Эки жүздүүлөрдүн жетекчиси: Абдулла бин Убай бин Салуул • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Эки жүздүүлөрдүн жетекчиси: Абдулла бин Убай бин Салуул

Ислам дин ыйман жума кутба пайгамбар сахаба мечит ибадат сыйынуу

Эки жүздүүлөрдүн жетекчиси Абдулла бин Убай бин Салуул жана анын шериктери тарабынан Ислам дини жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммадга каршы жасалган оор эки жүздүүлүк иштери жана аларга каршы Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад көрсөткөн кечиримдүүлүк жана теңдеши жок мээримдүүлүктөрүнүн баяны

2019-жылдын 15ноябрында Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

Индиянын Керала шаарынын тургуну, урматтуу Мавлана Мухаммад Умар мырзанын жубайы урматтуу Аматул-Хафийз айым, Пакистандан чыгып жаткан «Ансаруллах» аттуу айлык журналдын мурунку менеджери жана редактору, урматтуу Чаудхрий Мухаммад Ибрахийм мырза, Пенд Даданхандын тургуну – урматтуу Рожа Мухаммад Наваз мырзанын уулу урматтуу Рожа Масъуд Ахмад мырза жана Синдх облусунун тургуну Анвар Али Абру мырзанын жубайы урматтуу Салиха Анвар Абру айымдын каза болгондору тууралуу айтып, аларды жакшы сөздөр менен эскерип, алардын гайып жаназаларын окуу

2019-жылдын 15-ноябрь күнү Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде жума кутбасын окуду. Ал кутба Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Азан айтуу бактылуулугу (Англиядагы Бенгал Бөлүмүнүн төрагасы) урматтуу Феруз Аалым мырзага насип этилди.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) мындай деди:

Мен Бадр согушуна катышкан сахаабалар жөнүндө баштаган кутбалар курамына байланыштуу өткөн жума кутбасын Германияда окуган элем, ал Азирети Абулла (разияллааху анху)нун атасы Абдулла бин Убай бин Салуулдун Ухуд согушунан, өзүнүн шериктери менен бирге Мединага кайтканына чейин болчу. Ухуд согушунан Абдулла бин Убай бин Сулуулдун кылыктары, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жана мусулмандарга жеткизген оор азаптар жана шылдыңдары тууралуу бир аз кеңири айтып берем. Ушул окуялардан Азирети Абулла (разияллааху анху) бин Абдулланын Ислам дини жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га болгон сүйүүсү байкалат.

Хузур-э-Анвар «Сийрат Хаатамун-Набиййин» аттуу китептен эки жүздүүлөрдүн жетекчиси Абдулла бин Убай бин Салуул жана анын шериктери Ислам дини жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га жеткирген оор азаптары жана мазактарын кеңири айтып берди. Ухуд казатынан кийин Мединадагы яхудийлер жана эки жүздүүлөр бир аз коркуп калышкан, бирок Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын көрсөткөн кечиримдүүлүгү жана жумшак мамилесинен кийин, алар шерменде болуунун ордуна, алардын кайсарлыгы жана тилдегени күчөгөндөн күчөгөн. 5-хижра жылы Бану Мустакаллик казатынан кайтаарда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бир нече күн Маряассада турган. Ал жерде Санаан аттуу Ансарий адам жана Мухаажирлердин арасынан Азирети Умар (разияллааху анху)нун бир акылсыз кулу Жахжа мушташып кетишкен. Ал мушташ күчөп кетип, мусулмандардын эки тобунун ортосундагы ички согушка чейин барып калган. Бирок ошондо кээ бир ыкластуу жана акылман Ансаар жана Мухаажир сахаабалардын өз убагында келип калуусу менен ал көйгөй чечилген. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ушул надаандык көрүнүштү катуу жемеге алган. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын кырдаалды өз убагында түшүнүп калгандыгы жана магнит күчү ушул фитна-чагымчылыктын коркунучтуу акыбеттеринен сактап алган. Эки жүздүүлөрдүн жетекчиси, бул окуяга май куйуп, фитна-чагымчылыктын отун жалындатууга аракет кылган жана ал ыплас адам Мединага барып, урматтуу адам же топ (эки жүздүүлөр) төмөн-пас адам же топту шаардан куугунтуктап салат деп да айткан. Бул окуя тууралуу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га кабар келгенде, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Абдулла бин Убай жана анын шериктерин чакырткан. Бирок алар биз андай деген жокпуз деп ант ичишкен.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өзүнүн иштөө ыкмаларына каршы түшкү маал мусулман аскерлерди жөнөөгө буюрган. Ансаарлардын белгилүү сардары Усайд бин Хузайр ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдына келип, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ага болгон окуяны болгонундай айтып бергенде, Усайд Алла Тааланы күбө кылып айтам, эң урматтуу Сиз болосуз, Мединага барып, Сиз Абдулланы шаардан айдап салсаңыз болот деп айтат. Анан Усайд Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га Сиз келе электе Медина эли Абдулланы өздөрүнө падыша кылып алмакчы болушкан, мына ошол эле көрө албастык анын жүрөгүнө кирип жайгашып алган, ошон үчүн Сиз анын беймаани сөздөрүнө көңүл деле бурбаңыз деп айткан. Андан кийин абдан такыба сахааба болгон Абдулла бин Убайдын уулу Азирети Абдулла (разияллааху анху) абдан сар-санаа болгон ахвалда кирип келди. Ал киши Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га Сиз менин атам салган бүлүктөрүнүн айынан аны өлтүрүүгө буюрмакчысыз, Сиз мага буюрбайсызбы? деп айткан. Ал киши башка бирөө атамды өлтүргөндүгү себептүү менин наадандык кызуу кандуулугум күч алып, атамды өлтүргөн адамга зыян келтирбейин деп корккон болчу. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Абдулла (разияллааху анху)га андай ойлогон жокпуз деп аны ишендирген.

Азирети Абдулла (разияллааху анху) өзүнүн атасына каршы ушунчалык ачууланган, Мединага кайтканда,ал (разияллааху анху) өз атасынын жолун тосуп алып, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) эң ардактуу инсан жана мен төмөн-пас адам болом деген сөздөрдү сүйлөөгө мажбурлаган.

Бану Мусталик казатынан кайтаарда эки жүздүүлөр тарабынан Азирети Айша (разияллааху анхаа)га өтө ыплас жалаа жабылган. Ал окуя тарых баракчаларында «ифк окуясы» (жалаа окуясы) деп аталат. Анын башчысы да Абудулла бин Убай бин Сулуул болгон.

Хузур-э-Анвар Азирети Айша (разияллааху анхаа) баяндаган бир рабаяттын негизинде ушул окуяны кеңири-кесири айтып берди. Мединага кайтаарда бир түндө ал (саллаллааху алайхи ва саллам) көчүүгө буюрган. Азирети Айша (разияллааху анхаа) табигый муктаждыгы менен кеткен болчу жана кайтаарда өзүнүн шурусунун үзүлүп, кайдадыр түшүп калганын байкаган. Ал (разияллааху анхаа) ошол шурусун издеп табууга кайтып барган. Ал (разияллааху анхаа)нын жоктугунда анын төөсүн даярдагандар ал (разияллааху анхаа) өзүнүн Хаудажында (т­­өөгө минген адам отурган жабдык) болсо керек деп анын Хаудажын төөсүнө коюп коюшкан. Азирети Айша (разияллааху анхаа) кайтып келгенде, кошуундагылар мени алганы кайтып келишет деп ошол эле жерде күтүп отуруп уктап калат. Сафван бин Муътал (разияллааху анху) кандайдыр бир нерсе калган жокпу деп аскерлердин артында жүрчү. Сафван (разияллааху анху)нун көзү Азирети Айша (разияллааху анхаа)га түшкөндө, ал киши көтөрүңкү үн менен Иннаа Лиллаахи ва Иннаа Илайхи Раажиъуун деп окуганда, Азирети Айша (разияллааху анхаа) ойгонуп кеткен. Сафван (разияллааху анху) өзүнүн ургаачы төөсүн отургузган жана Азирети Айша (разияллааху анхаа) ага минген.

Мединага жетип, Азирети Айша (разияллааху анхаа) ооруп калган жана адамдардын арасында жалаа жапкандардын сөздөрү таркай баштаган. Азирети Айша (разияллааху анхаа) Умму Мастах аркылуу ушул жалаа тууралуу билгенде, катуу кайгырган жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан уруксат алып, ата-энесинин үйүнө кеткен. Азирети Айша (разияллааху анхаа) ал түндү ушундай өткөрдүм, көз жаштарым да токтогон жок, уйку да келген жок деп айтат.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бул тууралуу жакын сахаабалары менен да кеңешкен. Азирети Айша (разияллааху анхаа)нын кул-кызы Бурирадан сурамжылаган. Бир күнү Азирети Айша (разияллааху анхаа)дан да түздөн түз сураган. Ал (разияллааху анхаа) мен «фа-сабрун жамийлун валлаахул-мустаъаану алаа маа тасифуун», – деп айткан Юсуф (алайхиссалаам)дын атасы сыяктуумун деп айткан. мындан кийин Алла Таала Өзү вахий-аян аркылуу Азирети Айша (разияллааху анхаа)ны актаган.

Жогорудагы бардык оор иш-аракеттер жана жалааларга карабай, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) эки жүздүүлөрдүн сардары Абдулла бин Убай бин Салуулдун жаназа намазын окуткан. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Абдулла (разияллааху анху) бин Абдулланын суранычы менен өзүнүн койногун кепен катары тартуулаган. Азирети Умар (разияллааху анху) мен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га Сиз Убай бин Салуулдун жаназа намазын окутмакчысызбы деп айттым жана анын күнөөлөрүн санай баштадым деп айтат. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам): «Умар! Ары болгун. Эгер мен жетимиштен да көбүрөөк жол ал үчүн кечиримдүүлүк дубасын кылып, ошол дуба менен анын кечирилишин билсем, албетте ал үчүн мындан да көбүрөөк дуба кылмакмын», – деп айткан. Мындан кийин «Ат-Тавба» сүрөөсүнүн кээ бир аяттары түшүп, аларда эки жүздүүлөрдүн жаназа намазын окуу жана алардын мүрзөсүнүн башында туруп бата окууга тыюу салынган буйруктар түшкөн.

Кутбанын экинчи бөлүгүндө Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) төрт маркумду жакшы сөздөр менен эстеп, алардын жаназа намазын окутаарын жарыялады.

А дегенде, Индиянын Керала шаарынын тургуну урматтуу Мавлана Мухаммад Умар мырзанын жубайы урматтуу Аматул-Хафийз айым тууралуу сөз болду. Ал 20-октябрь күнү 72 жаш курагында каза болгон. Иннаа Лиллаахи ва Иннаа Илайхи Раажиъуун.

Маркум айым Чинайда финансылык иштери боюнча катчы жана Керелада бир узаак мөөнөткө чейин Лажна президенти катары кызмат аткаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Аябай меймандос, адамдарга кызмат кылуу шыктуулугуна ээ, такыба жана Халифатка берилген айым болчу. Маркум Мусия болчу. Артында төрт кызы калган.

Экинчи жаназа Пакистандан чыгып жаткан «Ансаруллах» аттуу айлык журналдын мурунку менеджери жана редактору урматтуу Чаудхрий Мухаммад Ибрахийм мырзаныкы болчу. Ал 16-октябрь күнү 83 жаш курагында каза болгон. Иннаа Лиллаахи ва Иннаа Илайхи Раажиъуун.

1960-жылы «Ансаруллах» аттуу журналдын башында ал киши менежер жана редактор катары дайындалган. 2004-жылга чейин абдан жакшы ыкмада ошол кызматтарды аткарып келген. Ага каршы 26 иш козголгон жана бир ай Алла Таала жолунда туткун болуу бактысына да ээ болгон. Маркум Мусий болчу жана өзүнүн артында бир кыз, беш уул жана бир топ неберелерди калтырган.

Үчүнчү жаназа Пенд Даданхандын тургуну урматтуу Рожа Мухаммад Наваз мырзанын уулу урматтуу Рожа Масъуд Ахмад мырзаныкы болчу. Ал 19-октябрь күнү узакка созулган оорусунан кийин 69 жаш курагында каза болгон. Иннаа Лиллаахи ва Иннаа Илайхи Раажиъуун.

Анын үй-бүлөсү анын атасы аркылуу Ахмадия Мусулман Жамаатына кирген болчу. Ал киши 1933-1934-жылы Кадиянда болгон бир Жалсада күбө болгон бир көрүнүшү анын Байъат берүүсүнө себепчи болгон.

Ал киши аябай келишкен келбеттүү, сулуу бир жигиттин бир кир баланы көтөрүп келе жатканын көргөн. Ал баланын мурдунан аккан иреңди ал жигит өзүнүн чөнтөгүнөн бир кол аарчыны чыгарып, аны менен тазалаган. Төрдө Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын II Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) кайрылуусун жасап жаткан учурда ал жигит баланы кучагына алып, анын аркасында турган эле. Ал бала ыйлаганда, Ал Азирети аркасына бурулуп карады жана баланын адашып калганын жарыялаган. Рожа Масъуд мырзанын атасы ушул көрүнүштү көрүп, ал жигит ким экенин сураган. Ал жигит Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху)нун уулу Азирети Мырза Насир Ахмад экенин билип, ал киши бул окуядан катуу таасирленген жана бул нерсе анын Байъат берүүсүнө себепчи болгон. Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) бул окуяга ишаарат кылып, Жалсаларга келген кээ бир адамдар ар дайым ушул сыяктуу көрүнүштөргө күбө болуп, Ахмадия Мусулман Жамаатына мүчө болуп келишкен деп айтты.

Төртүнчү жаназа Синдх облусунун тургуну Анвар Али Абру мырзанын жубайы урматтуу Салиха Анвар Абру айымдыкы болчу. Иннаа Лиллаахи ва Иннаа Илайхи Раажиъуун.

Маркум айым аябай баатыр, кайраттуу, ибадат кылуучу, финансылык курмандыктар боюнча алдыңкы сапта турган, Алла Таала жана Анын пенделеринин акы-укуктарын аткаруучу айым болчу. Бир узак мөөнөткө чейин Ларкана районунун Лажнасынын президенти болгон. Анын эки уулу жана эки кызы бар.

Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Алла Таала аларды кечирсин, ошондой эле алардын балдары Халифат менен да, Жамаат менен да тыгыз байланышта болушсун жана курмандык кылуучулардан болушсун деп дуба кылды. Аамийн

٭…٭…٭

Share via