Эки кишиге салам жеткирүүгө насаат • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Эки кишиге салам жеткирүүгө насаат

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар гүлдөр

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам) мындай дейт:

«Өз ата-энесин сыйлабаган жана Куранга каршы болбогон жалпыга маалым маселелерде алардын сөзүн укпаган жана кызмат кылуу жоопкерчилигине кайдыгерлик кылган адам менин Жамаатымдан эмес». (Нух кемеси, Руханий Хазаайин, 19-том, 19-бет)

«Адамдын бактылуулугунун биринчи шарты – өз энесин сыйласын. Авайс Карний (разияллааху анху) үчүн кээде Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) Йеменге жүздөнүп: «Мага Йеменден Аллахтын жыпар жыты келип жатат», – деп айтчу. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Ал өз апасына кызмат кылуу менен алек, ошондуктан мага келе албай калды», – деп дагы айтчу. Сыртынан караганда, Кудайдын Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам) бар, бирок ал бир гана энесинин кызматы жана ага баш ийүү менен алек болуп тургандыгы үчүн ал (саллаллааху алайхи ва саллам)ды зыярат кыла албай калат. Бирок мен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын эки гана киши – Авайс же Масийхке Ассаламу Алайкум деп өзгөчө баса белгилегенин көрүп турам. Бул башка адамдарга бир өзгөчөлүгү менен насип этпеген кандайдыр бир таң калыштуу нерсе. Демек, Азирети Умар (разияллааху анху) аны көргөнү барганда, Авайс апамдын кызматы менен алектенип турам, периштелер менин төөлөрүмдү оттотуп жүрөт деп айтканы делинет. Бири энесинин кызматында ушунчалык көп эмгектенип, анан ушундай жетишкендик жана урмат-сыйга ээ болгон адамдар. Экинчиси, болбогон акчалар үчүн сотко кайрылып, Чухрэ Чумар[1] сыяктуу төмөн деп саналуучу элдер да энесинин атын ушунчалык жаман аттар менен атагандар. Биздин таалимибиз кандай? Бир гана Аллахтын жана Анын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам)дын таза көрсөтмөлөрүн жеткирүү. Эгер кимдир бирөө мени менен мамиле түзүп, менин сөзүмө киргиси келбесе, анда ал эмне үчүн биздин Жамаатыбызга кошулат? Мындай көрүнүш башкалардын тайгаланып кетүүсүнө себепчи болуп, алар ата-энесин сыйлабаган адамдар да бар деп сын-пикир билдиришет.

Силерге чындыкты айтып коёюн, ар кандай диний жана моралдык жоопкерчиликтен куру болгон адам эч качан жакшылык жана кут-берекелер жүзүн көрбөйт. Ошондуктан, Аллахтын Элчисинин сөздөрүн ак ниет менен жана толук моюн сунуу жана берилгендик менен аткарууга даяр болуп тургула. Жакшылык ушунда гана, болбосо эрк-ыктыяр өзүӊөрдүн колуӊарда. Биздин ишибиз насаат кылуу гана». (Малфузаат, 1-том, 195-бет, 1988-жыл басылган нуска)

********

[1] Индияда өтө эле төмөн деп калалуучу бир эл.

Share via