Бүлүк салуудан сактангыла • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Бөлүмдөр
  1. Баш сөз
  2. Байъат шарттары
  3. Байъат деген эмне?
  4. Байъаттын мааниси – өзүн Кудай Таалага тапшыруу
  5. Алла Таала тарабынан Байъат алууга буюрулгандыгы
  6. Байъаттын максат-мүдөөлөрү
  7. Байъат алуунун башталышы
  8. Биринчи Байъат шарты
  9. Кудай Таала Ширкти кечирбейт
  10. Ширктин ар кандай түрлөрү
  11. Экинчи байъат шарты
  12. Эң чоң жаманчылык – жалган сүйлөө
  13. Зынаадан сактангыла
  14. Жаман көз менен кароодон сактангыла
  15. Баш ийбестик жана бузукулуктардан оолак болгула
  16. Зулумдук кылбагыла
  17. Кыянатчылык кылбагыла
  18. Бүлүк салуудан сактангыла
  19. Чыккынчылык жолдорунан абайлагыла
  20. Кызуу кандуулукка берилбегиле
  21. Үчүнчү Байъат Шарты
  22. Беш маал намазды калтырбай орундаткыла
  23. Тахажжуд намазын орундаткыла
  24. Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га дайыма салаваат окуп тургула
  25. Алладан дайыма кечирим сурап тургула
  26. Истигфаар жана тобо кылуу
  27. Алла Таалага мактоо-алкоо айтып тургула
  28. Абдан маанилүү жана керектүү тема
  29. Төртүнчү Байъат шарты
  30. Кечиримдүү болгула
  31. Эч кимге зыян келтирбегиле
  32. Карапайым жана жөнөкөй адам болгула
  33. Бешинчи Байъат шарты
  34. Кыйынчылыктар күнөөлөргө «каффараат» (кун) болуп калат
  35. Кырсыктын башталышында кылынган сабыр гана чыныгы сабыр болот
  36. Силер Алла Тааланын акыркы Жамаатысыңар
  37. Меникилер менден ажырашпайт
  38. Толук берилгендик жана туруктуулук үлгүсүн көрсөткүлө
  39. Алтынчы Байъат шарты
  40. Бидъат жана жаңы-жаңы (маанисиз) каада-салттарды четке кагуу керек
  41. Исламий таалим үчүн биздин жетекчибиз – Курани Карим
  42. Курани Карим гана – силердин жашооңор
  43. Жетинчи Байъат шарты
  44. Ширктен кийин текеберликтей башка балээ жок
  45. Текебер адам эч качан бейишке кирбейт
  46. Текеберлик менен шайтандын ортосунда кандайдыр бир терең алака бар
  47. Текеберлик – Кудай Тааланын алдында өтө жийиркеничтүү нерсе
  48. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын назарында жардылардын орду
  49. Сегизинчи Байъат шарты
  50. Ислам таалимдеринин корутундусу
  51. Исламдын тирилүүсү бизден кандайдыр бир «Фидя» сурайт
  52. Күнөөдөн кутулуунун куралы – ишенич
  53. Тогузунчу Байъат шарты жөнүндө
  54. Тогузунчу Байъат шарты
  55. Баарына жакшы мамиле кылуу таалими
  56. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) жана адамзатка карата боорукерлиги
  57. Онунчу Байъат шарты
  58. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) жана Учурлук Халифа менен тууганчылык байланышты орнотуу зарыл
  59. Маъруф жана Маъруф эместин аныктамасы
  60. Баш ийүүчүлүктүн эң бийик үлгүсү
  61. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) ээлеген ар бир даража Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)ды ээрчигендигинен болгон
  62. Ар кандай жагдайда да баш ийүү зарыл
  63. Ким жамаат мүчөсү эсептелет?
  64. Өз ара тууганчылык жана сүйүү пайда кылгыла, ошондой эле Кудай Таала менен чыныгы алакаңарды орноткула
  65. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)дын колунда байъат кылуунун эки пайдасы
  66. Ушул доордогу бекем чеп – Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)
  67. Айрым окуялар
  68. Силерге куш кабар болсун! Эми силер дайыма «Маъруф» чечимдердин астындасыңар
  69. «Маъруф боюнча баш ийүүнүн» даанышмандыктан турган чечмеси жана түшүндүрмөсү
  70. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссаллам) аркылуу жүз берген руханий ыңкылап
  71. Ширктен оолак болуу
  72. Кызуу кандуулукка берилбөө
  73. Намаздарды калтырбай окуу жана Тахажжуд намазына берилүү
  74. Кызуу кандуулукту басуу
  75. Кээ бир окуялардын уландысы
  76. Оорчулукта жана молчулукта Алла Таалага бекем бойдон калуу
  77. Сабырдуулуктун теңдеши жок үлгүсү
  78. (Маанисиз) каада-салттардан оолак болгула
  79. Тамеки тартуунун зыяндуу таасирлери
  80. Лотерея адал эмес
  81. Ичимдиктин арамдыгы
  82. Курани Каримди сүйүү
  83. Карапайымдуулук жана жөнөкөйлүк
  84. Текеберчиликтен оолак болуу
  85. Динди дүйнөдөн жогору коюу
  86. Адамзатка кызмат кылуу жана чын ыкыластуулук жана ыймандуулук боюнча теңдеши жок үлгүлөр
  87. Ахмадий дарыгерлер өздөрүн динге арнасын
  88. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) менен теңдеши жок тууганчылыкты түзүү
  89. Жамаатка чын ыкылас менен берилгендердин балдарынын милдети
  90. Жаттардын (акыйкатты) моюнуна алгандыгы
Чектеш темалардын мазмуну

Дагы фитна-чагымчылык тууралуу Алла Таала мындай айтат:وَ ابۡتَغِ فِیۡمَاۤ اٰتٰٮکَ اللّٰہُ الدَّارَ الۡاٰخِرَۃَ وَ لَا تَنۡسَ نَصِیۡبَکَ مِنَ الدُّنۡیَا وَ اَحۡسِنۡ کَمَاۤ اَحۡسَنَ اللّٰہُ اِلَیۡکَ وَ لَا تَبۡغِ الۡفَسَادَ فِی الۡاَرۡضِ ؕ اِنَّ اللّٰہَ لَا یُحِبُّ الۡمُفۡسِدِیۡنَКотормосу: Жана Алла сага тартуулаган нерселер аркылуу акырет мекенине ээ болууну ойло жана дүйнөдөн дагы бир белгилүү үлүшүңө кош көңүл болбо! Ошондой эле Алла сага жакшылык кылган сыяктуу сен дагы жакшылык кыл жана жерде бузгунчулук (кылуу)ну жактырба! Албетте, Алла бузгунчулук кылуучуларды жактырбайт. («Ал-Касас» сүрөөсү: 78)

Азирети Муъааз бин Жабал (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет: «Согуш эки түрдүү болот: биринде Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн Имамга баш ийилет. Ошондой адам өзүнүн жакшы мал-мүлкүн Алланын жолунда сарп кылат, өзүнүн сапарлаш жолдошу үчүн жеңилдикти жаратат жана бүлүктөн оолак болот. Демек, ошондой адамдын уйку-соосунун баары соопко татыктуу болот. Дагы бир киши мактануу, кожо көрсүн жана өзүнүн эрдемсинген кыссаларын айтуу үчүн согушат. Ошондой адам Имамга баш ийбестик кылат жана жерде бүлүк салат. Демек, ушундай адам жогоруда айтылган киши менен бирдей болуп кайтпайт». («Сунан Аби Давуд», Китаабул-Жихад, Баабу фий ман йагзу ва йал-тамиссид-Дунйа)

Азирети Асмаа (разияллааху анху) бинти Язийд Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет: «Мен араларыңардагы эң жакшы адамдар жөнүндө айтып берейинби?» Сахаабалар: «Ооба, эй, Алланын Пайгамбары!» – деп жооп беришти. Ошондо Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам): «Алар кандайдыр бир көркөм көрүнүштү көрүшкөндө, Алла Тааланы эске ала башташат», – деп айтты. Анан мындай айтты: «Мен силерге эң жаман адамдардан кабар берейинби? Ушак айтуу ниетинде чуркап жүргөндөр эң жаман адамдар. Алар сүйүшкөндөрдүн арасында жарака салышат. Алар баш ийүүчү адамдардын күнөөгө батуусун каалашат». («Муснад Ахмад бин Ханбал», 6-том, 459-бет, Бейрут)

Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) мындай дейт:

«Силердин Алла Таала негиз салган Жамаатка киргениңер үчүн эле силерди таштай турган жана силерден ажырап кете тургандар менен жаңжалдашпагыла же бүлүк салбагыла, тескерисинче, Алла Таала силерге Өзүнүн берешендиги себебинен тартуулаган акыл-парасат менен илим-билимди Алла Таала аларга да берсин деп алар үчүн жашыруун дуба кылгыла. Силер жакшы жолду тандаганыңарды өзүңөрдүн таза үлгү жана эң сонун жүрүш-турушуңарды көрсөтүү жолу менен далилдегиле. Карагыла, мен силерге кайра-кайра төмөндөгүдөй насаат кылууга буюрулганмын: ар кандай бүлүк жана ызы-чуулуу жайлардан абайлагыла жана сөгүнүүлөрдү угуп да сабыр кылгыла. Жаманчылыкка жакшылык менен жооп кайтаргыла. Эгер кимдир бирөө бүлүк салууну кааласа, ошол жерден акырын кетип калышыңар абзелирээк. Силер жумшактык-сылыктык менен жооп кайтаргыла… Качан мен баланча ушул Жамааттан болуп туруп, кимдир бирөө менен жаңжалдашты деп уксам, ал ыкманы мен такыр жактырбаймын. Ошондой эле дүйнөдө үлгү боло турган Жамааттын такыба жолунан башка жолдон баруусун Алла Таала да жактырбайт. Тескерисинче, Алла Таала ушул нерсеге баса белгилегенин да мен силерге айтып бермекчимин: кимдир бирөө ушул Жамааттан болуп туруп да, сабыр кылбаса жана чыдабаса, ал ушул Жамаатка кирбегенин билип койсун. Мага бериле турган сөгүштөр силердин ачууңар жана толкундооңорго себеп болушу мүмкүн, силер ушул мамилени Алла Таалага тапшырып койгула. Силер аны чече албайсыңар. Менин мамилемди Алла Таалага калтыргыла. Силер ушул сөгүнүүлөрдү угуп да, сабыр кылгыла жана чыдагыла». («Малфузаат», жаңы басылыш, 4-том, 157-бет)

Share via