул эки манжадай бирге болобуз. Ал сөөмөйү менен ортонун чогуу көрсөттү. Мына ата-бабаларыбыздын үлгүлөрү.

Ошондой эле Азирети Хаафиз Муъийнудин Сахиб (разияллааху анху)[5] туурасында бир рабаят кезигет. Ал сокур болчу. Рабаятчы мындай айтат: бир катуу суук түнү ал Кадияндын баткак-ылайлуу көчөлөрүнөн тайгаланып, араң басып кетип бараткан. Сураган бирөөгө мындай жооп берди: «Эй, тууганым! Ушул жерде бир ит күчүк тууганын билдим. Менде кичине нан бар эле. Ошону жаанда калган итке берип келейин деп ойлодум». Бул – Хаафиз Сахиб «айбандарга дагы боорукер болгула» деген сүннөттү орундаткан эле. Кандайдыр бир (адам) кудукка түшүп, бут кийимине суу толтуруп, итке ичирген окуяны эстегиле. Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) айтты: «Алла Таала ошол жакшылыгы аркасынан аны кечирип жиберди. Ошондо сахаабалар абдан таң калып: «Айбандар аркасынан да сыйлык берилеби?» – деп сурашты. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Ооба, ар бир жаны барга жана жандыкка карата кылынган жакшылык жана ихсандын сыйлыгы берилет», – деп жооп берди. («Асхааб-э-Ахмад», 13-том, 296-бет, 1967-жылдагы басылыштан алынды)

Ошондой эле Азирети Нур Мухаммад Сахиб аттуу Ахмадийдин бир окуясы кезигет. Катуу суук болуп жаткан, анда пальто да, одеял да жок эле. Болгону эки көйнөк кийип, жолго, машинага чыккан эле. Анан жарым жылаңач денеси калтыраган бир карыя көрүндү. Дароо көйнөгүнүн бирин чечип ага кийгизди. Аны менен бир Сикх досу да бирге сапарда болчу, ал муну көрүп мындай айтты: «Бхайа жи хун тухаада те бера паар хо жааега, апан да пата нейин ки бане?»7 (Мына ошондой үлгүлөр болчу). Анан бир нече күндөн кийин ошол Нур Мухаммад Сахиб бир жаңы жамынчы алып Мугалпурадагы[6] мечитке Багымдат намазын окуганы келет, ал жерден оору жана жакырдык айынан сууктан үшүп турган Фатх-э-дин аттуу адамды көрдү. Ал учурунда абдан бай эле. Ошондо Нур Мухаммад Сахиб дароо өзүнүн жаңы жамынчысын чечип, ага жаап койду». («Рух Парвар Йааден», 687-бет, 1-басылыштан кыскартылып алынды)

Ошондой эле 1947-жылы Пакистан мамлекет болуп түзүлгөндө, миллиондогон көчмөн адамдар кербен катары Кадиянга келишкен. Ошол убакта кырдаал абдан оор болчу. Мусулман аялдардын намыс-абийирдүүлүгүнө эч кандай кепилдик болбой калган эле. Бардык мусулман: «Биз Кадиянга жетип барсак, аман калабыз», – деп ойлошчу. Ошол учурда ал жердеги Жамаат мүчөлөрү (аларга жардам беришти). Ошондо Азирети Муслих Мавъуд (разияллааху анху) Азирети Халифатул-Масийхис-Саалис (рахимахуллаах)ты ошол жерде жетекчи дайындаган эле. Адамдар абдан оор ахвалда ошол жерге келишкен. Кээ бирлеринин кийими да жок болчу. Алардын баарына Хузур эң алгач үйүндөгү, үй-бүлөсүндөгү сандыктардан кийим-кечектерди чыгартып берди. Анан ошол эле жерден кербендер бир өзгөчө уюштуруучулуктун астында, Пакистанга келип турган. Алла тааланын берешендиги менен абдан жакшы коопсуздук астында жетип турду. Ахмадийлер жандарын курман кылып, ошол адамдарды коргоо милдетин аткарышты.

Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам)дын Байъатында дагы бир шарт төмөнкүдөй: биз эми ушундай убада менен Жамаатка мүчө болуп келүүдөбүз: Байъат кылган соң биздин эч бир нерсебиз биздики бойдон калбай калды. Эми баардык тууганчылыктар жана алака-байланыштар Жамаат системасы жана Хузур (алайхиссалаам) менен байланышкандан кийин гана ал чыныгы тууганчылык жана достук эсептелиши мүмкүн. Эч кандай тууганчылык, эч кандай достук алакасы бизди Хузур (алайхиссалаам)дан ажырата албайт. Биз анын босогосунда кайырчы болдук. Ошону эле жогору коёбуз. Анан ушул убаданы орундатышты, мыкты орундатышты. Алардын айрым мисалдарын ортого таштаймын. Алардын көпчүлүгүнө ушул доордогу Имамдын[7] өзү эле зор баа берген.

Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) мындай айтат:

«Ошондой эле биз чын дилден сүйгөн Мавлавий Мухаммад Ахсан Сахиб Амрухий[8] ушул Жамаатты колдоп, абдан маанилүү адабияттарды жазууда. Сахибзаада Пир Сираажул-Хак Сахиб[9] миңдеген Мурийддерин[10] таштап, ушул жерге келип, карапайым жашап жатат. Миан Абдулла Сахиб Санаврий, Мавлавий Бурхаануддин Сахиб Жихлумий, Мавлавий Мубарак Али Сахиб Сиалкотий, Казы Зыяуддин Сахиб Казыкотий, Гурдааспур (Индия) районуна караштуу баталалык Мунший Чавдхрий Набибахш Сахиб жана Мунший Жалаалуддин Сахиб Йалааний ж. б. туугандар өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө жараша кызмат менен алек. Мен өз Жамаатымдын сүйүүсү жана ыкыласына таң каламын: алардын эң аз тапкандары – Миан Жамаалуддин, Хайруддин жана Имаамуддин Кашмийрий өңдүүлөр менин айылыма жакын турушат. Ал үч бир тууган, мүмкүн үч тыйын же төрт тыйын күнүнө табышат, иштиктүүлүк менен ай сайын Чанда (взнос) беришет. Алардын досу – Миан Абдул-Азиз Патваарийдин ыкыластуулугуна да мен айран боломун: аз тапканына карабастан, бир күнү: «Мунун Алла жолунда сарпталуусун каалаймын», – деп жүз Рупий берип кетти. Ал жүз Рупийди мүмкүн ал байкуш бир нече жыл бою жыйнаган болсо керек. Бирок Алла Таалага болгон сүйүүсү аны Алла Тааланын ыраазычылыгына сүрөдү». («Руханий хазаайин», 11-том, Замийма Рисаала «Анжаам-э-Аатхам», 29-30-беттер, түшүндүрмөсү)

Дагы ал (алайхиссалаам) Азирети Халифатул-Масийхил-Аввал (разияллааху анху) туурасында мындай дейт:

«Көп мал-мүлктөн бир азын Алла Тааланын жолунда сарптап жаткан көпчүлүктү көрдүк, бирок өзү ачка болуп, өзүнүн азиз мал-мүлкүн Алла Тааланын ыраазычылыгына сарптоо жана дүйнө кызыкчылыктарынан өзүнө эч нерсени топтобоо – ушул сыпатты толук бойдон кеп кылынган Мавлавий Сахибде көрдүк … Анын мал-мүлкү теңдеши жок даражада мага жардам берди». («Руханий хазаайин», 4-том, «Нишаан-э-Асмааний», 407-бет)

Азирети Халифатул-Масийхил-Аввал Мавлана Нуруддин Сахиб Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам)га мындай деп жазды: «Мен сиздин жолуңузда курманмын. Менин бүт баардык нерсем меники эмес, сиздики. Эй, Азирети Пиру Муршадым![11] Мен чын дилден сүйлөймүн: эгер менин бүт баардык мал-мүлкүм динди жайылтуу жолунда сарпталса, мен максат-мүдөөмө жеткен болом». («Руханий хазаайин», 3-том, «Фатх-э-Ислам», 61-бет)

Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) Азирети Мунший Зафар Ахмад Сахиб (разияллааху анху)[12] туурасында мындай айтат:

«Хибби филла Мунший Зафар Ахмад Сахиб Саалих, аз сүйлөгөн, абдан ыкыластуу, ой-пикири терең жигит. (Тактап айтканда, кылдаттык менен байкоочу). Анда туруктуулук белгилери жана нурлары ачык көрүнөт. Анда сөзүндө туруунун жышаан-белгилери кезигет. Чын деп далилденген акыйкаттарды жакшы түшүнөт жана алардан канааттанат. Алла жана Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)ды чын жүрөктөн сүйөт. Пайда-берекелерге ээ болуунун негизи – адептүүлүк жана ушул жолдо зарыл болгон таза ойлуу өңдүү эки касиет анда бар. Жазаахумуллааху хайрул-Жазааи»[13]. (Тактап айтканда, анда пайда-берекелерге жана жакшы ойго ээ болуунун топтому болгон бул эки сыпат кезигет). («Руханий хазаайин», 3-том, «Изаала-э-Авхаам», 800-801-беттер)

Ошондой эле Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) Азирети Миан Абдулла Санаврий (разияллааху анху)[14] туурасында мындай дейт:

«Хибби филла Миан Абдулла Санаврий (разияллааху анху). Бул Саалих-такыба жигит өзүнүн табиятынын тазалыгы аркасынан мага карай тартылып келди. Мен ишенемин: ал эч кандай сыноо да тайдыра албай турган туруктуу достордун бири». Тагыраак айтканда, эч кандай сыноо дагы аларды ордунан тайдыра албайт. «Ал кез-кезде эки-үч айга чейин, кээде андан да көбүрөөк менин жанымда турган. Мен анын ички ахвалына дайыма терең назар салып турганмын». Тагыраак айтканда, ага мен кылдаттык менен көңүл буруп турдум. «Ошентип, менин кыраакы көздөрүм анын ичин көрүп, төмөнкү жыйынтыкка келди: чынында, ушул жигитте Алла жана Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)ды сүйүү боюнча өзгөчө ынтаа бар. Мени менен анын сүйүүсүнүн жападан-жалгыз себеби – анын жүрөгүнүн менин Алла Таала жана Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)ды сүйгөндөрдөн экендигиме ишенүүсүндө». («Руханий хазаайин», 3-том, «Изаала-э-Авхаам», 796-бет)

Ошондой эле Азирети Мунший Арура Сахиб (разияллааху анху)[15] туурасында Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) мындай деп жазат:

«Хибби филла Мунший Мухаммад Арура архитектор Мужастретий.[16] Мунший Сахиб сүйүү, чын ыкластуулук жана ишеним боюнча кең пейил адам. Чынчылдыкка берилген жана акыйкатты дароо түшүнөт. Кызматтарды абдан кубаныч менен аткарат». Чын жүрөктөн аткарат. А түгүл ал күнү-түнү: «Кандайдыр бир кызмат менин колумдан аткарылса», – деп ойлонуп жүрөт. Пейили кең жана берилген адам». Тагыраак айтканда, чын жүрөктөн кабыл кылуучу жана курмандык кылуучу инсан. «Мага карата ашыктыгы бар деп ойлоймун. Ыктымал, анын эң чоң, жападан-жалгыз кубанычы: өзүнүн жөндөмдүүлүктөрү, мал-мүлкү жана баардык денелик күчтөрү менен кандайдыр бир кызматты аткаруусунда. Ал чын дилден берилген, туруктуу жана кайраттуу адам». Ар кандай жагдайда туруктуу, ыйманы бекем жана кайраттуу инсан. «Алла Таала ага жакшы сыйлык тартууласын. Аамийн».

Ал (алайхиссалаам) мындай деп кошумчалайт:

«Хибби филла Миан Мухаммадхан Сахиб Капуртхала (Индия) штатында иштейт. Абдан карапайым, ичи таза, акыл-парасаты терең жана акыйкатты жактоочу адам». Тактап айтканда, кылдаттык менен көңүл буруучу, акыйкатты таануучу жана чындыкты жактыруучу. Ошондой эле мага карата анын ушунчалык зор ишенүүсү, сүйүү жана таза ой-пикирин мен эч кандай өлчөм менен өлчөй албайм. Мен ал туурасында: «Анын ушул күчтүү сүйүү алакасында кандайдыр бир маалда бир аз шек-күмөн болуп калат», – деп коркпоймун, тескерисинче: «Чектен чыгып кетпесин», – деп коркомун. Ал чыныгы туруктуу (дос), жанын курман кылуучу жана ыйманы бекем. Алла Таала аны менен бирге болсун. Анын жаш иниси – Сардаар Алихан дагы мага Байъат кылган. Ал жигит дагы агасына окшош абдан такыба жана акыл-парасаттуу. Ал такыба жана туура жолдо жүрүүчү. Алла Таала аларды коргосун». («Руханий хазаайин», 3-том, «Изаала-э-Ахваам», 798-800-беттер)

Ал (алайхиссалаам) дагы мындай деп жазат:

«Менин сүйүктүү тууганым, өзүнүн айрылуусу менен биздин жүрөгүбүзгө так калтырган маркум-магфур[17] Мырза Азимбек Сахиб Патиялага (Индия) караштуу Саамаананын раиси эле. Ал экинчи Рабиъус-Сааний, 1308-хижрий жылында бул дүйнө менен коштошуп кетти. «Иннаа Лиллаахи Ва Иннаа Илайхи Раажиъуун. Ал-Аъйну тадмаъу вал-Калбу йахзуну ва иннаа би фираакихий ла махзуунууна»[18]. Мырза Сахиб маркум Алла Таала үчүн мени канчалык сүйгөнүн жана мага канчалык берилгенин, ошондой эле анын ашыктык даражасын баяндоо үчүн мен сөздү кайдан табайын? Анын мезгилсиз кайтуусунан мен канчалык кайгырган болсом, өмүрүмдө ошончолук сар-санаа тарткан эмесмин. Биздин назарыбызда ал жогорку даражалуу жана алга кадам шилтөөчү болчу, анда жетекчилик жөндөмдүүлүктөрү бар болчу. Ал биздин көз алдыбызда көз жумду. Биз тирүү кезде андан айрылганыбыздын кайгысын эстен чыгара албайбыз… Андан ажыраганыбызды эстеп, ичибиз муңга жана көкүрөгүбүз сар-санаага толгондуктан, жүрөк туйлап, көздөрдөн жаш ага баштайт. Анын бүткүл тулку бою сүйүүгө толгон эле. Мырза Сахиб маркум сүйүүгө толгон сезимдерди ачыкка чыгаруу боюнча өтө маш болчу». («Руханий хазаайин», 3-том, «Фатх-э-Ислам», 65-66-беттер)

Азирети Казы Зыяуддин Сахиб (разияллааху анху) жазат. Жок, Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам)дын алдында мындай айткан эле: «Эй, менин жол башчым! Мен ичимде карама-каршы ойлордун толкундап жатканына туш боломун. Бир жактан мен абдан чоң ыкластуулук менен каалаймын: Хузур (алайхиссалаам)дын чынчылдыгы жана руханий нурларынан тышкы дүйнө тездик менен кабардар болсун, ошондой эле баардык коомдор жана ишенимдерге ээ болгон адамдар келип, Алла Таала ушул жерден чыгарган булагынан чаңкоосун кандырсын. Бирок экинчи жактан ошол тилек менен бирге ушундай ойдон улам менин ичим кайгы-капа тарта баштайт: качан башка адамдар дагы Хузур (алайхиссалаам)дан кабардар болуп, чоң-чоң тайпа болуп ушул жерге келе башташканда, азыркыдай мага насип болгон жакындыгыңыз жана сүйүүңүздөн алына турган канааттануулар жана кубанычтардан куру каламын. Ошондой болгондо, Хузур (алайхиссалаам) башкалардын үйлөрүнө барат.

Эй, Хузур (алайхиссалаам)! Өзүмдүн сүйүктүү жол башчымдын жанында отуруу жана аны менен сүйлөшүү өңдүү кубанычтуу мүмкүнчүлүктөрдөн куру каламын. Ошондой карама-каршы ой-тилектер биринин артынан бири ичимде пайда болот».

Казы Сахиб мындай кошумчалады: «Азирети Масийхи Мавъуд менин сөзүмдү угуп жылмайып койду». («Асхааб-э-Ахмад», 6-том, 10-бет)

Казы Зыяуддин Сахиб (разияллааху анху)нун дагы бир үлгүсү төмөнкүчө: «Казы Абдур-Рахийм Сахиб (разияллааху анху) бир жолу атасынын абдан кубаныч менен мындай деп айтканын баян кылат: мен даарат алып жатканымда, Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам)дын кызматчысы – Азирети Хаафиз Хаамид Али Сахиб (разияллааху анху) мен тууралуу: «Бул киши ким?» – деп сурады. Ошондо Хузур (алайхиссалаам) менин ат-жөнүмдү айтып жатып: «Бул киши бизге берилген», – деп да айтты». Ошентип, Казы Сахиб (разияллааху анху) ошол сөз менен сыймактанчу жана (таң кала): «Хузур (алайхиссалаам) менин ичимдегини кандайча билди?» – деп айтчу. Ошол берилгендиктин натыйжасында Азирети Казы Сахиб (разияллааху анху) өзүнүн өлүмүнүн астында балдарына төмөнкүдөй осуят кылды: «Мен силерди абдан көп кыйналып Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам)дын босогосуна алып келдим. Эми менден кийин ушул эшикти эч качан таштап кетпегиле». Анан анын балдары ага толук бойдон амал кылышты». («Асхааб-э-Ахмад», 6-том, 8-9-беттер, 1959-жылдагы басылыш)

Азирети Мавлавий Нээматулла Сахиб 1924-жылы Кабулда шейит кылынган. Шейит кетүүсүнөн мурда түрмөдөн бир Ахмадийге кат жолдоп, анда мындай жазды: «Мен ар дайым түрмөдө Алла Тааладан: «Эй, Алла! Мен – жараксызга дин кызматында ийгилик бергин», – деп сураймын. Мен түрмөдөн чыгуу жана өлүмдөн кутулууну каалабаймын. Тескерисинче, мен: «Эй, Алла! Мен – жараксыздын тулку боюнун ар бир бөлүгү да Исламга курман болсун!» – деп дагы сураймын». («Ахмадият тарыхы», 5-том, 450-бет, 1964-жылдагы басылыш)

[1] Ахмадия Мусулман Жамаатын жок кылуу максатында Индияда пайда болгон мусулман секта (кыймыл).

[2] Азирети Масийхи Мавъуд жана Имам Махдий (алайхиссалаам)дын сахаабаларынын бири.

[3] «Жетимдер үйү» дегенди билдирет.

[4] «Карыялар үйү» дегенди билдирет.

[5] Азирети Масийхи Мавъуд жана Имам Махдий (алайхиссалаам)дын сахаабаларынын бири.

[6] Лахор (Пакистан) көчөлөрүнүн бири.

[7] Азирети Мырза Гулам Ахмад Масийхи Мавъуд жана Имам Махдий (алайхиссалаам).

[8] Азирети Масийхи Мавъуд жана Имам Махдий (алайхиссалаам)дын сахаабаларынын бири.

[9] Азирети Масийхи Мавъуд жана Имам Махдий (алайхиссалаам)дын сахаабаларынын бири.

[10] Диний шакирт.

[11] Диний жана руханий жолбашчы.

[12] Азирети Масийхи Мавъуд жана Имам Махдий (алайхиссалаам)дын сахаабаларынын бири.

[13] Алла Таала ага эң жакшы сыйлык берсин.

[14] Азирети Масийхи Мавъуд жана Имам Махдий (алайхиссалаам)дын сахаабаларынын бири.

[15] Азирети Масийхи Мавъуд жана Имам Махдий (алайхиссалаам)дын сахаабаларынын бири.

[16] Өкмөттүк кызмат.

[17] «Кечирилген» дегенди билдирет. Маркумдарга айтылат.

[18] Котормосу: Көз жаш төгөт, жүрөк кайгылуу жана биз андан ажыраганыбызга кайгырабыз.

Share via