Эң мыкты инсандар: Азирети Ауф бин Хаарис жана Абу Айюб Ансарий • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Эң мыкты инсандар: Азирети Ауф бин Хаарис жана Абу Айюб Ансарий

мечитте окулган жума кутбасы

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын «Бадр» согушуна катышкан улуу мартабалуу сахаабалары Азирети Ауф бин Хаарис бин Руфааъа Ансаарий жана Азирети Абу Айюб Ансаарий (разияллаху анхумаа)нын улуу мүнөзүнүн жагымдуу баяны

Азирети Ауф бин Хаарис бин Руфааъа Ансаарий (разияллааху анху) Меккеге эң алгач келип, байъат берген алты адамдын бири болгон

Бир жолу Азирети Абу Айюб (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын куттуу сакалынан бир чөп ж.б.ны алып салганда, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) эй, Алла! Абу Айюб жактырбаган нерсени андан алыстатып жибергин деп ал үчүн дуба кылды

Индиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Муъаллими урматтуу АбдулХай Мандал мырза, Бангалга караштуу  МуршадАбад районундагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Муъаллими урматтуу СираажулИслам мырза, Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын небереси урматтуу Шахид Ахмад Хан Пааша мырза жана Улуу Британияга караштуу Шеффилддеги Ахмадия Мусулман Жамаатынын мүчөсү урматтуу Саййид Масъуд Ахмад Шах мырза деген төрт маркумдун эскерилүүсү жана гайып жаназа намазы

2020-жылдын 20-ноябрында, башкача айтканда, 1399-хижра жылынын 20-Нубувват күнү Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала бинасрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

2020-жылдын 20-ноябрь күнү Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала бинасрихилазиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде жума кутбасын окуду. Ал кутба Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Азан айтуу бактылуулугу урматтуу Раана Атаур-Рахийм мырзага насип этилди.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Бешинчи Халифасы (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосунмындай деп айткан:

Бүгүн сөз боло турган биринчи сахааба Азирети Ауф бин Хаарис бин Руфааъа Ансаарий (разияллааху анху). Ал (разияллааху анху) Ансаарлардын «Бану Нажжар» уруусунан болгон. Азирети Муъааз жана Азирети Муъаввиз (разияллааху анхумаа) Азирети Ауф (разияллааху анху)нун бир туугандары болушкан. Ал (разияллааху анху) Меккеге эң алгач келип, байъат берген алты адамдын бири болгон. Ал (разияллааху анху) Байъати Акаба[1]га дагы катышкан. «Бадр» согушу болгон күнү Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Ауф (разияллааху анху)нун суроосуна жооп берип, Алла Өз пендесинин колу согуш менен алек болуп соотсуз, коркпостон согушуп жаткандыгына эң ыраазы болот деп айткан. Муну угуп, Азирети Ауф (разияллааху анху) өз соотун чечип, тайманбастык менен согушуп жатып, шейит болгон. Хадистер жана Пайгамбар өмүр баянынан китептерде Абу Жахлга кол салган сахаабалардын катарында ал (разияллааху анху)нун аты да кезигет.

Андан кийин Хузур-э-Анвар «Бадр» согушуна катышкан кезектеги сахааба Азирети Абу Айюб Ансаарий (разияллааху анху) тууралуу сөз кылды. Ал (разияллааху анху)нун аты Халид жана ал (разияллааху анху) «Хазраж» уруусунун «Бану Нажжар» бутагынан болгон. Ал (разияллааху анху) Байъат-э-Акаба Сания[2]га катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Абу Айюб Ансаарий (разияллааху анху)нун диний бир тууганчылыгын Азирети Мусъаб бин Умайр (разияллааху анху) менен түзгөн. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Мединага көчкөндөн кийин ал (разияллааху анху)нун үйүндө жашаган.

Хузур-э-Анвар Азирети Убада кылынган Реформатор жана Азирети Мырза Башир Ахмад сахиб (разияллааху анхумаа)нын айрым ой-пикирлерине таянып, жогорудагы окуяларды кененирээк айтып берди. «Бану Нажжар» уруусунун ар бири Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды коноктоо менен сыймыктануу ниетинде болгон. Ошондуктан, алар алдыга чыгышып, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын ургачы-төөсүнүн жүгөнүн колдору менен кармашчу, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) менин ургачы-төөмдү жөн койгула, ал азыр (Алла Таала тарабынан) буйрулган деп айткан. Ошентип, ургачы-төө басып бара жатып, эки баланын иштетилбеген жерине барып отурган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Кудайдын тагдырында жашаган жерибиз ушул эле. Биз бирөөнүн мүлкүн акысыз алуубуз мүмкүн эмес деген. Демек, ал жердин баасы белгиленип, акы төлөнгөндөн кийин ал жерге мечит жана үйлөрдү салуу чечими чыгарылган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ал жерген жакын жайгашкан мусулмандын үйү жөнүндө сураганда, Азирети Абу Айюб Ансаарий (разияллааху анху) чуркап алдыга чыккан. Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Абу Айюб Ансаарий (разияллааху анху)нун үйүнүн астыңкы кабатында отурукташкан. Түнкүсүндө суунун бир идиши кокусунан сынып, Азирети Абу Айюб Ансаарий (разияллааху анху) суунун бир тамчысы астыңкы кабатка түшүп калбасын деп өз жуурканы менен сууну кургаткан. Эртеси күнү ал (разияллааху анху) катуу сураныч менен Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам)ды жогорку кабатта турууга өтүнүп, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын макулдугун алган. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) ал үйдө жети ай жашаган. Азирети Айюб (разияллааху анху) тамакты жасап жиберчү, анан калып калган тамактан бүт үй-бүлө жечү.

Ал (разияллааху анху) тамактанып жатканда, катуу сүйүүнүн аркасыынан Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) манжаларын койгон жерден тамактанчу. Бир жолу Азирети Абу Айюб (разияллааху анху) сарымсак кошулган тамак даярдаган. Тамактын кайтып келгенинен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бүгүн тамак жебегендиги маалым болгон. Абу Айюб (разияллааху анху) сарымсак арамбы (адал эмес)? – деп сураганда, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жок! Арам эмес, бирок мен аны жактырбайм деп жооп берген. Башка бир рабаятта Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га периштелер келип турушкандыктан, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) жагымсыз жыттуу тамак-аш азыктарын жактырчу эмес деп кезигет.

Азирети Абу Айюб Ансаарий (разияллааху анху) «Бадр» согушу менен бирге башка бардык согуштарга Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен чогуу катышкан. Азирети Сафия (разияллааху анхаа)нын той болгон түнү Азирети Айюб (разияллааху анху) Азирети Сафия (разияллааху анхаа) жаңы эле каапырлыктан чыгып, Исламды кабыл алгандыгына байланыштуу, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га кандайдыр бир зыян кылбасын деген коркунучту эске алып, түнү бою коопсуздук үчүн Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам)дын чатырынын сыртында кайтарып турган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ал (разияллааху анху) үчүн эй, Алла! Түнү бою мени коргоп отурган Абу Айюбду Өзүң коргогун деп дуба кылган.

Хузур-э-Анвар Азирети Махмуд бин Рабъий баяндаган бир узун рабаятты айтып берди, анда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын Кудайдын ыраазычылыгы үчүн чын-жүрөктөн Лаа Илааха Иллаллаах[3] деп айткан адамга Алла Таала отту арам кылды дегени кезигет. Азирети Абу Айюб Ансаарий (разияллааху анху) жогордагы рабаят боюнча, Кудайга касам! Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам) эч качан мындай айткан эмес деп ойлойм деген.

Азирети Мырза Башир Ахмад (разияллааху анху) жогорудагы рабаят жөнүндө рабаяттын принцибине ылайык бул хадис сахих (туура), бирок Азирети Абу Айюб Ансаарий (разияллааху анху) өзүнүн ой-жүгүртүүсүнөн улам ушул рабаятты кабыл кылуудан баш тарткан. Мындан сахаабалардын ар бир рабаятты далилсиз кабыл албагандыгы, тескерисинче рабаят жана Дираят[4] – ар эки принциптин негизинде кылдат изилдөө жүргүзгөндөн кийин кабыл алгандыгы маалым болот деп айткан.

Азирети Саййид Валиюллах Шах сахиб ушул рабаятта кезиккен «чын-жүрөктөн Кудайдын ыраазылчылыгы үчүн Лаа Илааха Иллаллаах деп окуса» деген сөздү негиз кылып, бул сүйлөмдүн өзү Таухийд[5]ге моюн сунуу деңгээли кандай экенин түшүндүрүүдө деп айткан.

Бир жолу Азирети Абу Айюб (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын куттуу сакалынан чөп ж.б.ны алып таштаганда, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) ал үчүн эй, Алла! Абу Айюб жактырбаган нерсени андан кетиргин деп дуба кылган. Ал (разияллааху анху) «Жамал» согушу, «Сафийн» согушу жана «Нахруван» согушунда Азирети Али (разияллааху анху)нун кошуунунун алдыңкы бөлүгүндө болгон. Азирети Али (разияллааху анху) Куфа шаарын борбор кылып, ал жакка көчүп барганда, Азирети Абу Айюб Ансаарий (разияллааху анху)ну Мединага губернатор кылып дайындаган. Ал (разияллааху анху) Хижранын 40-жылына чейин Мединанын губернатору болуп иштеген. Амийр Муъаавиянын сириялык аскери Мединага чабуул жасаганда, ал (разияллааху анху) Мединаны таштап, Азирети Али (разияллаху анху)нун жанында Куфага кетип калган. Амийр Муъаавиянын доорунда Азирети Абу Айюб (разияллааху анху) Басра шаарына кетип калганда, Азирети Ибн Аббаас (разияллааху анху) ага үйүн бошотуп берип, сиз Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (салллаллааху алайхи ва саллам) менен кылган мамилеӊиз сыяктуу сиз менен мамиле кылам деп айткан. Азирети Ибн Аббаас (разияллааху анху) абдан жакшы меймандостукту көрсөтүүдөн тышкары, ал (разияллааху анху)га 40,000 дирхам жана 20 кул да берген.

Амийр Муъаавиянын бийлик доорунда картайган жашында Азирети Абу Айюб (разияллааху анху) бир эле хадисти айтып берүү үчүн Египетке жол тартып келген. Бир согушта олжо бөлүштүрүлүп жаткан учурда, Азирети Абу Айюб (разияллааху анху) бир аялдын ыйлап жаткандыгы себебин билейин дегенде, баласынын андан ажыратылганын маалым кылган. Ал (разияллааху анху) ал аялдын баласынын колун кармап, ага кайтарып берип, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын кимде-ким энени уулунан ажыратса, кыямат күнү Алла Тала аны жакындарынан ажыратып салат дегенин айтып берген.

Хузур-э-Анвар акыркы күндөрү Америка жана башка өлкөлөрдө качкындарга жасалган мамилелерге шилтеме кылып, Ислам динин сынга алгандар өздөрү эмне кылып жаткандыктарын байкоолору керек. Ислам дини ушунчалык деңгээлде кам көрүп, энелерди балдарынан ажыратпагыла деп баса белгилейт деди.

Азирети Абу Айюб Ансаарий (разияллааху анху)нун диний жана руханий илим-билими ушунчалык күчтүү болгондуктан, сахаабалар өздөрү да андан ар кандай маселелерди сурашчу. Кадыр-барктуу Таабиъийн[6]дин бир жоон тобу да ал (разияллааху анху)нун жолун жолдоочуларына кошулган. Азирети Абу Айюб (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан кийин өз өлүмүнө чейин жихад менен алек болуп, Хижранын 52-жылы Константинополдо каза болгон. Язийд бин Муъаавия анын жаназа намазын окуткан. Ал (разияллааху анху)нун күмбөзү Түркиянын Стамбул шаарында жайгашкан.

Хузур-э-Анвар ушуну менен «Бадр» согушуна катышкан сахаабалар жөнүндөгү сөз аягына чыкты. Бирок, төрт Халифа тууралуу кенен-кесир айтып берем, ИншаАллах. Башында айрым сахаабалар жөнүндө кыскача сөз болгон, эгер алар жөнүндө кошумча материал табылса, аны дагы айтып берем деди.

Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаалаа бинасрихилазиз) кутбанын аягында төрт маркумду эскерип, гайып жаназа намазын окутаарын жарыялады.

Эскерилген биринчи адам Индиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Муъаллими урматтуу Абдул-Хай Мандал мырза. Ал 25-сентябрь күнү 53 жаш курагында жүрөгү кармап каза болду. Иннаа Лиллаахи Ва Иннаа Илайхи Раажиъуун.

Анын артында аялынан тышкары, эки уулу жана эки кызы калды.

Эскерилген экинчи адам Бенгал штатына караштуу Муршад-Абад районундагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Муъаллими урматтуу Сираажул-Ислам мырза. Ал 14-октябрь күнү 60 жаш курагында Кудайдын тагдыры менен каза болду. Иннаа Лиллаахи Ва Иннаа Илайхи Раажиъуун.

Маркумдун артында аялынан тышкары, үч кызы калды.

Эскерилген үчүнчү адам урматтуу Шахид Ахмад Хан Пааша мырза. Ал 26-октябрь күнү 85 жаш курагында каза болду. Иннаа Лиллаахи Ва Иннаа Илайхи Раажиъуун.

Ал Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын небереси, Азирети Навааб Мухаммад Али Хан мырзанын небереси, Азирети Навааб Аматул-Хафийз Бегам жана Азирети Навааб Абдулла Хан мырзанын уулу болчу. Маркум эки жолу үйлөнгөн. Биринчи жолу Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын үчүнчү Халифасы Азирети Мырза Насир Ахмад (рахимахуллах)тын кызы урматтуу Аматуш-Шукуур айымга үйлөнгөн. Бул никеден эки уулу жана үч кызы бар. Экинчи жолу урматтуу Самийна Саъийд айымга үйлөнгөн. Бул никеден бир уулу бар.

Эскерилген акыркы адам Улуу Британияга караштуу Шеффилддеги Ахмадия Мусулман Жамаатынын мүчөсү урматтуу Саййид Масъуд Ахмад Шах мырза. Ал 8-сентябрь күнү жүрөгү кармап каза болду. Иннаа Лиллаахи Ва Иннаа Илайхи Раажиъуун.

Анын артында аялынан тышкары, бир кызы калды.

Хузур-э-Анвар бардык маркумдардын кечирилүүсү жана даражаларынын жогорулоосуна дуба кылды.

 ٭…٭…٭

[1] Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын Меккеде жашаган кезинде мединалык Ансаарлардын «Акаба» жергесине келип, берген байъаты (анты).

[2] Мединадан 70 адам келип, «Акаба» жергесинде Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын колуна байъат беришкен, ал Байъат «Байъат-э-Акаба Сания» деп аталат.

[3]Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок.

[4] Ой-жүгүртүп жыйынтык чыгаруу принциби.

[5] Алланын жалгыздыгы.

[6] Пайгамбар сахаабаларын көргөн жана алар менен карым-катышта болгон адамдар.

Share via