Баш ийбестик жана бузукулуктардан оолак болгула
Анан ошол экинчи шартта төртүнчү жаманчылык – бүлүк салуу жана күнөөдөн оолак болууга тийиштүү. Алла Таала Курани Каримде мындай дейт:
وَ اعۡلَمُوۡۤا اَنَّ فِیۡکُمۡ رَسُوۡلَ اللّٰہِ ؕ لَوۡ یُطِیۡعُکُمۡ فِیۡ کَثِیۡرٍ مِّنَ الۡاَمۡرِ لَعَنِتُّمۡ وَ لٰکِنَّ اللّٰہَ حَبَّبَ اِلَیۡکُمُ الۡاِیۡمَانَ وَ زَیَّنَہٗ فِیۡ قُلُوۡبِکُمۡ وَ کَرَّہَ اِلَیۡکُمُ الۡکُفۡرَ وَ الۡفُسُوۡقَ وَ الۡعِصۡیَانَ ؕ اُولٰٓئِکَ ہُمُ الرّٰشِدُوۡنَ
Котормосу: Алланын Пайгамбары араларыңарда бар экенин билгиле. Эгер ал силердин көбүрөөк кебиңерди кабыл кылса, силер албетте, кыйынчылыкка дуушар болоор элеңер. Бирок Алла силерге ыйманды сүйүктүү кылып койду жана аны жүрөктөрүңөрдө чырайлуу кылып кооздоду, ошондой эле Ал силерге каапырлыкты, митаамчылыкты жана баш ийбестикти жийиркеничтүү көрсөттү. Мына ушулар гана хидаят тапкандар. («Ал-Хужураат» сүрөөсү: 8)
Бир хадисте Асвад Азирети Абу ХурайраРАнун мындай деп айтканын рабаят эткен: «ПайгамбарСАВ: «Араңардагы орозо кармаган адам одоно сөздөрдү айтпасын, күнөө сөздөрүн сүйлөбөсүн жана наадандык кылбасын, ошондой эле ага наадандык кылган бирөөгө: «Кечирип коюңуз, мен орозо кармаган адаммын», – деп айтсын», – деп насаат кылган». («Муснад Ахмад бин Ханбал», 2-том, 356-бет, Бейрут)
Пайгамбарыбыз МухаммадСАВ: «Момунга орой сөздөрдү сүйлөө – бул күнөө, аны (момун) менен салгылашуу – бул каапырлык», – деп айткан». («Муснад Ахмад бин Ханбал», 1-том, 439-бет, Бейрут)
Абдур-Рахмаан бин Шабл ПайгамбарСАВдын мындай деп айтканын рабаят этет: «Соодагерлер күнөөкөр болушат». Рабаятчы мындай айтат: «Эй, Алланын Пайгамбары! Алла Таала соода-сатыкты адал кылган эмеспи?» – деп айтылды». ПайгамбарСАВ: «Ооба, ошондой. Бирок, алар соодалашканда, жалган сүйлөшөт жана касам ичип, баасын көтөрүшөт», – деп айтты».
Рабаятчы ПайгамбарСАВдын мындай деп кошумчалаганын айтат: «Фаасыктар[1] тозокко барышат». Ага: «Эй, Алланын Пайгамбары! «Фуссаактар[2] ким?» – деп айтылды. Ошондо ПайгамбарСАВ: «Аялдар дагы Фуссаак болушат. Бир киши: «Эй, Алланын Пайгамбары! Алар – биздин энелерибиз, эже-карындаштарыбыз жана аялдарыбыз эмеспи?» – деп айтты. ПайгамбарСАВ: «Ооба, ошондой. Бирок аларга бир нерсе берилгенде, алар шүгүрчүлүк кылышпайт жана аларга кандайдыр бир сыноо келгенде, алар сабыр кылышпайт», – деп айтты. («Муснад Ахмад бин Ханбал», 3-том, 428-бет, Бейрут)
Соодагерлер да ушул сөзгө көңүл буруулары керек. Соода-сатык таза болушу керек. Бул да Байъат шарттарынын бири.
Азирети Масийхи МавъудАС мындай деп айтат:
«Курани Каримден далилденгендей, каапырдан мурунураак фаасыкка жаза берүү керек… Кандайдыр бир коом фаасык-фаажир болуп калганда, анын үстүнө башка бир коомду дайындап коюу Алла Тааланын мыйзам-эрежеси». («Малфузаат», жаңы басылыш, 2-том, 653-бет)
Дагы мындай айткан:
«Ушул бузукулук менен күнөө иштери чектен аша баштаганда жана алар Кудай Тааланын амирлерин урматсыз кылганда, ошондой эле Алла Тааланын белгилерин жек көрө баштаганда жана дүйнө менен анын жасалгалоолоруна берилгенде, Алла Таала аларды да ошондой Алагухан, Чынгызхан ж. б. га талкалаткан. Ошол кезде асмандан «Аййухал куффаару уктулул фужжаара»[3] деген үн келген эле деп айтылат. Кыскасы, бузуку жана күнөөкөр адам Кудай Тааланын назарында каапырдан да төмөнүрөөк жана жек көрүмчү болот». («Малфузаат», жаңы басылыш, 3-том, 108-бет)
Дагы мындай деп айткан:
«Эзүүчү фаасыктын дубасы кабыл болбойт, анткени ал Кудай Тааладан бейкабар, Кудай Таала дагы андан бейкабар (ага кайдыгер). Эгер бир уул атасына кайдыгер болсо жана баш ийбес болсо, атасы да ага көңүл бурбайт. Андай болсо, Кудай Таала эмнеге ушундай болбосун». («Ал-Бадр» газетасы, 2-том, 28-бет, 1903-жылы, 13-февраль)
[1] «Күнөөкөр, бузуку, жалганчы» дегенди билдирет.
[2] «Фаасык» менен бирдей.
[3] Эй, каапырлар! Фаасык-фаажирлерди өлтүргүлө.