Башкаларды күнөөлөбөгүлө • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну
Башкаларды күнөөлөө

Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү, Убада кылынган Масийх жана Махдий Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) мындай деп айтат:

«Кичинекей бир китепте жазылганын көрдүм, бир падыша Куранды жазчу эле. Молдолордун бири бул аят туура эмес жазылган деп айтты. Ошондо падыша ал аят өчүрүлсүн деп анын тегерегин бир чийип салды. Ал кеткенден кийин, ал чийилген тегеректи кесип алып салды. Падышадан: «Эмне үчүн мындай кылдың?» – деп сурашканда, ал чындыгында ал (молдо) жаӊылышкан болчу, бирок мен аны тынчытуу үчүн ошол учурда тегерегин чийип салдым деди.

Бирөөнүн катасын кармап алып, анан жар салуу – бул ашынган көйрөӊдүктүн тамыры жана илдет. Мындай нерселер адамдын жан дүйнөсүн бузат, андан алыс болуу керек. Кыскасы, бул нерселердин бардыгы такыбалыкка кирет, ал эми ички жана тышкы иштерде такыбалык менен иш кылган адам периштелердин катарына кошулат, анткени анда эч кандай козголоң калбай калат. Такыбалыкка ээ болгула, анткени такыбалыктан кийин гана Аллах Таала тарабынан кут-берекелер келет. Такыба инсан дүйнөлүк балээ-кырсыктардан сакталат. Кудай алардын (айып-кемчиликтерин) жабуучу болуп калат. Бул ыкма кабыл алынмайынча, эч кандай пайда жок. Мындай адамдар менин Байъатымдан пайда таба алышпайт. Ичиндеги зулумдук кетпесе, анда кандайча пайда алышы мүмкүн? Эгерде башкаларда бар болгон кызуу кандуулук, менменсинүү, текеберлик, өзүмчүлдүк, алдамчылык, бат эле ачуулануу бул кишиде[1] деле болсо, анда башкалардан кандай айырмасы бар? Эгерде бир айылда бир эле такыба адам болсо, андан адамдар укмуштай, керемет сыяктуу таасирленишет. Аллах Тааладан коркуп, жакшылык кылган такыба инсанда Кудай тартуулаган айбаттуулук болот жана «аны менен Кудай бар» деген сүрдүүлүк жүрөктөргө салынат. Бул абдан туура, Аллах Тааладан келген инсанга Аллах Таала Өзүнүн улуулугунан үлүш берет жана ийгиликтин жолу ушул.

Андыктан майда-барат нерселерде бир туугандардын көӊүлүн калтыруу туура эмес экендигин унутпагыла. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) бардык адеп-ахлактын толуктоочусу. Азыр Алла Таала ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын адеп-ахлагын акыркы үлгү кылып көрсөткөн. Азыр деле ошол эле жырткычтык бойдон кала берсе, анда бул өтө өкүнүчтүү жана бактысыздык. Андыктан башкаларды күнөөлөбөгүлө, эгерде ал күнөө аларда болбосо, анткени кээде адам башкаларды күнөөлөп, акыры өзү ага кириптер болуп калат. Бирок эгер ал айып-кемчилик чындыгында анда болсо, анда анын иши Алланын колунда. Көптөгөн адамдар бир туугандарын дароо ыплас жала жабууга көнүп калган болушат. Бул нерселерден алыс болгула. Адамзатка пайда келтиргиле, бир туугандарыңарга камкор болгула, кошуналарыңарга жакшы мамиле жасагыла, туугандарыңарга жакшы мамиле жасагыла жана биринчи кезекте ширктен алыс болгула, анткени бул такыбалыктын биринчи кирпичи».

(Малфузаат, 3-том, 571-573-беттер. 1988-жыл жарык көргөн нуска)

[1] Мага Байъат берген адамда.

Share via