Эң мыкты инсандар: Азирети Абдулла бин Равааха (разияллааху анху) • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Эң мыкты инсандар: Азирети Абдулла бин Равааха (разияллааху анху)

Жума кутбасы сахаба, пайгамбар, ыйман, Бадр согушу

Ыкыластуулук жана берилгендиктин сүрөтү болгон Бадр согушуна катышкан сахааба Азирети Абдулла бин Равааха (разияллааху анху)нун куттуу мүнөзүнүн жагымдуу баяны

2020-жылдын 24–январында Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Лондондогу «Байтул-Футух» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

Рабвах шаарында жайгашкан «Фазли Умар» бейтапканасында отуз жыл кызмат көрсөткөн урматтуу Доктор Латиф Ахмад Курайший мырзынын каза болгондугу, маркумду жакшы сөздөр менен эскерүү жана гайып жаназасын окуу

2020-жылдын 24-январь күнү Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Лондондогу «Байтул-Футух» мечитинде жума кутбасын окуду. Ал кутба Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Азан айтуу бактылуулугу урматтуу Феруз Аалам мырзага насип этилди.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) мындай деди: бүгүн сөз боло турган сахаабанын аты Азирети Абдулла бин Равааха (разияллааху анху). Ал (разияллааху анху) Байъат-э-Акабаага катышкан жана Бану Хаарис бин Хазраж уруусунун жетекчиси болчу. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Абдулла бин Равааха (разияллааху анху) менен Азирети Микдаад (разияллааху анху)ну бири-бирине диний бир тууган кылган. Ал Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын катчысы да болгон. Бадр согушу, Ухуд жана Хандак менен бирге бардык казаттарга ал (саллаллааху алайхи ва саллам) менен чогуу катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Азирети Абдулла бин Равааха (разияллааху анху) Мавтаа казатында шейит болгон. Бир жолу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) кутба окуп жатканда, Азирети Абдулла бин Равааха (разияллааху анху) келген. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) адамдарга отургула деп айтканда, Азирети Абдулла бин Равааха (разияллааху анху) муну укканда, мечиттин тышында турган жеринде эле отуруп алган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) кутбасынан бошогондо, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га бул жөнүндө кабар берилгенде, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Алла жана Анын Пайгамбарына баш ийүүдө Алла Таала сени дагы алгалатсын деп айткан. Хузур-э-Анвар хадис китептеринде буга окшош окуя Азирети Абдулла бин Масъуд (разияллааху анху) тууралуу да кезигет деп айтты.

Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху)дан төмөндөгүдөй рабаят этилет: Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Абдулла бин Равааха (разияллааху анху) кандай жакшы инсан деп айткан. Ал (разияллааху анху)ну Хайбар жеӊишинен кийин Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мөмө-жемиштер, эгиндер ж.б.ды божомолдоого жөнөткөн. Бир жолу Азирети Абдулла бин Равааха (разияллааху анху) катуу ооруп калгандыктан өзүн жоготуп салганда, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) аны көргөнү барып, эй, Алла! Эгерде анын белгиленген сааты-убагы бүткөн болсо, анда ал үчүн жеӊил кылгын, ал эми эгерде анын белгиленген сааты-убагы бүтпөгөн болсо, анда ага шыпаа бергин деп дуба сураган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) сураган дубадан кийин ал ысытмасынын (температурасынын) бир аз түшкөнүн сезип, мындай деп айткан: эй, Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам)! Мени апам: «Ой, менин тоом! Ой, менин таянычым!» – деп айтып жаткан эле. Мен темир чокморду көтөргөн бир периштени көрдүм, ал менден сен чынында ошондойсуӊбу деп сураган. Азирети Абдулла бин Равааха (разияллааху анху) эгер мен ошондой деп айтканымда, бул албетте ширк сөзү болмок жана периште мага чокмор урмак. Ал (разияллааху анху) аябай мыкты акын да болчу. «Муъжимуш-Шуараа» аттуу китептин автору Азирети Абдулла бин Равааха (разияллааху анху) наадандык доорунда дагы аябай кадыр-барктуу адам болгон жана Ислам доорунда дагы улуу даража-мартабаларга ээ инсан болгон деп жазат.

Азирети Абдулла бин Равааха (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды мактап, бир ыр саптарын айткан, муну анын эӊ мыкты ыр саптары деп айтууга болот. Ал ыр саптары ал (разияллааху анху)нун жүрөк ахвалын аябай жакшы чагылдырат. Ал (разияллааху анху) ошол ыр саптарында мындай деп айтат:

Эгер Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) тууралуу ачык-айкын жышаандар жана жарык муъжизалар болбогон күндө да, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын өзү акыйкатты таанып-билүү үчүн жетиштүү болмок. Азирети Абдулла бин Равааха (разияллааху анху) наадандык доорунда эле кат-сабатты тааныган болчу. Азирети Убаада бин Саамит (разияллааху анху)дан төмөндөгүдөй рабаят этилет: бир жолу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ооруп жаткан Азирети Абдулла бин Равааха (разияллааху анху)ну көргөнү келгенде, Азирети Абдулла бин Равааха (разияллааху анху)да төшөгүнөн турууга да күч-кубаты жок болчу. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) адамдардан менин үммөтүмдөгү шейиттер ким экенин билесиӊерби деп сураган. Адамдар өлтүрүлгөн мусулмандар деп жооп беришкен. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) ошондой болсо, анда менин үммөтүмдө шейиттер аябай аз болушат го деп айткан. Анан өлтүрүлгөн мусулмандар, ич өтүү оорусу менен өлгөндөр, сууга чөгүп өлгөндөрдүн баары шейит болот деп айткан. Кудум ошондой бала төрөп жатканда өлгөн аял да шейит болуп саналат.

Мавтаа (маута) казатынын учурунда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Зайд бин Хаарисаны аскер башчысы кылып дайындап, эгер ал шейит болуп кетсе, анда Жаъфар бин Абу Таалиб (разияллааху анху) аскер башчысы болот, эгер ал да шейит болуп кетсе, анда Абдулла бин Равааха (разияллааху анху) аскер башчысы болот, эгер ал да шейит болсо, анда мусулмандар өздөрүнө жаккан адамды өздөрүнө аскер башчысы кылып алышсын деп айткан.

Согушка чыгаарда Азирети Абдулла бин Равааха (разияллааху анху) ыйлай баштаган. Адамдар себебин сурашканда, ал (разияллааху анху) «Марям» сүрөөсүнүн 72-аятын окуп берген, анда Алла Таала ар бириңер тозоко киресиңер деп айткан. Ал (разияллааху анху) кыл көпүрөнүн үстүнөн өтүп жатканымда ахвалым кандай болоорун мен блбейм деп айткан. Хузур-э-Анвар мындан мурунку аятта тозок тууралуу сөз болгон, ошондуктан ал (разияллааху анху) корккон болчу, антпесе экинчи аяттан даана көрүнгөндөй, бул жерде момундар жана Алла Тааланын жолунда жихад кылгандар тууралуу сөз болгон эмес деди.

«Тафсир-э-Сагийр» аттуу Куран котормосунун түшүндүрмөсүндө Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) момундар бул дүйнөнүн өзүндө тозоктогу үлүшүн алып алышат. Тагыраак айтканда, каапырлар аларга ар кандай жолдор менен кысым көрсөтүшөт, антпесе момундар Курани Карим боюнча о дүйнөдө эч качан тозокко барышпайт деп айтат.

Мавтаа согушунун сапары аралыгында мусулмандар Гиркалдын жүз миң римдик аскерлери менен жана жүз миң араб аскерлери менен Маоб жергисинде турганын билишкен. Мусулмандар эки күн Маоб деген жерде түнөп, бирөөнү Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдына жиберип, душмандын көп санда экенинен кабар кылуу керек деп өз ара акылдашкан.  Ал кезде Азирети Абдулла бин Равааха (разияллааху анху) мусулмандарды үндөгөн, натыйжада саны болгону үч миң гана болгон мусулмандар согушууга макул болушкан.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га Азирети Зайд (разияллааху анху), Азирети Жаъфар (разияллааху анху) жана Азирети Абдулла бин Равааха (разияллааху анху)нун шейит болгондугу жөнүндө кабар келгенде, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын көздөрүнөн жаш агып жана Азирети Зайд (разияллааху анху) тууралуу сөз кылып, эй, Алла! Зайдды кечиргин деп айткан. Бул сөздөрдү ал (саллаллааху алайхи ва саллам) үч жолу кайталаган. Анан Азирети Жаъфар (разияллааху анху) жана Азирети Абдулла бин Равааха (разияллааху анху) тууралуу да ушул эле дуба сөздөрүн айткан. Хузур-э-Анвар Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху)нун атынан Мавтаа согушунун ушул кайгылуу окуясы тууралуу кеңири айтып берди.

Бадр согушунан мурун бир жолу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) эшек минип, ооруп жаткан Азирети Саъд бин Убаада (разияллааху анху)ну көргөнү кетип баратканда, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) мусулмандар, яхудийлер жана мушриктер чогуу отурушкан бир жыйындын жанынан өткөн. Алардын арасында Абдулла бин Убай бин Салуул жана Азирети Абдулла бин Равааха (разияллааху анху) да бар болчу. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) минген унаасы көтөргөн чаң ал жыйынга жеткенде, Абдулла бин Аби Салуул бизди чаңдатпа деп айткан. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ага салам берип, аны Ислам динине чакырган. Ошондо Абдулла бин Убай катуу үн менен эй, адам! Бул жакшы эмес. Эгерде сен айта турганың чын болсо, анда биздин жыйындарыбызда бизди кыйнаба жана өз үйүңө кайтып кет деп айткан.

Азирети Абдулла бин Равааха (разияллааху анху) эй, Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам)! Сиз албетте жыйындарыбызга келип туруңуз, биз муну жакшы көрөбүз деп айткан. Хузур-э-Анвар Азирети Абдулла бин Равааха (разияллааху анху) ал кезде эч корккон да эмес, ага караган да эмес. Кийин ал жерде бир аз чыр-чатак да чыккан, бирок ал баары бир кандайдыр бир оң ролду ойногон деди.

Азирети Ибн Аббаас (разияллааху анху)дан төмөнкүдөй рабаят этилет: бир жолу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) кээ бир сахаабаларды бир жүрүшкө жөнөткөн. Жума күнү болчу, калган сахаабалар жөнөп кетишкен, ал эми Азирети Абдулла бин Равааха (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын аркасында туруп, жума намазын окуу максатында токтогон. Жума намазында Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Абдулла бин Равааха (разияллааху анху)ну көрүп, кетпегендигинин себебин сураганда, ал берген жоопту угуп, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) эгер жер жүзүндө бар болгон нерселердин баарын сарптасаң да, жүрүшкө кеткен адамдардын артыкчылыгына жетише албайсың деп айткан.

Азирети Абу Дардаа (разияллааху анху)дан төмөнкүдөй рабаят этилет: бир жолу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен Рамазан айында катуу ысыкта чыкканбыз. Ысык ушунчалык катуу болгон, арабыздан ар адам өзүн ысыктан сактоо үчүн өз башын өз колдору менен жаап алчу. Ошол учурда, арабызда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жана Азирети Абдулла бин Равааха (разияллааху анху)дан башка орозо кармаган адам жок болгон.

Кутбанын экинчи бөлүгүндө Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) урматтуу Доктор Латиф Ахмад Курайший мырзаны жакшы сөздөр менен эскерип, анын гайып жаназасын окутаарын жарыялады. Маркум 2020-жылдын 19-январында 80 жаш курагында көз жумган. Иннаа Лиллаахи ва Иннаа Илайхи Раажиъуун. Ал Алла Тааланын берешендиги менен Мусий болчу. Индиянын Ажмер шаарында төрөлгөн. 1937-жылы анын атасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху)нун колуна колун коюп, байъат берген. Маркум 1968-жылы Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын III Халифасы Азирети Мырза Насир Ахмад (рахимахуллах)тын үндөөсү менен Англиядагы жашоосун таштап, өз жашоосун динге арнаган. Маркум «Фазли Умар» бейтапканасында отуз жыл кызмат кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Ал Худдаамул-Ахмадия Марказия жана Ансаруллах Марказияда ар кайсы кызматтарда кызмат кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Акыркы күндөрдө дагы Ансаруллахтын президентинин орун басары болчу. Анын жубайы да бир канча күн мурун каза болгон эле. Хузур-э-Анвар аны да жакшы сөздөр менен эскерип, анын гайып жаназасын окуткан эле. Маркумдун үч уулу жана эки кызы бар. Ал киши Тахажжуд намазын калтырбай аткарчу жана бир топ өзгөчөлүктөргө ээ болчу. Колунда жок оорулууларга өз чөнтөгүнөн дары сатып алып берчү. Ар жылы өзгөчө Жалса Салана Кадиян жана Жалса Салана Англияга катышчу. Кошуналарына мамилеси жакшы болчу. Илим-билимди жакшы көргөн инсан болчу. Дурр-э-Самийн, Калаам-э-Махмуд жана Дурр-э-Адан аттуу китептердеги поэмаларды жагымдуу үн менен ырдачу.

Хузур-э-Анвар Алла Таала ага мээримин төгүп, аны кечирсин, ошондой эле анын балдарына да сабыр жана кайрат тартууласын деп дуба кылды.

٭…٭…٭

Share via