«Ага сиздин карапайым мүнөзүңүз жакты», - деген вахий-аян сөздөрү
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

«Ага сиздин карапайым мүнөзүңүз жакты»

Имам Махдий (ас)дын сөздөрү

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам) мындай дейт:

«Биздин Жамаатыбыз күнөө канчалык кичинекей болбосун, мойнуна илингенде, адамды бара-бара чоң күнөөлөргө алып бараарына көңүл бурушу керек. Ар түрдүү айып-кемчиликтер адамга ушунчалык терең сиңип кетет, алардан арылуу кыйын болуп калат. Колунан эч нерсе келбеген макулук-адам, өзүнүн кылган иштеринин айынан өзүн кыйынмын деп эсептей баштайт. Анын ичинде көйрөӊдүк жана текебердик пайда болот. Алланын жолунда адам өзүн эң кичинекей деп эсептемейинче, кутула албайт. Кабир[1] чындыкты эле айтты;

بھلا ہوا ہم نیچ بھئے ہر کو کیا سلام جے ہوتے گھر اُونچ کے ملتا کہاں بھگوان

Башкача айтканда, Кудайга шүгүр, кичинекей үй-бүлөдө төрөлдүк. Эгер жогорку тектүү үй-бүлөдө төрөлгөнүбүздө, анда Кудайды тапмак эмеспиз. Адамдар өзүнүн жогорку кастасы менен сыймыктанышканда, Кабир өзүнүн «Бафиндах» (кездеме токуучу) кастасын карап, шүгүрчүлүк кылат.

Демек, адам ар дайым мен кандай төмөн-пасмын, мен киммин деп өзүн карап турушу керек. Ар бир адам тукуму канчалык жогору турбасын, бирок өзүнө көз салса, кандай болгон күндө дагы, көздөрү бар болсо, тигил же бул жагынан сөзсүз түрдө өзүн бүт ааламдан төмөн-пас экенин түшүнүп калат. Адам кудум жогорку деңгээлдеги адамга кылган мамилеси сыяктуу мамилени бир жакыр жана байкуш аялга дагы кылмайынча, ошондой эле өзүн ар кандай текеберликтен, көйрөӊдүктөн жана көтөрүлүүдөн сактамайынча, ал эч качан Аллах Тааланын Падышачылыгына кире албайт.

Жакшы адеп-ахлактардын баары бир аз өзгөрүшү менен жаман адеп-ахлактарга айланып калат. Аллах Таала Өзүнүн жараткан пенделеринин жакшылыгы үчүн ачкан эшик бир эле, башкача айтканда, дуба. Качан бирөө жалынып-жалбаруу менен бул эшикке киргенде, ага Ал Мээримдүү Алла тазалыктын жана аруулуктун кийимин кийгизип, анын жүрөгүнө Өзүнүн ушунчалык улуулугун салат, ал бекер жана курулай иштерден чакырымдарга чейин алыстайт. Адам Кудайга ишенгенден кийин дагы күнөөдөн алыс болбошунун себеби эмнеде? Чындыгында, анда атеистиктин кандайдыр бир тамырлары бар болот жана ал Аллах Таалага толук бойдон ишенбейт. Болбосо, эгер ал жооп бере турган жана аны бир заматта жок кыла турган Кудай бар экендигин билсе, анда ал кантип жамандык кылышы мүмкүн? Ошондуктан, хадисте эч бир ууру ыймандуу болуп турганда уурдабайт жана эч бир ойнош адам ыймандуу болуп турганда ойноштук кылбайт деп кезигет. Аллах Тааланын каары өлүмгө учурата турган чагылгандай түшүп, жалмап кеткен оттой жок кылып коёт деген түшүнүк жана билим болгондо гана адам жамандыктардан кутула алат. Ошондо Аллахтын улуулугу жүрөктү ушунчалык басмырлап алат, бардык жаман иш-аракеттер өз ичинде эле жок болуп кетет». (Малфузаат, 3-том, 314-315–бет, 1988-жыл басылган нуска)

**************

[1] Индияда төрөлгөн бир суфи жана акын.

Share via