Эң мыкты инсандар: Азирети Мусъаб бин Умайр (разияллааху анху) • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Эң мыкты инсандар: Азирети Мусъаб бин Умайр (разияллааху анху)

мечит ыйман Ислам дин Намаз Куран орозо Мусулман Момун

Ыкыластуулук жана берилгендиктин сүрөтү болгон Бадр согушуна катышкан сахааба Азирети Мусъаб бин Умайр (разияллааху анху)нун куттуу мүнөзүнүн жагымдуу баяны

2020-жылдын 28–февралында Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

Урматтуу Малик Музаффар Ахмад мырзанын уулу урматтуу Малик Мунаввар Жавид мырза жана урматтуу Шейх Махбуб Аалам Халид мырзанын уулу урматтуу профессор Мунаввар Шамим Халид мырзанын каза болгондугу, маркумдарды жакшы сөздөр менен эскерүү жана гайып жаназасын окуу

2020-жылдын 28-февраль күнү Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде жума кутбасын окуду. Ал кутба Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Азан айтуу бактылуулугу урматтуу Феруз Аалам мырзага насип этилди.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) мындай деди:

Бүгүн мен сөз кылмакчы болгон сахаабанын аты Азирети Мусъаб бин Умайр (разияллааху анху). Ал Бану Абдуд-Даар уруусунан болгон. Ал (разияллааху анху)нун энеси Мекке шаарынын бай аялдарынын бири болчу, ал Азирети Мусъаб бин Умайр (разияллааху анху)ну байларча өстүрүп-чоңойткон. Азирети Мусъаб бин Умайр (разияллааху анху)нун жубайы Хамнах бинт Жахаш Уммул-Му῾минийн[1] Азирети Зайнаб (разияллааху анхаа) бинт Жахаш менен эже-сиңди болчу. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Мусъаб бин Умайр (разияллааху анху) тууралуу мен андан сулуу-келишкен жана жыргалчылык-токчулукта өстүрүлгөн эч бир адамды көргөн жокмун дечү.

Ал (разияллааху анху) башында Ислам динин кабыл кылган улуу мартабалуу сахаабалардын бири болчу. Ал Даар-э-Аркамда Ислам динин кабыл кылган, бирок өз апасы жана коомунун каршылыгынан коркуп, аны жашырып жүргөн. Ал (разияллааху анху)нун мусулман болгондугу туурасындагы кабар анын апасына жеткенде, ал Азирети Мусъаб (разияллааху анху)ну камап салган. Ал (разияллааху анху) камакта отурган жана ыңгайлуу учурду тапканда, Эфиопияны көздөй хижрат кылган. Ошентип, Азирети Мусъаб (разияллааху анху) эки жолу хижрат кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Азирети Мусъаб (разияллааху анху) Эфиопиядан кайтып келгенде, анын апасы ал (разияллааху анху)нун оор ахвалын көрүп, ага көрсөткөн каршылыгын таштап, өз уулун анын өз ахвалына коюп койгон.

Азирети Мусъаб бин Умайр (разияллааху анху)нун Ислам дини үчүн башынан кечиргендери тууралуу Азирети Саъд бин Аби Вакаас (разияллааху анху) мен кудум жыландын териси түшүп, жаңысы келгендей эле анын денесинен терисин түшүп жатканын көргөм дейт. Бир жолу Азирети Мусъаб (разияллааху анху) сахаабалардын жыйынына келгенде, анын кийимдери жамалган болчу. Сахаабалар анын ушундай ахвалын көрүп, баштарын жерге салышкан, себеби алар дагы Азирети Мусъаб (разияллааху анху)га эч кандай жардам бере алышкан эмес. Азирети Мусъаб (разияллааху анху) салам бергенде, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мен Мусъабдын Мекке шаарында андан да байыраак адам жок ахвалын көргөм, ал өз ата-энесинин эң сүйүктүү баласы болчу, бирок бүгүн Алла Таала жана Анын Пайгамбарына болгон сүйүүсү аны ушул ахвалга жеткирип койгон деп айткан.

Азирети Али (разияллааху анху)дан төмөнкүдөй рабаят этилет: «Биз Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жыйынында отурганбыз, ошондо Азирети Мусъаб (разияллааху анху) келди, анын кийимдери тери менен жамалган эле жана бир жамынычы бар болчу. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Мусъаб (разияллааху анху)нун мурунку доорун эстеп, ыйлай баштаган жана мындай деп айткан: «Араңардан бир адам бир жуп кийим менен таң атканында жана башкасы менен күн баттырганда, кандай ахвалда болосуңар? Алдыңарга бир тамак-аш идиши коюлат жана бири көтөрүлүп алынат. Силер кудум Каъбанын пардалары сыяктуу баалуу пардаларды өз үйлөрүңөргө илесиңер». Сахаабалар: «Эй, Алланын Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам)! Биз ал убакытта бүгүнкү күнүбүзгө караганда жакшыраак ахвалда болобузбу жана ибадат үчүн бош болобузбу?» – деп сурашкан. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Жок, тескерисинче силер ал күндөрдөн көрө бүгүнкү күндө жакшырааксыңар», – деп жооп берген».

Хузур-э-Анвар «Сийрат Хаатамун-Набийин» аттуу китептен Эфиопияга кылынган хижрат жөнүндө кыскача токтолуп, Байъат-э-Акаба Уулаа тууралуу кеңири айтып берди.

Пайгамбарлыктын 5-жылы 11 мусулман эркек жана 4 аял Мекке каапырларынын зулумдугу жана кысымдарына чыдабай, Эфиопияны көздөй хижрат кылган. Алардын катарында Азирети Мусъаб (разияллааху анху) да бар болгон.

Байъат-э-Акаба Уулаанын учурунда Мединадан келген 12 адам Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын колунда Байъат беришкен. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Мусъаб бин Умайр (разияллааху анху)ну алар менен бирге Ислам динин үйрөтүү жана Курани Каримди окутуу үчүн жиберген. Ал (разияллааху анху) Асъад бин Зарааранын үйүндө жашап, намаздарга имамчылык кылуу милдетин аткарып турган. Азирети Сахибзада Мирза Башир Ахмад Сахиб (разияллааху анху) мындай деп жазат: Азирети Мусъаб (разияллааху анху) хижраттан мурун Ясирабга биринчи мусулман дааватчы кылып жөнөтүлгөн, ал аркылуу Ислам дини Мединада жайылган. Азирети Мусъаб (разияллааху анху) Байъат-э-Акаба Сааниядан мурун Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан жума намазын окутуу уруксатын сураган. Ошентип, ал (разияллааху анху) жума намазын окуткан биринчи инсан болчу. Азирети Мусъаб (разияллааху анху)нун дааваты менен көптөгөн улуу мартабалуу сахаабалар мусулман болушкан, алардын катарында Азирети Саъд бин Муъааз (разияллааху анху), Азирети Ибаад бин Башар (разияллааху анху), (разияллааху анху), Мухаммад бин Масалма (разияллааху анху) жана Усайд бин Хузайр (разияллааху анху) бар.

Мусулман болуудан мурун Азирети Саъд бин Муъааз (разияллааху анху) Ислам динине катуу душман болчу. Азирети Мусъаб бин Умайр (разияллааху анху)нун хикмат (даанышмандуулугу) жана жумшак-сылык сүйлөгөндүгү себептүү мусулман болгон.

Азирети Мусъаб бин Умайр (разияллааху анху)нун дааваты менен көптөгөн адамдар мусулман болушкан. Ал (разияллааху анху) пайгамбарчылыктын 13-жылы ажылык учурунда жетимиш Ансаардан турган делегатты Меккеге алып келген.

Анын апасы Азирети Мусъаб (разияллааху анху)нун келгенин угуп, өзү мушрик болсо да, бирок уулун аябай катуу сүйчү, ага а дегенде мени менен жолугушкун, анан башка жакка баргын деп кабар жиберген. Азирети Мусъаб (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен жолугушуп, анан сиздин алдыңызга келем деген жоопту жиберген. Анан Азирети Мусъаб (разияллааху анху) өз апасынын алдына барганда, ал аябай күйүп отурган эле. Ал (разияллааху анху)ну көрүп аябай ыйлаган жана даттанып арыздаган. Азирети Мусъаб (разияллааху анху) аны Ислам динин кабыл кылууга чакырган, ошондо ал киши ызы-чүү көтөрүп, тууган-туушканарына Мусъабды камап салгыла деп ишаарат кылган. Анан Азирети Мусъаб (разияллааху анху) араң качып кутулган.

Хузур-э-Анвар Азирети Мусъаб (разияллааху анху) жөнүндө айтылуучу сөздөр бүтө элек, калгандарын ИнашАллах эмки кутбада айтып берем деди. Андан кийин Азирети Амирул-Му′минийн (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) кутбасынын экинчи бөлүгүндө эки маркумду жакшы сөздөр менен эскерип, алардын жаназа намазын окутаарын жарыялады.

А дегенде, Урматтуу Малик Музаффар Ахмад мырзанын уулу урматтуу Малик Мунаввар Жавид мырзаны жакшы сөздөр менен эскерди, ал киши 22-февраль күнү 84 жаш курагында каза болгон. Иннаа Лиллаахи ва Иннаа Илайхи Раажиъуун. Маркум Мусий болчу. Анын артында жубайынан тышкары төрт уулу жана эки кызы калды. Анан чоң атасы Азирети Доктор Зафар Хасан Сахиб (разияллааху анху) жана тайатасы Азирети Шейх Абул Карим Сахиб (разияллааху анху) Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын сахаабалары болчу. Маркум 1982-жылы болгон Ансаруллах[2]тын Ижтимаа[3]сына Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий(алайхиссалаам)дын IV ХалифасыАзирети Мырза Тахир Ахмад (рахимахуллах) жасаган кайрылуусун угуп, өз жашоосун динге арноога ниет койгон. IV ХалифаАзирети Мырза Тахир Ахмад (рахимахуллах) 1983-жылдын 18-август күнү анын өз жашоосун динге арноо үчүн жазган арызын кабыл кылган. Өз жашоосун динге арнай электе ал киши 16 жыл Пенжаб (Пакистан) Өкмөтүнүн секретариатында кызмат кылган жана он жыл жеке соода иштерин жүргүзгөн. Жашоосун динге арнаган соң ал а дегенде Вакаалат-э-Санъату Тижаарат[4] бөлүмүндө дайындалган. Ал киши «Ривю оф Релижанз» аттуу журналга менеджер катары да кызмат кылган. 1984-жылы Наазыр Зыяфат[5]тын орунбасары болуп дайындалган. 1987-жылдын 20-апрелинен тартып, 2016-жылдын июлуна чейин Наиб Наазыр Зыяфат катары кызмат кылуу бактысына ээ болгон. Андан тышкары, «Кафаалат-э-Яксад Ятаамаа»[6] комитетинин эң биринчи катчысы болуп да иштеген. Бир узак мөөнөткө чейин Лахор районунун Район Каиди жана Аймактык Каид[7] катары кызмат аткаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.1984-жылдан 2014-жылга чейин Ансаруллахта кызмат кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Маркум эң мыкты башкаруу жөндөмдөрүнө ээ болчу. Түн маалдарында туруп, Дааруз-Зыяфат[8]ты айланып чыгып, кызматкерлерди көзөмөлдөп жүрчү. Дааруз-Зыяфатта кызмат кылган кызматкерлерге аябай мээримдүү жана боорукер болчу. Кызматкерлердин үй-бүлөлүк ахвалдарынан кабардар болуп турчу жана аларга билгизбей, колдон келишинче ар финансылык жардам да берчү.             

Наазыр Зыяфаттын жардамчысы, Жамаатыбыздын миссионери Асиф Мажид мырза мындай деп айтат: Дааруз-Зыяфатта эл калың болуп калгандыгы үчүн кээ бир коноктордун уулуу сөздөрүн да маркум ачык жүзү менен укчу. Кээ бир учурларда эки алаканын бириктирип, коноктордон кечирим сурап жатканын да көрдүм дейт. Хузур-э-Анвар Жамаат мүчөлөрүнө насаат кылып, меймандар дагы эң мыкты даражадагы адеп-ахлактарын көрсөтүп, мына ошондой жагдайда башкармалыкка колдоо көрсөтүүлөрү керек деп айтты.

Андан кийин Хузур-э-Анвар урматтуу профессор Мунаввар Шамийм Халид мырзаны жакшы сөздөр менен эскерди, ал киши 2020-жылдын 16-февралында 81 жаш курагында каза болгон. Иннаа Лиллаахи ва Иннаа Илайхи Раажиъуун. Маркумдун атасы урматтуу Шейх Махбуб Аалам Халид мырза Рабвахтагы «Таалимул-Ислам» аттуу колледжде профессор болчу. Анан III ХалифаАзирети Мырза Насир Ахмад (рахимахуллах) аны Наазыр Байтул-Маал кылып койгон, анан бир узак мөөнөткө чейин ал кызматты аркалаган. Андан кийин IV ХалифаАзирети Мырза Тахир Ахмад (рахимахуллах) аны Садр Анжуман Ахмадияга президент кылып дайындап жиберген. Шамийм Халид мырза анын эң улуу баласы болчу. Анын артында экинчи жубайы калды, анын биринчи жубайы каза болуп калган. Андан Халид Анвар аттуу бир уулу бар, ал Канадада жашайт. 1964-жылы III ХалифаАзирети Мырза Насир Ахмад (рахимахуллах) Шамийм Халид мырзанын никесин кыйган, ал кезде Хузур (рахимахуллах) Колледждин ректору жана Садр Анжуман Ахмадиянын президенти болчу. Хузур (рахимахуллах) никенин учурунда Шамийм Халид мырза менин жакын досум профессор Махбуб Аалам Халид мырзанын уулу жана мага кудум уулдарым сыяктуу сүйүктүү болот деген сүйлөмдү сүйлөгөн эле.       

Мажлис Ансаруллахта маркум жыйырма сегиз жылга чейин кызмат кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. «Таалимул-Ислам» колледжинде бир узак мөөнөткө чейин профессор болуп иштеген. Хузур-э-Анвар мен дагы ага бир аз убакытка шакирти болгом, анан мен Наазыр-э-Аълаа жана Амир-э-Макаамий болгонумда, мага терең сый-урмат көрсөткөн деди.

Хузур-э-Анвар Алла Таала маркумдарды кечирип, аларга Өзүнүн сүйүктүүлөрүнүн арасынан орун берсин жана анын жакын туугандарына ал кылып жүргөн жакшылыктарын улантууга күч-кубат тартууласын деп дуба кылды. Аамийн

٭…٭…٭

[1] «Момундардын энеси» дегенди билдирет.

[2] «Алла Тааланын жардамчылары» дегенди билдирет. Ахмадия Мусулман Жамаатында 40 жаштан өйдө жаштагы эркектерден турган уюм «Ансааруллах» деп аталат.

[3] «Чогулуш» же «жыйын» дегенди билдирет.

[4] «Анжуман Тахрик-э-Жадид» бөлүмдөрүнүн бири, ал Жамаат мүчөлөрүнө кантип өнөр жана соода иштерин жүргүзүү керек деп багыт берет.

[5] Борборго келген коноктордун акысыз түнөп калуулары максатында Рабвах шаарында салынган «Дааруз-Зыяфат» аттуу мекеменин көзөмөлчүcү.

[6] «Жүз жетимди багуу» дегенди билдирет.

[7] «Жетекчи» же «Башчы» дегенди туюнтат.

[8] Борборго келген коноктордун акысыз түнөп калуулары максатында Рабвах шаарында салынган «Дааруз-Зыяфат» аттуу мейманкана.

Share via