Масийхи Мавъуд ээлеген ар бир даража Пайгамбардын аркасынан
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Бөлүмдөр
  1. Баш сөз
  2. Байъат шарттары
  3. Байъат деген эмне?
  4. Байъаттын мааниси – өзүн Кудай Таалага тапшыруу
  5. Алла Таала тарабынан Байъат алууга буюрулгандыгы
  6. Байъаттын максат-мүдөөлөрү
  7. Байъат алуунун башталышы
  8. Биринчи Байъат шарты
  9. Кудай Таала Ширкти кечирбейт
  10. Ширктин ар кандай түрлөрү
  11. Экинчи байъат шарты
  12. Эң чоң жаманчылык – жалган сүйлөө
  13. Зынаадан сактангыла
  14. Жаман көз менен кароодон сактангыла
  15. Баш ийбестик жана бузукулуктардан оолак болгула
  16. Зулумдук кылбагыла
  17. Кыянатчылык кылбагыла
  18. Бүлүк салуудан сактангыла
  19. Чыккынчылык жолдорунан абайлагыла
  20. Кызуу кандуулукка берилбегиле
  21. Үчүнчү Байъат Шарты
  22. Беш маал намазды калтырбай орундаткыла
  23. Тахажжуд намазын орундаткыла
  24. Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га дайыма салаваат окуп тургула
  25. Алладан дайыма кечирим сурап тургула
  26. Истигфаар жана тобо кылуу
  27. Алла Таалага мактоо-алкоо айтып тургула
  28. Абдан маанилүү жана керектүү тема
  29. Төртүнчү Байъат шарты
  30. Кечиримдүү болгула
  31. Эч кимге зыян келтирбегиле
  32. Карапайым жана жөнөкөй адам болгула
  33. Бешинчи Байъат шарты
  34. Кыйынчылыктар күнөөлөргө «каффараат» (кун) болуп калат
  35. Кырсыктын башталышында кылынган сабыр гана чыныгы сабыр болот
  36. Силер Алла Тааланын акыркы Жамаатысыңар
  37. Меникилер менден ажырашпайт
  38. Толук берилгендик жана туруктуулук үлгүсүн көрсөткүлө
  39. Алтынчы Байъат шарты
  40. Бидъат жана жаңы-жаңы (маанисиз) каада-салттарды четке кагуу керек
  41. Исламий таалим үчүн биздин жетекчибиз – Курани Карим
  42. Курани Карим гана – силердин жашооңор
  43. Жетинчи Байъат шарты
  44. Ширктен кийин текеберликтей башка балээ жок
  45. Текебер адам эч качан бейишке кирбейт
  46. Текеберлик менен шайтандын ортосунда кандайдыр бир терең алака бар
  47. Текеберлик – Кудай Тааланын алдында өтө жийиркеничтүү нерсе
  48. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын назарында жардылардын орду
  49. Сегизинчи Байъат шарты
  50. Ислам таалимдеринин корутундусу
  51. Исламдын тирилүүсү бизден кандайдыр бир «Фидя» сурайт
  52. Күнөөдөн кутулуунун куралы – ишенич
  53. Тогузунчу Байъат шарты жөнүндө
  54. Тогузунчу Байъат шарты
  55. Баарына жакшы мамиле кылуу таалими
  56. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) жана адамзатка карата боорукерлиги
  57. Онунчу Байъат шарты
  58. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) жана Учурлук Халифа менен тууганчылык байланышты орнотуу зарыл
  59. Маъруф жана Маъруф эместин аныктамасы
  60. Баш ийүүчүлүктүн эң бийик үлгүсү
  61. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) ээлеген ар бир даража Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)ды ээрчигендигинен болгон
  62. Ар кандай жагдайда да баш ийүү зарыл
  63. Ким жамаат мүчөсү эсептелет?
  64. Өз ара тууганчылык жана сүйүү пайда кылгыла, ошондой эле Кудай Таала менен чыныгы алакаңарды орноткула
  65. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)дын колунда байъат кылуунун эки пайдасы
  66. Ушул доордогу бекем чеп – Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)
  67. Айрым окуялар
  68. Силерге куш кабар болсун! Эми силер дайыма «Маъруф» чечимдердин астындасыңар
  69. «Маъруф боюнча баш ийүүнүн» даанышмандыктан турган чечмеси жана түшүндүрмөсү
  70. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссаллам) аркылуу жүз берген руханий ыңкылап
  71. Ширктен оолак болуу
  72. Кызуу кандуулукка берилбөө
  73. Намаздарды калтырбай окуу жана Тахажжуд намазына берилүү
  74. Кызуу кандуулукту басуу
  75. Кээ бир окуялардын уландысы
  76. Оорчулукта жана молчулукта Алла Таалага бекем бойдон калуу
  77. Сабырдуулуктун теңдеши жок үлгүсү
  78. (Маанисиз) каада-салттардан оолак болгула
  79. Тамеки тартуунун зыяндуу таасирлери
  80. Лотерея адал эмес
  81. Ичимдиктин арамдыгы
  82. Курани Каримди сүйүү
  83. Карапайымдуулук жана жөнөкөйлүк
  84. Текеберчиликтен оолак болуу
  85. Динди дүйнөдөн жогору коюу
  86. Адамзатка кызмат кылуу жана чын ыкыластуулук жана ыймандуулук боюнча теңдеши жок үлгүлөр
  87. Ахмадий дарыгерлер өздөрүн динге арнасын
  88. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) менен теңдеши жок тууганчылыкты түзүү
  89. Жамаатка чын ыкылас менен берилгендердин балдарынын милдети
  90. Жаттардын (акыйкатты) моюнуна алгандыгы
Чектеш темалардын мазмуну

Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) ээлеген ар бир даража Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)ды ээрчигендигинен болгон

Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) мындай деп айтат:

«Мен кандайдыр бир өнөрүмдүн аркасынан эмес, болгону Алла Тааланын берешендиги себебинен гана мурунку пайгамбарлар, элчилер жана Алла Таала жалгагандарга берилген ушул Нээматтан[1] толук үлүш алдым. Эгер мен өзүмдүн жетекчим, пайгамбарлардын сыймыгы, макулуктун эң жакшысы – Азирети Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жолдорун жолдобогонумда, ошол Нээматка ээ болбойт элем. Ошондуктан, мен ээ болгон нерселердин баарына ошол ээрчүүдөн улам жетиштим. Мен өзүмдөгү чыныгы жана жетик билим аркылуу билемин: ушул Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)ды ээрчибей туруп, эч бир адам Алла Таалага жете албайт жана жетик Маърифаттан да үлүш ала албайт. Мен ушул жерде Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)ды чын жүрөктөн, толук ыкылас менен ээрчүүдөн кийин жүрөктө пайда боло турган өзгөрүүлөрдүн эң алгач эмне пайда болоорун да айтып кетейин. Билип койгула, ал – Калби Салийм[2]. Тагыраак айтканда, жүрөктөн дүйнө сүйүүсү чыгып кетет, жүрөк кандайдыр бир түбөлүк жана түгөнбөс лаззатка ачка болуп калат. Анан ошол Калби Салийм аркасынан Алла Тааланын бир тунук жана жетик сүйүүсү насип болот. Ушул баардык Нээматтар Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)ды ээрчүү аркасынан мурас катары берилет. Мисалга, Алла Тааланын Өзү мындай айтат:قُلۡ اِنۡ کُنۡتُمۡ تُحِبُّوۡنَ اللّٰہَ فَاتَّبِعُوۡنِیۡ یُحۡبِبۡکُمُ اللّٰہُТактап айтканда, аларга айтып кой: эгер силер Алла Тааланы сүйсөңөр, анда келгиле, мени ээрчигиле, натыйжада Алла Таала дагы силерди сүйөт. («Аали Имраан» сүрөөсү: 32). Чынында бир жактуу сүйүүнү билдирүү – бүтүндөй жаманчылык жана калп. Инсан чын жүрөктөн Алла Тааланы сүйгөндө, Алла Таала дагы аны сүйөт. Ошондо, ал үчүн жерде кандайдыр бир кабыл алуучулук таркатылып, миңдеген инсандардын жүрөктөрүнө анын чыныгы сүйүүсү киргизилет. Кандайдыр бир тартуучу күч ага ыйгарылып, дайыма аны менен бирге болуучу бир нур берилет. Инсан чын дилден Алла Тааланы сүйсө, Аны бүткүл дүйнөдөн жогору койсо, Алла Тааладан өзгөлөрдүн бийиктиги жана айбаты анын дилинде калбай калат, тескерисинче баарын кандайдыр бир өлгөн курттан да жараксыз деп билет. Ошондо, анын жүрөгүнө көз сала турган Кудай кандайдыр бир жаркыраган нур менен ага түшөт. Коюлган бир тунук күзгүгө күндүн чагылышы толук түшсө, аны каймана жана өтмө мааниде: «Мында асмандагы күндүн дал өзү турат», – деп айтууга болот. Дал ошондой Алла Таала ушундай жүрөккө түшөт жана анын жүрөгүн Өзүнө «арш» кылып алат. Ушул эле иш үчүн адамзат жаратылган». («Руханий хазаайин», 22-том, «Хакийкатуль-Вахий», 64-65-беттер)

Ошентип, Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)ды чын жүрөктөн сүйгөндүктөн Алла Таала Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)дын таза жүрөгүн да Өзүнө «арш» кылып алды. (Адамдардын мартабаларына жараша Алла Таала мындан ары да жүрөктөргө түшүп турат). Эми «Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)ды сүйөбүз, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га толук бойдон баш ийебиз» деген билдирүүңөр ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын руханий перзенти[3] менен сүйүү жана баш ийүүчүлүк алакасын орнотконуңардан кийин чын болуп далилденет. Ошондуктан, ал (алайхиссалам) мындай деп айтат: баардык тууганчылыктардан бекемирээк сүйүү жана баш ийүүчүлүк байланышын мени менен байланыштыргыла. Эми силер ушул эле жол менен Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)ды ээрчийсиңер, анан Алла Тааланын сүйүүсүнө татыктуу болосуңар. Ал (алайхиссалам) ушул сөздү жөн эле сүйлөгөн эмес. Алла Тааланын Пайгамбары Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын өзү бизге мындай буйрук берген: эгер Масийх жана Махдийдин доорун көрсөңөр, ошондо эмгектеп барсаңар да[4], барып менден ага саламымды жеткиргиле[5]. Ушунчалык басымдуулук, ушунчалык табышмактуулук, мында эмне деген сыр бар? Ушундай сыр бар: ал менин сүйүктүүм, мен анын сүйүктүүсүмүн. Мыйзам да ушундай: сүйүктүүлөргө сүйүктүүлөр аркылуу гана жетүүгө болот. Ошондуктан, эгер мени ээрчүүчү болууну кааласаңар, Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)ды ээрчигиле, аны Имам деп кабыл алгыла, анын Жамаатына кошулгула. Ошол үчүн хадисте мындай кезигет: «Сак болгула! Марям уулу Иса (Масийхи Мавъуд) жана менин ортомдо эч бир пайгамбар же элчи болбойт[6]. Жакшылап кулак салгыла! Ал менден кийин үммөтүмдө менин Халифам болот. Албетте, ал Дажжаалды өлтүрөт. Крестти сындырат. Тактап айтканда, кресттик ишеничти жана Жизяны[7] жок кылат». (Анын доорунда бул салт жоголот, анткени ошол доордо диний согуштар токтойт. Жизя жок болот). «Билип койгула, ким аны менен жолугуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болсо, ал ага сөзсүз менин саламымды жеткирсин». («Ал-Муъжамуль-Авсат лит-Табрааний. Ман исмуху Иса. Ал-Муъжамус-Сагийр лит-Табрааний. Ман исмуху Иса)

Өздөрү ушул хадиске көңүл бурбай, ага терең үңүлүп, анын түпкү маңызына жеткен адамдардын сөзүнө кулак салуудан көрө акыркы күндөрдөгү аалымдар хадистин сөзүнө эле жабышып калышты, ошентип карапайым мусулмандарды туура эмес жолго салып коюшту. Алардын көтөргөн ызы-чууларынан Кудайдан паана сурайбыз. Биз Алла Тааланын гана паанасын сурайбыз. Ал Өзү алар менен алышууда, мындан ары дагы алышып турат. Иншааллаах! Ушул хадистен белгилүү болгондой, Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) адилеттүүлүк мүнөзүнө ээ болгон калыс болот, ал ынсаптан башка эч нерсени айтпайт. Ал – адилеттүүлүктү дүйнөгө орното турган Имам. Ошондуктан, ага байланышкыла, анын буйруктарын аткаргыла, анын таалимине амал кылгыла, анткени ал ынсап жана адилеттүүлүктөн таалим берет жана ал Куран таалиминен башка эмес. Азыркы доордогу адамдар крестти сындырууну мындай түшүнүшөт: Масийх балкалар менен келет жана крестти сындырат. Мунун баары маанисиз кептер. Даана көрүнгөндөй, келе турган Масийх өзүнүн Жетекчиси жана өзү ээрчий турган Жетекчисинин[8] жолун жолдоп, далилдер менен ишендирип, далилдер аркылуу кресттик ишеничти жок кылат жана анын акыйкатын ачыкка чыгарат. Дажжаалды өлтүрүүнүн мааниси да ошондой: Дажжаал (чыгара турган) бүлүктөрдөн үммөттү сактайт. Ошондо диний согуштардын доору болбогондуктан Жизянын жок болуп кетүүсү да белгилүү. Дагы ушул хадисте саламды жеткирүүгө да буюрулган. Мусулмандар келген Масийхке салам жеткирүүдөн көрө ага катуу каршылык көрсөтүүгө бел байлашкандыр. Алла Тааланын Өзү аларга акыл берсин!

Дагы бир хадис Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)дын мартабасын айтып берет: биз эмнеге ага баш ийүүчүлүк алакасын орнотушубуз керек. Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет: «Мүнөзү калыс аким жана адилеттүү Имам – Марям уулу Иса келмейинче кыямат кайым болбойт. (Ал келгенде) крестти сындырат, чочкону өлтүрөт, Жизя мыйзамын жок кылат жана адамдар кабыл алууга даяр эмес мал-мүлктү бөлүштүрөт». («Сунан ибни Маажа», Китаабул-Фитан, Бааб фитнатуд-Дажжаал ва хурууж Исабну Марям ва хуруужу Яъжуж ва Маъжуж)

Ушул хадисти да түшүнүш керек эле. Чала сабаттар аны түшүнө алышпады, алар ачык көрүнүп турган сөздөрдү ээрчишти. Алар өтө эле күлкүлүү чечмелешет. Белгилүү болгондой, чочкону өлтүрүүнүн мааниси – чочко сыпат адамдарды жоготуу. Азыркы күндө чочколордун ыпластыгы башка жаныбарларга салыштырмалуу далилденген. Ошондуктан, ошол илдеттер адамдарга жукканда, аларды тазалоо (айыктыруу) парыз болуп калат эмеспи. Дагы ал мал-мүлк берет, мал-дүнүйө бөлүштүрөт деп да кезигет. Муну да булар түшүнө алган эмес. Азыр бир нече күн мурун молдолор Пакистанда жыйын өткөрдү. Анда Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)га жана Ахмадия Жамаатына каршы орой сөздөрдү колдоп, төмөнкүдөй суроо көтөрүштү: Масийх келип мал-мүлктү бөлүштүрүү керек болчу, адамдардан сурабаш керек эле. Карагыла, Ахмадийлер (алар кадиянийлер дешет) Чанда[9] алышат. Мындан алардын жалганчылар экендиги далилденип калды. Эми ушул акылы сокурларга: «Масийх бөлүштүрүп жаткан руханий казыналарды кабыл алуудан силер баш тартып алгансыңар го», – деп түшүндүрө турган акылман жок. Кеп чыны: булардын көзү – дүйнө көзү. Мындан ары булар алга кадам шилтей алышпайт. Алардын иши ошондой, алар аны кыла берсин. Пакистандагы Ахмадийлер көп деле кайгырбоолору керек. Алардын ыпыластыктары, курулай сөздөрүн угуп, сабырдуулук менен чыдаган бойдон жүз буруп өтө берсин. Алардын ыпластыгынын маңдайында биз чынында жеңилдик деп моюнга алабыз. Биз алардын ыпластыгына каршы жооп бере албайбыз. Бирок, бир нерсени айтып коёюн: пенде сүйлөбөгөндө, Кудай сүйлөйт жана Кудай сүйлөгөндө, каршылаштардын бөлүктөрүн абага чачылып жатканын биз көргөнбүз, мындан ары дагы көрөбүз, Иншааллаа! Демек, Ахмадийлер Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)га чыныгы алакасын орнотушсун, дубаларга басым жасашсын, ар дайым дубалар менен алектенип турушсун. Ушул хадистерден да далилденип калды: келе турган Масийх Имам да болот, калыс да болот, ынсап жана адилеттүүлүк падышасы болот. Ага сөзсүз байланышкыла. Хакам (калыс) жана Имам катары ага баш ийүүңөр да силерге парыз болот. Ошентип, Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сүйүктүүлөрүнө да кошулуу үчүн, Алла Таалага жакын болгондор сабына да кошулуу үчүн, силердин пайдаңар үчүн, силердин таалим-тарбияңар үчүн ушул нерселер силерге айтып берилди, аларга амал кылгыла.

[1] «Алла Тааладан вахий-аян алуу» деген белек.

[2] Таза жүрөк.

[3] Азирети Мырза Гулам Ахмад Кадияний (алайхиссалаам).

[4] «Ибни Маажа», Китаабул-Фитан, Баабу хуруужил-Махдий.

[5] «Мустадрик Хааким», Китаабул-Фитан, Баабу зикри нуфика фис-Суури.

[6] «Абу Давуд», Китаабул-Малаахим, Баабу хуруужид-Дажжаал.

[7] Мусулман бийлиги астында жашап жаткан мусулман эмес адамдар төлөп турган жылдык салык.

[8] Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам).

[9] Алла жолунда жана Исламды өнүктүрүү максатында бериле турган акча же мал-мүлк.

Share via