Мухаммад Пайгамбардын төртүнчү халифасы жана күйөө баласы - Али
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Эң мыкты инсандар: Азирети Али бин Абу Таалиб (разияллааху анху)

Халифанын көрсөтмөсү

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын улуу мартабалуу Халифа-э-Раашиди Азирети Али бин Таалиб (разияллааху анху)нун улуу мүнөзүнүн жагымдуу баяны

Бир рабаят боюнча Азирети Али (разияллааху анху) Азирети Хадийжа (разияллааху анхаа)нын Ислам динин кабыл алгандыгынын эртеси күнү Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жана Азирети Хадийжа (разияллааху анхаа)нын намаз окуп жаткандыгын көрөт. Азирети Али (разияллааху анху) ошол түндү өткөрүп, эртеси күнү эртең менен Исламды кабыл алат. Ал кезде ал (разияллааху анху) 13 жашта болчу.

Пакистанга караштуу «Нанкаана Сахиб» районунда жайгашкан «Мурх Балочаа» деген айылдын тургуну урматтуу Доктор Тахир Махмуд мырза (шейит), СьерраЛеонедеги урматтуу Жамаалуддин Махмуд мырза, Рабвахада кызмат көрсөткөн мурунку НаазимэЖайдаад (кыймылсыз мүлк боюнча директор) жана юридикалык кеңешчи урматтуу Чаудхрий Салаахуддин мырзанын аялы урматтуу АматусСалаам айым жана Доктор Латийаф Ахмад Курайший маркумдун энеси урматтуу Мансура Бушра айым деген төрт маркумдун эскерилүүсү жана гайып жаназа намазы

2020-жылдын 27-ноябрында, башкача айтканда, 1399-хижра жылынын 27-Нубувват күнү Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала бинасрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маанимазмуну

2020-жылдын 27-ноябрь күнү Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала бинасрихилазиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган жума кутбасы Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Азан айтуу бактылуулугу урматтуу Раана Атаур-Рахийм мырзага насип этилди.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Бешинчи Халифасы (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосунмындай деп айткан:

Бүгүн Азирети Али бин Абу Таалиб (разияллааху анху) жөнүндө сөз кылуу менен ХулаафаэРашидийн[1] тууралуу сөз башталат. Ал (разияллааху анху)нун атасынын аты Абду-Манааф жана лакап аты Абу Таалиб болчу. Ал (разияллааху анху)нун энесинин аты Фатима бинт Асад бин Хаашим болчу. Азирети Али (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын пайгамбарлык жарыясынан он жыл мурун төрөлгөн. Ал (разияллааху анху) орто бойлуу, кара көз, денеси толук жана кең ийиндүү эле. Азирети Али (разияллааху анху)нун Таалиб, Акийл жана Жаъфар деген үч эркек бир тууганы, Умм-э-Хааний жана Умм-э-Жамаана деген эки кыз бир тууганы болгон. Таалиб жана Умм-э-Жамаанадан башкасынын бардыгы Исламды кабыл кылышкан. Азирети Али (разияллааху анху)нун лакап аттары Абул-Хасан, Абу Сабтайин жана Абу Турааб болгон.

Бир жолу Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Фатима (разияллааху анхаа)нын үйүнө барганда, Азирети Али (разияллааху анху) үйдө болгон эмес. Ал (разияллааху анху)нун мечитте уктап жатканын билип, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мечитке барганда, Азирети Али (разияллааху анху) ал жерде жаткан болчу жана жууркан анын капталынан түшүп калгандыктан, ал (разияллааху анху)нун капталына топурак болуп калыптыр. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ал топуракты күүп, эй, Абу Турааб! Тур. Эй, Абу Турааб! Тур, деп айтат. Ошентип ал (разияллааху анху) ушул лакап ат менен атала баштаган.

Азирети Абу Таалиб абдан кадыр-барктуу, бирок кедей жана көп балалуу болгон. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) молчулукта жашаган өз акеси Азирети Аббаас менен бирге Азирети Абу Таалибдин үй-бүлөсүн багуу жүгүн жеӊилдетүү жөнүндө ойлогон. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) жана Азирети Аббаас Азирети Абу Таалибдин алдына барышканда, ал Акийлди жанымда калтырып, каалаганыңарды кыла бергиле деп айткан. Ошондо, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Али (разияллааху анху)ну жана Азирети Аббаас (разияллааху анху) Жаъфарды өз карамагына алышкан. Ал кезде Азирети Али 6-7 жашта болчу.

Бир рабаят боюнча Азирети Али (разияллааху анху) Азирети Хадийжа (разияллаху анхаа)нын Исламды кабыл алгандыгынын эртеси күнү Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жана Азирети Хадийжа (разияллааху анхаа)нын намаз окуп жатканын көрүп, айран-таң калгандыгын билдирип, бул эмне деп сураган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бул Алла Таала тандаган дин. Ошондуктан, мен сени Лаат менен Уззадан баш тартып, Аллага ибадат кылууга чакырам деп түшүндүргөн. Азирети Али (разияллааху анху) ошол түндү өткөрүп, эртеси күнү эртең менен Исламды кабыл алган. Ал учурда ал (разияллааху анху) 13 жашта болчу.

Эркектердин арасынан эң биринчи Ислам динин кабыл кылган ким болгон деген суроо жөнүндө Азирети Мырза Башийр Ахмад сахиб (разияллааху анху) Азирети Али (разияллааху анху) жана Зайд бин Хаариса Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын үйүндө өз балдарындай чогуу жашашчу. Ал экөө кандайдыр бир сөз менен ишенимин билдирүүгө муктаждык деле жок болчу. Ошондуктан, Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) ишенимдүү түрдө алдыңкы жана эң биринчи болуп ыйман келтирген деп айтат.

Азирети Убада кылынган Реформатор (разияллааху анху) Азирети Хадийжа (разияллааху анхаа)нын эч кечиктирбестен жана эч ойлонбостон, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын билдирүүсүн тастыктагандыгы тууралуу мындай деп айтат: Азирети Муса (алайхиссалам)га Алла Тааладан суранычынын негизинде, бир жардамчы берилген. Бирок, Алланын Элчиси Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын даңкын карагыла, ага суралбай эле жардамчы берилген. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын үйүндө Алла Тааланын вахий-аяны жөнүндө сөз болгондо, үйүндө жашаган Зайд бин Хаариса алдыга чыгып, ыйман келтирген. Сүйүктүү Пайгамбарбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жана Азирети Хадийжа (разияллаху анхаа)нын сүйлөшүүсүн эшиктин жанында туруп уккан 11-12 жаштагы Азирети Али (разияллааху анху) уялган бойдон алдыга чыгып, жеңем менен Зайд ыйман келтирген нерсеге мен дагы ыйман келтирем деп айтат.

Азирети Али (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен  чогуу өз атасы жана башка элдерден жашынып, Меккенин өрөөндөрүндө намаз окучу. Бир жолу Абу Таалиб экөөнүн намаз окуп жаткандыгын көрүп, Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва салам)дан ушул жаңы дин жөнүндө сураган. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) бул Ибрахиймдин дини деп кыскача түшүндүргөндөн кийин аны Ислам динине чакырган. Азирети Абу Таалиб менде өз ата-бабаларымдын дининен кайтууга күчүм жок, бирок Аллага касам! Көзүм тирүү болгуча сен жактырбаган эч нерсе сага тийбейт деп жооп берген.

Алла Тааланын буйругуна ылайык Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өзүнүн жакын тууган-туушкандарын кулактандыруу үчүн бир аш-тойду уюштурган. Ал аш-тойго кырк адам чакырылган болчу. Тамактанып бүткөндөн кийин Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) сөзүн сүйлөмөкчү болгондо, бактысыз Абу Лахаб болбогон бир нерсени айтып, элди таркатып жиберген.. Ошондуктан, дагы бир жолу аш-той аземи уюштурулган. Бул жолу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Ислам дининин кабарын жеткиргенден кийин: «Эми айткылачы, бул иште араңардан ким мага жардамчы боло алат?» – деп сураганда, алардын бардыгы унчукпай отурушкан, бирок 13 жаштагы бир арык бала ордунан туруп, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га жардамчы ой-ниетин билдирген. Ал (бала) Азирети Али (разияллааху анху) болчу, анын сөзүн угуп, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) эгер туура көрсөңөр, анда ушул баланын айтканына кулак салып, аны кабыл кылгыла деп айткан. Муну угуп, сабак алуунун ордуна бардыгы күлүп жиберишкен. Абу Лахаб өзүнүн бир тууган байкеси Абу Таалибге Мухаммад сизди уулуңуздун артынан ээрчип калууңузга чакырып жатат деп айткан.

Хузур-э-Анвар Убада кылынган Реформатор (разияллааху анху)нун ой-пикиринин негизинде, ушул окуяны кеӊири айтып берип, балдар бул окуяны кунт коюп угуулары керек деди. Азирети Убада кылынган Реформатор (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Алланын алдында бул он бир жашар бала гана жаш, ал эми аксакалдардын бардыгы эч кандай күчү жок жаш балдар деп ишенген деп айтат. Али (разияллааху анху) аягына чейин ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жанында болгон. Анан ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын Халифасы болгон, ошондой эле Алла Таала ал (разияллааху анху)нун урпактарын дагы такыба инсан кылып, алардын арасында он эки муунга чейин он эки имам төрөлгөн.

Хузур-э-Анвар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын Меккеден көчүп барарында Азирети Али (разияллааху анху) жасаган курмандыгы жөнүндөгү окуяга токтолуп, мындай деди: меккеликтер өз ара бири-бири менен кеңешип, Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам)дын үйүнө кол салып, аны камап салуу же өлтүрүүнү пландаштырып жатканда, Алла Таала вахий-аян аркылуу ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га душмандын ушул ой-ниетин ашкере кылган. Алла Таала ага Мединага көчүп барууга уруксат бергенден кийин, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) көчүүгө даярдык көрө баштаган жана Азирети Али (разияллааху анху)га менин төшөгүмө жатып алыңыз деп айткан. Азирети Али (разияллааху анху) Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам)дын хазрамиялык кызыл кездемесин оронуп алып, ал жерге түнөгөн. Мушриктер эртең менен үйүнө кирип, төшөктө Азирети Али (разияллааху анху)ну көрүп, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жөнүндө сурашкан. Азирети Али (разияллааху анху) билбегенин айтып, силер ага Меккеден чыгып кетиңиз дедиңер эле, ошол үчүн ал кетип калды деген. Ал (разияллааху анху) Меккедегилердин аманаттарын кайтарып, үч күндөн кийин көчүп, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдына барган.

Азирети Убада кылынган Реформатор (разияллааху анху) Азирети Али (разияллааху анху)нун ушул улуу курмандыгы жөнүндө токтолуп, мындай деп айтат: Алла Таала бул курмандыктын аркасынан Азирети Али (разияллааху анху)нун гана эмес, жок, Азирети Али (разияллааху анху)нун урпактарынын да сый-урматка ээ болоорун билген болчу. Демек, Алла Таала Азирети Али (разияллааху анху)га кылган биринчи берешендиги: Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын күйөө баласы болуу сыймыгын тартуулаган. Экинчи берешендиги болсо, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жүрөгүндө ага карата ушунчалык сүйүүнү жараткан, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) көптөгөн учурларда аны мактаган.

Хузур-э-Анвар бир окуяны ар кайсы булактардан келтирүүнүн даанышмандыгын түшүндүрүп жатып, ушул жол менен окуянын чоо-жайы жана түшүндүрмөсүнөн көптөгөн жаңы жагдайлары ачылат. Эскерилип жаткан сахаабанын инсандык касиетинин көптөгөн жаңы жактары ачыкка чыгат. Азирети Али (разияллааху анху) тууралуу сөз дагы уланат. Калганын Кудай буюрса, эмкиде айтып берем деди.

Хузур-э-Анвар кутбанын экинчи бөлүгүндө төрт маркумду эскерип, гайып жаназа намазын окутаарын жарыялады.

Эскерилген биринчи адам Пакистанга караштуу «Нанкаана Сахиб» районунда жайгашкан «Мурх Балочан» деген айылдын тургуну Тарик Махмуд мырзанын уулу урматтуу Доктор Тахир Махмуд мырза (шейит). Аны 20-ноябрда жума намазын окугандан кийин 16 жаштагы жигит аткылап шейит кылган. Иннаа Лиллаахи Ва Иннаа Илайхи Раажиъуун. Шейит маркум 31 жашта эле. Хузур-э-Анвар бул жаш балдарды кол салууга тукуруу деген душмандыктын жаңы методу. Анткени, ошентип соттордо, бул балакатка жете элек жаш бала деген жүйөнү келтирип, жазаны азайтуу же кечирип коюуну суроо үчүн бир шылтоо болуп калат. Ушул кол салууда маркумдун атасы, акеси жана Худдамул-Ахмадиянын Заъийми[2] да жабыркаган. Шейиттин атасы оор жаракат алып, ооруканада дагы эле дарыланууда. Маркум дааватка шыктануу, Халифатты абдан сүйүү, Жамаатыбыздын кызматкерлери жана борбордук конокторду аябай сыйлоо сыяктуу көптөгөн касиеттерге ээ адам болгон. Анын артында ата-энеси, бир эркек бир тууганы жана бир кыз бир тууганы калды.

Эскерилген экинчи адам Сьерра-Леонедеги урматтуу Жамаалуддин Махмуд мырза. Ал 3-ноябрь күнү жүрөгү кармап, каза болду. Иннаа Лиллаахи Ва Иннаа Илайхи Раажиъуун. Маркум 16 жылдан бери Жамаатыбызда башкы катчы болуп кызмат кылып келген. Маркум ыкластуу жана динге берилген кызматчы болгон. Ал Тахажжуд намазын үзгүлтүксүздүк менен окуган, намаздарга берилген, моюн сунуу руху жана Халифат менен сүйүү-алакада болуу менен бирге дагы бир улуу өзгөчөлүгү: ал бүткүл дүйнөнүн Ахмадийлерин ашкере улутчул болуудан сактап, бир үй-бүлөгө айландыруунун практикалык үлгүсү болгон.

Эскерилген үчүнчү киши Рабвахада Жамаатыбыздын штаб-квартирасындагы мурунку Наазим-э-Жайдаад жана юридикалык кеңешчи урматтуу Чаудхрий Салаахуддин мырзанын аялы урматтуу Аматус-Салаам айым. Ал 19-октябрь күнү каза болгон. Иннаа Лиллаахи Ва Иннаа Илайхи Раажиъуун. Маркум абдан ибадат кылган, Курани Каримди окуган, меймандос жана кембагалдарга камкор инсан болгон.

Эскерилген төртүнчү адам Доктор Латийф Курайший мырзанын апасы урматтуу Мансура Бушра айым. Ал 6-ноябрь күнү 97 жаш курагында каза болгон. Иннаа Лиллаахи Ва Иннаа Илайхи Раажиъуун. Маркум, ибадат кылган, такыба жана Ахмадия Халифатына ишеним көрсөтүүчү алака-байланышта болгон, аз сүйлөгөн жана жөнөкөй мүнөздүү инсан болгон.

Хузур-э-Анвар бардык маркумдардын кечирилүүсү жана даражаларынын жогорулоосу үчүн дуба кылды.

٭…٭…٭

[1] Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ав саллам)дын төрт халифасы «ХулаафаэРашидийн» деп аталышат.

[2] Ахмадия Мусулман Жамаатында 15 жаштан 40 жашка чейинки эркек адамдардын уюмунун окуруг төрагасы.

Share via