Мыкты инсандар • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну
Жума кутбасы

2018-жылдын 12-январында Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы, Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосун) Англиянын борбору Лондон шаарында жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинде жума кутбасын окуган. Ал кутбанын кыскача маани-мазмуну төмөнкүдөй:

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин, Ал Азирети мындай деди:

Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын ыйык таасирлеринен сөз кылып, мындай деп айтат:

♦ Мен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)да бар болгон күчтүү таасирлер дүйнөдөгү башка бир дагы пайгамбарга тартууланган жок деп ишенем. Ислам дининин өсүп-өнүгүүсүнүн сыры да ушул: Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)да (адамдарды өзүнө) тартуу күчү ушунчалык күчтүү болгон жана анын сөздөрүндө ушундай таасир болгон, аларды уккан адам ага берилип кетчү. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) өзүнө тарткан адамдарды тазалап койду. Анан сахаабаларда пайда кылынган өзгөрүүлөргө көз салганыбызда, алардын арасында жалган сүйлөгөн адам көрүнбөйт. Илери алар жетимдердин мал-мүлкүн жешчү, ар кандай жаман иштерди жасоодо «эр жүрөк» болушчу, каракчылар сыяктуу өмүр сүрүшчү. Башынан аягына чейин булганычка чөгүп кетишкен болчу деп айтса да болот. Бирок ал (саллаллааху алайхи ва саллам) алардын ичинде пайда кылган ыӊкылаптын мисалын башка коомдордон табуу кыйын. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын бул муъжизасы ушунчалык бийик: дүйнөнүн көзүн ачыш үчүн ушунун өзү жетиштүү.

♦ Ал Азирети мындай деди: Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айткан: бир адамды оӊдоо кыйын иш. Бирок ал жерде бир коом даяр кылынган. Алар ыйман жана ыклас боюнча ушундай үлгүнү көрсөтүшкөн: чынчылдык үчүн кудум кой-эчкилер сыяктуу союлушкан. Алар тандаган жол жерге таандык эмес болчу, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын таалими, хидаяты жана насааты аларды асмандык инсан кылды. Аларда ыйык сыпаттар пайда болгон. Биз Ислам дининин ушул үлгүсүн дүйнөгө сунуштайбыз.

♦ Ал Азирети мындай деди: Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жерди тынчтык, элдешүү, жакшы адеп-ахлактар жана жакшылыктарга толтуруп жиберди. Бүгүнкү күндө да биз байкагандай, адилеттүүлүк менен иш тута турган адамдар Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) чектен ашкан караӊгылык жана булганычка баткан адамдарды билимдүү инсан кылып койду жана кудайчыл инсанга айландырып жиберди деп баа берүүгө аргасыз болушат. Бир нече жыл мурун мени менен жолукканы келген бир яхудий аалым мага айтып берди: бизге Кудус мечитине кирүүгө уруксат жок, бирок мен аны көрүп келдим. Мага мечит көрсөткөн адам бир канча жолу менин мусулман эместигиме шек санаган. Мен ар жолу мени мусулман кылып көрсөтө турган кандайдыр бир сөздү сүйлөдүм, а түгүл аны ишендирүү үчүн менен «Лаа илааха иллаллаах» деген келимени да келтирдим. Мен мечитти көрүп болгон соӊ ал киши мындай деди: сен келимени да келтирдиӊ, бирок мен сенин мусулман экениӊе дагы эле ишенбей жатам. Ошондо мен ага мен мусулман эмесмин, мен яхудиймин деп айттым. Келиме келтирүүгө келе турган болсок, «Лаа илааха иллаллаахка» мен да ишенем. Мен «Мухаммадур-Расуулуллах» деп айттым, ага да мен ишенем. Мен арабдардын тарыхын билем, алардын кандай ахвалы бар экенин да билем. Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мен Пайгамбармын деген билдирүүсүнөн мурун болгон арабдардын ахвалын пайгамбар деген адам гана оӊдой алат эле. Мен ага ишенсемби же ишенбесемби, мен аны Алла Таала тарабынан келген Элчи деп кабыл кылам. Ал (яхудий) киши дүйнөкор адам экендигине карабай, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) алып келген бийик ыӊкылапты моюнуна алууга аргасыз болгон. Демек, эгер кимдир бирөө бүгүнкү күндө да адилеттүүлүк менен көз салып көрсө, ал Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын күчтүү таасирлери менен сахаабаларда пайда болгон өзгөчө өзгөрүүлөрдү көрүп, чынында эле ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Алланын Элчиси болгон деп кабыл кылууга мажбур болот.

♦ Ал Азирети мындай деди: Сахаабалардын өзгөчө даража-мартабасы жөнүндө Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат: сахаабалар калтырган үлгүлөрүнүн баары теӊдеши жок мисалдар. Алардын мисалы мындай: пайгамбарчылыктын бир көрүнүшү Адам (алайхиссалаам)дан башталган. Бирок аны түшүнүү кыйын болчу, ал эми сахаабалар аны айкындаштырып көрсөтүшкөн жана чынчылдык менен берилүү эмне экенин көрсөтүп беришкен. Ал (алайхиссалаам) мындай деп улантат: алар жашаган оор жашоосунун мисалын табуу да кыйын. Алар абдан кадыр-баркка ылайык жана ээрчүүгө ылайык тайпа болчу. Алардын жүрөктөрү ишеничке толуп кеткен болчу. Ишенимдүүлүк насип эткенде, башында адам акырындык менен а дегенде өз мал-мүлкүн Алла жолуна берүүгө умтулат, анан ишенимдүүлүк өсүп кеткенде, ишенимдүүлүк ээси өз жанын курман кылууга да даяр болуп калат.

Ан-Нур сүрөөсү

Курани Карим

Ушул бир эле аят алар үчүн жетиштүү. Алар ушундай эркектер: эч бир соода жана алды-сатты аларды Алла Тааланы эске алуудан кайдыгер кыла албайт. (24:38)

♦ Ал Азирети мындай деди: Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат: кемел пенделер Алла Тааланы эскерүүдөн алысташпайт. Эгер кимдир бирөөнүн баласы ооруп калса, анын жүрөгү жана ой-кыялы ошол балада гана болот. Кудум ошондой Алла Таала менен чыныгы алака-байланышты түзүп, Аны сүйө тургандар кандай гана жагдай болбосун, Алла Тааланы унутушпайт. Демек, ардактуу сахаабалар (разияллааху анхум) ошол чыныгы алака-байланыш жана сүйүү-махабатты жаратып алышкан болчу, ошон үчүн Алла Тааладан алыстаары же курмандык кылуудан качаары эч мүмкүн эмес болчу.

Азирети Хабаб (разияллааху анху) жөнүндө мындай деп кезигет: анын ажал мезгили жакындаганда, Алла Тааладан катуу корккондуктан, көрүү үчүн өз кепинин алып келерин суранган. Караса, өтө мыкты материалдан жасалган болчу, тууган-туушкандарына мынчалык мыкты кепинди мага бересиӊерби деди. Анан ыйлап жиберди жана мындай деди: Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын агасы (атасынын иниси) Азирети Хамза (разияллааху анху)га кепин катары кичине гана бир жамыныч насип эткен болчу, баш жагын жаапканыбызда, буттары ачылып кетчү. Ошондо Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын көрсөтмөсүнө ылайык анын буттары чөп менен жабылган. Анан мындай деп улантты: Алла Таала мага ушунчалык көп мал-мүлк тартуулады: жасаган амалдарыбызга сыйлык ушул дүйнөдө гана берилбесин деп корком. Акыреттеги сооптордон куру-жалак калтырылбайын. Адамдар анын соӊку оорусунда көргөнү барышканда, сиз бир тууган улуу сахаабалар менен жолугушайын деп калдыӊыз деп көӊүл көтөрүшкөндө, ыйлап жиберди жана мындай деди: мен өлүмдөн коркуп, ыйлаган жокмун, тескерисинче ыйлаганымдын себеби, силер мага бир тууган деп айткан сахаабалардын мартабасы өтө бийик, мен аларга тууган болуу мартабасына ылайыкмынбы же жокмунбу? Алар (сахаабалар) өтүп кетишти, бирок дүйнөлүк мал-мүлктөн пайда көрүшкөн эмес, Алла Тааладан аябай коркушчу. Өлгөндөн кийинки жашоо жөнүндө кабатыр болушчу. Алла Тааланын ыраазычылыгына жетишүү жөнүндө кабатыр болушчу. Алла Таала бизге ыраазы болсун деген дубаны гана сурашчу. Анын жасаган курмандыгы эч кимден кем болгон эмес. Азирети Али (разияллааху анху) анын (Азирети Хабабдын) жаназасын окутуп, тарыхый сөздөрдү сүйлөгөн, ал сөздөрдөн анын бийик мартабасын болжолдоого болот. Ал (разияллааху анху) мындай деди: Алла Таала Хабабга ырайым кылсын, ал киши өтө мээримдүүлүк жана чоӊ кызыгуу менен Ислам динин кабыл кылган жана хижрат кылуу бактысына ээ болгон. Ал мужахиддер (дин үчүн жан-талашып аракет кылган адам) сыяктуу күн кечирген, катуу сыноолордон өтүүгө аргасыз болгон, бирок туруштук берген. Алла Таала мына ошондой адамдардын сыйлыгын текке кетирбейт.

Азирети Умар (разияллааху анху)нун назарында Азирети Хабаб (разияллааху анху)нун мартабасы төмөнкүдөй болчу: ал киши аны чакыртып, өзүнүн жайына өткөзүп, сиз ушул жерге отурууга татыктуусуз деп айтты. Билал (разияллааху анху)дан башка мени менен отурууга эч ким татыктуу эмес. Ал киши да башталгыч доордо Ислам динин кабыл кылып, өтө көп азап-тозокторго учураган. Азирети Хабаб (разияллааху анху) мындай деди: туура, Билал (разияллааху анху) да татыктуу. Бирок чындыгында Билал (разияллааху анху)ну мушриктердин колунан сактай турган адамдар бар болчу. Бирок мени ошол зулумдуктардан сактай турган эч бир адам болгон эмес. Бир күнү каапырлар мени кармап алып, отко салышты жана бир митаам-зөөкүр адам өз бутун көкүрөгүмө койду, ошондо оттон чыгуу мен үчүн оор болуп калды. Менин аркам чоктор менен күйүп кетти. Анан ал киши өз кийимин көтөрүп, аркасында ак сызыкча так болуп калганын көрсөтүп берди.

♦ Ал Азирети мындай деп улантты: Муъааз бин Жабал (разияллааху анху) жөнүндө мындай деп кезигет: Тахажжуд намазын аткаруучу жана көпкө туруп ибадат кылуучу инсан болгон. Ал киши Алла Таалага мындай деп кайрылчу: эй, Алла! Азыр бүт эл уктап жатат, менин көздөрүм да уктап жатат. Эй, Алла! Сен Тирүү жана Туруктуусуӊ, Сенден бейишти суранам. Мен жалкоо адаммын жана оттон качууда алсызмын. Эй, Алла! Мага Өз алдыӊан хидаят тартуулагын, кыямат күнү да мага насип этиле турган хиядатты тартуулагын. Бир сахааба мындай айтып берди: Алла Таала Муъааз (разияллааху анху)га өзгөчө мамиле кылчу. Ал киши Алла Тааладан сураган нерсесин Алла Таала ага тартуулачу. Ал киши Алла Таала жолунда көп-көп мал-мүлк сарптагандыгы үчүн кээде карыз болуп да кетчү, Алла Таала анан ага карыздардан кутулуу шарттарын да жаратчу. Алар (сахаабалар) (разияллааху анхум) Алла Тааланы сүйүшкөндүктөн Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды да катуу сүйүшчү. Жогоруда сөз болгондой, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын тереӊ жана куттуу таасирлери кандайдыр бир ыӊкылапты жараткан эле. Антпесе, ушул сүйүү-махабат жана мээримдүүлүк үлгүлөрү калтырылмак эмес.

♦ Ал Азирети мындай деди: Азирети Шумаас бин Усман жөнүндө бир окуя кезигет. «Ухуд» согушунда Азирети Талха (разияллааху анху)нун Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га болгон сүйүү-махабатына күбө болгонбуз, ал өз колдору менен ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын кутту жүзүн тосуп турган, кудум ошондой Азирети Шумаас да өтө чоӊ ролду ойногон. Ал киши Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдында туруп алып, ар бир чабуулду өзүнө алган. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) эгер мен Шумаасты бир нерсе менен салыштыра турган болсом, анда калкан менен салыштырам. Ал менин алдымда кудум калкан болуп, соӊку демине чейин согушкан жана баатырлык менен согушкан деп айткан. Душмандар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га чабуул жасоодо ийгилктүү болуп калган учурда да Шумаас калкан бойдон тура берген жана өзү да катуу жарадар болгон. Мединага алып келингенде, Азирети Салма (разияллааху анхаа)  менин үйүмдө даарылансын деп суранган. Бирок ал киши катуу жарадар болуп калагндыгы үчүн шейит болгон. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) аны да кудум башка шейиттер сыяктуу өзүнүн кийимдери менен жерге тапшыргыла деп айткан.

♦ Ал Азирети мындай деди: Саъийд бин Зайд аттуу бир сахааба болгон. Анын кандайдыр бир аянты бар болчу. Бир аялдын аянты да анын аянты менен жанаша болчу. Ал аял бул аянт да меники деп туруп алды. Азирети Саъийд (разияллааху анху) соттошуунун кажети жок деп, өз жеринин баарын өз ыктыяры менен берип салды жана мындай деди: Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан укканмын: кимде-ким мыйзамсыздык жолу менен бир карыч жерди да тартып алса, кыямат күнү жети жердин жүгүн көтөрүүгө аргасыз болот. Мен ушундай дооматты өзүмө алууну каалабайм жана жаӊжалдашууну жактырбайм. Ал киши ошол дооматтан кутулуу үчүн ал аялга каршы мындай деп дуба сураган: эгерде ал киши зулумдук көргөзгөн адам болсо, анда Алла Таала аны кармасын жана жаман акыбетке жетсин. Көргөндөр мындай дешти: ал аял көр болуп өлдү жана ибаратка айланды.

Чындыкты айтуу жана эч кимден коркпоо – бул сахаабалардын адаты болчу. Ал киши жөнүндө мындай деп кезигет: бир күнү Азирети Амир Муъавиянын губернатору Куфа шаарынын борбордук мечитинде отурган болчу. Ал киши (Саъийд бин Зайд) да келип калды. Ал губернатор ага сый-урмат көрсөтүп, аны тосуп алды. Бул убакыт аралыгында бир киши келип, Азирети Али (разияллааху анху)ну жемелей баштады. Ал киши (Саъийд бин Зайд) ага катуу капаланды. Губернатордун ал жерде отургандыгына карабай, ал киши аны токтотту жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан мындай деп уккам деди: Абу Бакр, Умар, Усман, Али, Талха, Зубайр бин Аваам, Саъд, Абдур-Рахмаан бин Ауф бейишке киришет. Онунучу да бар, бирок анын атын азыр атабайм деди. Анан ага басым жасалганда, онунчусу – мен Саъийд бин Зайдмын деп айтты.

♦ Ал Азирети мындай деди: Азирети Сухайб (разияллааху анху) жөнүндө да кезигет. Качан Алла Тааланын уруксаты менен мусулмандарга хижрат кылууга уруксат берилгенде, Азирети Сухайб (разияллааху анху) да хижрат кылууга ниет койгон. Ал кул болуп келгендиги үчүн хижрат кылган кезде, Мекке эли ушул жерден тапкан мал-мүлктү алып кетүүгө жол бербейбиз дешкен. Ал киши мал-мүлкүн аларга таштап, хижрат кылмай болду. Ал Мединаны көздөй жөнөгөндө, Курайыш анын артынан түштү. Ал ок атууда да адис болчу. Каапырларды көрүп, бардык окторун жайылтып, мындай деди: эй, Курайш! Ок атууда мыкты экенимди билесиӊер. Силер менин соӊку огума жете албайсыӊар. Анан кылыч менен согушууга туура келет. Ошондуктан, мал-мүлктүн калганын да алып калгыла жана мага жол бергиле. Ал киши өтө чоӊ даанышмандык менен өз мал-мүлкүн курман кылып, өзү аман-эсен Медниага жетти. Ал Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдына барганда, мал-мүлк берип, жан менен ыйманды сактап, ушул жерге келдим деп айтып бергенде, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бул жакшы соода болду деп айткан. Азирети Умар (разияллааху анху) сиз адамдарды аябай тамактандырасыз, бул ысырапкерчиликке кирбейби деп айткан. Ал киши Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткандыгы үчүн ушундай кылам деди: башкаларды тамактандыра турган жана саламды тарката турган адамдар араӊардагы эӊ жакшы адамдар. Мен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын ушул насаатын угуп, бекем кармап алдым деди. Мен акысы бар жерден башка мал-мүлк сарптабайм деди. Азирети Умар (разияллааху анху)­ өзүнүн жаназасын окутуу ишин жана жаӊы Халифа шайланмайынча намазга имамчылык кылуу милдетин Азирети Сухайб (разияллааху анху)га жүктөгөн болчу.

♦ Ал Азирети мындай деди: Азирети Усама (разияллааху анху) бир кулдун уулу болчу, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) аны катуу сүйчү. Азирети Усама өзү айтып берет: мени жана Азирети Имам Хусейинди эки санына чыгарып алып, мындай дечү: эй, Алла! Бул эки баланы сүйгүн, мен да аларды сүйөм. Ал эми тарбия маселесинде бир гана Алла Тааланын буйруктарын аткарчу.

Азирети Усама (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын доорунда жаш эле болчу. Бир согушта бир каапыр Азирети Усама (разияллааху анху)нун алдына келгенде, анын келиме келтиргендигине карабай, аны өлтүрүп салды жана өлүмдөн коркуп, келиме келтирди деди. Бул окуя Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га жеткенде, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) ал киши келиме келтиргенден кийин да аны өлтүрүп салдыӊызбы деп айткан. Мен ал өлүмдөн качып келиме келтирди деп айттым. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) анын ичин жарып көрдүӊүз беле деп айткан.

Усама (разияллааху анху) мындай дейт: ал (саллаллааху алайхи ва саллам) ошол сөздөрдү ушунчалык кайталады: «Мен ошол убакта мусулман болбогонумда, кана?» – деп айтам. Анан мен келиме келтирген адамды өлтүрбөйм деп сөз бердим.

Мусулмандар да бул нерсени түшүнүшсө, кана. Мусулман мусулманды өлтүрүп жатат. Сириядагы согушта миллиондогон адамдар өлтүрүлдү деп айтылат. Алла Таала мусулмандарга акыл-парасат берсин, алар бир гана тилинен сүйүү-махабат ураандарын айтпастан, ага амал кылуучулардан да болушсун.

♦ Ал Азирети мындай деди: негизинен, булар Ислам дининин атынан өздөрүнүн напсиликтерин гана ыраазы кылып жатышат. Булар өздөрүнүн үстөмдүүлүгүн далилдеп көрсөтүү аракетинде. Тилинен Алла дешет, бирок алардын ичинде өзүнөн башка эч ким жок. Бул доордо дүйнөдө чыныгы такыбаны жаратуу үчүн Алла Таала Убада кылынган Масийх жана Махдий, Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)ды жөнөттү. Ошондуктан, ал (алайхиссалаам)ды кабыл кылмайынча мусулмандардын ахвалы оӊолбойт.

Алла Таала ал (алайхиссалаам)ды кабыл кылуу мүмкүнчүлүгүн бизге насип эткендиги үчүн Алла Таалага шүгүрчүлүк кылышыбыз керек. Алла Таала аны Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га чыныгы кул кылып жөнөттү. Ал (алайхиссалаам) сахаабалардын мартабасы жөнүндө айтып, бизге насаат кылган: аларды ээрчигиле. Эгер биз ушуну көздөп турсак, ал (алайхиссалаам)дын насааттарын түшүнүп, ага амал кылууга аракет кылсак, чыныгы мусулман болушубуз мүмкүн.

♦ Ал Азирети мындай деди: Ал (алайхиссалаам) мындай деп айткан: адамзат өзүнүн каалоолору жана максаттарынан оолак болуп, Алла Тааланын алдына келмейинче эч нерсеге жетишпейт, тескерисинче зыян көрөт. Качан жеке каалоолорунан оолак болуп, чын жүрөк менен келсе, Алла Таала жардам берет. Анын жолунда өлүү деген шарт бар. Кимде-ким Алла Таалага жакын болсо, Алла Таала аны даӊктуу кылат. Ошол эле даӊктуулукка ээ болуу үчүн дүйнөкорлор аябай аракет кылышат. Кыскасы, Алла Таала үчүн баарын таштоого даяр болуп калган инсанга бардык дүйнөлүк сый-урматтар тартууланат жана анын даӊкы жүрөктөргө киргизилет. Алла Таала үчүн жоготкондорго бүт баары берилет. Алар ага жетишмейинче өлбөйт. Алла Таала бирөөнүн сыйлыгын өзүнө карыз кылбайт. Бирок, өкүнүчтүүсү, мындан аз гана адамдар кабардар болушат. Алла Таала ушул нерселерге амал кылып, бизди чыныгы ээрчигендерден кылсын. (Аамийн)

♦ Азыр Азирети Мавлавий Абдулла Санаурий (разияллааху анху)нун чөбөрөсүнүн жаназасын окутам деди. Беш маал намазды калтырбай аткаруучу, камкор, мээримдүү жана такыба аял болчу. Халифат менен байланышкан инсан болчу. Намаз аткарууга балдарды да чакырчу жана аларга жакшы тарбия берген. Коӊшу-кошуналардын балдарына Куран үйрөткөн. Англия Жамаатынын Жалса Саланасында «Хидмат-э-Халк» жана «Наазим Мехманнавазий» катары кызмат аткарган. Өз артында күйөөсү Миян Чаудхрий Насир Ахмад менен төрт кызды калтырган. Алла Таала маркумдун даражаларын бийик кылсын жана анын жакшылыктарын анын кыздарында да улантсын. (Аамийн)

Share via