Жамаатка чын ыкылас менен берилгендердин балдарынын милдети
Бул – мен көрсөткөн аз гана үлгүлөр. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам)дын ушул сүйүктүү Жамааты ошондой миңдеген-миллиондогон үлгүлөргө жык толо. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) өз доорунда жүз миңдегендерди кеп кылган. Азыркы убакта болсо, өздөрүнүн чын ыкыласы жана курмандыктарынын чокусуна чыккан инсандар – арбын. Көбүнүн туруктуулугу, ыкыластуулугу, тууганчылыгы, сүйүүсү жана баш ийүүчүлүгү туурасындагы окуялардан биз кабарсызбыз. Ошондой адамдар акырындык менен келип, сүйүү, тууганчылык, туруктуулук жана баш ийүүчүлүк үлгүлөрүн көргөзүп, акырындап кете беришкен. Ошондой такыбалардын балдары өзүнүн ата-бабаларынын ошондой окуяларын жазып, Жамаатка сактатуулары лаазым. Өз үй-бүлөөлөрүндө да ошондой каада-салттарды улантуулары керек. Ошондой эле кийинки муундарына да: «Биздин ата-бабаларыбыз ушундай үлгүлөрдү көргөзүшкөн, биз аларды улантышыбыз керек», – деп айтуулары керек. Ата-бабаларыбыз кандайча Азирети Масийхи МавъудАСдын дубаларына татыктуу болгондоруна сыймыктануу менен бирдикте бүгүнкү күндө да ошол дубаларга татыктуу болуу мүмкүнчүлүгү бар экенин унутпоо керек. Келгиле, ошол туруктуулуктар, ыкылас, баш ийүүчүлүк, тууганчылык жана сүйүү үлгүлөрүн көргөзүп туралы жана Алла тааланын берешендиктерине татыктуу бололу. Билип койгула, качанкыга чейин биз ошондой үлгүлөрдү көрсөтүп турабыз, ошол кезге чейин жердин каршылыктары бизге кенедей да зыян келтире албайт.
Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам)дын төмөндөгүдөй сөздөрүн дайыма эске туткула: «Эгер силердин асман менен байланышууңар бекем болсо, жер силерге кенедей да зыян келтире албайт».