Мырза Хуршид Ахмад – бир карапайым инсан • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну
Жума кутбасы

2018-жылдын 19-январында Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы, Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосун) Англиянын борбору Лондон шаарында жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинде жума кутбасын окуган. Ал кутбанын кыскача маани-мазмуну төмөнкүдөй:

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин, Ал Азирети мындай деди:

♦ Эки күн мурун Жамаатыбыздын байыркы кызматчысы Урматтуу Сахибзада Мырза Хуршид Ахмад Сахиб дүйнө менен кош айтты.

Курани Карим

Ал-Бакара сүрөөсү 157

Бул Алла Тааланын мыйзамы, түбөлүккө туруучу Зат Алла Таала гана. Алла Таала тартуулаган өмүрүн жана жашоосун максаттуу өткөрүүгө аракет кыла тургандар бактылуу инсандар. Кайсы бир олуя же пайгамбар менен болгон денелик тууган-туушкандыгы гана адамды Алла Тааланын ыраазычылыгына татыктуу кыла албайт, тескерисинче адамдын иш-аракети жана амалы гана аны Алла Тааланын ыраазычылыгына татыктуу кыла алат. Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) бир жерде Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын Азирети Фаатима (разияллааху анхаа)га төмөнкүдөй айтканын баян кылат: эй, Фаатима! Менин кызым болгонуӊ үчүн гана Алла Тааланын ыраазычылыгына татыктуу боло албайсыӊ, Анын ыраазычылыгына татыктуу болуу үчүн өз жашооӊду Анын буйруктарына ылайыкташтырууга аракет кылышыӊ керек. Ошондо да Алла Таала ырайым кылып, мен жасаган иш-амалдарымды кабыл кылсын деп кооптонушуӊ керек.

♦ Мен өзүм да ал кишини билем, аны менен тыгыз жана тереӊ алакам бар болчу. Адамдар да жазышкан экен: абдан карапйымдык менен өз Вакфын (өмүрүн динге арноо келишимин) актоого жана кызмат кылууга аракет кылган. Эч качан ата-теги менен мактанган эмес. Былтыркы Жалса Салананын учурунда мага да: «Артым кайырлуу болсун», – деп дуба кылууӊузду суранам деди. Анан бир адамдын төмөнкү окуясын айтып берди: ага ажал келгенде, азырынча коё тур, азырынча коё тур деп айткан, анан көз жумган. Анын шакирти түшүндө аны көрүп, жогорудагы сөздүн мааниси кандай экенин сураганда, ал мындай деп жооп берген: менин ажалым жакындап калганда, шайтан мага келип, сен менден сактанып калдыӊ деди. Мен ага адамдын соӊку демине чейин кандайдыр бир туура эмес иш жасалып калышы мүмкүн, ошон үчүн азырынча коё тур, азырынча коё тур деп айткан элем. Өз акыбети жөнүндө корко тургандар мына ошондой кылышат. Сахибзада Мырза Хуршид Ахмад Сахиб ушул мисалды келтирген эле. Ал киши Вакфтын маӊызын жана рухун түшүнгөн инсан болчу. Мурдакы күнү кечкисинде саат 22:00да 85 жаш курагында каза болгон. Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын уулу Азирети Мырза Султан Ахмад Сахибдин небереси жана Азирети Мырза Азиз Ахмад Сахибдин уулу болгон. Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын небереси Азирети Мырза Азиз Ахмад Сахиб өзүнүн атасына мурун Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)га байъат берген эле.

♦ Ал киши тогузунчу класста окуп жатканда, өз өмүрүн динге арноо анкетасын толтурган. Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын II Халифасы, Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху)нун буйругуна ылайык англис тилинде магистратура дипломун алган. Ал киши өмүрүн динге арнап, Т.И. коледжинде сабак бере баштаган. 17 жыл англис тили бөлүмүндө кызмат кылган. Абдан эмгек менен сабак берчү. Өз предмети боюнча күчтүү адис болчу. Студенттер да аны жандай жакшы көрчү. 1964-жылы кошумча окуу үчүн Англияга барган. 1974-жылдагы оор жана курч кырдаалда Урматтуу Сахибзада Мырза Хуршид Ахмад Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын III Халифасы, Азирети Мырза Насир Ахмад (рахимахулла)га жардам берген. Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын II Халифасы, Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху)нун токтомуна ылайык жетим жана жакыр балдар үчүн 1962-жылдардын ортосунда «Дарул-Икааматун-Нусрат» деген жатакана ачылган. Ал киши 1978-1983-жылга чейин ага жетекчилик кылган. 1973-жылдын 30-апрелинде «Наазир Хидмат-э-Дарвишан» болуп дайындалган, анан «Эдейшнал Наазир-э-Аълаа» катары кызмат кылуу бактысына ээ болгон. 1988-жылдын октябрынан тартып, 1991-жылдын сентябрына чейин «Наазир Умуур-э-Аама», анан «Наазир Умуур-э-Харижа» катары кызмат кылган. Анан мен Халифа болгондон кийин ал киши «Наазир-э-Аълаа» жана «Амир-э-Макамий Рабвах» болуп дайындалган. Абдан мыкты ыкмада ушул кызматтарды аткарган. 1973-жылы Алла Таала ага ажылык парызын аткаруу мүмкүнчүлүгүн да берген.

♦ 1955-жылдын 26-декабрында Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын II Халифасы, Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) анын никесин кыйган жана мындай деп айткан: бул жигит да үй-бүлөбүздөн өз өмүрүн динге арган инсан. Алла Таала Азирети Мырза Азиз Ахмад Сахиб (разияллааху анху)га аны жогорку окуу жайында окутуу мүмкүнчүлүгүн берди. Ал коледжде профессор катары кызмат кылаарын мен каалайм. Алла Таала ага алты (6) уул берген, алардын арасынан төртөө өз өмүрүн динге арнашкан. Тармактуу уюмдарда дагы ар кандай кызматтарды аткаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Анын балдарынын бири мындай деп жазат: ал киши II Халифа Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху)ну катуу сүйчү. Пакистанга караштуу Окара деген жерге сапарга барганда, жүрөгү ооруп калды. Мен аны алып келүү үчүн баратканымда, жолдо жолугушуп калдык, мага мындай деди: мен жолдо ал киши (II Халифа) негиз салган жана өзүнүн мүрзөсү бар Рабвах шаарына жетип өлөйүн деген дубаны сурап келе жаткан элем. Анан ооруп жаткан күндөрүндө бир түндө тынчсызданып ойгонуп кетти жана мындай деди: түшүмдө кээ бир адамдар II Халифасы, Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху)га сын-пикир айтып жатышат, ошондо адамдар эмнеге аларга жооп кайтарышпайт? Ал киши көбүнчө мындай дечү эле: II Халифа, Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) Жамаат системасын тургузгандыгы үчүн адамдар ага кек сакташат. Ал киши Жамаатыбызга система бергендиги үчүн көптөгөн адамдар каршылык көрсөтүшөт. Жогоруда мен айткандай, 1974-жылы III Халифа, Азирети Мырза Насир Ахмад (рахимахулла) түзгөн командасынын бөлүгү болгон жана «Каср-э-Хилаафатта» (Халифат сарайында) эле түнөчү. Бир канча күндөрдөн кийин бир аз убакытка үйгө барууга уруксат берилчү. Ал күндөрдө III Халифа, Азирети Мырза Насир Ахмад (рахимахулла) бир канча түндөр бою уктай элек болчу. Стулда отурган бойдон эле бир аз эс алып алчу. Күнү-түнү Жамаат иштери менен алек болуп же дуба кылып турчу.

♦ Бир адамдын жазышынча, 1984-жылдагы оор жана курч кырдаалда Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын IV Халифасы, Азирети Мырза Тахир Ахмад (рахимахулла)нын командасында да кызмат кылган. Ал киши мындай деп айтчу: III Халифа, Азирети Мырза Насир Ахмад (рахимахулла)га жана IV Халифа, Азирети Мырза Тахир Ахмад (рахимахулла) өзгөчө кырдаалда да дүрбөлөӊ болбой, тынч иш алып барчу. 2010-жылы Лахордогу окуядан кийин өтө курч ахвалда Жамаатты башкарган, аба-ырайы ысыктыгына карабай, ар бир шейитти тосуп алып, анын жаназасын окутуп, жерге берүү аземине да катышкан.

♦ Рабвах жамаатынын отчёттору келгенде, бир жолу кимдир бирөө Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын атын жазганда, анын алдына (САВ) деп жазып, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын атын жазган жерде толук (алайхиссалаам) деп жазылганын көрүп, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын атын жазганда дагы толук (саллаллааху алайхи ва саллам) деп жазуу керектигин түшүндүргөн.

♦ Бейтапканада дарыланып жаткан кезде да кээ бир Жамаат мүчөлөрүнө каршы козголгон «кылмыш» иштерине тиешелүү сот поцесстери жөнүндө да сураштырып турган. Адамдардын тойлоруна да катышчу, каза болгондордун үйлөрүнө да барчу. Катуу ооруганына карабай, өз убагында кеӊсеге келчү. Ошондо кээ бир адамдардын кеӊсеге келбегенин билип, эгер ооруганыма карабай, мен өз убагында кеӊсеге келсем, башкалар эмнеге келе алышпайт деген жарлыкты чыгарган. Ал киши III Халифа, Азирети Мырза Насир Ахмад (рахимахулла) Пакистандын борбору Исламабад шаарында каза болгондо, анын жаназасын окутуу бактысына да ээ болгон. IV Халифа, Азирети Мырза Тахир Ахмад (рахимахулла) да ошол эле жерде болчу, бирок ал киши сиз Анжумандын өкүлүсүз, ошон үчүн сиз окутуӊуз деп айтты. 1974-жылдагы курч кырдаал бир аз тынчыган соӊ үйүнө кетүүгө уруксат берилген. Бирок ар күнү эртеӊ менен III Халифа, Азирети Мырза Насир Ахмад (рахимахулла)га келип, күндөлүк отчётторду берип турган.

♦ Мырза Гулам Ахмад Сахиб (анын бир тууган иниси) мындай деп жазат: IV Халифа, Азирети Мырза Тахир Ахмад (рахимахулла) Халифа болгондон эки күндөн кийин Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын «Алайсаллаах» деген жазуу жазылган шакеги жоголуп кетти. IV Халифа, Азирети Мырза Тахир Ахмад (рахимахулла) бул кишини чакырып, ал жөнүндө бул киши мага да, ар бир Халифага да берилген инсан деп айтты жана ага сиз аны таап бериӊиз деп суранды. Анан шакек табылып калды.

♦ Былтыр анын жубайы да каза болгон эле. Мен ага сиз Жалсага келиӊиз деп айттым. А дегенде, мен сапар кыла албайм го деди, анан аракет кылып келди. Лондондо болгон күндөрдө ар күнү мени көргөнү келчү.

♦ Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын кичү кызы Урматтуу Наваб Аматул-Хафиз айымдын кызы урматтуу Фаузия Шамим айым мындай деп жазат: «Наазир-э-Аълаа» болгондон кийин анын касиеттери айкын болуп көрүндү. Кээде кокустан «Марям Той Фонду» боюнча бирөө жардам сурап арыз бергенде, ага кайрылганымда, мага кайсы бир жерден акча таап алыӊыз, мен салып жиберем деп койчу. Бир жолу бир кыз бир сыноого кабылып кетти. Ал кишиге кайрылганымда, абдан мээримдүүлүк менен ошол маселени чечүүгө жардам берген жана Кадиянга барып, «Байтуд-Дуъаада» ал кыздын ыйман жана ынсапка кайтаары үчүн дуба кылган. Ал кыз оӊолуп калды, анан анын нике-тою болгондо, ага абдан кооз сөйкө белек катары жиберген. Аны менен качан гана акылдашпасам, абдан күчтүү кеӊештерди берчү. Алла Таала Халифатка мына ошондой инсандардын жакшы орунбасарларын тартуулай берсин.

♦ Чаухдрий Хамидулла Сахиб мындай деп жазат: «Таалимул-Ислам» коледжи Лахор шаарынан Рабвах шаарына көчүрүлгөндө, Ахмадий эмес профессорлор Рабвах шаарына келбей коюшкан, ошондо Урматтуу Сахибзада Мырза Хуршид Ахмад Сахиб коледжди кайрадан бутуна тургузган. Жакырларга боорукер инсан болчу. Коледжде иштеген кезинде бардык иштер боюнча жардамдашчу, адамдардын тойлоруна жана кайгы-капачылыктарына да катышчу.

♦ Туфайил мырза мындай деп жазат: чексиз касиеттерге ээ болчу. Абдан мээримдүү, адептүү жана сүйүктүү инсан болчу. Жөндөн жөн эч кимге капа болчу эмес. Ар дайым жол-жобо көрсөтүүгө аракет кылчу.

♦ «Назаарат-э-Уляда» Хожа Музаффар мырза деген миссионер-дааватчыбыз да иштейт, ал мындай деп жазат: көптөн бери ага жакын болуп, кызмат кылуу мүмкүнчүлүгү мага да насип этти. Адамдарга кызмат кылуу боюнча эӊ бийик даража-мартабага ээ болчу. Муктаж адамдар жардам сурап келишкенде, аларга жардам да берчү, анан алардын үйүнө адам жиберип, канчалык даражада муктаж экендигин тактап мага кабар бергиле дечү. Анан ахвалын билип алган соӊ дагы жардам берчү. Анан менин жүрөгүм ал киши аябай муктаж экен деп сезет дечү. Ага керектүү жардам берүү үчүн иликтендирчү. Жүзү ар дайым жылмайып турчу. Кандайдыр бир маселени мээримдүүлүк менен түшүндүрчү. Сабырдуулук менен адамдардын кептерин укчу. (Ал Азирети сабырдуулук менен көйгөйлөрдү угуу ар бир Жамаат кызматчысынын милдети деп айтты). Бир жолу кеӊсеге келген бир адам арыз берди, анан ачууланып, өз арызын жыртып, чачып жиберди. Ал киши башка кызматчыларга ага эч нерсе дебегиле жана кой бергиле деп айтты. Ооругандыгынын айынан алсырап калганына карабай, өтө күчтүү сабырдуулукка ээ болчу. Эске тутуусу да мактоого ылайык даражада күчтүү болчу. Аябай иш-планчы инсан болчу. Кеӊсе кызматчылары компютерден издей турган жүздөгөн папкаларды кайда турган экендигин жана канчалык иш аткарылгандыгын да билчү. Өз ишин мыкты билчү.

♦ «Наазим Дарул-Казаа» Хафиз Рашид Жавид мырза мындай деп жазат: бир үй-бүлөлүк көйгөйүндө күйөөсү кайрадан жарашууну каалайт эле. Бирок анын жубайы а дегенде алган мал-мүлкүмдү кайтарып бериӊиз деп туруп алды. Күйөөсүндө акча жок болчу. Мен ал кишиге кайрылып, жарым акча берээрин сураганымда, бардык акчасын өзү төлөп салды.

♦ Пакистанга караштуу Хушааб районундагы Жамаатыбыздын Амири Сахиб мындай деп жазат: абдан жогорку даражадагы калыс инсан болчу. Жакырларга аябай боорукер инсан болчу. Анын бир окуясы мага катуу таасир тийгизди. 2015-жылдын башында эки аял мага келип, жардам үчүн берген арызыбызга кол койдуруу үчүн Наазир-э-Аълаа Сахиб бизди сизге жиберген деп айтышты. Мен район деӊгээлинде эле аларга жардам берип койдум. Эки-үч күндөн кийин ал киши мага телефон кылып, сиздин районуӊуздагы эки аялды сизге жиберген элем, аларды кайтарып койгон жоксуӊарбы деп кабатырланып жатам. Мен жок, район жамааты тарабынан эле аларга жардам берип койдук деп жооп бердим. (Ал Азирети эгерде ушул адат ар бир Жамаат кызматчысында пайда болуп калса, анда көптөгөн көйгөйлөрүбүз өзүнөн өзү чечилип калат деп айтты).

♦ Хафиз Музаффар Ахмад мырза мындай деп жазат: аманаттардын акы-укуктарын аткарган. Өзүнүн бүткүл өмүрүн Алла Таала жана пенделердин акы-укуктарын аткарууга сарптап салды. Жамаат менен намаз аткаруу боюнча да кандайдыр бир кооз үлгү болчу. «Ансарулланын» президенти болгон күндөрдө ар бир чогулушта намазды аткарууга басым жасачу. Анан силерге эскертип туруу менин милдетим деп айтчу.

♦ Ал Азирети мындай деди: кээ бир Жамаат кызматчыларынын жамаат менен намаз аткаруусун кой, алар такыр эле намаз окушпайт.

♦ Ал кишинин көрсөткөн мээримдүүлүктөрүн унутуу өтө эле кыйын иш. Өз убагында жумушка келүү боюнча биз үчүн кандайдыр бир мисал болчу. Ал кишинин кол астында иштеген Анвар мырза аттуу кызматчы мындай деп жазат: карып калганына карабай, өз убагында жумушка келчү. Дүйнөдөн кайтуудан мурун акыркы жолу биринчи январь күнү жумушка келген жана өтө кыйналып дем алып жаткан эле. Мен бүгүн ооруп жатам, ошон үчүн эртерээк үйгө кетем, сиз почтаны алып келип бериӊиз деди. Мен бүт почтаны батыраак алып бардым. Мен ага сиз ооруп жатасыз, жарымына кийинчерээк кол койсоӊуз да болот дедим. Ал киши, жок баарын азыр көрүп чыгам деди. Ошентип, өзүнүн амалы менен динге кандай кызмат кылуу керектигин көрсөтүп берген.

♦ Миссионер-дааватчыбыз Малик Мухаммад Афзал мырза мындай деп жазат: башын ылдый кылып, мечитте отурчу. Адамдар ага өз маселерин айтышчу. Адамдар мечитте да ага өз маселелерин айтып беришчү. Рабвах шаарынын ар бир жараны муну билет. Бир жолу Жамияда окуп жатканымда кайсы бир оор маселе жөнүндө дуба үчүн анын алдына бардым. Ал бүт баарын угуп, мага өтө чоӊ даражадагы мээримин көрсөттү. Анын кеӊсесинен чыгып кете бара жатканымда менин жүрөгүм жеӊилдей түштү. (Ал Азирети Жамаатыбыздын ар бир жооптуу-кызматкери ага келген ар бир адамга кудум ушундай канааттанууну берүүсү керек деп айтты).

♦ Бир адам мындай деп жазат: мен он сегизге чыга элек жаш курагымда мотоцикл менен анын үйүнүн тор-тосмосуна барып урулдум. Ал киши гүлдөрдү сугарып жаткан эле. Мен коркуп кеттим. Биринчиден, мыйзам жагынан ката кылдым, экинчи жагынан анын алдына барып жыгылдым. Ал чуркап келип, абдан мээримдүүлүк менен мени көтөрүп, жаракат алган жоксузбу деп сурады жана жашоо бир эле жолу берилет, аны кадырлашыӊыз керек деп айтты.

♦ Миссионерлер жана мураббийлерди сүйүүчү инсан болчу. Кеӊири билимдерге ээ экендигине карабай, өтө эле карапайым жана жумшак көӊүл инсан болчу. Рабвах шаарындагы Жамия Ахмадияда бүтүрүүчүлөргө диплом тапшыруу аземинде мындай деп айтты: мен өмүр бою миссионер-дааватчылардын жана уламалардын насаат сөздөрүн угуп келгем, бүгүн силерге кантип кайрыла алам? Анан мындай деп насаат кылды: Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын Халифасынын ар бир айтканын колдон келишинче аткаргыла. Буга Алла Таала күч-кубат берсин деп дуба сурагыла.

♦ Жамаатыбыздын миссионер-дааватчысы Масъуд мырза мындай деп айтат: ал киши менен бир топ жолу жолуккам. Ал киши ар бир адамга жакчу. Карапайымдыктын үлгүсү болчу, ар бир келген адам менен ордунан туруп көрүшчү. Аны менен жолукканы келген ар бир адам үчүн эӊ зарыл болгон ишин да таштап, анын сөзүн кунт коюп укчу жана алар менен аралашып кетчү. Анын кеӊсесинде ар бир адамга бирдей теӊ мамиле жасалчу.

♦ Доктор Нури мырза мындай деп жазат: ал киши адамдын сезим-туйгуларын ар жактан эсепке алчу. Анан мындай дечү: Учурлук Халифа жардамга муктаж ар бир оорулуу адамга көмөк көрсөтүүгө аракет кылгыла деген көрсөтмө берген экен. Анан ооруканада дарыланып жаткан кезде мага мындай деп айтты: менин уулумдан акча алып, жаӊыдан тарбияланган медайымдын ар бирине белек катары бирден свитер алып бергиле.

♦ Халифаларды аябай сүйчү эле. «Тахир Хорт» деген ооруканасы менен бир өзгөчө алакасы бар болчу. Аны Алла Таала чынында адамдарды айыктыра турган бейтапканага айландырсын деп дуба кылчу. Мен анын ден-соолугу жөнүндө күндө Ал Азиретиге отчёт жиберчү элем, бир күнү аябай эмоцияга берилип, мага мындай деди: оору жана кайгы-капачылык кабарлардан башка кандайдыр бир жакшы кабарды Хузурга жиберүү үчүн кабар жокпу?

♦ Халифат менен болгон сүйүүсүн бир жолу менин жубайымдын алдына мындай деп ачыкка чыгарды: Учурлук Халифа үчүн дуба кылууга бөлүнгөн өзгөчө саждаларымда анын үй-бүлөсү жана балдары үчүн да дуба сурайм.

♦ IV Халифа, Азирети Мырза Тахир Ахмад (рахимахулла)нын ооруган күндөрүндө ал киши да бул жерге (Лондонго) келген болчу. Амирге баш ийүүдө да зор үлгүлү инсан болчу. Кайсы бир маселеде экөөбүздүн ортобузда кандайдыр бир пикир келишпестик пайда болуп калды жана ал киши көтөрүӊкү үн менен мага жооп кайтарды. Мен анан Пакистанга кайттым, бир топ күндөрдөн кийин ал да Рабвах шаарына кайтты жана менин кеӊсеме келип, олуттуу (серьёзный) болуп отурду. Анан мындай деди: Лондондо сиз менен бир аз пикир келишпестик чыгып, менин жеке ачуум да аралашып кеткен эле, ошон үчүн кечирим сурайм. Сиз Амирсиз, сизге сый-урмат көрсөтүшүм керек болчу.

♦ Оӊдоо иштерин да өзүнүн үйүнөн баштачу. Бир топ жылдар мурун мен Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын үй-бүлө мүчөлөрүнө бир кат жазып, алардын көӊүлүн алардын милдеттерине бургузган элем. Ал катты Пакистанга жиберип, аларды бир жерге топтоп, окуп бергиле деп айткан элем. Ошондо эмоцияга берилип, менин балдарым да булардан өзгөчө эмес деп айтты. Аларга да, алардын балдарына да бул насааттарды айтым деди. Мына анын чынчылдык жана такыба өлчөмдөрү! Алла Таала Жамаатыбызга жана Ахмадия Халифатына мына ошондой ыкластуу жана берилген жардамчыларды тартуулай берсин.

♦ Мырза Анас Сахиб (III Халифа, Азирети Мырза Насир Ахмад (рахимахулла)нын уулу) мындай деп жазат: ал киши өзүнүн акы-укуктарын аткарды. Алла Таала бизге да өз акы-укуктарыбызды аткаруу күч-кубатын берсин. Аамийн.

♦ Ал Азирети намаздан кийин анын жаназасын окутаарын айтты.

Share via