Бангладеште наристенин мүрзөсү ачылган тууралуу кайгылуу окуя
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Бангладеште наристенин мүрзөсү ачылган тууралуу кайгылуу окуя

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу радикализм

Бангладештеги Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз жана медиа бөлүмүнүн төрагасы урматтуу Ахмад Табшийр Чаудхрий мырза өтө кайгылуу жана өкүнчтүү окуядан кабар берип, мындай деп жазат: Гатура аттуу айылдагы Жамаатыбызда радикал молдолор тарабынан бир жаӊы төрөлгөн Ахмадий жаш кыздын сөөгү жерге тапшырылгандан бир аздан кийин мүрзөсү ачылып, сөөгү мазакталган.

Ушул окуя мындай кеткен: 2020-жылдын 7-июлунда урматтуу Мухаммад Сайфул-Ислам мырзанын үйүндө бир кыз жарык дүйнөгө келип, үч күндөн кийин Алла Тааланын тагдырына ылайык дүйнө салды. Ал наристенин сөөгү Гатура айылындагы Жамаатыбыздын жергиликтүү көрүстөнүндө жерге коюлган, ал жерде башка мусулмандар менен бирге Ахмадий мусулмандардын кабырлары дагы бар. 9-июль күнү сөөгү жерге тапшырылгандан бир аздан кийин молдолор Ахмадий мусулмандарга каршы жек көрүүчүлүк амалдарын башташты жана элди эч кандай «Кадияниди»[1] жергиликтүү көрүстөнгө көмүүгө жол бербөөгө тукура башташты. Ошентип, бир нече сааттын ичинде ачууланган топ мүрзөгө чогулуп, Ахмадийлерге каршы ураандарды айта башташты жана ачууланган топ жаӊы төрөлгөн күнөөсүз кызды эксгумациялап эле койбостон, денесин көчөгө ыргытып, аны мазакташты.

Бул окуя жөнүндө полицияга билдиришкенде, полиция келип, молдолорго каршы эч кандай чара көргөн эмес, тескерисинче Ахмадийлерден кызды Брахман Бария шаарындагы Ахмадия көрүстөнүнө коюуну суранган. Ахмадийлер ошондой кылууга мажбур болушкан.

Бул окуяны ар кандай өкмөт жана башка саясий-коомдук чөйрөлөр катуу сынга алышканына карабастан, коомдук коопсуздук органдары диний экстремисттердин алдында жыгылбай, өз өлкөсүнүн жарандарынын чыныгы коргоочусу болушу керек. Андыктан, бул айбанчылыкка каршы өкмөттүн катуу чаралары көрүлүшү керек. Аллах Тааладан бардык Ахмадийлерди алардын каршылаштарынын жамандыгынан коргоосун тилейбиз.

(Репортажды даярдаган: Навид Ахмад Лемун, «Ал-Фазл Интернейшнал» газетинин кабарчысы)

[1] Ахмадия мусулман Жамаатынын кээ бир каршылаштары Ахмадий мусулмандарды мазактап, Ахмадия Мусулман Жамаатынын мүчөлөрүн «Кадияни» деп чакырышат.

Share via