Эң мыкты инсандар: Азирети Микдаад бин Асвад, Амар (РА) • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Эң мыкты инсандар: Азирети Микдаад бин Асвад, Амар (РА)

Айт майрам кутба Ислам дин ыйман ишеним Куран хадис халифа халифат

Ыкыластуулук жана берилүүнүн сүрөтү болгон Бадр согушуна катышкан сахааба Азирети Микдаад бин Асвад, Амар (разияллааху анху)нун куттуу мүнөзүнүн жагымдуу баяны

2019-жылдын 22ноябрында Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Лондондогу «Байтул-Футух» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

2019-жылдын 22-ноябрь күнү Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Лондондогу «Байтул-Футух» мечитинде жума кутбасын окуду. Ал кутба Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Азан айтуу бактылуулугу (Жапандын тургуну) урматтуу Хафиз Амжад Аариф мырзага насип этилди.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) мындай деди:

Бадр согушуна катышкан сахаабалардан сөз кылып, бүгүн мен Азирети Микдаад бин Амар (разияллааху анху) жөнүндө айтып берем. Ал (разияллааху анху)ну бала чагында Асвад бин ягус өзүнө асранды кылып алган болчу, ошон үчүн ал (разияллааху анху) Микдаад бин Асвад аты менен белгилүү болуп калган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Микдаад (разияллааху анху)нун никесин өзүнүн агасы Азирети Зубайр бин Абдул Мутталиптин кызы Забаъага кыйдырган. Ал (разияллааху анху) бою узун, түсү буудайдай, толук жана түктүү адам болчу. Ал (разияллааху анху) өз сакалын сары түскө боёчу. Анын көздөрү кара, каштары кылдат жана узун болгон. Ал (разияллааху анху) Меккеде баарынан мурун Ислам динине киргендигин жарыялаган жети сахаабанын бири болчу. Ал (разияллааху анху) Эфиопияга хижрат кылган сахаабалардын катарына да кошулган болчу. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Мединага хижрат кылган кезде ал (разияллааху анху) хижрат кыла алган жок. Ал (разияллааху анху) Азирети Убайда бин Хаарис (разияллааху анху)нун Сария[1]сына чейин Меккеде жашаган.

Хузур-э-Анвар «Сийрат Хаатамун-Набиййин» аттуу китептин негизинде, ошол окуяларды кеңири айтып берди. Даваан казатынан кайтаарда ал (саллаллааху алайхи ва саллам) «Рабиъул-Аввал» айынын башында өзүнүн жакын тууганы Азирети Убайд бин ал-Хаарис (разияллааху анху)нун жетекчилигинде алтымыш төө минген Мухаажирлерден турган бир топту Курайштын чабуулдарын алдын алуу үчүн жөнөткөн. Саниятул-Марах жергесинде Курайштын эки жүздөй куралданган жигити Абу Жахилдин жетекчилигинде турушкан эле. Эки тайпанын ортосунда бир аз найзалар да атылган, анан белгисиз бир жашыруун коркунучтун айынан Курайштын кошууну чегинген. Ал кошуундун арасынан жүрөгүнөн мусулман болуп калган эки адам мусулмандарга кошулуп кетебиз деген ой менен Курайш менен бирге келишкен эле, алар ыӊгайлуу учур табаары менен мусулмандарга кошулуп кетишкен. Ал эки адамдын бири Азирети Микдаад (разияллааху анху) болгон.

Мединага хижрат кылуу мезгелинде Азирети Микдаад (разияллааху анху) Азирети Кулсум бин Хадамдын үйүндө жашаган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) аны Азирети Жаббаар бин Сахр (разияллааху анху)га диний бир тууган кылган.

Хузур-э-Анвар Азирети Микдаад (разияллааху анху) айтып берген бир кызык рабаятты баяндады. Хижраттан кийин ал (разияллааху анху) жана бир топ башка Мухаажир сахаабалар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жанында жашашчу. Алардын күнүмдүк адаты мындай болчу: эчкилердин сүтүн саап, өздөрү да ичишчү жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га да калтырып коюшчу. Бир түндө кайсы бир шайтандык азгыруу менен Азирети Микдаад (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) үчүн калтырылган сүттү да ичип жиберген. Сүттү ичип алган соң ал (разияллааху анху) аябай кыжаалат болгон. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) келип, сүт жок экенин көрүп, эй, Алла! Мага жедирген адамга Сен жедиргин жана мага ичирген адамга Сен ичиргин деп дуба кылган. Ошондо Азирети Микдаад (разияллааху анху) короодо турган эчкилердин арасынан эң семизин союп, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га сунуш кылып, анын дубасына татыктуу болуу ниети менен туруп кеткен. Ал (разияллааху анху) эчкилерди көздөй барганда, алардын эмчектерин сүткө толгонун көргөн. Ал (разияллааху анху) сүт саап, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га сунуш кылган. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) тойгончо сүт ичкен. Алла Тааланын ушул мээримдүүлүк мамилесисин көрүп, ал (разияллааху анху) күлүп жиберген. Ошондо Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) маселени түшүнүп, болгон окуяны сураган. Ал (разияллааху анху) болгон окуяны айтып берген, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) муну угуп, бул Алла Таала тарабынан мээримдүүлүк. Эмнеге бул нерсени мурун айткан жоксуӊ, антпесе биз башка шериктерибизди да ойготмокпуз жана алар да сүт ичип, ошол мээримдүүлүктөн үлүш алышмак деп айткан.

Азирети Микдаад (разияллааху анху) Бадр согушу менен бирге бардык казаттарга катышкан. Ал (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын эӊ мыкты ок атуучуларынын бири болчу. Бадр согушунда ал (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га эй, Алланын Элчиси! Биз Муса (алайхиссалаам)дын коому: «Бар, сен жана Раббиӊ барып согушкула», – деп айткандай, айтпайбыз, тескерисинче Сиздин оӊ жагыӊызда дагы, сол жагыӊызда дагы, Сиздин алдыӊызда дагы, артыӊызда дагы согушабыз деп айткан эле. Азирети Микдаад (разияллааху анху) ушул сөздөрүмдү угуп, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жүзү жайнап кеткен жана ал (саллаллааху алайхи ва саллам) аябай кубанган деп айткан. Хузур-э-Анвар «Сийрат Хаатамун-Набиййин» аттуу китептин негизинде ушул ыймандарды күчтөндүрүүчү окуянынын алды менен артын кеӊири айтып берди.

Бадр согушунда Алла жолунда согушкан эӊ биринчи атчан болуу сыймыгы ал (разияллааху анху)га насип этилген. Ар кандай тарыхтардан маалым болгондой, Бадр согушунда мусулмандарда эки, үч же беш жылкы эле бар болчу.

Азирети Микдаад (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан эгер согуштун учурунда бир каапыр менен күрөшүп калсам, ал менин колумду кесип, анан качып, кайсы бир бак-дарактын артында бекинип алып, мен Алла үчүн мусулман болдум деп айтса, мен аны өлтүрүп салайынбы? – деп сураган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) аны өлтүрбөгүн. Себеби, эгер сен аны өлтүрсөӊ, анда ал сен аны өлтүрүүдөн мурун сен ээлеген даражаӊа ээ болот жана сен ал келиме келтирүүдөн мурун ээлеген даражасына ээ болуп каласыӊ деп айткан. Хузур-э-Анвар бул салыштырмалуу сөз айтылып, анда ал (саллаллааху алайхи ва саллам) келиме келтирүүчү адамдын даражасын баяндаган. Бүгүнкү күндөгү улама деп аталуучулар жана бийликтер ушул сүннөткө көӊүл буруулары керек. Алар ушул хадис боюнча өздөрүнүн кайсы даражада турушканын, момун даражасындабы же каапыр даражасындабы деп байкап көрүшсүнчү?

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)нын төөлөрү Мединанын тышында оттоп жүргөндө Бану Фазараныны Аййина бин Хасан Бану Гатфаандын бир топ атчандары менен бирге чабуул жасашкан. Малчыны өлтүрүп жиберип, анын жубайы менен төөлөрүн айдап алып кетишкен. Азирети Салма бин Акваъ (разияллааху анху) биринчи болуп, мындан кабардар болгон. Аны менен бирге Азирети Талха бин Абдулла (разияллааху анху)нун кулу ат минип чыккан. Ал (разияллааху анху) найзалар менен аларды кууп барышкан. Бул кабар келгенде, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) душманга каршы күрөшүү үчүн дароо үйлөрдөн чыккыла деп жар салдырган. Бул жарыядан кийин атчандар ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдына чогула башташкан жана баарынан мурун мен келдим деп жар салып келген сахааба Ахиоети Микдаад (разияллааху анху) болчу.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Меккеге чабуул жасоо үчүн даярдык көрүп жатканда, сахаабалардын даярдык көрүп жаткандыгына карабай, ал жүрүш аябай купуя кармалган. Ал учурда бир сахааба Азирети Хаатиб бин Балтах (разияллааху анху) өзүнүн жөнөкөйлүгү жана билимсиздиги менен Меккеден келген бир аялдын колуна кат берип, мусулмандар көрүп жаткан даярдыктарынан каапырларга кабар жеткирүүгө аракет кылган. Ал аял кат алып кеткен, бирок Алла Таала Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га бул окуя тууралуу кабар кылган. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Али (разияллааху анху)ну эки-үч адам менен ал аялдын артынан жөнөткөн. Алар ошол аялды кармап алышкан жана ал катты кайтарып алып, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га келишкен.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Микдаад (разияллааху анху)га Хайбар түшүмүнөн жылына он беш Васак тартуулаган, ал жылына 2,250 киллограм болот.

Ярмуук согушунда Азирети Микдаад (разияллааху анху) Кари[2] болгон. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Бадр согушунан кийин төмөнкүдөй сүннөттү жарыялаган: согуштун учурунда «Ан-Нифаал» сүрөөсү окулчу. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) каза тапкандан кийин дагы адамдар аны аткарып турушкан. Бир Сарияда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Микдаад (разияллааху анху)ну Амир кылып дайындаган. Ал кайтып келгенде, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) амирлик кызматты кандай тапкансыз деп сураганда, ал (разияллааху анху) мен чыкканымда, башка адамдарды кудум мага кул сыяктуу сезип жүргөм деп айткан. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) амирлик кудум ошондой, ал эми Алла Таала анын жамандыгынан сактаган адам болсо, анда башка кеп деп айткан. Ошондо Азирети Микдаад (разияллааху анху): «Сизди чындык менен Пайгамбар кылып жөнөткөн Алланын атын ортого салып айтам: мен эки адамга дагы жетекчи болууну да каалабайм», – деп айткан.

Хузур-э-Анвар алардын такыбалуулук деӊгээли мындай болгон: жетекчи болуу менен текеберлик пайда болушу мүмкүн, ошондуктан эки адамга жетекчи болууну да жактырышкан эмес деди. Демек, биздин офицерлерибиз да муну эч качан эстен чыгарышпасын, а дегенде, жетекчи болууну тилебеш керек, эгер жетекчилик ыйгарылса, кандайдыр бир кызмат берилсе, анда Алла Тааладан ал кызматтын жамандыгынан сактануу дубасын да сурап туруу керек, ошондой эле Алла Таала эч качан текеберликтин пайда болушуна жол койбосун деп Андан Анын берешендигин сурап туруу керек деп да айтты.

Азирети Микдаад (разияллааху анху) Хомс[3] курчоосунда Азирети Убайдах бин Жаррах (разияллааху анху) менен бирге болгон. Ал (разияллааху анху) Мисир жеӊишине да катышкан. Ал (разияллааху анху) толук адам болгондугуна карабай, жихадга чыкчу. Бир жолу ал (разияллааху анху) кайсы бир сандыктын жанында отурган эле жана ал сандыктан да чоӊураак көрүнгөн болчу. Кимдир бирөө ага Алла Таала сизге жихаддан уруксат берген деп айтканда, Азирети Микдаад (разияллааху анху) жооп катары «Ат-Тавба» сүрөөсүнүн «инфируу хифаафан ва сикаалан» деген аятын окуган. Тагыраак айтканда, жеӊил болсоӊор да, салмактуу болсоӊор да, жихадга чыккыла.

Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) ушул аяттын эле негизинде Алла Тааланын жолунда жихадга чыгууда эч бир тоскоолдук алардын жолун тоспоо керек деп айткан.

Азирети Али (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ар бир пайгамбарга жети Нажийб шерик тартууланганын айткан деп рабаят этетет. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өзүнүн Нажийб шериктерине Азирети Микдаад (разияллааху анху)ну да кошкон.

Азирети Микдаад (разияллааху анху) 33-хижра жылы Мединадан үч чакырым аралыгында жайгашкан Жараф жергесинде каза тапкан.

Азирети Усман (разияллааху анху) ал (разияллааху анху)нун жаназасын окуткан жана ал киши Жаннатул-Бакиъ мүрзөсүндө коюлган. Ал (разияллааху анху) каза болгон кезде жетимиш же ага жакын жаш курагында болчу.

Аягында Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) Алла Таала бизге да Исламдын акыйкатын түшүнүү мүмкүнчүлүгүн насип этсин, ошондой эле Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын үммөтүнөн экендигибизди актоо жана өзүбүздө Алла Тааланын кооптонуусун жаратуу мүмкүнчүлүгүн насип этсин деп дуба кылды. Аамийн

٭…٭…٭

[1] Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын тирүү кезинде болгон, бирок ал (саллаллааху алайхи ва саллам) өзү катышпаган согушту «Сария» дешет.

[2] Курани Каримди окуучу адам «Карий» деп аталат.

[3] Сирия шаарларынын бири.

Share via