Алтынчы Байъат шарты
«Ал ырым-жырымдарды колдонуудан жана ачкөздүккө берилүүдөн алыс болот. Курани Каримдин буйруктарына толук баш ийет. Алланын сөздөрүн жана Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын айткандарын жашоосунун бардык учурунда өзүнө жетекчи колдонмо кылып алат».
Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) мындай айтып жатат: «Биз каада-салттарды[1] ээрчибейбиз», – деп да Байъат убадасын бергиле. Ошол каада-салттардын силер жашап жаткан айлана-чөйрөңөр менен байланыштуу экендиги үчүн гана силер аларды динге кошуп алгансыңар. Башка диндерде ошол каада-салттар бар болгондуктан, силер дагы аларды ээрчип калдыңар. Мисалга, той мезгилиндеги кээ бир маанисиз каада-салттар бар. Маселен: Барий[2] көрсөтүү же күйөө тарабынан келинге жибериле турган буюмдарды көрсөтүү, анан калыңды көрсөтүү. Куду көргөзмө катары көргөзүлөт. Исламда Махрды[3] айтып туруп эле нике кыйылат. Мындан башка бүт баары маанисиз каада-салттар. Барий же калыңды колунда барлардын көрсөтүүсүнүн максаты: «Карагыла, биз атаандаштарыбыз ага-ини, эже-сиңдисине же уул-кызына той учурунда бергенинен да көбүрөөк бердик», – деп мактануу гана болот. Бул жарышуу жана көргөзмө гана. Араңардан көпчүлүгүңөргө бүгүнкү күндө Алла Таала Өзүнүн өзгөчө берешендигинен ушул жерге келгениңерден кийин (мал-мүлк) тартуулады жана көп молчулук берди. Бул да Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)дын Жамаатына киргениңердин берекеси жана ата-бабаларыңар жасаган курмандыктардын жемиши, ошондой эле алардын дубаларынын мөмөсү. Кээ бирлер Анын алдына ийилип, Анын жолунда сарптоо жолу менен ошол берешендиктер жана берекелерди ачыкка чыгаруудан көрө тойлордо мактануу үчүн, өзүн көрсөтүү үчүн гана ушул каада-салттарга берилип жаткан болушат. Мындан тышкары тойлордо, конокко чакырууларда абдан көп тамак ысырап болот. Мактануу үчүн ар кандай тамак-аш түрлөрү жасалып жаткан болот. Ошондо кедейлер же мүмкүнчүлүгү чектелгендер дагы аларга карап калыңды көргөзмө катары көрсөтүү үчүн карызга батышат. Дагы кээ бир кыздардын үйдөгүлөрү күйөө тарабынан калың сурагандыктары себебинен, ошондой эле адамдар: «Келин калың алып келген жок», – деп айтпашы үчүн да карызга батып кетишет. Демек, күйөө тараптагылар да Кудайдан бир аз кооптонуулары керек. Каада-салттар үчүн, кур намыс үчүн эле кедейлерди кыйнабагыла, аларды карызга баттырбагыла. Силер: «Биз – Ахмадийбиз, биз он Байъат шартына толук бойдон амал кылабыз», – деп айтпайсыңарбы? Мен той жөнүндөгү каада-салтты кыскача баяндап бердим. Эгер ушуну дагы кеңирирээк баяндасам, ушул тойлорго байланыштуу каада-салттардан эле коркунучтуу натыйжаларды чыгаруучу бир топ мисалдарды кезиктирүүгө болот. Каада-салттар күчөгөндө, адам баласы бүтүндөй сокур болуп калат. Андан соң анын кийинки кадамы төмөнкүдөй болот: ал толук бойдон напсилер жана жеңил каалоолордун курчоосуна кирип кетет. Чындыгында, ал Байъат кылган соң: «Мен напси каалоолорунан оолак боломун. Алла жана Анын Пайгамбары Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын амирлерине толук бойдон баш ийемин», – деп убада берген жок беле? Алла жана Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) бизден эмнени талап кылышат? «Каада-салттар жана напсилерди таштап, Менин амирлериме баш ийгиле», – деп (талап кылат).
Алла Таала Курани Каримде мындай дейт:فَاِنۡ لَّمۡ یَسۡتَجِیۡبُوۡا لَکَ فَاعۡلَمۡ اَنَّمَا یَتَّبِعُوۡنَ اَہۡوَآءَہُمۡ ؕ وَمَنۡ اَضَلُّ مِمَّنِ اتَّبَعَ ہَوٰٮہُ بِغَیۡرِ ہُدًی مِّنَ اللّٰہِ ؕ اِنَّ اللّٰہَ لَا یَہۡدِی الۡقَوۡمَ الظّٰلِمِیۡنَКотормосу: Ошентип, эгер алар сенин ушул чакырыгыңды кабыл алышпаса, анда билгин, алар жалаң өздөрүнүн жеңил напсилерине гана ээрчишүүдө. Алланын хидаятын коюп, жалаң өзүнүн жеңил напсисин ээрчий турган бирөөнөн дагы адашкан ким бар?! Алла заалим коомду эч качан хидаят кылбайт. («Ал-Касас» сүрөөсү: 51)
Карагыла, ушул аятта Алла Таала чечим чыгарып салды. Биз үчүн өтө кооптонуу жери: өздөрүнүн напсилерин эле ээрчий турган адамдар эч качан туура жолго багыт алышпайт. Эми, бир жактан: «Биз ушул доордогу Имамды таанып алдык, аны кабыл кылдык», – деп айтуудабыз. Экинчи жактан, ошол Имамга: «Биз айлана-чөйрөдөгү жаманчылыктарды таштап жиберебиз», – деп убада берген соң аларды таштабасак, анда биз артка карай кетип баратпайбызбы? Ар бирибиз өзүбүздү талдап чыгышыбыз лаазым. Эгер биз Байъат убадасынын үстүндө туруктуу болсок, Кудайыбыздан корккон бойдон напсилерден тыйылсак, сүйүктүү Кудайыбызды улуктап, Ага мактоо-алкоолорду айтып Ага кайрылсак, анда мунун ордуна Ал Өзүнүн бейиш куш кабарын берүүдө. Маселен: Ал мындай деди:وَاَمَّا مَنۡ خَافَ مَقَامَ رَبِّہٖ وَنَہَی النَّفۡسَ عَنِ الۡہَوٰیفَاِنَّ الۡجَنَّۃَ ہِیَ الۡمَاۡوٰیКотормосу: Ал эми өз Раббисинин мартабасынан корккон жана өзүн жеңил ойлорунан ажырата алган – албетте, анын турар жайы бейиштин өзү болот. («Ан-Наазиъаат» сүрөөсү: 41-42)
Каада-салттар жөнүндөгү айрым хадистерди ортого таштаймын: Азирети Айша (разияллааху анхаа) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын: «Кимде-ким дин жөнүндө динге тиешелүү болбогон кандайдыр бир жаңы салтты жаратса, ал – каргышка чалдыккан жана кабыл алынбаган салт», – деп айтканын рабаят этет. («Сахих Бухарий», Китаабус-Сулх, Баабу изас талахуу ъалаа сулхи жаврин)
Азирети Жаабир (разияллааху анху) мындай деп рабаят эткен: Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) бизге карата сөз сүйлөдү. Анын көздөрү кызарып кетти. Үнү көтөрүңкү чыгып, толкунданып да кетти. Ал бизди кандайдыр бир чабуул жасоочу кошуундан коркутуп жатканга окшоду. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан эле: «Мен жана ал Саат[4] ушундайча чогуу жиберилгенбиз». Муну айтып жатып, ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Мына ушул эки манжа чогуу болгон сыяктуу», – деп өзүнүн ортон жана сөөмөйүн көрсөттү. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп улантты: «Эми мен силерге айтып кетейин: эң жакшы сөз – Алланын Китеби; эң жакшы жол – Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жолу. Эң жаман амал – динге жаңы-жаңы Бидъаттарды[5] киргизүү. Ар бир Бидъат адашууга алып барат». («Сахих Муслим», Китаабул-Жумуъа, Баабу тахфийфис-Салаати вал хутбати)
Азирети Амар (разияллааху анху) бин Авф Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет: «Кимде-ким менин сүннөттөрүмдүн бирөөсүн ушунчалык даражада тирилтсе: адамдар ага амал кыла баштаса, анда сүннөттү тирилткен адам дагы амал кыла турган кишинин сыйлыгынчалык сыйлыкка ээ болот жана алардын сыйлыгынан эч нерсе кемитилбейт. Кимде-ким кандайдыр бир Бидъатты жаратса жана адамдар ага амал кыла баштаса, анда ал да ошол амал кыла тургандардын күнөөсүнөн үлүш алат жана ошол Бидъатчылардын[6] күнөөлөрүнөн эч нерсе кемитилбейт». («Сунан ибни Маажа», Китаабул-Мукаддама, Баабу ман ахйа сунната кад уммитат)
[1] Дин жана шариятка каршы болгон каада-салттар.
[2] Сеп.
[3] Нике учурунда шарият жагынан парыз болуп, күйөө тарабынан келинге бериле турган же берилүүгө убада кылынган акча же мал-мүлк.
[4] «Кыямат жана ыңкылап» дегенди билдирет.
[5] Дин жана шариятка жаӊы-жаӊы салттарды кошуу.
[6] Дин жана шариятка жаӊы-жаӊы салттарды кошкон адам.