Кыйынчылыктар күнөөлөргө «каффараат» (кун) болуп калат
Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет: «Мусулманга эч кандай кырсык, эч кандай кайгы-капа, эч кандай сар-санаа, эч кандай балээ келбейт, а түгүл жөн гана бир тикен да сайылбайт, бирок анын кайгысын Алла Таала анын күнөөлөрү үчүн «каффаарат» кылып коёт». («Сахих Муслим», Китаабул–Бирри вас–Силах, Баабу Саваабил–Му′мини фиймаа йусийбуху мин маразин ав хузунин ав нахва заалик)
Дагы бир рабаят боюнча, Азирети Сухайиб бин Синаан (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят эткен: «Момундун маселеси да абдан кызыктуу. Анын бардык иштери берекелерге жык толо болот. Ушул берешендик момунга гана таандык. Эгер ага кандайдыр бир кубаныч жана молчулук насип болсо, ал Алла Таалага шүгүрчүлүк кылат жана Анын шүгүрчүлүгү ал үчүн дагы көбүрөөк берекелерге себепкер болуп калат. Эгер ага кандай бир кайгы-капа, сар-санаа жана зыян жетсе, ал сабыр кылат. Анын ушул амалы дагы ал үчүн берекелерге себепкер болуп калат, анткени ал сабыр кылып, соопко жетишет». («Сахих Муслим», Китаабуз-Зухуд, Баабул-Му′мини амруху куллуху хайыр)
Кээде балдар аркылуу да Алла таала Өз пенделерин сыноодон өткөрөт. Балдары каза болуп калышса, айрыкча аялдар ыйлап-сыктап кайгырып, аза тартышат. Алла Таалага шүгүр болсун, Ал Ахмадия Жамаатына өтө сабыр кылуучу жана Анын ыраазычылыгына ыраазы болуучу энелерди тартуулаган экен. Бирок, кээде айрым кишилер, айрыкча кат-сабаты аз адамдар, шүгүрсүздүк жана нааразычылыгын билдирип даттанышат, ал тургай, мен кат-сабаты барларда да муну байкагам.
Бир рабаятта айтылгандай, Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) аялдардан Байъат алган кезинде төмөнкү сөзгө убада алчу эле. Азирети Усайд (разияллааху анху) колун берип, Байъат кылган бир Сахаабиядан[1] рабаят эткен: «Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) бизден Байъат алган кезде: «Биз Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)га баш ийбестик кылбайбыз, жакабызды карманбайбыз, чачтарыбызды жулбайбыз (тактап айтканда, катуу сар-санаага жана сабырсыздык, үмүтсүздүктү билдирүүчү ыкманы тутпайбыз)» деген сөздөр менен бизден убада алган эле». («Сунан Абу Давуд», Китаабул-Жанааиз, Баабу фин-Навхи)
[1] Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын тирүү кезинде ага ыйман келтирген аялдар Сахаабия (аял сахааба) деп аталышат.