МЫКТЫ ИНСАНДАР: ХАМЗА ИБН АБДУЛ-МУТТАЛИБ (РАЗИЯЛЛААХУ АНХУ) • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

МЫКТЫ ИНСАНДАР: ХАМЗА ИБН АБДУЛ-МУТТАЛИБ (РАЗИЯЛЛААХУ АНХУ)

2018-жылдын 4-майында Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы, Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосун) Англиянын борбору Лондон шаарында жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинде жума кутбасын окуган. Ал кутбанын кыскача маани-мазмуну төмөнкүдөй:

Ташаххуд, Таъвуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы мындай деген: Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) бир жолу төмөнкүлөрдү билдирген: «Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) келген учурда араб элинин маданияты, адеп-ахлагы жана руханий абалы кандай болчу? Ар бир үйдө согуш, ичкилик, ойноштук, талап-тоноолор, кыскасы ар бир жаманчылык бар болчу. … Ошентсе да, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) келгенден кийин, алар Ислам динине кирген кезде, аларда Алла Тааланын ушундай сүйүүсү жана биримдик руху пайда болуп калды, алардын ар бири Алла Таала жолундагы өлүмгө даяр болуп калды».

♦ Ал (алайхиссалаам) мындай деп кошумчалайт: «Алла Таала сахаабаларды мактап, кандай сонун сөздөрдү айткан: «Момундардын арасында ушундай марттар  бар: алар Аллага берген убадаларына бекем турушту. Ошентип, алардын арасында кылган ниетин жүзөгө ашырган да бар жана алигиче күтүп жаткан бирөө да бар. Алар (өз ниеттерин) эч өзгөртүшкөн эмес». (33:24)

♦ Мен сахаабалардын жашоосунан кээ бир окуяларды айтып жатам, буга Бадрий сахаабалар (Бадр согушуна катышкан адамдар) жана кээ бир башка сахаабалар кирет. Бирок, мен а дегенде Бадр согушуна катышкан сахабалар жөнүндө айтып беришим керек, анткени алар өзгөчө орунга ээ болушкан деп ойлодум.

♦ Бүгүн мен Азирети Хамза (разияллааху анху) ибн Абдул Мутталиб жөнүндө айтып берем. Ал киши «Саййидуш-Шухадаа» (шейиттердин жетекчиси) ат-лакап менен белгилүү болчу. Ага «Асадуллах» (Алланын арстаны) жана «Асад-ур-Расул» (Пайгамбардын арстаны) деген лакап да берилген эле. Азирети Хамза Курайш уруусунун лидери Азирети Абдул Мутталибдин уулу жана Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам)дын агасы болчу. Азирети Хамзанын энесинин аты Хаала болгон, ал Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын апасы Азирети Аминанын тукум тууганы (абасынын кызы) болчу. Азирети Хамза Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан эки жаш улуу болчу же дагы бир айтуусуна караганда, төрт жаш улуу болчу. Азирети Хамза Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын эмчектеш бир тууганы да болгон. Саубия аттуу куӊ алардын экөөсүн тең эмизген болчу.

♦ Азирети Хамзанын Исламды кандай кабыл кылгандыгы деген тарыхый окуя ыймандарды күчтөндүрөт. Бул окуя мындайча баяндалат: бир жолу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Сафа жана Марва деген тоолордун ортосунда таштын үстүндө отурган эле. Алла Тааланын Жалгыздыгын кандай орнотуу керектиги тууралуу ойлонуп жаткан эле. Бул арада Абу Жахл келип калды. Ал келери менен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га сиз айтып жаткандарыӊыздан кайтпайсызбы деп айтты. Анан ал (саллаллааху алайхи ва саллам)ды өтө ыплас жана орой сөздөр менен тилдей баштады. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) унчукпай уга берген жана анын оройлугуна сабыр кылган. Ал жооп катары бир сөздү да сүйлөгөн эмес. Абу Жахл тойгончо ыплас сөздөрдү сүйлөп бүткөндөн кийин, бул бактысыз адам алдыга келип, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын бетине бир чапкан. Ошондо да, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ага эч нерсени айткан жок. Азирети Хамзанын үйү Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) отурган жердин алдында болчу жана ал учурда ал киши үйдө жок болчу. Бирок, Абу Жахл ушул ыплас кылыктарды кылып жатканда, Азирети Хамзанын аял кулдарынын бири эшигинин алдына туруп, бул окуяны байкап жаткан эле. Ал өз көздөрү менен ушул бүткүл окуяны көргөндө жана өз кулактары менен укканда, ал ага аябай таасирин тийгизген. Бирок, ал эч нерсе кыла албайт эле. Азирети Хамза кечинде мергенчиликтен кайтып келгенде, кызматчы аял абдан ачууланып, Азирети Хамзага мындай деди: сен эр жүрөктүк кылып жүрүптүрсүӊ, кандайдыр бир уят барбы? Муну угуп, Азирети Хамза тынчсызданып, эмне болгонун сурады. Ал Абу Жахл сиздин иниӊиз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды кордоп, ага кол салганын, бирок Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) анын иш-аракетине эч кандай жооп бербегенин түшүндүрдү. Сенин алдыӊда сенин иниӊе ушундай жол менен мамиле жасалгандыгы сен үчүн уят эмеспи? Азирети Хамза али Исламды кабыл албаган болчу. Ошентсе да, өзүнүн аял-кулунан бул окуяны угуп, анын көздөрү кызарып, анын үй-бүлөсү үчүн болгон намысы козголду. Демек, эс алуу учурун эсепке албаганда, ошол ачууланган абалында Каабаны көздөй жөнөдү. А дегенде, ал Каабанын айланасында Тавааф кылды, анан Абу Жахл мактанып жана шылдыңдап-мазактап, улуу кубаныч менен бул окуяны айтып берип жаткан чогулушту карай басып барган. Азирети Хамза ошол чогулушка келгенде, зор күч менен жааны Абу Жахилдин башына уруп, сен эр жүрөктүүлүгүңдү айтып жатасыңбы жана Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды кантип кордогонуңду элге айтып жатасыңбы деди. Азыр мен сени кордойм. Эгер кайратың болсо, менин алдымда сүйлө. Ал кезде Абу Жахл Меккенин эр жүрөк адамдарынын арасында кандайдыр бир падыша катары (адардын) коомунун башчысы болуп эсептеленчү. Азирети Хамза Абу Жахилдин башына жаа чапкан ошол чогулушта өз ыйманын жарыялаган жана Абу Жахилге кайрылып, мындай деди: сен Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мен Алланын Элчисимин жана периштелер мага түшүшөт деп айтып жаткандыгы үчүн гана аны кордодуңбү? Кулак салып, угуп ал, мен да Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) айтканын эле айтам, эгерде кайратың болсо, анда мага каршы чыгып көр? Ушуларды айтып жатып, Азирети Хамза Ислам динине кирип кетти. Айтылууларга караганда, Азирети Хамза Ислам динин кабыл алгандан кийин, Мекке мусулмандарынын ишенимине өтө чоң күч-кубат кошулган.

♦ Азирети Хамза (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын адам баласы ар дайым өз кадыр-баркын жана сый-урматын сактап калуу керек деген көрсөтмөсүн ээрчиген. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ага төмөнкүдөй дуба окуп турушуң керек деп айткан: «Эй, Жараткан Алла! Мен Сенин улуу Ысымың жана Улуу Ыраазычылыгың атынан сурайм». Ал дайыма андан пайда көргөн. Булардын баары Азирети Хамза (разияллааху анху)нун дубага терең ишеними бар экенин айтып жатат жана эмне үчүн ошондой болмок эмес? Ошол дубалардын берекеси менен гана Алла Таала ага бүт үй нерселерин берген жана ал муктаж болгон башка ар кандай нерселерди да ага берген.

♦ 2-хижра жылы Бадр согушунун тарыхында, биз дагы бир окуяга күбө болобуз. Каапырлардын бири Асвад ибн Абдул Асад Maхзумий абдан тентек жана өтө жаман киши болгондуктан, ал мен мусулмандар суу ичкен жерге барып, Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын көлмөсүнө барып суу ичем же аны кулатам, бузуп салам же анын жанында өлүп калам деп ант берген эле. Азирети Хамза (разияллааху анху) ибн Абдулмутталиб мусулман күчтөрүнүн суу ичүүсү үчүн кармалган ал сууну коргогон жана аны бузууга жол берген эмес.

♦ Азирети Али (разияллааху анху) Бадр согушу жөнүндө мындай дейт: каапырлардын саны көп жолу мусулмандарга караганда жогору болгон. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) терең жалынып-жалбаруу жана зор момундук менен түнү бою Алла Тааланын алдында тиленип турган. Англичан тарыхчы Сэр Вильям Мьюр Бадр согушуна Азирети Хамза (разияллааху анху)нун катышуусу жөнүндө мындай деп жазат: Азирети Хамза (разияллааху анху) төө-куштун канаатын желбиретип, согуш майданынын ар бир жеринде көзгө көрүнүктүү болчу. Согушта ал кайраттуулук менен көптөгөн согуш лидерлерин өлтүргөн. Ухуд согушунда дагы Азирети Хамза (разияллааху анху) өзүнүн мыкты кайраттуулугун көрсөткөн. Анын бул кайраттуулугу Меккедеги Курайш уруусунун көзүнө тикендей болчу. Бир жолу Убайдуллах бин Ади (разияллааху анху) Вахшийге бизге Азирети Хамза (разияллааху анху)нун өлүмү жөнүндөгү окуяны айтып бергин деди. Вахший мындай деп айтып берди: мен кул болчумун жана менин кожоюнум мага эгерде байкем үчүн өч алып, Азирети Хамза (разияллааху анху)ну өлтүрсөң, анда боштондукка чыгасың деп мага убада кылган эле. Вахший Ухуд согушунун учурунда Азирети Хамза (разияллааху анху)ну аңдып-акмалап, бир чоң таштын артында жашынып жаткандыгын билдирди. Ал мага жакындап келгенде, мен найза менен ага кол салып, аны менен аны өлтүрүп салдым. Бул анын акыркы учуру болгон. Адамдар кайтып бара жатышканда, мен да алар менен кошулуп, Меккеге кайтып, ошол жерде калып калдым. Ислам дини Меккеге жайылып кеткенде, мен ал жерден Тайфка көчүп кеттим.

♦ Азирети Хамза (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын хижрасына 32 ай болгондон кийин шейит кылынган жана 59 жаш курагында болчу. Каапырлар шейит болгон мусулмандардын денелерин бырчалап, алардын жүздөрүн бузуп, алардын мурундары менен кулактарын кесип салышкан. Алар Азирети Хамза (разияллааху анху)нун боорун чыгарып алып, ошол боорунун бир бөлүгүн Хиндге беришти. Хинд бул боорун чайноого аракет кылган, бирок аны жутуп албай калды, ошондуктан аны түкүрүп салды. Бул окуя жөнүндөгү кабар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га келгенде, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Алла Таала Хамза (разияллааху анху)нун денесинин а түгүл бир бөлүгүнө тийүүнү да отко тыюу салган деп айтты. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Хамза (разияллааху анху)нун сөөгүнүн жанында туруп, мындай деди: «Эй, Хамза (разияллааху анху)! Сенин кайгыңа окшош эч бир кайгы мага туш боло элек. Мен бүгүнкү күнгө чейин мындан оор окуяны эч качан көргөн эмесмин. Андан кийин Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Жабраил периште мага келип, Хамза (разияллааху анху) бин Абдулмутталибдин жети асманда Пайгамбардын арстаны катары жазылганын айтып берди деп билдирген.

♦ Азирети Зубайр (разияллааху анху) Ухуд согушу болгон күнүнүн аягында алды жагынан өтө тездик менен келе жаткан бир аял көрүнгөн деп айтат. Ал шейиттердин өлүктөрүн көрүп калганына аз калган эле. Ал аны токтотууга аракет кылган, бирок ал күчтүү аял болгон жана аны четке түртүп, сени такыр укпайм деди. Мен ага Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) сизге ушул өлүктөрдү көрбөңүз деп тыюу салган, ошондуктан сизди токтотууга буюрган деп жооп бердим. Ал муну угар замат токтоп калды жана ак кездемеден турган эки бөлүктү алды. Ал мен анын шейит болгонунан кабардар болуп, бул эки ак кездемени сенин бир тууганың Хамза (разияллааху анху) үчүн алып келдим деп айтты. Бул ал доордогу адамдардын баш ийүүсү болчу. Тагыраак айтканда, ал Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ошондой буйругу бар экенин угаары менен кайгылуу жана аза тутуу ахвалында экендигине карабай, дароо өзүн кармаган жана токтоткон.  Бул толугу менен баш ийүү болуп саналат.

♦ Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) Азирети Хамза (разияллааху анху) өзүнүн бир туугандарына жакшы мамиле кылуу жана изги иштерди аткарууда ар дайым алдыңкы сапта болчу деп айтат. Ал шейит болгондон кийин Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) анын сөөгүнө кайрылып: «Аллахтын мээрими сага болсун!» – деп айтты. Ал ушундай инсан болчу, ага окшош тууган-туушкандарга жакшылык кылуучу жана изги иштерди кылуучу башка адам болбосо керек. Бүгүнкү күндөн кийин ага эч бир кайгы болбойт. Сахабалар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын агасы Азирети Хамза (разияллааху анху) көмүлгөн учурдагы алсыздык жана аргасыздык окуясын улуу кайгы менен айтып беришчү.

♦ Азирети Абдулла бин Умар (разияллааху анху)дан кылынган дагы бир рабаят боюнча Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Ухуд майданынан кайтып келгенде, Ансаарлардын аялдарынын өз күйөөлөрүнө кайгырып ыйлап жатканын укканда, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) эмне болду экен, Хамза (разияллааху анху)нун шейит болгонуна ыйлай турган эч ким жок деп айтты. Ансаарлардын аялдары бул жөнүндө укканда, анын шейиттигинин үстүнө ыйлоо үчүн чогулушту. Андан кийин Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) уктап калды. Ал уйкусунан ойгонгондо, ал аялдар дагы эле ошондой ыкмада ыйлап жатышкан экен. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) алар Хамза (разияллааху анху)нун атынан бир күн кечке чейин ыйлай беришеби, аларга үйлөрүңөргө кайткыла деп айтып койгула деп айтты. Анда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) аларга үйлөрүңөргө кайткыла жана ушул күндөн кийин эч бир адамдын өлүмүнө кайгырбагыла жана ыйлабагыла деп көрсөтмө берген. Бул ыкма менен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өлүктөргө үшкүрүп, ашыкча боздой турганды мыйзамсыз деп жарыялаган. Ошентип, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) өлгөн киши үчүн ашыкча ыйлап, адамдын өзүн-өзү сабоо адатын токтоткон. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Ансаарлардын (Мединанын жергиликтүү тургундары) аялдардынын сезим-туйгулары менен мамилелешүүдө улуу акылмандыгын көрсөткөн. Алардын жубайлары жана туугандарынын жоготуусуна, боздоп ыйлоонун ордуна Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) алардын көңүлүн бүткүл мусулман калкынын улуу жоготуусу болгон Азирети Хамза (разияллааху анху)га бургузган. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) аларды эстен кеткис таасир калтырган тартипте чыдамдуулук көрсөтүүгө чакырган. Азирети Хамза (разияллааху анху)нун жоготуусун Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өмүрүнүн аягына чейин сезген.

♦ Алла Таала бул сахаабалардын даражасын көтөрүп турсун. Алар өз курмандыктары боюнча көрсөткөн үлгүлөрүн мусулман дүйнөсү кыяматка чейин эстеп турсун, ошондой эле алар бизге көрсөткөн жакшылыктары жана мисалдарын аткаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ бололу.

 

 

Share via