Кудай Таала Ширкти кечирбейт
Алла Таала «Ан-Нисаа» сүрөөсүнүн 49-аятында мындай дейт:اِنَّ اللّٰہَ لَا یَغۡفِرُ اَنۡ یُّشۡرَکَ بِہٖ وَ یَغۡفِرُ مَا دُوۡنَ ذٰلِکَ لِمَنۡ یَّشَآءُ ۚ وَ مَنۡ یُّشۡرِکۡ بِاللّٰہِ فَقَدِ افۡتَرٰۤی اِثۡمًا عَظِیۡمًاКотормосу: Албетте, Алла Таала Өзүнө шерик кошууну кечирбейт. Бирок Өзү каалаган пенде үчүн мындан бөлөк бардык нерселерди кечирет. Кимде-ким Аллага бирөөнү шерик кылса, албетте, ал чоң күнөөнү ойлоп чыгарган болот.
Бул жөнүндө Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) мындай дейт:
«Ошондой эле Алла Таала Куранда: «Ва йагфиру маа дууна заалика…», – деп айткан. Тактап айтканда, ар бир күнөө кечирилет, бирок Ширкти Кудай Таала кечирбейт. Ошол үчүн Ширкке жакындабагыла жана аны тыюу салынган «бак» деп билгиле». («Руханий хазаайин», 17-том, Замийма «Тухфа-э-Голарвия», түшүндүрмө, 323-324-бет)
Дагы мындай айтат:
«Ушул жерде Ширктин мааниси – таштар ж. б.га сыйынуу гана Ширк эмес, тескерисинче, (дүйнө) чараларына сыйынуу жана дүйнө кудайларына басым жасоо да Ширк болуп саналат. Мына ушунун өзү эле Ширк деп аталат». («Ал-Хакам» газетасы, 7-том, 24-сан, 11-бет, 1903-жылы, 30-июнь)
Дагы Алла Таала Курани Каримде мындай деп айтат:وَ اِذۡ قَالَ لُقۡمٰنُ لِابۡنِہٖ وَ ہُوَ یَعِظُہٗ یٰبُنَیَّ لَا تُشۡرِکۡ بِاللّٰہِ ؕؔ اِنَّ الشِّرۡکَ لَظُلۡمٌ عَظِیۡمٌКотормосу: Лукмаан өз уулуна акыл-насаат айтып жатып: «Эй, сүйүктүү уулум! Аллага башкаларды шерик кылба! Албетте, Ширк бир абдан чоң зулумдук!» – дегенин эстегиле». («Лукмаан» сүрөөсү: 14)
Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өз үммөтү тууралуу Ширктен кабатырланчу. Бир хадисте мындай деп айтылган:
Ибаада бин Насий бизге Шаддаад бин Авс жөнүндө мындай деп айтып берген: «Ал ыйлап отурган эле. Андан: «Эмнеге ыйлап жатасың?» – деп суралганда, ал: «Мен Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дан уккан бир нерсе эсиме түшкөндүктөн ыйлай баштадым», – деп айтты. Мен Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын укканмын: «Мен өз үммөтүм жөнүндө Ширк жана көмүскө каалоолордун айынан кабатырдамын». Рабаят айтып берген киши мындай деп айткан: Мен: «Эй, Алланын Пайгамбары! Сизден кийин сиздин үммөтүңүз Ширкке кабылып калабы?» – деп сурадым. Ошондо Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам): «Ооба! Албетте, менин үммөтүм күн менен ай жана путтар менен таштарга сыйынбайт, бирок өз амалдарына кожо көрсүндүк кылышат жана көмүскө каалоолорго кирептер болуп кетишет. Эгер алардын бирөөсү орозо кармаган бойдон таң аттырса, анан кандайдыр бир каалоосу пайда болуп калса, ал орозону бузуп, ошол каалоого кирептер болуп кетет», – деп айткан». («Муснад Ахмад бин Ханбал», 4-том, 124-бет, Бейрут)